Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоону кантип маңыздуу кылууга болот?

Жашоону кантип маңыздуу кылууга болот?

Жашоону кантип маңыздуу кылууга болот?

«Теңирди бардык тирүү жандар макташсын!» (Забур 150:6).

1. Бир жаш жигит жашоонун маңызын кантип издегенин айтып бергиле.

«МЕН башкаларга жардам берүү үчүн медициналык билим алгам. Ошондой эле доктур болуп, атак-даңкка, көп акчага жетсем, бактылуу болом деп ойлогом,— деп эскерет Кореяда туулуп-өскөн Сең Жин *.— Бирок убакыттын өтүшү менен доктурлардын башкаларга жардам берүүдө, чынында, көптү кыла албасына көзүм жеткенде көңүлүм чөктү. Ошондо мен сүрөтчү болууну чечтим. Бирок менин чыгармачылыгым өзүмө кубаныч тартуулаганы менен, башкаларга тийгизген пайдасы аз болчу. Ошон үчүн мугалим болуп да иштеп көрдүм. Бирок билим бергеним гана болбосо, окуучуларга чыныгы бакытка жетүүгө жардам бере албаарымды түшүндүм». Көптөр сыяктуу эле, Сең Жин жашоонун маңызын издеген.

2. а) Жашоонун маңызын табуу деген эмнени билдирет? б) Жараткандын адамдардын жашоосунун маңыздуу болушун каалаганын эмнеден билебиз?

2 Маңыздуу жашоо өткөрүү деген эмне үчүн жашап жатканыбызды билүүнү, алдыга максаттарды коюуну жана эмнелерге умтулуу керектигин түшүнүүнү билдирет. Адамдар жашоонун маңызын таба алабы? Ооба. Биздин абийир, акыл-эс жөндөмдүүлүгү менен жаратылганыбыз Кудайдын жашообуздун маңыздуу болушун каалаганын көрсөтүп турат. Андыктан Жараткандын ой-ниетине ылайык жашаганда гана жашоонун маңызын таба аларыбыз айкын.

3. Кудайдын адамзатка болгон ой-ниети өзүнө эмнелерди камтыйт?

3 Ыйык Китептен Кудайдын адамзатка болгон ой-ниети өзүнө көп нерсени камтырын билебиз. Алсак, биздин кереметтүү жаратылганыбыз — Кудайдын чексиз сүйүүсүнүн далили (Забур 39:6; 138:14). Демек, Кудайдын ой-ниетине ылайык жашоо деген Кудайды туурап, башкаларды чын жүрөктөн сүйүүнү билдирет (1 Жакан 4:7—11). Ошондой эле бул анын сүйүүгө негизделген ой-ниетине ылайык жашоого жардам берген көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнү да билдирет (Насаатчы 12:13; 1 Жакан 5:3).

4. а) Жашообуз маңыздуу болушу үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Ар бирибиз кандай максатты көздөсөк болот?

4 Андан сырткары, Кудай адамдардын бактылуу, бири-бири менен ынтымакта жана жаратылышка аяр мамиле кылып жашашын ниет кылган (Башталыш 1:26; 2:15). Анда бактылуу, коопсуз, жандүйнө бейкуттугуна ээ болуп жашаш үчүн эмне кылуу маанилүү? Наристе өзүн бейкапар, бактылуу сезиши үчүн ата-энесинин жанында болушу керек. Анын сыңарындай, жашообуз маңыздуу болушу үчүн, биз да асмандагы Атабыз менен ынак мамиледе болушубуз зарыл (Эврейлерге 12:9). Мындай жакшы мамиледе болуу толук мүмкүн экени Кудайдын тиленүүлөрүбүздү укканынан, Өзүнө жакындоого жол бергенинен көрүнүп турат (Жакып 4:8; 1 Жакан 5:14, 15). Эгер биз ишеним менен «Кудайдын алдында түз жүрүп», анын досторунан болсок, асмандагы Атабыздын жүрөгүн кубантып, аны даңктай алабыз (Башталыш 6:9; Накыл сөздөр 23:15, 16; Жакып 2:23). Бул — алдыбызга коё турган эң сонун максат. Ошон үчүн забурчу: «Теңирди бардык тирүү жандар макташсын!» — деп жазган (Забур 150:6).

