Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайрымдуулукту иш жүзүндө көрсөтөлү

Кайрымдуулукту иш жүзүндө көрсөтөлү

Кайрымдуулукту иш жүзүндө көрсөтөлү

«Убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы» (Галатиялыктарга 6:10).

1, 2. Самариялык киши жөнүндө аңгемеден кайрымдуулукка байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

МЫЙЗАМДЫ жакшы билген бир киши Ыйсадан: «Менин жакыным ким?» — деп сураган. Ыйса ага жооп катары үлгү-насаат аңгеме айтып берет: «Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына бара жатып, каракчылардын колуна түшүп калат. Каракчылар анын кийимин сыйрып алып, сабап, араң жан кылып таштап кетишет. Бир ыйык кызмат кылуучу ошол жол менен өтөт да, аны көрүп, четтеп өтүп кетет. Бир леби да ошол жерден өтүп бара жатып, аны көрүп, четтеп өтүп кетет. Самариялык бир киши да өтүп бара жатып, аны көрөт да, ага боору ачып, жанына келип, анын жарааттарына май менен шарап сыйпап таңат. Анан аны өзүнүн эшегине мингизип, мейманканага алып келип, ал үчүн кам көрөт. Эртеси күнү жолго чыгарында, эки динарий алып чыгып, мейманкананын ээсине берип: „Бул кишини кара. Эгерде ашыкча каражат жумшасаң, кайтып келгенимде төлөп берем“,— дейт». Андан кийин Ыйса мыйзам окутуучудан: «Ушул үчөөнүн кимиси каракчылардын колуна түшкөн адамдын жакыны болот деп ойлойсуң?» — деп сурайт. Ал Ыйсага: «Ага кайрымдуулук кылганы», — деп жооп берет (Лука 10:25, 29—37а).

2 Самариялык кишинин жарадар кишиге кылган мамилеси чыныгы кайрымдуулук деген эмне экенин кандай гана айкын көрсөтүп турат! Жарадар кишиге боор ооругандыктан ал анын чоочун экенине карабай ага жардам берген. Ооба, кайрымдуулук көрсөтүүгө улуттук, диний же маданий айырмачылыктар тоскоол болбойт. Боорукер самариялык киши тууралуу аңгеме айтып бергенден кийин, Ыйса мыйзам окутуучуга: «Бар, сен да ушундай кыл»,— деген (Лука 10:37б). Биз да ушул сөздөрдү көңүлүбүзгө түйүп, башкаларга кайрымдуулук көрсөтүүгө умтулушубуз керек. Бирок кайрымдуулукту күндөлүк жашообузда кантип көрсөтө алабыз?

«Бир туугандарыңардын киер кийими... жок болсо»

3, 4. Эмне үчүн, өзгөчө, ишенимдештерибизге кайрымдуулук көрсөтүшүбүз керек?

3 Пабыл: «Убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы»,— деп айткан (Галатиялыктарга 6:10). Андыктан алгач ишенимдештерибизге кантип кайрымдуулук көрсөтө аларыбызды карап чыгалы.

4 Ыйсанын жолдоочуларын бири-бирине кайрымдуу болууга үндөп, шакирт Жакып: «Анткени ким кайрымдуулук көрсөтпөсө, соттолгондо ага да кайрымдуулук көрсөтүлбөйт»,— деп жазган (Жакып 2:13, «ЖД»). Ушул аяттын контекстинен кайрымдуулукту күндөлүк жашообузда кантип көрсөтө аларыбызды билүүгө болот. Мисалы, Жакып 1:27де: «Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык — бул жетим-жесирлерге кам көрүү жана өзүн бул дүйнөдө таза сактоо»,— деп жазылат. Ал эми Жакып 2:15, 16да: «Эгерде бир туугандарыңардын киер кийими, ичер тамагы жок болсо, араңардан бирөө аларга: „Тынчтык менен баргыла. Жылуу кийингиле, курсагыңарды тойгузгула“, — десе, бирок алардын денесине керектүүнү бербесе, андан эмне пайда?» — делет.

5, 6. Жыйналыштагыларга кантип кайрымдуулук көрсөтө алабыз?

5 Муктаж болгондорго кам көрүп, аларга жардам берүү чыныгы диндин өзгөчөлүктөрүнүн бири. Андыктан башкаларга жакшылык каалап коюу менен гана чектелбешибиз керек. Боор ооруу сезими чындап муктаж болгондорго иш жүзүндө жардам берүүгө түрткү берет (1 Жакан 3:17, 18). Мисалы, кайрымдуулук иштерине оорулууларга тамак жасап берүү, улгайгандарга үйдөгү жумуштарына кол кабыш кылуу жана жыйналыш жолугушууларына барууга жардам берүү, ошондой эле муктаж болгондорго марттык көрсөтүү да кирет (Мыйзам 15:7—10).

