Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын айткандары аткарылган

Жахабанын айткандары аткарылган

Жахабанын айткандары аткарылган

«МЕН Кудаймын. Менден башка Кудай жок. Мага окшош эч ким жок. Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам» (Ышайа 46:9, 10). Бул сөздөрдү келечекти алдын ала так айта алган Жахаба Кудай айткан.

Адамдын келечекти алдын ала так айта албаары баарыбызга белгилүү. Ыйык Китепте көптөгөн пайгамбарлыктар камтылгандыктан, чындыкты издеген адамдардын бардыгы анын жаратманы Кудай экенин билиши керек. Келгиле, аткарылган пайгамбарлыктардын айрымдарын карап көрөлү.

Байыркы элдер

Кудай Бабылдын (Вавилон), Эдомдун, Мааптын жана Амондун биротоло кыйратыларын алдын ала айткан (Жеремия 48:42; 49:17, 18; 51:24—26; Обадия 8, 18; Сепания 2:8, 9). Ал элдердин жок болушу пайгамбарлыктарды камтыган Кудай Сөзүнүн тактыгын далилдеп турат.

Кимдир бирөө кайсы бир элдин, мейли, ал эл күчтүүбү, жокпу, жер бетинен жок болуп кетишин ким да болсо алдын ала айтып коё алат деши мүмкүн. Бирок андай ырастоо абдан маанилүү бир нерсени, Ыйык Китеп майда-баратына чейин алдын ала айта ала турганын, четке каккандыкка жатмак. Маселен, Ыйык Китепте Бабылдын кандайча жок болору тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Анда шаар мадайлыктар тарабынан басылып алынары, баскынчы аскерлерди Кореш (Кир) баштап барары жана анын дарыяларынын соолуп калары алдын ала айтылган (Ышайа 13:17—19; 44:27—45:1).

Ыйык Китепте басылып алынган элдердин баары эле тукум курут болот деп айтылган эмес. Мисалы, Кудай Иерусалимдин бабылдыктар тарабынан кыйратыларын жана бабылдыктар кулдарын боштондукка чыгарбаары менен белгилүү болсо да, Иерусалимдин кайра калыбына келтирилерин да алдын ала айткан (Жеремия 24:4—7; 29:10; 30:18, 19). Бул пайгамбарлык аткарылган жана эврей эли азыркы күндө да бар.

Ошондой эле Жахаба Кудай улуу империя Мисирдин (Египет) кыйратыларын, бирок «ал ошондон кийин мурунку күндөрдөй элдүү болуп», убакыттын өтүшү менен «күчсүз падышачылык болорун» айткан (Жеремия 46:25, 26; Жезекиел 29:14, 15). Бул да аткарылган. Андан сырткары, Жахаба улуу империялардын бири Грециянын да кыйратыларын билдирген, бирок анын жер бетинен жок болорун айткан эмес. Жахабанын айрым элдердин биротоло жок болорун, ал эми башкаларынын жөн эле кыйратыларын алдын ала айтканынан эмнени биле алабыз? Булар Ыйык Китепте, чынында эле, пайгамбарлыктар жазылганын көрсөтүп турат.

Таң калыштуу далилдер

Жогоруда сөз кылынгандай, Жахаба Бабылдын талкаланарына байланыштуу майда-чүйдөсүнө чейин камтылган маалыматтарды айткан. Ушу сыяктуу эле, Тирдин да талкаланарын алдын ала билдирген. Жезекиел китебинде анын таштарын, дарактарын жана топурагын «сууга ыргытышары» жазылган (Жезекиел 26:4, 5, 12). Бул пайгамбарлык б.з.ч. 332-жылы Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) Тирдин аралда жайгашкан бөлүгүнө өтүү үчүн өзүнүн аскерлери менен материктеги талкаланган шаардын урандыларынан көпүрө куруп, акыры, Тирдин ал бөлүгүн да басып алганда аткарылган.

