Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азап-кайгыга чыдагандар бата алышат

Азап-кайгыга чыдагандар бата алышат

Азап-кайгыга чыдагандар бата алышат

«Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз» (Жакып 5:11).

1, 2. Жахаба адамзаттын азап тартышын каалабасы эмнеден көрүнүп турат?

АЗАП тартканды эч ким каалабайт. Жаратканыбыз Жахаба Кудай да адамзаттын азап чегишин каалаган эмес. Буга ынануу үчүн Анын Сөзүн изилдөө менен эң биринчи түгөй жаратылгандан кийин эмне болгонун карап чыгалы. Кудай алгач эркекти жараткан. Ыйык Китепте: «Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды»,— делет (Башталыш 2:7). Адам ата денелик, акыл-эс жактан жеткилең болгондуктан оорумак да, өлмөк да эмес.

2 Ал кандай шарттарда жашаган? Жахаба Кудай чыгыштагы Эйденге бак отургузуп, ал жерге өзү жараткан адамды жайгаштырган. «Андан кийин Кудай-Теңир топурактан көрүнүшү жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарган» (Башталыш 2:8, 9). Ооба, Адам эң сонун жерге — Эйден бакчасына — жайгаштырылган. Ал жакта азап-кайгы такыр болгон эмес.

3. Биринчи түгөйдү кандай келечек күтүп турган?

3 Башталыш 2:18ден Жахабанын: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Анан Кудай Адамга жеткилең аял жаратып, алардын бактылуу жашашына мүмкүнчүлүк түзүп берген (Башталыш 2:21—23). Андан ары эмне болгону Ыйык Китепте мындайча баяндалат: «Кудай аларга мындай деп батасын берди: „Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле“» (Башталыш 1:28). Биринчи түгөй Эйден багын кеңейтип отуруп, жер бетин толугу менен бейишке айландырмак. Ошондой эле алардан төрөлгөн балдар бактылуу болуп, эч качан азап-кайгы көрмөк эмес. Адамзат жашоосу кандай сонун башталган! (Башталыш 1:31).

Азап-кайгынын башталышы

4. Адамзат тарыхы эмнени көрсөтүп турат?

4 Тарых көрсөтүп тургандай, убакыттын өтүшү менен адамзат жаман жолго түшүп кеткен: жамандык күч алып, адамдар болуп көрбөгөндөй азап чеге баштаган. Кылымдар бою Адам менен Обонун тукуму ооруга, карылыкка, акыры өлүмгө моюн сунуп келет. Ал эми Жер азыр алгачкы бейиш багына таптакыр окшобой калган. Ооба, Римдиктерге 8:22де айтылгандай, «жаратылгандын бардыгы ушул убакка чейин... онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатат».

5. Алгачкы түгөй адамзатты кандайча азап-кайгыга салган?

5 Жахаба Кудай эзелтен бери болуп келаткан, төбө чачты тик тургузган азап-кайгыга себепкер эмес (2 Шемуел 22:31). Ага кандайдыр бир деңгээлде адамдар өздөрү жооптуу. Себеби «алар бузулуп, жийиркеничтүү иштерди жасап» кеткен (Забур 13:1). Кудай алгачкы түгөйгө бардыгын сонун кылып жаратып берген эле. Алардан Кудайга баш ийүү гана талап кылынган. Бирок Адам менен Обо Жахабадан көзкарандысыз болууну чечип, аны четке каккандан тартып жеткилең жашоодон кол үзүшкөн. Аларга өлүмгө моюн сунуудан башка арга калган эмес. Жеткилеңсиздик алардын бардык урпактарына тукум кууп өткөн (Башталыш 3:17—19; Римдиктерге 5:12).

6. Азап-кайгынын пайда болушунда Шайтан кандай роль ойногон?

