Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Накум, Хабакук жана Сепания китептериндеги урунттуу ойлор

Накум, Хабакук жана Сепания китептериндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Накум, Хабакук жана Сепания китептериндеги урунттуу ойлор

АШУР дүйнөлүк державасы он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын борбор шаары Самарияны бүлгүнгө учураткан эле. Ал узак убакыт бою Жүйүт падышалыгына да коркунуч туудуруп келген. Жүйүт пайгамбары Накум Ашурдун борбору Нинеби жөнүндө суук кабар айтат. Ыйык Жазманын б.з.ч. 632-жылга дейре жазылган Накум китебинде ошол кабар камтылат.

Андан кийинки дүйнөлүк держава Бабыл болот. Болжолу, Хабакуктун б.з.ч. 628-жылы жазылып бүткөн китебинде Жахаба ал державаны өзүнүн сот өкүмүн ишке ашырууда кандайча колдонору жана Бабылга акыры кандай каран түн түшөрү алдын ала айтылат.

Жүйүт пайгамбары Сепания Накум менен Хабакукка чейин пайгамбарлык кылган. Ал б.з.ч. 607-жылы Иерусалимдин кыйратылышына чейин 40 жылдан ашуун пайгамбарлык кылып, Жүйүттүн талкаланарын жана кайра калыбына келтирилерин кабарлаган. Сепаниянын китебинде башка элдерге да каршы айтылган пайгамбарлыктар жазылат.

«КАНКОР ШААРГА КАЙГЫ!»

(Накум 1:1—3:19)

«Чыдамдуу, кудурети менен улуу» Жахаба Кудай «Нинеби тууралуу пайгамбарчылык» айттырат. Жахаба ага таянгандарга «кайгы күнү... баш паана» болгон Кудай болсо да, Нинеби талкаланууга тийиш эле (Накум 1:1, 3, 7).

«Теңир Жакыптын даңкын... калыбына келтирет». Ашур «башкаларды тыткылап өлтүргөн» арстанга окшоп, Кудайдын элинин жүрөгүнүн үшүн алууда. Жахаба: «Сенин [Нинебинин] майдан арабаларыңды түтөтүп өрттөйм, сенин арстан күчүктөрүңдү кылыч жалмайт»,— дейт (Накум 2:2, 12, 13). «Канкор шаарга [Нинебиге] кайгы!» Ал «тууралуу кабар уккандардын бардыгы кол чаап» шаттанышат (Накум 3:1, 19).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Накум 1:9 — Кудайдын Нинебини «кырып, жок кылары» Жүйүт үчүн эмнени билдирген? Бул Жүйүттүн ашурлуктардан биротоло кутуларын билдирген, анткени «алаамат экинчи жолу кайталанмак» эмес. Андыктан Накум: «Мына, тынчтыкты кабарлаган жакшы кабарчынын буттары тоолордун үстүндө. Өз майрамдарыңды майрамдай бер, Жүйүт»,— деп Нинеби кыйратыла электе эле, эчак кыйратылгандай айта алган (Накум 1:15).

Накум 2:6 — «Дарыялардын» кайсы «дарбазалары» ачылган? Дарбазалар деп Нинеби шаарынын дубалдарынын Тигр дарыясынын суулары менен желип отуруп, урап калган жерлери айтылган. Б.з.ч. 632-жылы бабылдыктар менен мадайлыктардын аскерлери биригип, Нинебини курчоого алышканда, нинебиликтер өтө тынчсызданышкан эмес. Анткени алар шаардын бийик дубалдарын жан өтө алгыс деп ишенип, өздөрүн коопсуз сезишкен. Бирок катуу жаан-чачын Тигр дарыясынын ташкындашына алып келген. Диодор аттуу тарыхчынын айтымында, суу «шаардын бир бөлүгүн каптап, дубалдардын бир тобун ураткан». Ошентип, «дарыянын дарбазалары ачылып» калган жана пайгамбарлыкка ылайык, кургак саман заматта өрттөнүп жок болгондой, Нинеби бат эле кыйратылган (Накум 1:8—10).

