Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Даниел китебиндеги урунттуу ойлор

Даниел китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Даниел китебиндеги урунттуу ойлор

ДАНИЕЛ китеби «бүйүр кызыткан эмгектердин бири,— деп айтылат бир сөздүктө.— Анын барактарында кылымдарды карыткан чындыктар камтылат» («Holman Illustrated Bible Dictionary»). Даниел китебинде Бабыл падышасы Небухаданасар Иерусалимди курчап алып, «Ысрайыл уулдарын» Бабылга туткунга алып кеткен б.з.ч. 618-жылдан башталган окуялар баяндалган (Даниел 1:1—3). Туткундардын бири жаш Даниел, кыязы, ошо кезде өспүрүм болгон. Китебин аяктаганда ал али Бабылда жүргөн. Ошол убакта 100гө келип калган Даниелге Кудай: «Тынч ал, бирок акыркы күнү өзүңдүн үлүшүңдү алыш үчүн тирилесиң»,— деп убада берген (Даниел 12:13).

Китебинин биринчи бөлүгү хронологиялык тартипте, үчүнчү жактан — башка бирөө жазып жаткандай — жазылса, акыркы бөлүгү биринчи жактан — өз атынан — жазылган. Анда дүйнөлүк державалардын көтөрүлүп, кайра кулашына, Машайактын келер убактысына, биздин күндөрдө болуп жаткан окуяларга тийиштүү пайгамбарлыктар баяндалган *. Даниел өткөргөн өмүрү жөнүндө, бизди Кудай алдында актыгыбызды сактоого шыктандырган окуяларды жазган. Андыктан анын китеби ары тирүү, ары таасирдүү (Эврейлерге 4:12).

ХРОНОЛОГИЯЛЫК БИЛДИРҮҮЛӨРДӨ КАНДАЙ САБАК КАМТЫЛГАН?

(Даниел 1:1—6:28)

Биздин заманга чейинки 617-жыл. Жаш Даниел менен үч досу — Шадрах, Мейшах жана Абет-Него — Бабылдын падыша сарайында. Алар ошол жерде кызмат кылуу үчүн үч жыл окутуп-үйрөтүлсө да, Кудай алдындагы актыгын сакташкан. Арадан сегиз жылдай өткөндө Небухаданасар падыша сырдуу бир түш көрөт. Даниел анын түшүн айтып, жоруп бергенде, падыша Жахабанын «кудайлардын Кудайы... жашыруун сырларды ачкан падышалардын Эгедери» экенин билет (Даниел 2:47). Бирок көп өтпөй, падыша ошондогуларды унутуп койгон көрүнөт. Анткени Даниелдин үч досу бурканга сыйынуудан баш тартканда, аларды жалындап күйгөн мешке ыргыттырат. Бирок чыныгы Кудай аларды сактап калат. Ошондо Небухаданасар «ушинтип куткара алган башка Кудай жок» экенин кайрадан мойнуна алууга аргасыз болот (Даниел 3:29).

Небухаданасар бийик дарак жөнүндө маңызы терең дагы бир түш көрөт. Негедир ал дарак кыйылып, өсүшү токтотулуп коюлат. Анан түштүн маанисин Даниел чечмелеп берет. Ал түш Небухаданасар акылынан адашып ооруп калганда, анан кайра айыкканда жарым-жартылай аткарылат. Арадан ондогон жылдар өткөндө Белшатсар падыша өзүнүн төрөлөрүн чакырып, чоң той өткөрөт. Той үстүндө отуруп ал Жахабанын ийбадатканасынан алынып келинген идиштерди колдонууга даайт. Белшатсар дал ошол түнү өлтүрүлүп, мадайлык Дарий такка отурат (Даниел 5:30, 31). Дарий башкарып турган маалда Даниел 90дон ашып калган карыя эле. Ошого карабастан, аны ичи күйгөн төрөлөр менен дубан башчылар өлтүрүүнү көздөйт. Бирок Жахаба аны «арстандардын азуусунан куткарып» калат (Даниел 6:27).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Даниел 1:11—15 — Төрт жүйүт өспүрүм жашылча-жемиш менен тамактангандыктан эле келбети келишимдүү болуп чыга келгенби? Жок. Он күндүн ичинде эч кандай мүнөз тамак анчалык таасир эте алмак эмес. Аларга Жахаба батасын бергендиктен ошентип өзгөрүлүшкөн, себеби ал алардын ишенимин көргөн (Накыл сөздөр 10:22).

