Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адилетсиздикке туруштук бере аласыңар!

Адилетсиздикке туруштук бере аласыңар!

Адилетсиздикке туруштук бере аласыңар!

ЖАШООДО адилетсиздикке кимибиз кабылган эмеспиз? Кээде бизге адилетсиздик кылынгандай сезилсе да, көпчүлүк учурда ал, чынында эле, көрсөтүлөт.

Адилетсиздикке кабылганыбызда жандүйнөбүз жараланып, рухий жактан да кыйналабыз. Андайда жагдайды өзгөртүүнү абдан каалашыбыз ыктымал. Эмне үчүн? Мунун бир себеби Жаратканыбыз, адилетсиздиги жок Жахаба Кудай, адамдарды адилеттүүлүк сапаты менен жараткан (Мыйзам 32:4; Башталыш 1:26). Анткен менен адилетсиздикке баарыбыз кабылып келебиз. Бир акылман киши: «Мен күн астында болуп жаткан ар кандай эзүүлөрдү көрдүм: мына, эзилгендердин көз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда — күч, ал эми алардын сооротуучусу жок»,— деген (Насаатчы 4:1). Анда адилетсиздикке кантип туруштук бере алабыз?

Адилетсиздик деген эмне?

Адилетсиздик — бул кимдир бирөөгө карата адеп-ахлак нормаларына каршы кылынган иш же мамиле. Адамзат үчүн адилеттүү нормаларды ким бекитет? Албетте, адилеттүү жана өзгөрүлбөс Жаратканыбыз. Ал эмне адилет, эмне адилетсиз экенин чечүүгө укуктуу. Анын көзкарашына ылайык, «өмүрдүн мыйзамдары» менен жүрүү «жаман [адилетсиз] иштерди жасабоону» билдирет (Жезекиел 33:15). Жахаба биринчи аял менен эркекти жаратканда, аларга абийирди — жакшыны жамандан айырмалоого жардам берген ички сезимди — берген (Римдиктерге 2:14, 15). Андан сырткары, Жахаба өзүнүн Сөзү Ыйык Китепте адилеттүүлүк же адилетсиздик деген эмне экенин көрсөткөн.

Кимдир бирөө бизге адилетсиздик кылгандай сезилсе, эмне кылышыбыз керек? Анда анын чындап эле адилетсиздик кылган-кылбаганын жакшылап ойлонуп көргөнүбүз дурус. Ысрайыл элинин пайгамбары Жунус менен болгон окуяны мисалга алалы. Жахаба аны Нинеби шаарынын талкаланарына аз калганын жарыялоо үчүн дайындаган. Башында Жунус тапшырманы аткаруунун ордуна, башка жакка качып кетет. Бирок, акыр-аягы, Нинебиге барып, ал жердин тургундарына шаардын жок кылынарын эскерткен. Шаардын тургундарынын өкүнгөнүн көрүп, Жахаба шаарды жана анын жашоочуларын жок кылбоону чечет. Ошондо Жунус кандай сезимде болгон? «Жунус буга абдан капа болуп, аябай туталанган» (Жунус 4:1). Ал Жахаба адилетсиз иш кылды деп ойлогон.

Албетте, адамдардын жүрөгүндө эмне бар экенин билген, «акыйкаттыкты жана адилеттикти сүйгөн» Жахаба туура эмес иш кылган эмес (Забур 32:5). Жунус Жахабанын чечимдери анын жеткилең түрдө чагылдырылган адилеттүүлүгү менен шайкеш келерин түшүнүшү керек эле. Ошондуктан кимдир бирөө бизге адилетсиздик кылгандай сезилсе, өзүбүздөн: «Жахаба бул жагдайга башкача карабайбы?» — деп сурап көрсөк болот.

Адилетсиздикке кабылгандар

Ыйык Китепте адилетсиздикке кабылгандар тууралуу көптөгөн мисалдар бар. Алардын андай оор кыйынчылыктар менен кантип күрөшкөнүн изилдөө аркылуу көп нерсеге үйрөнө алабыз. Мисалга, Жусуп менен эмне болгонун карап көрөлү. Аны көралбас биртуугандары Мисирге кулчулукка сатып жиберишкен. Кулчулукта жүргөндө Жусупту кожоюнунун аялы азгырат. Жусуп анын азгырыгын четке какканда, ал ага адеп-ахлаксыз иш кылды деген жалаа жапкан. Натыйжада Жусуп түрмөгө отургузулган. Бирок анын ишеними өзү камалган темир тордон да бекем болчу. Адилетсиздикке кабылганына карабай ал рухий жактан бекем бойдон калып, Жахабага болгон ишенимин жоготкон эмес (Башталыш 37:18—28; 39:4—20; Забур 104:17—19).

Набот да адилетсиздикке кабылгандардын бири болгон. Ал Ысрайыл падышасы Ахаптын аялы Изебелдин жалган жалаасынын айынан азап чеккен. Наботтун үлүшкө тийген жери падыша сарайынын жанында эле. Ошондуктан падыша аны менчиктештирип алууну абдан каалаган. Бирок Ысрайылда үлүшкө тийген жерди сатууга тыюу салынгандыктан, Набот жерин падышага сатуудан баш тартат (Лебилер 25:23). Ошондо Ахаптын аялы Наботту Кудайга жана падышага акарат келтирди деп күнөөлөө үчүн жалган күбөлөрдү табат. Натыйжада Набот жана анын уулдары өлтүрүлгөн. Эл Наботту ташбараңга алып жатканда, ал өзүн кандай сезгенин элестетсең! (1 Падышалар 21:1—14; 2 Падышалар 9:26).