6 Азап-кайгынын пайда болушуна Шайтан Ибилис деп аталган рухий жаратуу да себепкер. Ал эрк боштондугу менен жаратылган. Бирок аны кыянат пайдаланып, башкаларды өзүнө сыйынтууга умтула баштаган. Чынында, сыйынууга жаратуулар эмес, Жахаба гана татыктуу. Шайтан Адам менен Обону Жахабадан көзкарандысыз болууга үндөп, аларды «жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларына» ынандырган (Башталыш 3:5).

Жахаба гана бийлик жүргүзүүгө укуктуу

7. Жахабага каршы чыгарылган козголоңдун кесепети эмнени далилдеди?

7 Козголоңдун кесепети Ааламдын Эгедери Жахаба гана бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенин жана анын башкаруусу гана адилеттүү экенин көрсөтүүдө. Миңдеген жылдар бою «бул дүйнөнүн төрөсү» болгон Шайтан мыкаачылык, адилетсиздик, зордук-зомбулук үстөмдүк кылган башкаруу формаларынын болушуна шарт түзүп келди. Бирок андай бийликтин пайдасынан зыяны көбүрөөк болгону жалпыга маалым (Жакан 12:31). Бул Шайтандын кол астындагы адамдардын башкаруусу адилеттик менен бийлик жүргүзүүгө кудуретсиз экенин далилдеди (Жеремия 10:23). Демек, тарых тастыктап тургандай, бийликтин кандай гана түрү болбосун, Жахабаны четке какса, ийгиликке жетпейт.

8. Башкаруу формаларына карата Жахабанын ой-ниети кандай жана аны кантип ишке ашырат?

8 Жахаба адамзатка андан көзкарандысыз бийлик жүргүзүүгө миңдеген жыл бою жол берип келген. Эми жердеги бийликтин бардык түрүн жок кылып, өзүнүн бийлигин орнотууга толук укугу бар. Буга байланыштуу мындай пайгамбарлык айтылган: «Ошол падышачылыктардын [адамдардын башкаруу] убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты [Машайак башкарган асмандагы өкмөттү] орнотот... Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44). Ошентип, Шайтан менен адамдардын бийлиги жоюлуп, жер үстүнөн Кудайдын Падышалыгы гана башкарып калат. Анын падышасы Ыйса Машайак жерден алынган 144 000 ишенимдүү адамдар менен кошо бийлик жүргүзөт (Аян 14:1).

Азап-кайгыга чыдоонун пайдалары

9, 10. Ыйса азап чегүүдөн кандай пайда алган?

9 Эми асман Падышалыгында бийлик жүргүзө тургандардын өзгөчөлүгүн карап көрөлү. Алгач Ыйса мыкты Падыша болорун далилдеген. Ал миллиарддаган жылдар бою Атасынын жанында болуп, анын эркин «сүрөтчү» же чебер жардамчы катары аткарып келген (Накыл сөздөр 8:22—31). Ал эми Жахаба аны жерге жибергенде, даярдуулук менен макул болгон. Адамдарга Жахабанын эгедерлиги менен Падышалыгы жөнүндө кабар айтууну ал башкы орунга койгон. Ооба, Ыйса Кудайга толук баш ийүү менен бизге сонун үлгү калтырган (Матай 4:17; 6:9).

10 Ал куугунтукталып, азап тартып, акыры өлтүрүлгөн. Жерде кызмат кылып жүргөндө тегерегиндегилердин аянычтуу абалына да күбө болгон. Алардын азап чеккенин көргөнү, өзүнүн кыйналганы ага пайда алып келгенби? Албетте. Эврейлерге 5:8де айтылгандай, «ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөнгөн». Ыйса кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүктөн, адамдарды көбүрөөк түшүнө билип, мурункудан да боорукер болуп калган. Ошондой эле адамзаттын кейиштүү абалын өз көзү менен көргөнү ага азап чеккендерге боор орууга, өзүнүн куткаруучу катары аткара турган ролунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө өбөлгө түзгөн. Элчи Пабыл муну Эврейлерге жазган катында мындайча баса белгилеген: «Ал Кудай алдында ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу болуш үчүн, адамдардын күнөөлөрү үчүн чалына турган ырайым курмандыгы болуш үчүн, бардык жагынан бир туугандарына окшош болууга тийиш эле. Өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга да жардам бере алат... Ал биздин алсыздыгыбызга боору оорубаган Башкы ыйык кызмат кылуучу эмес. Ал биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган эмес. Биздин ушундай Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар. Ошол себептен жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы» (Эврейлерге 2:17, 18; 4:14—16; Матай 9:36; 11:28—30).