Даниел 2:1 — Небухаданасар эбегейсиз чоң буркан жөнүндөгү түшүн качан көргөн? Ыйык Китепте айтылгандай, Небухаданасардын «падышачылыгынын экинчи жылында». Ал б.з.ч. 624-жылы такка отурган. Демек, анын падышалыгынын экинчи жылы б.з.ч. 623-жылга туш келмек. Ал кезде Небухаданасар Жүйүттү басып ала элек эле. Даниел болсо Бабылга келе элек болчу, андыктан падышанын түшүн жоруп бере алмак эмес. Ошон үчүн бул жерде Бабыл падышасы Иерусалимди талкалап, дүйнөлүк державанын башчысы болгон жылдан — б.з.ч. 607-жылдан — кийинки «экинчи жыл» айтылган көрүнөт.

Даниел 2:32, 39 — Алтын баш катары сүрөттөлгөн падышалыктан — күмүш падышалык, күмүш падышалыктан жез падышалык кандайча төмөн турган? Буркандын күмүш бөлүгү катары сүрөттөлгөн Мадай-Персия (Мидо-Персия) державасы алтын баш менен сүрөттөлгөн Бабылдан (Вавилондон) төмөн делген себеби, ага Жүйүттү басып алууга жол берилген эмес. Андан кийинки «жез» держава Греция эле. Греция, күмүштөн жез төмөн болгондой эле, Мадай-Персиядан төмөн болгон. Греция империясы жер жүзүнүн көлөмдүү аянтын басып алса да, Мадай-Персияга окшоп, Кудайдын элин боштондукка чыгаруу артыкчылыгына ээ болгон эмес.

Даниел 4:7, 8, 17—19 — Небухаданасардын түшүндөгү бийик дарак эмнени билдирген? Ал дарак алгач Небухаданасарды — дүйнөлүк державанын башчысын — билдирген. Бирок, «жердин учу-кыйырына көрүнүп тургандыктан», дарак алда канча зор башкарууну көрсөтүп турган. Даниел 4:14төн ал түштүн бүтүндөй адамзаттын үстүнөн башкарган «Баарынан Жогору Тургандын» бийлиги менен байланышы бар экени айкын болот. Андыктан дарак каймана мааниде Жахабанын ааламдагы, өзгөчө, жер үстүндөгү башкаруусун да көрсөтөт. Ошондуктан ал түштүн эки аткарылышы бар: биринчиси — Небухаданасардын башкаруусуна, экинчиси Жахабанын эгедерлигине тиешелүү.

Даниел 4:13, 20, 22, 29, 30 — «Жети мезгил» канчага созулган? Небухаданасар падыша менен болгон окуялардын баары «жети мезгилдин» кадимки жети күндөн көп убакытка созулганын айгинелейт. Анын учурунда ал маал ар бири 360 күндөн турган жети жылга, бардыгын эсептегенде, 2520 күнгө созулган. Ал эми ал пайгамбарлыктын негизги аткарылышында «жети мезгил» 2520 жылга барабар болгон (Жезекиел 4:6, 7). Ал б.з.ч. 607-жылы Иерусалим талкаланганда башталып, б.з. 1914-жылы Ыйса падыша катары асмандагы такка отурганда аяктаган (Лука 21:24).

Даниел 6:6—10 — Жахабага сөзсүз бир калыпта тиленүү талап кылынбагандан кийин, Даниел 30 күн жашыруун тиленсе болбойт беле? Даниелдин күнүнө үч жолу тиленери баарына маалым болчу. Ошон үчүн ага каршы сөз бекитип алышкандар атайы буйрук чыгарып, анын тиленүүсүнө тыюу салууну чечишкен. Андыктан Даниелдин тиленүү адаты бир аз эле өзгөрсө, башкалардын көз алдында ал ишенимине каршы иш кылып, Жахабага болгон толук берилгендигинен жазган болмок.

Биз алчу сабактар:

Даниел 1:3—8. Даниел менен анын достору ата-энесинен алган тарбия-таалиминен улам Жахабага берилгендигин чечкиндүү түрдө сактай алышкан көрүнөт. Бул ата-эненин тарбиясынын маанилүүлүгүн баса көрсөтөт. Кудайдан корккон ата-эне рухий кызыкчылыктарды жашоосунда биринчи орунга коюп, ага балдарын да үйрөтсө, балдары, мектептен же башка жактардан пайда болгон кандай азгырык-кысымдарга болсун, туруштук бере алары күмөнсүз.

