Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн

Ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн

Алардын ишеним жолун жолдогула

Ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн

ИЛИЯС Кармел тоосунун бооруна кыбырап чыгып бара жаткан көп элди карап турду. Жаңы эле таң агарып келатса да, алардын ачкадан абдан кыйналганы даана байкалып жатты. Эл үч жарым жылдан бери кургакчылыктан азап чегип келаткан.

Алардын арасында Жахаба Кудайдын пайгамбары Илиясты жек көргөн Баалдын 450 текебер пайгамбары да бар. Изебел ханыша Жахабанын көптөгөн кызматчыларын куугунтуктаган, ошого карабай Илияс Баалга сыйынууга каршы турган. Бирок ал канчага чейин ошенте алмак? Баалдын пайгамбарлары жалгыз киши көпчүлүккө туруштук бере албайт деп ойлосо керек (1 Падышалар 18:3, 19, 20). Ал жерге араба айдатып, Ахап падыша да келет. Ал да Илиясты жек көрөт.

Ошол жалгыз пайгамбарды өмүрүндө болуп көрбөгөн окуя күтүп турган. Илияс өзү күткөндөй, ал күн жаман менен жакшынын ортосундагы карама-каршылык көрсөтүлгөн таасирдүү окуяга айланган. Андай окуя ага чейин эч качан болгон эмес. Илияс коркуу сезими бар «бизге окшогон эле адам болгондуктан» ошондо өзүн кандай сезди болду экен? (Жакып 5:17). Ишенимден баш тарткан эл менен падышанын жана ырайымсыз диний жетекчилердин арасында ал өзүн жалгыз сезгени шексиз (1 Падышалар 18:22).

Ысрайылдыктар кандайча ушундай абалга туш болушкан? Бул билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз? Ыйык Китеп Кудайдын ишенимдүү кызматчыларын карап, алардын «ишеним жолун жолдоого» чакырат (Эврейлерге 13:7). Келгиле, Илиястын үлгүсүн карап көрөлү.

Ишенимден чегинүүнүн жеткен чеги

Илияс өзүнүн жеринде чыныгы сыйынуу көптөн бери четке кагылып, тепсендиде калганын көрсө да, эч нерсе кыла алган эмес. Ысрайыл эли чыныгы же жалган сыйынууну, башкача айтканда, Жахабага же аларды курчап турган элдердин буркандарына сыйынууну тандай албай, ара жолдо чайналып келишкен. Илиястын күндөрүндө ал жагдай ого бетер курчуган.

Ахап падыша Сидон падышасынын кызы Изебелге үйлөнөт. Изебел Ысрайыл жеринде Баалга сыйынууну жайылтып, Жахабага сыйынууну түп-тамыры менен жок кылууга аракет кылган. Ахап көп өтпөй эле аялынын тилине кирип кетет. Ал Баалга ийбадаткана жана курмандык чалынуучу жай куруп, бутпарас кудайга сыйынууну жетектеген. Ахап Жахабаны абдан капа кылган (1 Падышалар 16:30—33) *.

Баалга сыйынуу эмнеси менен жийиркеничтүү эле? Ал ысрайыл элин чыныгы Кудайдан алыстатып, алар үчүн азгырык болгон. Ошондой эле ал сыйынуу адеп-ахлаксыздык жана ырайымсыз иштер менен коштолгон. Андан сырткары, Баалга сыйынуу ийбадатканада денесин саткан аялдардын да, эркектердин да бузукучулугу, атүгүл балдарды курмандыкка чалуу менен айырмаланган. Жахаба Ахапка кургакчылык болорун жана Илияс пайгамбар ал кургакчылык бүттү деп жарыяламайынча созуларын айттыруу үчүн Илиясты жиберет (1 Падышалар 17:1). Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин Илияс Ахапка жолугуп, элди жана Баалдын пайгамбарларын Кармел тоосуна чогултууну айтат.

