Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, балдарыңарды сүйүү менен тарбиялагыла

Ата-энелер, балдарыңарды сүйүү менен тарбиялагыла

Ата-энелер, балдарыңарды сүйүү менен тарбиялагыла

«Бардык ишти сүйүү менен кылгыла» (1 Корунттуктарга 16:14).

1. Ата-энелер балалуу болгондо кандай сезимдерди туюшат?

ЫМЫРКАЙДЫН жарык дүйнөгө келиши жашоодогу эң кубанычтуу учур экенине көптөр кошулары шексиз. «Тун кызым төрөлгөндө мени өзгөчө сезимдер курчап, ал көзүмө ушунчалык жакшы көрүнгөндүктөн, дүйнөдө андай ымыркай жоктой сезилген»,— дейт Алея аттуу бир эне. Бирок бала төрөлгөндө ата-энелерде тынчсыздануу да пайда болот. Алеянын жолдошу мындай дейт: «Кызымды алдыда боло турган кыйынчылыктарга тийиштүү түрдө даярдай аламбы деп тынчсыздангам». Көптөгөн ата-энелер да ушул сыяктуу тынчсызданууларын билдиришкен. Ошондой эле алар балдарын сүйүү менен тарбиялоо керектигин түшүнүшөт. Балдарын сүйүү менен тарбиялагысы келген Ыйсаны жолдогон ата-энелер да кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Алардын айрымдары кайсылар?

2. Ата-энелер кандай кыйынчылыктарга кездешип жатышат?

2 Биз бул түзүлүштүн акыркы күндөрүндө жашап жатабыз. Алдын ала айтылгандай, адамдардын ортосунда сүйүү жоголуп баратат. Атүгүл үйбүлө мүчөлөрү да «жакшылыкты билбеген... чыккынчы... өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз» болуп, бири-бирине «таш боордук» менен мамиле кылууда (2 Тиметейге 3:1—5). Бул Ыйсанын жолдоочуларынын үйбүлөдөгү мамилелерине таасир этпей койбойт. Андан сырткары, ата-энелерге өзүн кармай билүү оңойго турбайт. Алар көп учурда өздөрү каалабаган сөздөрдү айтып алышат жана дайыма эле туура иш кыла бербеши мүмкүн (Римдиктерге 3:23; Жакып 3:2, 8, 9).

3. Ата-энелер кантип балдарын бактылуу кылып чоңойто алышат?

3 Мындай кыйынчылыктарга карабай, ата-энелер балдарын бактылуу жана рухий жактан жетилген кылып чоңойто алышат. Кантип? Ыйык Китептеги: «Бардык ишти сүйүү менен кылгыла»,— деген кеңешке ылайык иш-аракет кылуу менен (1 Корунттуктарга 16:14). Анткени «сүйүү... жеткилеңдиктин куру» (Колосалыктарга 3:14). Келгиле, элчи Пабылдын Корунттуктарга жазган биринчи катындагы сүйүүнүн тутумуна кирген үч сапатты талкуулап, ата-энелер балдарын тарбиялоодо ал сапаттарды чагылдыра ала турган кээ бир жагдайларды карап чыгалы (1 Корунттуктарга 13:4—8).

Чыдамдуу болгула

4. Эмне үчүн ата-энелер чыдамдуу болушу керек?

4 Пабыл: «Сүйүү чыдамдуу»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 13:4). «Чыдамдуу» деп которулган грек сөзү чыдоодон сырткары, ачууга алдырбоону да билдирет. Эмне үчүн ата-энелер чыдамдуу болушу керек? Көптөгөн ата-энелер мунун бир нече себеби бар дешет. Ошол себептердин айрымдарын карап көрөлү. Мисалы, балдар каалап жаткан нерселерин сурагандан тажабайт. Атүгүл ата-энеси «жок» деп жооп берген күндө да, үмүтүн үзбөй кайра-кайра сурай беришет. Өспүрүмдөр болсо ата-энеси туура эмес деп эсептеген нерселердин туура экендигин далилдөөгө аракет кылып талашышат (Накыл сөздөр 22:15). Андан сырткары, балдар, чоңдор сыяктуу эле, кетирген катасын кайталай берүүгө ийкемдүү келишет (Забур 129:3).

5. Ата-энелерге чыдамдуу болууга эмне жардам берет?