Даниел 1:10—12. Даниел «эбнухтардын башчысынын» падышадан эмне себептен коркуп жатканын түшүнгөн. Ошон үчүн ага кайра-кайра барып, тажата берген эмес. Бирок кийинчерээк андан жумшагыраак, сөзгө келген башка «көзөмөлдөөчүгө» кайрылган. Биз да татаал жагдайга туш болгондо кыраакылык, түшүнүү жана акылмандык менен иш кылышыбыз керек.

Даниел 2:29, 30. Биз Жахабанын рухий чараларынын аркасында ээ болгон билимибиз, өрчүткөн сапат-жөндөмдүүлүктөрүбүз үчүн, Даниелге окшоп, Жахабага алкыш-даңк айтышыбыз керек.

Даниел 3:16—18. Алиги үч жүйүт улан тамак-ашка байланыштуу маселеде берилгендигин сактабаса, бул жагдайда да толук берилгендигин сактаары күмөн эле. Алардай болуп, биз да «бардык нерседе ишенимдүү» болууга умтулушубуз кажет (1 Тиметейге 3:11).

Даниел 4:21—24. Падышалык жөнүндөгү кабарды, анын ичинде Кудайдын сот өкүмдөрүн жарыялоо үчүн бизге Небухаданасардын эмне болорун жана «тынчтыгы уланышы» үчүн эмне кылышы керектигин жарыялаган Даниелдикиндей ишеним жана эржүрөктүк керек.

Даниел 5:30, 31. «Бабыл падышасы жөнүндө» айтылгандар иш жүзүнө ашкан (Ышайа 14:3, 4, 12—15). Шайтан Ибилис, Бабылдын текебер башчылары сыяктуу эле, акыры, шылдыңдуу өлүмгө дуушар болот (Даниел 4:27; 5:2—4, 23).

ДАНИЕЛДИН АЯНДАРЫ ЭМНЕНИ АЙГИНЕЛЕЙТ?

(Даниел 7:1—12:13)

Даниел б.з.ч. 553-жылы, 70тен ашканда түш аркылуу биринчи аянын алган. Ал чоң төрт жырткычты көргөн. Алар анын күндөрүндө үстөмдүк кылып турган дүйнөлүк державадан тартып, биздин күндөргө чейинки дүйнөлүк державаны билдирген. Ошол аянда ал асмандагы «адам Уулуна окшогон бирөөгө» «өтүп кетпей турган түбөлүктүү бийлик» берилгенин көрөт (Даниел 7:13, 14). Андан эки жыл өткөндө ал Мадай-Персия, Греция жана «абийирсиз... падыша» боло турган жандык жөнүндөгү аянды көрөт (Даниел 8:23).

Б.з.ч. 539-жылы Бабыл кулап, мадайлык Дарий такка отуруп, каздимдерди башкара баштайт. Даниел Жахабадан мекенин калыбына келтирүүнү сурайт. Ал тиленип жатканда, Жахаба Жебирейил периштесин жиберип, Машайактын келер маалы жөнүндө маалымат берет (Даниел 9:20—25). Арадан убакыт өтүп, 536, 535-жылдар келет. Ысрайылдыктардын калдыгы, акыры, Иерусалимге кайтып барат. Бирок аларга ийбадаткананы курууга тоскоолдук көрсөтүлөт. Даниел мындай жагдайга тынчсызданбай койгон эмес. Ал тууралуу тиленип жүргөндө, Жахаба ага жогорку даражадагы периштесин жиберген. Периште Даниелди жубатып, кайраттандыргандан кийин, түндүк падышасы менен түштүк падышасынын ортосундагы таймаш жөнүндөгү пайгамбарлыкты айтат. Эки падышанын ортосундагы келишпестик Искендер Зулкарнайндын падышалыгын төрт аскер башчысы бөлүп алган маалдан тутанып, «улуу төрө» — Михаел — келгенге чейин созулат (Даниел 12:1).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Даниел 8:9 — «Эң сонун өлкө» деген эмне? Бул аяттагы «эң сонун өлкө» Англия-Америка дүйнөлүк державасы башкарып турган маалдагы Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жердеги абалын билдирет.