Бул окуялар биз үчүн эмнени билдирет? Азыр Баалдын ийбадатканалары жана курмандык чалынуучу жайлары жок болгондуктан, балким, айрымдар Баалга сыйынууга байланыштуу ал билдирүүнүн бизге тиешеси жок деши мүмкүн. Бирок ал жөн гана тарыхта болгон окуя эмес (Римдиктерге 15:4). «Баал» деген сөз «мырза» же «кожоюн» дегенди билдирет. Жахаба элине Өзүн «баал», башкача айтканда, күйөөсү же мырзасы катары тандашы керектигин айткан (Ышайа 54:5). Силер адамдардын Кудуреттүү Кудайдан башка ар кандай кожоюндарга азыр деле кызмат кылышарына кошуласыңарбы? Чынында эле, адамдар жашоосун эмнеге арнабасын, акча табуугабы, мансапкабы, көңүл ачуугабы, адеп-ахлаксыз каалоолоргобу же Жахабадан башка кудай деп эсептелген нерселергеби, аларды кожоюн кылып алышкан (Матай 6:24; Римдиктерге 6:16). Ооба, Баалга сыйынууга мүнөздүү нерселер азыркы күндө да кеңири таралган. Жахаба менен Баалдын ортосундагы күрөш тууралуу билдирүү кимге кызмат кылышыбыз керектигине байланыштуу акылдуу чечим чыгарууга жардам берет.

«Аксоо» — кандайча?

Шамал аркырап турган Кармел тоосунан Ысрайыл жери Кишон дарыясынын өрөөнүнөн Улуу деңизге (Жер ортолук деңиз) чейин, ошондой эле түндүктөгү Лебанон тоолоруна чейин көрүнүп турган *. Күн көтөрүлгөндө, ошол күнү ал жердин абдан кейиштүү абалда экени айкын көрүнгөн. Жахаба Ыбрайымдын урпактарына берген бир учурдагы түшүмдүү жер ошондо какырап турган. Эми ал жер күнгө күйүп, Кудайдын элинин акылсыздыгынын айынан чөлгө окшоп калган. Эл чогулганда, Илияс аларга: «Качанкыга чейин эки бутуңардан аксайсыңар? Эгер Теңирди Кудай десеңер, анда Аны ээрчигиле. Эгерде Баалды Кудай десеңер, анда аны ээрчигиле»,— деп айтат (1 Падышалар 18:21).

Илияс: «Эки бутуңардан аксайсыңар»,— деген сөз менен эмне айткысы келген? Ысрайыл эли же Жахабага, же Баалга сыйынууну тандашы керек экенин түшүнгөн эмес. Алар жийиркеничтүү каада-салттары менен Баалга жагынып, ошол эле учурда Жахаба Кудайдын ырайымынан айрылбайбыз деп ойлошкон. Ысрайылдыктар Баал алардын түшүмүнө жана малына батасын берет, ал эми «Себайот Теңир» аларды согуштарда коргойт деп ойлошсо керек (1 Шемуел 17:45). Бирок алар азыр да көптөгөн адамдар түшүнбөгөн маанилүү чындыкты — Жахаба кызматчыларынан толук берилгендикти талап кыларын — эстен чыгарып коюшкан. Жахаба толук берилгендикти талап кылат жана ошого татыктуу. Ал Өзүнө, ошол эле учурда башка кудайларга да сыйынгандардын сыйынуусун кабыл албайт, бул атүгүл ага жийиркеничтүү! (Чыгуу 20:5).

Ошентип, ысрайыл эли бир эле учурда эки жол менен жүрүүгө аракет кылышкандыктан «аксашкан». Азыр да адамдар Кудайга сыйынууну четке кагып, өздөрүнүн жашоосунда «баалдардын» орун алышына жол берип, ысрайылдыктардын катасын кайталап жатышат. Илиястын элге: «Качанкыга чейин... аксайсыңар?» — деп айткан сөздөрү жашообузда эмнелер биринчи орунда турарын жана кимге сыйынып жатканыбызды текшерүүгө жардам берет.