Жашооңдун маңызы эмнеде?

5. Байлыктын артынан түшүү эмне үчүн акылсыздык?

5 Кудайдын ой-ниетине ылайык, биз өзүбүзгө жана үйбүлөбүзгө денелик жактан да, рухий жактан да кам көрүшүбүз керек. Мындайда теңсалмактуулукту сактоо зарыл. Болбосо, күндөлүк түйшүктөр менен алпурушуп жатып, андан да маанилүү нерселерге — рухийликке — көңүл бурбай калышыбыз мүмкүн (Матай 4:4; 6:33). Тилекке каршы, көптөр өмүрүн байлык топтоого арноодо. Бирок бардык муктаждыктарыбызды материалдык нерселер менен гана канааттандырууга умтулуу — чоң жаңылыштык. Жакында эле Азия өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоодон көрүнүп тургандай, миллионерлердин көбү «атак-даңкка жеткени менен, өздөрүн коопсуз сезбейт жана тынчсызданууларынан арылбайт» (Насаатчы 5:10).

6. Ыйса баюуну каалагандарга кандай кеңеш берген?

6 Ыйса байлыктын азгырма экенин айткан (Марк 4:19). Байлык адамды кандайча азгырышы мүмкүн? Көптөр байлык бактылуу кылат деп ойлойт, бирок бул, чынында, андай эмес. Акылдуу Сулайман падыша: «Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт»,— деген (Насаатчы 5:9). Байлыкка умтулуп, ошол эле учурда Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылуу мүмкүнбү? Жок. «Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар»,— деп түшүндүргөн Ыйса. Ал өзүнүн жолдоочуларын байлыкты жерге эмес, асманга топтоого үндөгөн. Асманга кенч топтоо деген эмнелерге муктаж экенибизди билген Кудайдын алдында жакшы ысымга ээ болууну билдирет (Матай 6:8, 19—25).

7. Биз «түбөлүк өмүргө» кантип бекем кармана алабыз?

7 Элчи Пабыл кызматташы Тиметейге жазган катында байлыкка байланыштуу мындай олуттуу кеңеш берген: «Байларга мындай деп насаат айт: алар... өздөрүнүн ишенүүгө болбой турган байлыгына таянышпасын, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянышсын. Алар... берешен болуп, башкалар менен бөлүшө билишсин. Ошондо алар түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнаган болушат» (1 Тиметейге 6:17—19).

Бактылуу жашоо

8. а) Көптөр эмне үчүн байлыкка, атак-даңкка умтулушат? б) Байлыкка умтулгандар эмнени эске албай калат?

8 Көптөр «бактылуу жашоо» дегенди укканда адамдын байлыкка тунуп, ырахатка батып жатканын элестетет. Азияда чыккан бир журналда: «Телевизорду же фильмдерди көргөндөр көрсөтүлгөн нерселерге ээ болууну каалап, кыялга батышат»,— деп белгиленет. Ошон үчүн көптөр жашоонун маңызын байлыктан, атак-даңктан издешет. Алар атүгүл жаштыгына, денсоолугуна, үйбүлөсүнө жана рухийлигине да көңүл бурбай калышат. Андай адамдар маалымат каражаттары аркылуу жарнамаланган «майкөл-сүткөл жашоо» миллиондогондорду бийлеп алган «дүйнөнүн рухунун» чагылдырылышы экенин түшүнбөйт. Бул аларды Кудайдын эркине каршы иш кылууга түртөт (1 Корунттуктарга 2:12; Эфестиктерге 2:2). Андыктан бактысыз адамдардын көп экени таң калыштуу эмес (Накыл сөздөр 18:11; 23:4, 5).