6 Бирок жыйналыштагыларга материалдык эмес, рухий жактан жардам берүү алда канча маанилүүрөөк. Ыйык Китеп: «Коркокторго кайрат бергиле, алсыздарды колдогула, баарына чыдамдуулук көрсөткүлө»,— деп үндөйт (1 Тесалоникалыктарга 5:14). «Улгайган аялдар» болсо «жакшылык кылууга үйрөтүүгө» чакырылат (Титке 2:3). Ал эми көзөмөлчүлөргө байланыштуу Ыйык Китепте: «Алардын ар бири шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай, чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй болот»,— деп айтылат (Ышайа 32:2).

7. Сириядагы Антийохеядагы шакирттерден кайрымдуулук көрсөтүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

7 Биринчи кылымда жергиликтүү жыйналыштарда жетим-жесирлерге, бекемдөөгө жана жардамга муктаж болгондорго кам көрүүдөн тышкары, кээде башка жактагы жыйналыштарга да көмөк кылуу уюштурулуп турган. Мисалы, Агап пайгамбар «бүт дүйнөдө катуу ачарчылык болорун» айтканда, Сириядагы Антийохеядагы «шакирттердин ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Жүйүт аймагында жашаган бир туугандарга жардам жиберүүнү чечишкен». Анан чогулткандарын «Барнаба менен Шабыл аркылуу Жыйын башчыларына берип жиберишкен» (Элчилер 11:28—30). Ал эми биздин убак тууралуу эмне айтууга болот? «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бүгүнкү күндө бороон-чапкын, жертитирөө, цунами сыяктуу ар кандай табигый кырсыктардан жапа чеккендерге кам көрүү үчүн жардам берүү комитеттерин түзгөн (Матай 24:45). Жапа чеккендерге жардам берүү үчүн убактыбызды, күчүбүздү жана каражатыбызды жумшоо — кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң сонун жолу.

«Эгерде бет карамалык кылып жатсаңар»

8. Беткарамалык кайрымдуу болууга кандайча тоскоолдук кылат?

8 Кайрымдуулук көрсөтүүгө эмне тоскоолдук кыларын эскертип, падыша мыйзамы, башкача айтканда, сүйүү мыйзамы тууралуу Жакып: «Эгерде бет карамалык кылып жатсаңар, анда күнөө кылып жатасыңар жана мыйзам алдында кылмышкерсиңер»,— деп айткан (Жакып 2:8, 9). Колунда барларга же кадыр-барктуу кишилерге беткарамалык кылсак, «жакырдын ыйына» көңүл бурбай калышыбыз мүмкүн (Накыл сөздөр 21:13). Ооба, беткарамалык кайрымдуу болууга тоскоолдук кылат. Башкаларга беткарамалык кылбасак, кайрымдуулук көрсөткөн болобуз.

9. Айрымдарды өзгөчө урматтоо эмне үчүн жаман эмес?

9 Беткарамалык кылбоо эч кимге өзгөчө көңүл бурбоо керек дегенди билдиреби? Жок. Өзү менен бирге кызматташкан Эпафродит тууралуу Пабыл Ыйсанын Филипидеги жолдоочуларына: «Мындай адамдарды сыйлагыла»,— деп жазган. Эмне үчүн? Пабыл сөзүн мындай деп улайт: «Силерди жоктотпой, мага кызмат кылуу үчүн, ал өз өмүрүн тобокелге салды. Машайактын иши үчүн өлүмгө да баш байлады» (Филипиликтерге 2:25, 29, 30). Эпафродиттин ишенимдүү кызмат кылганы өзгөчө мактоого татырлык болчу. Андан сырткары, 1 Тиметейге 5:17де: «Туура жетекчилик кылган Жыйын жетекчилерине, айрыкча насаат айтып, окутуп кызмат кылгандарга, эки эсе урмат көрсөтүлсүн»,— делет. Чынында эле, рухий жактан жетилгендер абдан бааланат. Аларды урматтоо беткарамалыкка жатпайт.

«Асмандан келген акылмандык... кайрымдуулукка» бай

10. Эмне үчүн тилибизди ооздукташыбыз керек?