Накум 3:4 — Кандай мааниде Нинеби бузулган аялга окшош эле? Нинеби көптөгөн элдерге достукту жана колдоо көрсөтүүнү убадалап, алардын ишенимине кирген, бирок, чынында, аларды кысымга алган. Маселен, Сирия менен Ысрайыл Жүйүткө каршы көтөрүлгөндө, Ашур кандайдыр бир деңгээлде Жүйүт падышасы Ахазга көмөк көрсөткөн. Бирок кийин «Ашур падышасы... ага жардам бермек түгүл, ага көп түйшүк алып келген» (2 Жылнаама 28:20).

Биз алчу сабактар:

Накум 1:2—6. Жахабанын душмандарынан — ага толук берилгендик көрсөтүүдөн баш тарткандардан — өч алышы анын өз кызматчыларынан толук берилгендикти талап кыларын айгинелөөдө (Чыгуу 20:5).

Накум 1:10. Жахабанын Нинебиге каршы айткан сөзү аткарылганда, ал шаардын жүздөгөн мунаралуу зор дубалдары коргой алган эмес. Ошо сыяктуу, азыркы учурда Жахабанын элине каршы чыккандар Кудайдын сот өкүмүнөн качып кутула алышпайт (Накыл сөздөр 2:22; Даниел 2:44).

«АДИЛ АДАМ... ТИРҮҮ БОЛОТ»

(Хабакук 1:1—3:19)

Хабакуктун китебинин биринчи эки бөлүмүндө пайгамбардын Жахаба Кудай менен сүйлөшкөнү жазылган. Жүйүт жеринде болуп жаткан окуяларга жаны кейиген Хабакук Кудайга: «Эмне үчүн Сен мага кыянат иштерди, кыйынчылыктарды көрсөтүп жатасың?» — деп кайрылат. Ага жооп кайтарып, Жахаба: «Мен каздимдерди, жерди узун-туурасынан аралап жүргөн ырайымсыз жана жүгөндөлбөгөн элди... көтөрөм»,— дейт. Кудайдын Жүйүттү жазалаш үчүн «кыянат иш кылгандарды» колдонору пайгамбарды таң калтырат (Хабакук 1:3, 6, 13). Хабакук адил адамдын тирүү болоруна жана мыйзамсыз сөзсүз жаза аларына ынандырылат. Андан тышкары, ал каздимдерге каршы жасала турган беш кайгы жөнүндө жазат (Хабакук 2:4).

Хабакук ырайымдуулук жөнүндө тиленип жатып, Жахабанын байыркы убактарда Кызыл деңизде, чөлдө жана Жериходо көрсөткөн кудуреттүү күчүн ыр түрүндө айтат. Ошондой эле Жахабанын Армагедондо кыйратуу үчүн каары менен келерин пайгамбарлык кылат. Анын тиленүүсү: «Кудай-Теңир менин күчүм, Ал менин буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени өзүмдүн бийик жерлериме чыгарат!» — деген сөздөр менен аяктайт (Хабакук 3:1, 19).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Хабакук 1:5, 6 — Эмне себептен жүйүттөр каздимдердин Иерусалимге каршы көтөрүлөрүнө ишене беришкен эмес? Хабакук пайгамбарлык кыла баштаган маалда Жүйүт Мисирдин үстөмдүгү астында эле (2 Падышалар 23:29, 30, 34). Ошол кезде кубаттуу аскер күчтөрүнө ээ болсо да, Бабыл Мисир падышасын — Нехону — жеңе элек болчу (Жеремия 46:2). Анын үстүнө, Иерусалимде Жахабанын ийбадатканасы бар эле жана Дөттүн тукумунан чыккан падышалар ошол шаардан башкарып турган. Ошондон улам жүйүттөргө Кудай каздимдерге Иерусалимди талкалоого жол бербечүдөй сезилген. Кандай болбосун, бабылдыктар тарабынан Иерусалимдин талкаланышы жөнүндөгү аян б.з.ч. 607-жылы аткарылган (Хабакук 2:3).

