Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көптөгөн адамдардын тиленүүсү

Көптөгөн адамдардын тиленүүсү

Көптөгөн адамдардын тиленүүсү

ЖҮЗ миллиондогон, атүгүл миллиарддаган кишилер окшош эле нерсе жөнүндө тиленишет. Алар Жараткандан өзгөчө өтүнүчтү орундатышын суранышат. Бирок алардын көпчүлүгү өздөрү сурап жаткан нерсенин эмне экенин жакшы билишпейт. Алар чын эле күн сайын тиленишеби? Ооба. Анда алар эмне тууралуу тиленип жатышат? Кудайдын Падышалыгынын келиши жөнүндө.

Бир изилдөөгө ылайык, Ыйса Машайакты Жолбашчысы катары эсептеген, анын жолдоочулары деп аталган 3 7000дей дин бар. Ал эми ал динди туткандардын саны эки миллиарддан ашат. Алардын көпчүлүгү «Асмандагы Атабыз» же «Теңирдин тиленүүсү» деп аталган тиленүүнү кайталашат. Силер ошол тиленүүнү билесиңерби? Ыйса шакирттерине үйрөткөн ал тиленүү мындай деп башталат: «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун. Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын» (Матай 6:9, 10).

Кудайга ишенген кишилер ушул сөздөрдү чиркөөлөрдө жүздөгөн жылдардан бери чын жүрөктөн кайталап келишет. Ошондой эле алар үйбүлөсү менен да, өзүнчө да, жакшылык-жаманчылыкта да ошол сөздөрдү айтып тиленишет. Алар ал сөздөрдү чын жүрөктөн, атүгүл жалынып да айтышат. Башкалар болсо ал сөздөрдү жаттап алышат жана аларга дээрлик маани деле беришпейт. Бирок Кудайдын Падышалыгынын келишине үмүттөнүп, ал тууралуу өздөрүн Машайактын жолдоочуларыбыз деп аталгандар эле тиленишпейт.

Башка динди туткандардын тиленүүсү

Жүйүттөрдүн дининде өлгөндөргө айтылган, Каддиш деп белгилүү болгон тиленүү бар. Ал тиленүүдө өлүмгө же аза күтүүгө байланыштуу түзмө-түз эч нерсе жок болсо да, ал, адатта, киши өлгөндө айтылат. Анда мындай делет: «Ал [Кудай] сенин жашооңдо өзүнүн Падышалыгын батыраак орнотсун...» *. Синагогада айтылган башка бир байыркы тиленүүдө Дөөттүн тукумунан келе турган Машайактын Падышалыгына болгон үмүт тууралуу айтылат.

Ыйсанын жолдоочулары деп эсептелгендерден сырткары, башка динди туткандар да Кудайдын Падышалыгынын келишин каалашат. «Таймс оф Индиа» гезитине индустардын, мусулмандардын жана христиандардын ишенимдеринин ортосундагы окшоштуктарды изилдеген Индиянын 19-кылымдагы белгилүү диний жетекчисинин: «Батыш менен чыгыш бирикмейин Кудайдын чыныгы падышалыгы орнобойт»,— деген сөздөрү чыккан. Дагы бир гезитте Стратфилддеги (Австралия) ислам коллежинин директорунун сөздөрү жазылган. Ал мындай деп айткан: «Мен, бардык мусулмандардай эле, Ыйсанын келерине жана анын Кудайдын чыныгы Падышалыгын орноторуна ишенем».

Миллиарддаган кишилер Кудайдын Падышалыгына үмүттөнүп, ал тууралуу тиленери шексиз. Бирок дагы бир кызыктуу нерсени карап көрөлү.

Силер биз, Жахабанын Күбөлөрү, ушул журналды басып чыгарарыбызды жана силер жашаган аймакта үйдөн үйгө кыдырып, адамдар менен Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшөрүбүздү билет чыгарсыңар. Учурда биз бул ишти дүйнө жүзү боюнча 236 өлкөдө, 400дөн ашуун тилде жүргүзүп жатабыз. Ал эми айткан кабарыбыздын негизги темасы — Кудайдын Падышалыгы. Бул журнал «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» деп аталарына көңүл бурсаңар. Биз адамдардан көпчүлүк учурда алардын ошол Падышалык тууралуу тиленер-тиленбээрин сураганыбызда, көптөр «ооба» деп жооп беришет. Бирок Падышалык деген эмне экенин сураганыбызда, көптөр «билбейм» деп айтышат же так жооп бере алышпайт.

Эмне үчүн көптөр өздөрү билбеген нерсе тууралуу тиленишет? Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү түшүнүк татаал болгондуктанбы? Жок. Ыйык Китепте Падышалык жөнүндө ачык-айкын жана так айтылат. Андагы Падышалык тууралуу кабар азыркы караңгы дүйнөдө чыныгы үмүт берет. Кийинки макаладан ал үмүт Ыйык Китепте кандай түшүндүрүлөрүн карайбыз. Андан сырткары, Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүндөгү Падышалыктын келиши жөнүндөгү өтүнүч качан орундаларын билебиз.

[Шилтеме]

^ 6-абз. Каддиш деп аталган тиленүүдө, Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүндөгүдөй эле, Кудайдын ысмынын ыйыкталышы жөнүндө айтылат. Ал тиленүү Машайакка чейин же кийин пайда болгонуна байланыштуу суроо туулса да, алардын окшоштуктарына таң калбашыбыз керек. Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсү жүйүттөр үчүн жаңы эмес болчу. Анткени ал тиленүүдөгү ар бир өтүнүч толугу менен жүйүттөрдүн бардыгы окуй алган Жазмага негизделген. Ыйса жүйүт жолдоочуларын өзү келгенге чейин тиленүүгө чакырган.