11. Болочок падыша-ыйык кызмат кылуучулардын жердеги тажрыйбасы элди башкарууга кандайча жардам берет?

11 Ыйса менен асманда падышалык кылуу үчүн жерден «сатылып алынган» 144 000 кошо башкаруучулары да кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн (Аян 14:4). Алар азап-кайгы тарткан дүйнөдө төрөлүп, чоңоюшкан жана өзүлөрү да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Жахабанын алдында актыгын сактаганы жана Ыйсаны жолдогону үчүн көптөрү куугунтукталган, айрымдары атүгүл өмүрүнөн ажырашкан. Бирок «Теңирибиз Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүдөн» уялышкан эмес жана «Жакшы Кабар үчүн... кыйынчылыктарга» чыдашкан (2 Тиметейге 1:8). Мындай тажрыйбадан улам алар адамзаттын үстүнөн ырайымдуу сот жүргүзө алышат. Анткени алар адамдарга боор ооруй билүүгө үйрөнүшкөн жана чын дилден жардам берүүгө ынтызар (Аян 5:10; 14:2—5; 20:6).

Жерде жашоого үмүтү барлар бактылуу

12, 13. Жерде жашоого үмүтү барлар азап чегүүдөн кандай пайда алышат?

12 Оору, кайгы, өлүм болбой турган бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр учурда азап чегүүдөн кандайдыр бир пайда алышабы? Кайгы-касыреттерге дуушар кылган кыйынчылыктарды эч ким каалабаары чын. Бирок аларга чыдоо менен жакшы сапаттарды өрчүтөбүз жана бактылуу болобуз.

13 Кудай Сөзүндө буга карата эмне делгенине көңүл бурсаңар: «Эгерде чындык үчүн азап тартып жатсаңар, анда силер бактылуусуңар... Эгерде Машайактын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар» (1 Петир 3:14; 4:14). «Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» (Матай 5:11, 12). «Сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон өткөндөн кийин, ал адам... өмүр таажысын алат» (Жакып 1:12).

14. Жахабанын кызматчылары кыйынчылыктарда да кандайча бактылуу боло алышат?

14 Албетте, азап чегүүнүн өзү бактылуу кылбайт. Кыйынчылыктарга Ыйсаны жолдоп, Жахабанын эркин аткарып жаткандыктан дуушар болгонубузду билүү бизди бактылуу кылат. Мисалы, биринчи кылымда айрым элчилер түрмөгө камалышкан. Кийин алар жүйүттөрдүн жогорку сотунун алдына алынып келинип, Ыйса Машайак жөнүндө кабар таратканы үчүн айыпталышкан. Анан аларды сабап, бошотуп жиберишкен. Ошондо элчилер кандай маанай чагылдырышкан? «Теңир Ыйса үчүн кордук көрүүгө татыктуу болушканына кубана синедриондон чыгып кетишкен»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Элчилер 5:17—41). Алар сабалып, кыйналганы үчүн эмес, Жахабага берилгендигин сактап, Ыйсаны жолдогону үчүн кордук көргөнүнө кубанышкан (Элчилер 16:25; 2 Корунттуктарга 12:10; 1 Петир 4:13).

15. Азыр кыйынчылыктарга чыдаганыбыз эмнеси менен пайдалуу?