Хабакук 2:5 — Бул жердеги «адам» ким жана ал эмне үчүн «өзүнүн максатына жетпейт» («ЖД»)? Ал «адам» — эржүрөк аскерин колдонуп, элдерди багындырган бабылдыктар. Ал жеңиштин «даамына», шарапка мас болгондой, мас болгон. Бирок ал бардык элдерди өзүнө каратып ала алмак эмес. Себеби Жахаба мадайлыктар менен персиялыктарды колдонуп, аны кыйратмак. Азыркы учурдагы «адам» саясый күчтөрдү билдирет. Ал да өзүнө өзү ишенгендикти, текебердикти чагылдырып, өзүнүн карамагына көптөрдү «чогултуп» алууну көздөйт. Бирок анын «бардык элдерди чогултам» деген ою ишке ашпайт. Адамзат Кудайдын Падышалыгы аркылуу гана биримдикке жетет (Матай 6:9, 10).

Биз алчу сабактар:

Хабакук 1:1—4; 1:12—2:1. Хабакуктун чын дилден берген суроолоруна Жахаба жооп берген. Чыныгы Кудай ишенимдүү кызматчыларынын тиленүүлөрүн угат.

Хабакук 2:1. Хабакукка окшоп, биз дагы рухий жактан сергек бойдон калууга жана кызматка жигердүү катышууга тийишпиз. Кандай гана насаат же эскертүү айтылбасын, ошого жараша ой жүгүртүүбүздү өзгөртүүгө даяр болушубуз керек.

Хабакук 2:3; 3:16. Жахабанын күнүнүн келишин ишеним менен күтүп жатканда убакыттын тардыгын эсибизден чыгарбайлы.

Хабакук 2:4. Жахабанын келе жаткан сот күнүндө аман калыш үчүн чыдамкайлык көрсөтүп, ишенимдүүлүгүбүздөн жазбайлы (Эврейлерге 10:36—38).

Хабакук 2:6, 7, 9, 12, 15, 19. Ачкөздүк менен бирөөнүн эмгегин жеген, зордук-зомбулукту жакшы көргөн, бузукулукка берилген же бурканга сыйынган адамдын башына сөзсүз кайгы келет. Биз андай жүрүм-турумдан жана иштерден алыс болушубуз керек.

Хабакук 2:11. Дүйнөдөгү жамандыкты биз ашкерелебесек, анда «таштар боздоп ыйлашат». Андыктан Падышалык жөнүндөгү кабарды тайманбастык менен айта берүү маанилүү.

Хабакук 3:6. Жахабанын сот өкүмүн ишке ашырууга эч нерсе, атүгүл, «тоолордой» кебелбес, «адырлардай» туруктуу көрүнгөн адамдар түзгөн уюмдар да тоскоолдук кыла албайт.

Хабакук 3:13. Жахаба Армагедондо баарын ылгабай эле жок кыла бербээрине ишене алабыз. Ал өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын куткарат.

Хабакук 3:17—19. Армагедон учурунда же ага чейин кыйынчылыктарга дуушар болсок да, кызматыбызды кубанычтуу аткара берсек, Жахаба бизге «күч» берери шексиз.

«ТЕҢИРДИН КҮНҮ ЖАКЫН»

(Сепания 1:1—3:20)

Жүйүт жеринде Баалга сыйынуу кеңири жайылып кеткен. Ошондуктан Жахаба өзүнүн пайгамбары Сепания аркылуу: «Мен Өз колумду Жүйүткө жана Иерусалимдин бардык тургундарына каршы сунам»,— дейт. Сепания: «Теңирдин күнү жакын»,— деп эскертет (Сепания 1:4, 7, 14). Ошол күнү Жахабанын талаптарына жооп бергендер гана «аман калат» (Сепания 2:3).