Жогоруда айтылган адамдардын башынан өткөргөн адилетсиздиги Ыйса Машайактыкына салыштырмалуу анча чоң болгон эмес. Ыйсага жалган жалаа жабылып, мыйзамсыз сот жүргүзүлүп, акыры, ал өлүм жазасына тартылган. Рим башкаруучусу сот тактысында отуруп, чындыкты көрүп турса да, аны жактоого эрки жеткен эмес (Жакан 18:38—40). Ооба, Шайтан Ыйса Машайакты эч ким кабылбаган адилетсиздикке дуушар кылган.

Бул мисалдардан улам Жахаба адилетсиздикке кайдыгер карайт деп айтууга болобу? Жок! Жахаба андай жагдайларга адам карагандай карабайт (Ышайа 55:8, 9). Жусуп Мисирге кулчулукка сатылып кеткендиктен, өзүнүн үйбүлөсүн чоң ачарчылыктан сактап калган. Себеби ал ошол учурда Мисирде азык-түлүк бөлүштүрүүчү болчу. Ойлоп көрсөңөр, эгерде Жахаба Жусуп дуушар болгон адилетсиздикке жол бербесе, ал камакка отурмак эмес. Анткени камакта отурган эки кишинин түшүн дал ошол жерден чечмелеп берген. Кийин алардын бири фараонго Жусуп тууралуу айтып, натыйжада Жусуп азык-түлүк бөлүштүрүүчү болуп калган (Башталыш 40:1; 41:9—14; 45:4—8).

Ал эми Набот тууралуу эмне айтууга болот? Анын жагдайына да Жахабанын көзкарашы менен кароого аракеттен. Набот өлгөнү менен, өлгөндөрдү тирилте ала турган Жахаба үчүн дагы эле тирүү (1 Падышалар 21:19; Лука 20:37, 38). Набот Жахаба аны тирилте турган убакты күтүшү керек. Ал үчүн убакыт бат эле өтөт, себеби өлгөндөр эч нерсе билишпейт (Насаатчы 9:5). Андан сырткары, Жахаба Ахапты жана анын үйбүлөсүн жоопко тартып, Набот үчүн өч алган (2 Падышалар 9:21, 24, 26, 35, 36; 10:1—11; Жакан 5:28, 29).

Ыйса да өлгөн, бирок Кудай аны тирилтип, «бардык башчылыктан, бийликтен, күчтөн жана үстөмдүктөн, ошондой эле... бардык ысымдардан жогору» көтөргөн (Эфестиктерге 1:20, 21). Шайтан Ыйса Машайакты адилетсиздикке дуушар кылса да, бул Жахабага өзүнүн уулуна батасын берүүгө тоскоолдук кылган эмес. Ыйса мыйзамсыз түрдө камакка алынып, адилетсиздикке кабылганда, эгер Жахаба кааласа, ошол жагдайга кийлигише аларына шектенген эмес. Андан сырткары, ал Жахабанын Жазмада жазылгандарды аткарууга жана адилетсиздикти жоюуга белгилеп койгон убагы бар экенин да билген.

Шайтан жана анын жактоочулары адил адамдарды адилетсиздикке учуратса да, Жахаба, акыр-аягы, дайыма адилеттик орнотуп келген. Ал эми айрым учурда кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин орнотот. Андыктан Жахабаны адилеттик орнотконго чейин күтүшүбүз керек (Мыйзам 25:16; Римдиктерге 12:17—19).

Жахаба эмне үчүн адилетсиздикке жол берет?

Жахаба кандайдыр бир себептерден улам жагдайды оңдобойт. Машайактын жолдоочулары катары калыптанышыбыз үчүн ал биздин адилетсиздикке кабылышыбызга жол берет. Албетте, «Кудай жамандыкка... эч кимди азгырбайт» (Жакып 1:13). Ошентсе да ал кээ бир жагдайларга жол берет жана үйрөнүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөт. Ыйык Китеп бизди: «Ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап тартканыңардан кийин, силерди... бекем, кайраттуу жана туруктуу кылат»,— деп ынандырат (1 Петир 5:10).

Жахабанын адилетсиздиктин уланышына жол бериши күнөөкөрлөрдүн өкүнүшүнө шарт түзөт. Ыйсанын өлгөнүнөн беш эле жума өткөндөн кийин Петирдин сөздөрүн уккан айрым жүйүттөрдүн «жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон». Алар Кудай Сөзүн кабыл алып, чөмүлдүрүлүшкөн (Элчилер 2:36—42).

Адилетсиздик кылгандардын баары эле өкүнө бербээри чын. Атүгүл кээ бирөөлөр баштагыдан да жаман адилетсиздик кылышы мүмкүн. Бирок Накыл сөздөр 29:1де: «Айыбы ашкерелеген адам моюн сунбай, өжөрлөнүп койсо, ал күтүлбөгөн жерден кыйрайт, анын дартына даба табылбайт»,— делет. Чынында эле, Жахаба туура эмес жүрүм-турумун уланта бергендерди, акыры, жер үстүнөн жок кылат (Насаатчы 8:11—13).

Жахаба адилетсиздикти качан жок кылбасын, ал бизге кантип жардам берүү керектигин жакшы билерине шектенбесек болот. Ошондой эле бул каардуу түзүлүштө биз кездешип жаткан адилетсиздиктин бардык түрүн сөзсүз жок кылат. Андан сырткары, «адилеттик гана өкүм сүргөн» жаңы дүйнөдө түбөлүк жашоо берерин убадалайт (2 Петир 3:13).

[18-беттеги сүрөт]

Адилетсиздикке кабылганда Набот өзүн кандай сезген?