10 Жакып тилге байланыштуу: «Тил — ээ-жаа бербеген жамандык. Ал өлүмгө дуушар кылуучу ууга толгон. Тилибиз менен Кудайды, Атаны, даңктайбыз, тилибиз менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган адамдарды каргайбыз»,— деген. Ал ошол эле бөлүмдө мындай деп айткан: «Эгерде жүрөгүңөрдө ачуу ичи тарлык жана өзүмчүлдүк бар болсо, анда мактанбагыла жана чындыкты бурмалабагыла. Бул асмандан келген акылмандык эмес, жердеги, табигый, шайтандан келген акылмандык. Анткени кайсы жерде ичи тарлык жана менменсинген өзүмчүлдүк бар болсо, ал жерде тартипсиздик жана ар кандай жаман нерселер бар. Ал эми асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, боорукер [«кайрымдуу», «ЖД»], жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес» (Жакып 3:8—10а, 14—17).

11. Тилибизди колдонууда кантип кайрымдуулук көрсөтөбүз?

11 Ошентип, тилибизди кандай колдонорубуздан кайрымдуулукка бай акылмандыкка ээбизби, жокпу, айкын көрүнөт. Эгер көралбастыктан же тажаалдыгыбыздан улам мактанып, калп айтып же ушак таратсакчы? Буга байланыштуу Забур 93:4тө: «Мыйзамсыз иштерди кылгандар менменсинип жатышат»,— делет. Андан сырткары, ушак күнөөсүз кишинин аброюн түшүрөт (Забур 63:3—5). Ошондой эле жалган күбөнүн «жалаа жапканы» канчалык зыян алып келери тууралуу ойлоп көрсөң (Накыл сөздөр 14:5; 1 Падышалар 21:7—13). Тилди туура эмес колдонуу жөнүндө айткан соң, Жакып: «Бир туугандарым, мындай болбошу керек»,— деген (Жакып 3:10б). Чындап кайрымдуу болуу үчүн тилибизди таза сактап, акыл-эстүүлүк менен колдонушубуз зарыл. Ыйса: «Силерге айтып коёюн, адамдар ар бир куру сөзү үчүн сот күнү жооп беришет»,— деп айткан (Матай 12:36). Андыктан тилибизди колдонууда кайрымдуулук көрсөткөнүбүз кандай гана маанилүү!

«Башкалардын күнөөлөрүн кечиргиле»

12, 13. а) Чоң карызы бар кул жөнүндөгү аңгемеден кайрымдуулукка байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз? б) Биртууганыбызды «жетимиштен жети жолу» кечирүү деген эмнени билдирет?

12 Кожоюнуна, падышага, 60 000 000 динарий карызы бар кул жөнүндө Ыйсанын айтып берген үлгү-насаат аңгемесинде кайрымдуу болуунун башка жолу да көрсөтүлгөн. Карызын төлөй албагандыктан, кул падышадан кайрымдуулук көрсөтүшүн суранат. Ошондо падыша ырайым кылып, анын карызын кечирет. Кул болсо өзүнө жүз динарий карызы бар башка кулду кармап алып, ага кайрымдуулук көрсөтпөй, түрмөгө каматып салат. Аны уккан падыша өзү кечирген кулду чакыртып: «„Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңан улам, бүт карызыңды кечирдим эле. Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылсаң болбойт беле?“» — дейт. Ошентип, аны жазалоочулардын колуна тапшырат. Ыйса аңгемесин: «Эгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат»,— деп жыйынтыктайт (Матай 18:23—35).

13 Жогоруда келтирилген аңгеме кайрымдуулук өзүнө башкаларды кечирүүнү да камтырын айкын көрсөтүп турат. Жахаба биздин чоң карызыбызды — күнөөлөрүбүздү — кечирсе, анда эмне үчүн биз башкаларды кечирбешибиз керек?! (Матай 6:14, 15). Ыйса кайрымсыз кул жөнүндө аңгеме айтып бергенге чейин Петир андан: «Теңир, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» — деп сураган. Ошондо Ыйса ага: «Сага айтып коёюн, жети жолу эмес, жетимиштен жети жолу»,— деп жооп берет (Матай 18:21, 22). Ооба, кайрымдуу киши «жетимиштен жети жолу», башкача айтканда, чексиз кечирүүгө даяр.

14. Матай 7:1—4-аяттарга ылайык, кайрымдуулукту күндөлүк жашообузда кантип көрсөтө алабыз?

14 Кайрымдуулук көрсөтүүнүн дагы башка жолу тууралуу Ыйса Тоодогу насаатында мындай деген: «Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Кандай айыптасаңар, силер да ошондой айыпталынасыңар... Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң? Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: „Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын“,— деп, кантип айтасың?» (Матай 7:1—4). Андыктан башкаларды айыптабай, алардын каталарына чыдамдуу болуу менен күндөлүк жашообузда кайрымдуулук көрсөтө алабыз.