9. Адамдар эмнени ишке ашыра албайт, эмне үчүн?

9 Ачарчылыкты, ооруну, адилетсиздикти жоюуга аракеттенип, башкалардын кызыкчылыгын ойлогондор жөнүндө эмне айтууга болот? Алардын эмгеги көп учурда жакшы натыйжа берет. Бирок алар канчалык аракет кылбасын, эч качан бул дүйнөнү өзгөртүп, адилеттикти, адилдикти орното албайт. Эмне үчүн? Анткени бүт дүйнө Шайтандын «бийлиги астында» жана ал анын өзгөрүшүн каалабайт (1 Жакан 5:19).

10. Кудайга ишенимдүүлүгүн сактагандар качан толук мааниде бактылуу болушат?

10 Бул дүйнөдөгү жашоого эле үмүттөнгөнүбүз кандай гана өкүнүчтүү болор эле! «Эгерде Ыйсага ушул жашоодо гана үмүттөнүп жатсак, анда биз эң бактысыз адамдарбыз»,— деп жазган Пабыл. Чынында, жашоо ушу менен эле бүтөт деп ойлогондор «ичип-жейли, баары бир өлөбүз» деген ой менен жашашат (1 Корунттуктарга 15:19, 32). Биз эң сонун келечекти — «[Кудайдын] убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жерди» — күтүп жатабыз (2 Петир 3:13). Ошол убакта Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жеткилеңдикке жетип, асмандагы же жердеги бактылуу жашоого — «түбөлүк өмүргө» — ырахаттанышат (1 Тиметейге 6:12).

11. Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдыруу эмне үчүн маанилүү?

11 Адамдардын көйгөйүн Кудайдын Падышалыгы гана толугу менен жоёт. Андыктан Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдыруу үчүн бүт күчүбүздү жумшоо — эң маанилүү иш (Жакан 4:34). Биз ал ишке толук кандуу катышканда, асмандагы Атабыз менен болгон ынак мамиледен ырахат алабыз. Ошондой эле Кудайдын эркин аткарууга умтулган миллиондогон биртуугандарыбыз менен кызматташып, кубанычка батабыз.

Курмандыктарга барууга даяр болуу

12. Азыркы дүйнөдөгү жашоо менен «түбөлүк өмүрдү» салыштыргыла.

12 Ыйык Китепте айтылгандай, «бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот». Шайтандын дүйнөсү, анын ичинде атак-даңкы, байлыгы толугу менен жок кылынат, «ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жакан 2:15—17). Ооба, бул дүйнөнүн ишенүүгө болбогон байлыгынан, өтүп кете турган атак-даңкы менен көңүл ачуусунан айырмаланып, Кудайдын Падышалыгы астында боло турган «түбөлүк өмүр» туруктуу, өтүп кетпейт жана ал үчүн кандайдыр бир курмандыктарга баргандар өкүттө калышпайт.

13. Бир жубайлар кандай курмандыктарга барган?

13 Мисалга Генри менен Сюзанды алалы. Алар Падышалыктын кызыкчылыктарын жашоосунда биринчи орунга койгондордун баарына Кудай кам көрөрүнө бекем ишенишкен (Матай 6:33). Ошондуктан жубайлар эки кызы менен рухий иштерге көбүрөөк убакыт бөлүүнү чечишкен. Ан үчүн аларга чакан үйдө жашоого, бирине эле иштөөгө туура келген (Эврейлерге 13:15, 16). Алардын мындай чечимин бир досу түшүнө албай, таза ниет менен: «Сюзан, эгер кийин жакшы үйдө жашоону кааласаң, көп курмандыктарга барууга туура келип калат да»,— деген. Бирок Генри менен Сюзан Жахабага берилгендикти сактап жашашса, «азыркы жана келечектеги жашоого» бекем негиз кура аларын түшүнүшкөн (1 Тиметейге 4:8; Титке 2:12). Кийинчерээк кыздары чоңоюп, толук убакыттагы ынталуу кызматчылардан болушкан. Ооба, алар, чынында, эч нерсе жоготушкан жок, тескерисинче, «түбөлүк өмүргө» жетүүнү максат кылганы үчүн көп баталарга ээ болушкан (Филипиликтерге 3:8; 1 Тиметейге 6:6—8).