5 Ата-энелерге балдарына чыдамдуу болууга эмне жардам берет? Сулайман падыша: «Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт»,— деп жазган (Накыл сөздөр 19:11). Ата-энелер өздөрү да бир убакта «жаш балача сүйлөп, жаш балача ойлонуп, жаш балача ой жүгүрткөнүн» эстесе, балдарынын иш-аракеттерин түшүнө алат (1 Корунттуктарга 13:11). Ата-энелер, силер да өзүңөрдүн бала кезиңерде ата-энеңерди ар кандай сураныч-өтүнүчтөрүңөр менен тажатканыңар эсиңердеби? Өспүрүм курагыңарда ата-энем менин сезимдеримди жана көйгөйлөрүмдү түшүнбөйт деп ойлочу белеңер? Эгер ушундай болсо, балдарыңардын эмне үчүн тигиндей же мындай иш-аракет кылып жатканын жана аларга керектүү эскертүүлөрдү чыдамдуулук менен дайыма айтып туруу зарыл экенин аңдай аласыңар (Колосалыктарга 4:6). Жахабанын ысрайылдыктарга Өзүнүн мыйзамдарын балдарына «кайра-кайра айтып үйрөтүүнү» буйруганына көңүл бурсаңар (Мыйзам 6:6, 7). «Кайра-кайра айтып үйрөт» деген эврей сөзү «кайталоо», «баса белгилөө» деген маанини туюнтат. Бул ата-энелерден балдары Кудайдын мыйзамдарына үйрөнгүчө бир нерсени кайра-кайра кайталоо талап кылынарын билдирет. Балдарды жашоодогу башка нерселерге үйрөтүүдө да ушундай кылуу зарыл.

6. Чыдамдуу болуу эмне үчүн баарына уруксат бере берүүнү билдирбейт?

6 Бирок чыдамдуу ата-эне болуу баарына эле уруксат бере берүүнү билдирбейт. Кудай Сөзүндө: «Өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат»,— деп айтылат. Мындайды болтурбоо үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу: «Чыбык жана айыпты ашкерелөө акылмандык берет»,— делет (Накыл сөздөр 29:15). Кээде балдар ата-энелери аларды жазалоого укугу жок деп эсептеши мүмкүн. Бирок Ыйсанын жолдоочуларынын үйбүлөлөрүндө балдар демократиялык жол менен башкарылбашы керек, башкача айтканда, өздөрүн кандай алып жүрүшү керектигин балдар чечпейт. Жахаба үйбүлөнүн Башчысы катары ата-энелерге балдарды тарбиялоого жана аларды сүйүү менен тартипке салууга бийлик берген (1 Корунттуктарга 11:3; Эфестиктерге 3:14, 15; 6:1—4). Бирок балдарды тартипке салуу Пабыл айткан сүйүүнүн тутумуна кирген кийинки сапат менен тыгыз байланышта.

Сүйүү менен жазалоо

7. Боорукер ата-энелер балдарын эмне үчүн жазалашы керек жана ал эмнени билдирет?

7 Пабыл «сүйүү... боорукер» деп айткан (1 Корунттуктарга 13:4). Боорукер ата-энелер балдарын тартипке салууда туруктуу болушат. Ушундай кылуу менен алар Жахабаны туурашат. Пабыл: «Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт»,— деген. Мындагы жазалоо деген сөз түз мааниде жазалоону эле билдирбейт. Буга тарбиялоо жана насааттоо да кирет. Мындай жазалоонун максаты эмнеде? «Тарбиялангандан кийин, ал адилеттиктин тынчтык берүүчү жемишин берет»,— дейт Пабыл (Эврейлерге 12:6, 11). Ата-энелер балдарын Кудайдын эркине ылайык боорукердик менен насааттап, аларга тынчтыкты сүйгөн жана чынчыл адамдардан болууга жардам беришет. Балдар «Теңирдин жазасын» кабыл алышса, күмүш менен алтындан да кымбат нерсеге — акылмандыкка жана билимге — ээ болушат (Накыл сөздөр 3:11—18).

8. Ата-энелер балдарын тартипке салбаса, натыйжасы кандай болот?

8 Балдарын тартипке салбаган ата-эне аларга боорукердик көрсөткөн болобу? Жахаба Сулайманга: «Чыбык аяган адам уулун жек көрөт, ал эми уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт»,— деп жазууга түрткү берген (Накыл сөздөр 13:24). Өз эркине коюлган балдар өзүмчүл жана бактысыз болушат. Ал эми балдарына боорукердик менен мамиле кылып, ошол эле учурда балдарына койгон талаптарына бекем карманган ата-энелердин балдары мектепте жакшы окуган, башкалар менен тил табыша билген, бактылуу балдардан болушат. Ооба, балдарын жазалаган ата-эне, чынында эле, боорукер экенин көрсөтөт.

9. Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарын эмнеге үйрөтүшү зарыл жана ал талаптар кандай каралышы керек?