Даниел 8:25 — «Эгедерлердин Эгедери» деген ким? Бул жердеги сар деген эврей сөзү, адатта, «ханзаада» деп которулат, бирок анын негизги мааниси «башкаруучу», «бирөөнүн башчысы» дегенди билдирет. «Эгедерлердин Эгедери» деген наам Жахаба Кудайга таандык. Ал — периштелердин, алардын ичинде «башкы төрөлөрдүн бири Михаелдин» да Эгедери (Даниел 10:13).

Даниел 9:27 — 70 жылдык жума аяктаганча, башкача айтканда, б.з. 36-жылына чейин сакталган «көп элдер менен түзгөн келишим» кайсы келишим? * Мыйзам келишими б.з. 33-жылы Ыйсанын өлүмү аркылуу жокко чыгарылган. Бирок Кудай Ыбрайым менен түзгөн келишиминин негизинде б.з. 36-жылына чейин жүйүттөргө, алар Ыбрайымдын урпактары болгонуна байланыштуу, өзгөчө мамиле кыла берген. Андан соң Ыбрайым менен түзүлгөн ал келишим «Кудайдын Ысрайыл элине» — майлангандарга — карата колдонулуп калган (Галатиялыктарга 3:7—9, 14—18, 29; 6:16).

Биз алчу сабактар:

Даниел 9:1—23; 10:11. Даниел момун, ишенимдүү, Жазманы изилдөөгө ынтызар болгондуктан жана талыкпай тиленгендиктен, «эң сүйүктүү адам» делген. Ушулардын баары ага өмүрүнүн аягына чейин Кудайга ишенимдүү бойдон калууга өбөлгө түзгөн. Келгиле, биз да Даниелден үлгү алалы.

Даниел 9:17—19. Биз Кудайдын «адилеттик гана өкүм сүргөн» жаңы заманынын келиши жөнүндө тиленебиз. Бирок биз үчүн өз кыйынчылыктарыбыздан кутулуу эмес, биринчи кезекте, Кудайдын ысмынын ыйыкталышы, анын бийлик жүргүзүүгө укуктуу экени далилдениши маанилүү эмеспи? (2 Петир 3:13).

Даниел 10:9—11, 18, 19. Даниелге келген периштеден үлгү алып, биз башкаларды ишибиз менен да, сөзүбүз менен да жубатып-кайраттандырышыбыз керек.

Даниел 12:3. Акыркы күндөрдө «акылдуу адамдар» — майлангандар — «жылдыздай жаркырашууда». Алар «көп адамдарды» — «башка койлордон» турган «эбегейсиз көп адамдарды» — чындыкка буруп жатышат (Филипиликтерге 2:15; Аян 7:9; Жакан 10:16). Майлангандар Ыйсанын миң жылдык башкаруусунда аны менен бирге башчылык кылып, жердеги тилалчаак адамзатка куткаруу курмандыгы аркылуу берилген баталардын баарын төккөндө толук мааниде «жылдыздай жаркырашат». «Башка койлор» болсо алар менен биримдикте болуп, аларга бардык жагынан берилгендик менен, чын жүрөктөн колдоо көрсөтүшү абзел.

Жахаба андан «корккондорго... батасын берет»

Даниел китебинен Кудайыбыз тууралуу эмнени билебиз? Андагы аткарылган жана аткарыла турган пайгамбарлыктарды карап чыксак, Жахабанын убадаларын сөзсүз аткара турган Кудай экенине ого бетер ынанабыз (Ышайа 55:11).

Ал эми андагы окуялардан Кудай жөнүндө эмнелерди билебиз? Бабылдын падыша сарайындагы жашоо мүнөзүнөн баш тарткан төрт эврей уланга чыныгы Кудай «ар кандай китептерди жана акылмандыкты түшүнө билүү үчүн билим жана акыл» берген (Даниел 1:17). Кудай Шадрах, Мейшах жана Абет-Неголорду периштесин жиберип оттуу мештен куткарган. Даниелди болсо арстандардын азуусунан сактап калган. Ооба, Жахаба ага таянгандарга жардам берет, калканыч болот, андан корккондорго батасын берет (Забур 113:17, 21).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Даниел китеби Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.) китебинде аятма-аят каралат.

^ 30-абз. 70 жылдык жума жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 197—199-беттерин карагыла.

[32-беттеги сүрөт]

Даниел эмне үчүн «эң сүйүктүү адам» делген?