«Бардыгына... жакшылык кылалы»

15. Эмне үчүн ишенимдештерибизге гана кайрымдуулук көрсөтпөйбүз?

15 Жакыптын ишенимдештерибизге кайрымдуу болуу жөнүндө айтканы жыйналыштагыларга эле кайрымдуулук көрсөтүшүбүз керектигин билдирбейт. Забур 144:9да: «Теңир бардык адамдарга жакшылык кылат, Өзү жараткандарынын бардыгына кайрымдуулук кылат»,— делет. Ыйык Китеп бизди «Кудайды тууроого» жана «бардыгына... жакшылык кылууга» үндөйт (Эфестиктерге 5:1; Галатиялыктарга 6:10). Ошол себептүү биз «бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөсөк» да, бул дүйнөдөгү адамдардын муктаждыктарына кайдыгер карабайбыз (1 Жакан 2:15).

16. Башкаларга кандай жардам көрсөтөрүбүз эмнеден көзкаранды?

16 Ыйсанын жолдоочулары катары биз «мезгил жана кокустуктун» айынан жабыркагандарга же кыйын кырдаалга дуушар болгондорго кандайдыр бир жардам көрсөтүүгө даярбыз (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Албетте, башкаларга кандай жардам көрсөтөрүбүз жагдай-шартыбыздан көзкаранды (Накыл сөздөр 3:27). Ошондой эле башкаларга материалдык жактан жардам берүүдө аларды жалкоолукка түрткөн нерселерди кылуудан сак болгубуз келет (Накыл сөздөр 20:1, 4; 2 Тесалоникалыктарга 3:10—12). Чыныгы кайрымдуулук көрсөтүүдө боор ооруу эле эмес, акыл-эстүүлүк да керек.

17. Башкаларга кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң жакшы жолу кайсы?

17 Башкаларга кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң сонун жолу — аларга Ыйык Китептеги чындык тууралуу айтуу. Эмне үчүн? Бүгүнкү күндө адамдардын көбү рухий караңгылыкта жашап жатышат. Алар башына түшкөн кыйынчылыктарды кантип чечүүнү билбей же келечекке эч кандай үмүтү жок, «койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан» (Матай 9:36). Кудай Сөзүндөгү кабар аларга күндөлүк жашоодогу кыйынчылыктарын чечүүгө жардам берип, «шам» боло алат. Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын келечекке карата ой-ниети айтылгандыктан, андагы кабар аларды жакшылыкка үмүттөндүрүп, жолуна «жарык» болот (Забур 118:105). Жакшы кабарга муктаж болгондорго кабар айтуу кандай гана зор сыймык! «Улуу кайгы» жакындап калгандыктан, азыр жакшы кабар таратуу жана шакирт даярдоо ишинде ынталуу боло турган убак (Матай 24:3—8, 21, 22, 36—41; 28:19, 20). Кайрымдуулук иштеринин бири да мынчалык маанилүү эмес.

«Ичиңерде эмне болсо, ошону» бергиле

18, 19. Эмне үчүн кайрымдуулук иштерин көбүрөөк кылууга аракет жасашыбыз керек?

18 Ыйса: «Ичиңерде эмне болсо, ошону кайыр берген сыяктуу бергиле»,— деген (Лука 11:41). Кайрымдуулук иштери ичибизден, тактап айтканда, жүрөгүбүздөн чыгышы керек (2 Корунттуктарга 9:7). Өзүмчүлдүк, катаалдык өкүм сүргөн жана азап чеккендер менен кыйынчылыктарга дуушар болгондорго кайдыгер караган бул дүйнөдө кайрымдуулук иштери кандай гана сергитерлик!

19 Келгиле анда, кайрымдуулук иштерин көбүрөөк кылууга аракет жасай берели. Канчалык кайрымдуу болсок, Кудайды ошончолук туураган болобуз. Бул болсо бизге канааттандырарлык жана маңыздуу жашоо өткөрүүгө жардам берет (Матай 5:7).

Эмнелерди билдиңер?

• Ишенимдештерибизге кайрымдуу болуу эмне үчүн маанилүү?

• Жыйналыштагыларга кантип кайрымдуулук көрсөтө алабыз?

• Башкаларга кандайча жакшылык кыла алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Самариялык киши кайрымдуулук көрсөткөн

[14-беттеги сүрөт]

Башкаларга кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң сонун жолу — аларга Ыйык Китептеги чындык тууралуу айтуу