Даниил китебинин 8-бөлүмүнүн 5—8, 21, 22 жана 11-бөлүмүнүн 3, 4-аяттарында улуу «Греция падышасына» байланыштуу пайгамбарлыктар айтылган. Ал падыша кара күчкө толуп турганда өлгөн; анын падышалыгы төрт майда падышалыкка бөлүнгөн да, анын тукумунан эч ким падыша болгон эмес. Бул пайгамбарлык айтылгандан 200 жылдан ашуун убакыт өткөн кезде Искендер Зулкарнайн күчтүү падыша катары белгилүү болчу. Бирок анын дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын, акыры, анын империясын өзүнүн тукумунан чыкпаган төрт аскер башчысы бөлүп алганын тарых тастыктап турат.

Сынчылар бул пайгамбарлык ал окуядан кийин жазылган деп ырасташат. Бирок жогоруда Даниел китебинен цитата кылынган маалыматка дагы бир жолу көңүл бурсаңар. Аларга пайгамбарлык көзкараш менен карасак, ага байланыштуу айтылган пайгамбарлыктар таң калтырат. Ал эми тарыхый көзкараш менен карай турган болсок, ачык-айкын фактылар жетишпей жаткандай сезилбейби? Маселен, ал пайгамбарлыктарды жазган киши элге таасир калтыруу үчүн ошол окуяларды Искендер өлгөндөн кийин гана жазып койгон болсо, анда эмне үчүн Искендер өлгөндөн көп өтпөй эле анын эки баласынын падыша болууга аракет кылып, бирок чыккынчылар тарабынан өлтүрүлгөнүн жана ал окуянын Искендердин төрт аскер башчысы анын падышалыгын бөлүп алганга чейин эле көп жылдар мурун болгонун айткан эмес? Эмне үчүн ал улуу падышанын жана анын төрт аскер башчысынын аттарын атаган эмес?

Ыйык китептик пайгамбарлык окуя болуп өткөндөн кийин жазылган деген ырастоо көптөн бери эле бар. Бирок келечектеги окуяларды алдын ала айтуу мүмкүн эмес дегендер фактыларды изилдебей туруп эле негизсиз ырасташат. Андай кишилер Ыйык Китепти Кудай Сөзү катары кабыл алгысы келбегендиктен, бардык нерселерди адамдык көзкараш менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Ошентсе да Кудай Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды өзү айттырганын көрсөтүү үчүн аларды акылмандык менен майда-чүйдөсүнө чейин жаздырып койгон *.

Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлыктар жана алардын аткарылганы тууралуу ой жүгүртүү үчүн убакыт бөлсөңөр, ишенимиңер бекемделет. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды изилдеп чыгууга эмне үчүн болбосун? Буга байланыштуу «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 200-бетиндеги таблица пайдалуу болот *. Ушул кеңешке ылайык иш кылып, ишенимиңерди бекемдөөгө максат койгула. Пайгамбарлыктарды үстүртөн эле окуп коюуга шашылбагыла, Жахаба алдын ала айткан пайгамбарлыктар чынында эле так аткарылган, аткарылбаганын билүү үчүн алардын үстүнөн терең ой жүгүрткүлө.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар окуя болгондон кийин жазылбаганына байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Камкор Жараткан барбы?» деген китептин 106—111-беттерин карагыла.

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[24-беттеги кутуча]

Жашоого пайдалуу принциптер

Бул жерде ой жүгүртө турган дагы башка нерселер көрсөтүлгөн. Кудай дүйнөлүк державалардын пайда болушу жана кулашы тууралуу алдын ала айткандан тышкары, жашоого пайдалуу принциптерди да берген. Алардын айрымдары булар:

Эмнени сепсең, ошону оросуң (Галатиялыктарга 6:7).

Алганга караганда берген көбүрөөк бакыт алып келет (Элчилер 20:35).

Бакыт Кудай жөнүндө билим алуунун зарылдыгын түшүнүүдөн көзкаранды (Матай 5:3).

Ушул принциптерди жашоодо колдонсоңор, алар бакыт жана ийгилик алып келерине шектенбесеңер болот.

[22-беттеги сүрөт]

Кудай бул элдердин биротоло жок болорун алдын ала айткан... (ГРЕЦИЯ МИСИР) ...бирок булардын эмес

ЭДОМ

БАБЫЛ

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est. WHO photo by Edouard Boubat

[23-беттеги сүрөт]

Искендер Зулкарнайн