15 Каршылыктарга, куугунтуктарга кабылганда туура маанайда болсок, чыдамдуулугубузду өрчүтө алабыз. Бул болсо алдыдагы сыноолорду көтөрүп кетүүгө жардам берет. Ыйык Китепте: «Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени сыналган ишенимиңер чыдамкайлыкты жаратарын билесиңер»,— деп айтылган (Жакып 1:2, 3). Ушуга окшогон ой Римдиктерге 5:3—5-аяттарда да баса белгиленет: «Бул нерсе менен гана эмес, кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык, чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз. Ал эми үмүт уят кылбайт». Демек, чындык үчүн канчалык көп сыноолорду башыбыздан өткөрсөк, бул дүйнөдө боло турган сыноолорго чыдоого ошончолук даяр болобуз.

Жахаба сыйлык берет

16. Жахаба болочок падыша-ыйык кызмат кылуучуларга азап чеккендиги үчүн кандай сыйлык берет?

16 Чындыкка бекем кармангандыктан каршылыктарга же куугунтуктарга дуушар болуп, атүгүл материалдык жактан зыян тартып жатсак да, биз Жахабанын бардыгын ашыгы менен берерине шектенбейбиз. Мисалы, элчи Пабыл асманда жашоого үмүтү барлардын айрымдары жөнүндө мындай деп жазган: «Мал-мүлкүңөрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар. Анткени асманда андан жакшы, түбөлүктүү байлыгыңар бар экенин билчүсүңөр» (Эврейлерге 10:34). Алардын Жахаба менен Машайактын жетекчилиги астында жердин тургундарына кереметтүү баталарды берүүгө катышып, кубанып жатканын элестетип көрсөңөр. Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары жөнүндөгү элчи Пабылдын төмөнкү сөздөрү кандай гана калетсиз: «Келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес» (Римдиктерге 8:18).

17. Азыр ишенимдүүлүгүн сактагандарга Жахаба кандай сыйлык берет?

17 Ошондой эле жерде жашоого үмүттөнгөндөр да Жахабага кызмат кылгандыктан кандай жоготууларга учурабасын же курмандыктарга барууга туура келбесин, Кудай аларга келечекте мол батасын берет. Алар жеткилең болушат жана жер үстүндөгү бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт. Жаңы дүйнөдө Жахаба «алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт» (Аян 21:4). Кандай сонун убада! Азыркы дүйнөдө Жахаба үчүн кандайдыр бир нерселерден айрылууга туура келиши мүмкүн. Бирок алардын баары кыйынчылыктарга чыдап, ишенимдүүлүгүн сактагандар ала турган түбөлүк өмүргө салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт.

18. Жахаба өзүнүн Сөзүндө кандай соороторлук убада берүүдө?

18 Бүгүнкү башыбыздан кечирип жаткан азап-кайгылардын бири да жаңы дүйнөдө түбөлүк ырахат алып жашоого тоскоол кыла албайт. Анткени азыр тартып жаткан азап-кайгынын орду бейиште толтурулат. Ышайа 65:17, 18де мындай делген: «Мен жаңы асманды жана жаңы жерди жаратып жатам, мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт. Силер болсо Мен жаратканга кылымдар бою кубанып, шаттанасыңар». Ошондуктан Ыйсанын уялаш биртууганы Жакыптын: «Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз»,— деген сөздөрү кандай орундуу (Жакып 5:11). Ооба, Кудайга берилгендигибизди сактап, азап-кайгыга чыдасак, азыр да, келечекте да мол бата алабыз!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Адамдар кандайча азап чегип калган?

• Жердин башкаруучулары жана анын тургундары азап чегүүдөн кандай пайда алышат?

• Биз азап-кайгыга карабай эмне үчүн бактылуу боло алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Биринчи түгөйдү эң сонун келечек күтүп турган

[15-беттеги сүрөт]

Азап чеккендерди көрүү менен Ыйса мыкты Падыша, Башкы ыйык кызмат кылуучу болууга үйрөнгөн

[17-беттеги сүрөт]

Элчилер ишеними үчүн «кордук көрүүгө татыктуу болушканына» кубанышкан