9 Балдарды боорукердик жана сүйүү менен жазалоо деген эмнени билдирет? Ата-энелер балдардан эмне талап кылынарын алар менен талкуулашы керек. Мисалы, Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарына кичинекей кезинен эле ыйык китептик негизги принциптерди жана чыныгы сыйынууга байланыштуу ар кандай иштерге катышууну үйрөтүшөт (Чыгуу 20:12—17; Матай 22:37—40; 28:19; Эврейлерге 10:24, 25). Балдар ал талаптарды бузууга болбой турганын жакшы түшүнүшү керек.

10, 11. Үйгө тартип киргизүүдө эмне үчүн балдардын да оюн эске алса болот?

10 Үйгө тартип киргизүүдө ата-энелер кээде балдарынын да оюн билсе болот. Тартип киргизүүгө өспүрүмдөр да катышса, адатта, ал тартиптерге оңой баш ийишет. Мисалы, ата-энелер балдардын үйдө канчада болушу керектигин чечүүдө кандайдыр бир убакытты белгилешет. Балким, убакытты тандоого балдарыңарга мүмкүнчүлүк берип, эмне үчүн ошол убакытты тандаганын угуп көрөсүңөр. Андан соң өзүңөр туура көргөн убакытты айтып, анын себебин түшүндүрүп берсеңер болот. Кайчы пикирде болуп калсаңарчы? Ата-энелер айрым учурларда, эгер ыйык китептик принциптерге карама-каршы келбесе, балдарынын каалоосун орундатып коюуну чечиши мүмкүн. Бул ата-энелердин өз бийлигин колдонуудан баш тартып жатканын билдиреби?

11 Бул суроого жооп алуу үчүн Жахаба Лотко жана анын үйбүлөсүнө кылган мамилесинде өзүнүн бийлигин кандайча сүйүү менен колдонгонун карап көрөлү. Лотту, анын аялын жана кыздарын Содомдон алып чыккан периштелер Лотко: «Өлүп калбашың үчүн, тоого кач»,— деп айтышат. Бирок ал: «Жок, Эгедерим!.. Качып барууга мына бул шаар жакын, ал чакан шаар эмеспи. Ошол жакка качайын»,— деп суранат. Ошондо Жахаба эмне деген? «Макул, сенин каалооң боюнча Мен сен айткан шаарды кыйратпайын»,— деп макул болот (Башталыш 19:17—22). Жахаба ошол учурда бийлигинен баш тартканбы? Жок. Ал Лоттун суранычына жана тандоосуна макул болуп, ага өзгөчө боорукердик көрсөткөн. Эгер сен ата-эне болсоң, үйгө тартип киргизүүдө балдарыңдын оюн эске ала турган учурлар болобу?

12. Бала эмнеден улам өзүн коопсуз сезет?

12 Балдар ата-эненин талаптарын эле эмес, аларды аткарбаса, жазаланарын да билиши керек. Туура эмес иш кылганда кандай жаза ала тургандыгы балага жакшы түшүндүрүлсө, тартипти бузбоого аракет кылат. Ата-энелер балдарын жазалайм деп эскертип коюп, бирок жазалабаса, бул боорукердикке жатпайт. Ыйык Китепте: «Кыянат иштерди кылган адамдар дароо эле жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жүрөгү кыянаттык кылуудан коркпойт»,— деп айтылат (Насаатчы 8:11). Ата-энелер балдарын элдин же башка балдардын көзүнчө уят кылбайын деп, жазалабашы мүмкүн. Бирок ата-энесинин «ооба» дегени — «ооба», «жок» дегени «жок» болорун билген балдар, мейли, ал жаза менен коштолгон күндө да, өздөрүн коопсуз сезет жана ата-энесин көбүрөөк урматтап, сүйөт (Матай 5:37).

13, 14. Балдарды тарбиялоодо ата-энелер Жахабаны кантип туурай алышат?

13 Жазанын кандай түрүн жана кантип колдонууда балдардын мүнөзүн эске алуу боорукердикке жатат. «Биздин эки кызыбыз жазаны эки башка кабыл алчу. Бирөөнө таасир эткен жаза, экинчисине таасир этчү эмес»,— дейт Пэм. Анын жолдошу Ларри мындай дейт: «Улуусу өзүнүкүн берчү эмес, андыктан аны тарбиялоодо бекемирээк болушубуз керек эле. Ал эми кичүү кызыбыз сезимтал болгондуктан, ага катуу сөз, атүгүл, карап коюу эле жетиштүү болчу». Ооба, боорукер ата-энелер кайсы баласына кандай жаза натыйжалуу болорун билүүгө аракет кылышат.