«Ырайымсыз шаарга [Иерусалимге] кайгы!» «Мен кыйратуу үчүн ордуман турган күнгө чейин, Мени күткүлө,— дейт Теңир,— Анткени Мен элдерди чогултуш үчүн... аларга Өзүмдүн каарымды... төгүш үчүн өкүм чыгардым». Ошол эле учурда ал: «Мен силердин туткундарыңарды көз алдыңарда кайрып келип, силерди жер үстүндөгү бардык элдердин арасында атактуу, даңктуу кылам»,— деп убада кылат (Сепания 3:1, 8, 20).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Сепания 3:9 — «Таза тил» («ЖД») деген эмне жана ал тилде кантип сүйлөөгө болот? Ал — Кудайдын Сөзүндөгү, Ыйык Китептеги, чындык. Ал «тилге» бардык ыйык китептик окуулар кирет. Биз чындыкка ишенүү, башкаларга аны туура окутуу жана Кудайдын эркине ылайык жашоо менен ошол «тилде» сүйлөй алабыз.

Биз алчу сабактар:

Сепания 1:8. Сепаниянын күндөрүндө жашаган айрым адамдар «бөтөн уруулардын кийимин кийишип», айланасындагы элдерге жагынууну каалашкан көрүнөт. Бүгүнкү күндө да ушундай жол менен дүйнөгө ылайыкташуу Жахабанын кызматчылары үчүн кандай акылсыздык болмок.

Сепания 1:12; 3:5, 16. Жахаба өз элине чыгарган өкүмүн билдирүү үчүн, пайгамбарларын жиберип турган. Ал аларды көптөгөн жүйүттөрдүн көнгөн жашоосун өзгөрткүсү келбегенине, айтылган кабарга кошкөңүл мамиле кылганына карабастан жөнөтө берген. Жахабанын улуу күнү жакындап калгандыктан, адамдардын кошкөңүл мамилесине карабай, Падышалык жөнүндөгү кабарды жигердүүлүк менен айта беришибиз керек.

Сепания 2:3. Өзүнүн каарын төккөн күнү бизди Жахаба гана куткара алат. Жахабанын жактыруусунан айрылбоо үчүн, анын Сөзү Ыйык Китепти кылдат изилдөө, тиленүү аркылуу андан жетекчилик суроо жана ага жакындоо керек. Ошондо «Теңирди издеген» болобуз. Ал эми «адилеттикти издөө» үчүн адеп-ахлактык жактан таза жашоо өткөрүү талап. Ошондой эле момун жана тил алчаак болуу менен «момундукту издөө» зарыл.

Сепания 2:4—15; 3:1—5. Байыркы Иерусалим жана анын айланасындагы элдер кандай жок кылынса, Кудайдын элин кысымга алып келген христиан дүйнөсү жана бардык элдер, Жахаба сот өкүмүн ишке ашырганда, ошондой жок кылынат (Аян 16:14, 16; 18:4—8). Биз Кудайдын сот өкүмдөрүн тайманбастык менен жарыялай беришибиз керек.

Сепания 3:8, 9. Жахабанын күнүн күтүп жатып, биз өзүбүздү «таза тилде» («ЖД») сүйлөөгө үйрөнүү, «Теңирдин ысымын чакыруу» жана ага арналуу менен куткарылууга даярдайбыз. Ошондой эле Жахабага анын эли менен чогуу «бир кишидей» кызмат кылып, ага «мактоо курмандыгын» алып келебиз (Эврейлерге 13:15).

«Абдан шашып келе жатат»

Забурчу: «Бир аз убакыт өткөндөн кийин кудайсыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың»,— деген (Забур 36:10). Накум китебинде жазылган Нинеби жана Хабакук китебинде баяндалган Бабыл менен чыныгы сыйынуудан четтеген Жүйүт жөнүндө алдын ала айтылгандар тууралуу ой жүгүрткөндө, забурчунун жогорудагы сөздөрү чын чыгарына эч шектенбейбиз. Бирок ал убак качан келет?

Сепания 1:14тө: «Теңирдин улуу күнү жакын, абдан жакын, абдан шашып келе жатат»,— делет. Андан тышкары, Сепания китебинде ошол күнү кантип аман калсак болору жана куткарылууга даяр туруу үчүн азыр эмне кылышыбыз керектиги айтылат. Чынында эле, «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

[8-беттеги сүрөт]

Накумдун пайгамбарлыгы аткарылганда, Нинебини зор дубалдары коргой алган эмес

[Булак]

Randy Olson/National Geographic Image Collection