«Бул дүйнөнү» толук пайдаланбагыла

14. Негизги максатыбызга умтулбай калуунун кесепети кандай болот?

14 Биз негизги максатыбызга умтулбай, «түбөлүк өмүргө» бекем карманбай калсак, өзүбүздү чоң коркунучка дуушар кылабыз. Себеби «түйшүккө батып, байлыкка азгырылып, жашоонун ыракатына берилип кетишибиз» мүмкүн (Лука 8:14). Материалдык нерселерге кандай жол менен болбосун ээ болууга умтулуу жана «турмуштук түйшүктөр» бул дүйнөгө баш отубуз менен кирип кетүүгө алып келиши ыктымал (Лука 21:34). Тилекке каршы, айрымдар байлыкка азгырылып, «ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышкан». Алар жадагалса Жахаба менен болгон достугунан да кечишкен. Ооба, түбөлүк өмүрдөн кол жууп калуу кандай гана өкүнүчтүү! (1 Тиметейге 6:9, 10, 12; Накыл сөздөр 28:20).

15. Бир үйбүлө «бул дүйнөнү» толук пайдаланбаганы үчүн кандай бата алган?

15 Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын «бул дүйнөнү» толук пайдаланбоого чакырган (1 Корунттуктарга 7:31). Кит менен Бонни деген биртуугандар ушул кеңешке ылайык иш кылууну чечишкен. «Тиш доктурдун окуусун аяктап калганымда Жахабанын Күбөсү болдум,— дейт Кит.— Ошол убакта мага чечим чыгарууга туура келди. Мен көп бейтап кабыл алып, көбүрөөк акча таба алмакмын, бирок анда үйбүлөмдүн рухийлиги алсырамак. Ошондуктан жумушка азыраак убакыт бөлүп, калган убактымдын баарын үйбүлөмдүн рухий, эмоциялык муктаждыгын канааттандырууга жумшоону чечтим. Ашыкча каражатыбыз болбосо да, турмушка зарыл нерселерден кем болгон жокпуз, акчаны туура бөлүштүрүүгө да үйрөндүк. Жубайым, беш кызым болуп бири-бирибизге абдан ынак элек, үйүбүздө ынтымак, кубаныч өкүм сүрчү. Кийинчерээк баарыбыз тең толук убакыттуу кызматты баштадык. Кыздарым турмушка чыккан. Үчөөнүн балдары бар. Кыздарымдын үйбүлөсү да бактылуу, анткени алар Жахабанын ишин жашоосунда биринчи орунга коюшат».

Кудайдын ой-ниетине ылайык жашагыла

16, 17. Ыйык Китепте жөндөмдүү кишилердин кандай үлгүсү бар жана алар эмнеси менен көбүрөөк эсте калган?

16 Ыйык Китепте Кудайдын ой-ниетине ылайык жашагандардын да, ага каршы иш кылгандардын да мисалы жазылган. Ал мисалдар жаш курагына, маданиятына, жагдай-шартына карабай бардык адамдарга пайдалуу (Римдиктерге 15:4; 1 Корунттуктарга 10:6, 11). Мисалы, Нимрот чоң шаарларды куруп, Жахабанын эркине каршы чыккан (Башталыш 10:8, 9). Бирок жакшы үлгү калтырган адамдар да аз эмес. Алсак, Муса Мисирдеги ээлеген жогорку абалын сактап калууга умтулбай, Кудайдан алган тапшырмасын жогору баалап, аны «Мисирдин байлыгынан артык байлык эсептеген» (Эврейлерге 11:26). Ал эми доктур Лука, сыягы, Пабылга жана башкаларга денсоолугун чыңдоого жардам берген. Бирок ал жакшы кабарды таратып, Ыйык Китепти жазууга катышуу менен андан да көп кишиге жакшылык кылган. Пабыл болсо Мыйзамды жакшы билген адам катары эмес, жакшы кабарды тараткан «бутпарастардын элчиси» катары таанымал болгон (Римдиктерге 11:13).