14 Жахаба кызматчыларынын ар биринин күчтүү жана алсыз жактарын жакшы билет. Андыктан ата-энелер Жахабадан үлгү ала алышат (Эврейлерге 4:13). Ошондой эле Жахаба адамдарды өтө катуу же өтө жумшак эмес, «чеги менен» жазалайт (Жеремия 30:11). Ата-энелер, силер балдарыңардын күчтүү жана алсыз жактарын билесиңерби? Ушуларды эске алып, балдарыңарды боорукердик менен тарбиялайсыңарбы? Ушинтүү менен балдарыңарды сүйөрүңөрдү көрсөтөсүңөр.

Ачык пикирлешүү

15, 16. Ата-энелер балдарынын өз ойлорун ачык айтышына кантип өбөлгө түзө алышат жана Ыйсаны жолдогон ата-энелер буга байланыштуу кандай натыйжалуу ыкмаларды табышкан?

15 Сүйүүнүн дагы бир өзгөчөлүгү: ал «адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат» (1 Корунттуктарга 13:6). Канткенде ата-энелер балдарын адилеттүүлүктү жана чындыкты сүйүүгө үйрөтө алышат? Мунун бир жолу — балдарды сезимдерин ачык айтууга, атүгүл ата-эненин жүрөгүн ооруткан нерселерди да айтууга үндөө. Балдарынын сөздөрүнөн адил нормаларды сүйөрү көрүнүп турса, ата-эненин кубанары шексиз. Бирок кээде балдар ойлорун ачык айтканда, алардын жамандыкка жакын экендиги байкалышы мүмкүн (Башталыш 8:21). Мындайда ата-эне эмне кылса болот? Ата-энелер аны дароо эле жазалоо керек деп ойлошу ыктымал. Эгер ошондой кылса, балдар ата-энесине жаккан нерселерди гана ачык айтып, жакпагандарын жашырып коюуну үйрөнүп алышат. Албетте, балдар орой сөздөрдү колдонсо, аларды дароо оңдоо зарыл, бирок кантип сылык сүйлөө керектигин үйрөтүү менен эмне айтууну үйрөтүүнүн ортосунда айырма бар.

16 Ата-энелер үйбүлөдө ачык пикирлешүүнүн болушуна кандайча өбөлгө түзө алышат? Жогоруда сөз кылынган Алея мындай дейт: «Балдарыбыздын айткандары бизге жагымсыз болсо да, өзүбүздү кармоого аракет кылып, ачык пикирлешүүгө жардам бергидей шарт түзчүбүз». Том аттуу бир ата болсо: «Биздин оюбузга кошулбаган күндө да, кызыбызды өз оюн айтууга үндөчүбүз. Ал оюн айтып жатканда сөзүн бөлсөк же өзүбүздүн көзкарашыбызды таңууласак, сөзүнүн аягына чыкпай, чынында эмнени айтайын дегенин айтпай коёрун, ал эми биз аны уксак, ал да бизди угарын билчүбүз». Албетте, балдар ата-энелерине баш ийиши керек (Накыл сөздөр 6:20). Бирок ата-энелер балдары менен ачык пикирлешсе, балдар ой жүгүртүүгө үйрөнө алышат. Төрт баланын атасы Винсент: «Балдарыбыз менен кандайдыр бир жагдайдын жаман-жакшы жактарын талкуулап, туура жыйынтыкты өздөрү чыгарышына жардам беребиз. Бул аларга ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн өрчүтүүгө жардам берди»,— дейт (Накыл сөздөр 1:1—4).

17. Ата-энелер эмнеге шектенбесе болот?

17 Албетте, балдарын тарбиялоодо бир да ата-эне ыйык китептик кеңештерди толук колдоно албайт. Бирок балдарыңарды чыдамдуулук, боорукердик жана сүйүү менен тарбиялоо үчүн кылган аракетиңерге алардын ыраазы болоруна шектенбесеңер болот. Жахаба ушундай аракетиңерге сөзсүз батасын берет (Накыл сөздөр 3:33). Ыйсаны жолдогон ата-энелердин баары балдарын Жахабаны өздөрү сүйгөндөй сүйүүгө үйрөтүүнү каалашат. Ата-энелер ал максатка канткенде жете алышат? Буга жардам бере турган ыкмалар эмки макалада талкууланат.

Эсиңердеби?

• Балдарды түшүнө билүү ата-энелерге аларга чыдамдуу болууга кандайча жардам берет?

• Боорукердик менен жазалоонун кандай байланышы бар?

• Ата-энелердин балдары менен ачык пикирлешкени эмне үчүн маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Балдарыңарды ачык пикирлешүүгө үндөйсүңөрбү?

[23-беттеги сүрөт]

Ата-энелер, өзүңөрдүн бала кезиңер эсиңерде чыгар