17 Ошондой эле Дөөт аскер башчы, музыкант же акын эмес, Кудайдын «жүрөгүнө жаккан киши» катары белгилүү (1 Шемуел 13:14). Даниелди Бабылдын мамлекеттик кызматкери катары эмес, Жахабанын ишенимдүү кызматчысы деп билебиз. Эстерди Персиянын ханышасы эле эмес, эржүрөктүктүн, ишенимдүүлүктүн үлгүсү катары, ал эми Петирди, Андрейди, Жакыпты, Жаканды балыкчы эмес, Ыйсанын элчилери катары тааныйбыз. Андан сырткары, Ыйса бизге «жыгач уста» эмес, «Машайак» катары мыкты үлгү калтырган (Марк 6:3; Матай 16:16). Шык-жөндөмгө, байлыкка, көрүнүктүү абалга ээ болсо да, алардын жашоосу өз даңкын чыгарууга эмес, Кудайга кызмат кылууга багытталган. Ооба, алар чынында эле маанилүү, татыктуу максатка — Кудайдын алдында жакшы атка ээ болууга — умтулушкан.

18. Бир жаш Күбө жашоосун кандай өткөрүүнү чечкен жана ал эмнеге ынанган?

18 Макаланын башында айтылып өткөн Сең Жин да ушундай жыйынтыкка келген. «Күч-кубатымдын баарын медицинага, сүрөт искусствосуна жана сабак берүүгө жумшагандан көрө, Кудайга арналганыма ылайык жашоо өткөрүүнү чечтим,— дейт ал.— Азыр муктаждык бар жерде кызмат кылып, адамдарга өмүр жолуна түшүүгө жардам берип жатам. Мен мурун толук убакытта кызмат кылсам, жөндөмдүүлүктөрүмдү толук пайдалана албай калам го деп ойлочумун. Азыр болсо жашоом мурдагыдан да кызыктуу: башка маданияттагы адамдарды чындыкка окутууга, кулк-мүнөзүмдү жакшыртууга умтулам. Жашоонун эң мыкты жолу Жахабанын ой-ниетине ылайык жашоо экенине ынандым».

19. Жашоонун маңызын табыш үчүн эмне зарыл?

19 Биз, Ыйсанын жолдоочулары, өмүр берүүчү билимге жана куткарылуу үмүтүнө ээбиз (Жакан 17:3). Ошондуктан, келгиле, «Кудайдын ырайымын кабыл алганыбыз» пайдасыз болуп калышына жол бербейли (2 Корунттуктарга 6:1). Андан көрө, өмүрүбүздү Жахабаны даңктоого арнайлы. Ошондой эле азыр чыныгы бакыт тартуулап, келечекте түбөлүк өмүргө алып бара турган билимди башкалар менен бөлүшө берели. Ошондо Ыйсанын: «Алганга караганда берген жакшы»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенине ынанабыз (Элчилер 20:35). Андан сырткары, жашоонун чыныгы маңызын табабыз.

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Кандай негизги максатка умтулсак болот?

• Байлыктын артынан түшүү эмне үчүн акылсыздык?

• Кудай убадалаган бактылуу жашоо деген эмне?

• Жашообузду канткенде Кудайдын ой-ниетине ылайык өткөрө алабыз?

[Изилдөө суроолору]