Сыноо

Илияс сыноо өткөрүүнү сунуштайт. Ал жөнөкөй эле болгон. Баалдын пайгамбарлары курмандык чалынуучу жай жасап, анан анын үстүнө курмандыгын коюп, өздөрүнүн кудайынан курмандыкты өрттөшүн суранышат. Илияс да ошентмек. Ал: «Кудайлардын кимиси от аркылуу жооп берсе, ошол — Кудай»,— деген. Илияс чыныгы Кудай ким экенин жакшы билген. Анын ишеними абдан бекем болгондуктан, ал Баалдын пайгамбарларына биринчи баштоону сунуштоодон корккон эмес. Ал Баалдын пайгамбарларына курмандыкка чалууга букачар тандоого жана кудайынын атын биринчи чакырууга мүмкүндүк берген (1 Падышалар 18:24, 25) *.

Албетте, бүгүнкү күндө мурункудай керемет болбойт. Бирок Жахаба өзгөргөн жок. Биз да, Илияска окшоп, ага ишенсек болот. Маселен, ыйык китептик окууларды туура көрбөгөндөргө оюн айтууга мүмкүндүк берүүдөн коркпошубуз керек. Андай учурларда Илиястай болуп, жагдайды чыныгы Кудай жетектешине жол берсек болот. Эгерде өзүбүзгө эмес, «оңдоо үчүн» жазылган Кудай Сөзүнө таянсак, ошенткен болобуз (2 Тиметейге 3:16).

Баалдын пайгамбарлары курмандыгын курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюп, кудайын чакыра башташат. Алар кайра-кайра: «Баал, бизди ук!» — деп бир нече саат бою тынбай кыйкырышат. Ыйык Китепте: «Бирок үн да, жооп да болгон жок»,— делет. Түшкө маал Илияс аларга Баал бир иш менен алек болуп жаткандыр, балким, жолдо келе жатат же уктап жатат деп, аларды шылдыңдайт. Илияс ал алдамчыларга: «Катуу кыйкыргыла»,— дейт. Ооба, Илияс Баалга сыйынууну жалган деп эсептеген жана Кудайдын эли да анын жалган экенин көрүшүн каалаган (1 Падышалар 18:26, 27).

Илиястын айтканынан улам Баалдын пайгамбарлары «катуу кыйкырып», «өздөрүнүн адаты боюнча бычак менен, найза менен өздөрүн кан аккыча сайгылашат». Бирок алардын иш-аракетинен эч майнап чыкпайт. «Үн да, сөз да, жооп да болгон» эмес (1 Падышалар 18:28, 29). Чынында, Баал ойдон чыгарылган кудай болчу. Ал Шайтандын элди Жахабадан баш тарттыруу үчүн колдонгон куралы эле. Ошол убактагыдай эле, азыр да Жахаба Кудайды эмес, башка «кожоюндарды» тандоо көңүл кайттыкка алып келет, атүгүл уятка калтырат (Забур 24:3; 113:12—16).

Сыноонун натыйжасы

Акыры, түш ооп калганда Илиястын кезеги келет. Ал Жахабанын чыныгы сыйынуунун душмандары тарабынан талкаланган курмандык чалынуучу жайын оңдойт. Анан он эки таш алат. Ал муну менен Ысрайылдын он уруусу он эки уруунун бардыгына берилген Мыйзамды аткарууга дагы деле милдеттүү экенин көрсөткүсү келсе керек. Илияс букачарды курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюп, болжолу, Жер ортолук деңизден алынып келинген сууну ага да, курмандык чалынуучу жайга да жаба куят. Ал курмандык чалынуучу жайдын тегерегине аң казып, аны да суу менен толтуртат. Ал Баалдын пайгамбарларына бардык шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген, ал эми Жахабага анткен эмес. Анын Жахабага болгон ишеними бекем болгон (1 Падышалар 18:30—35).

Бардыгын даярдагандан кийин Илияс Кудайга тиленет. Илиястын тиленүүсү ал үчүн баарынан эмне маанилүү экенин айкын көрсөткөн. Биринчиден, ал «Ысрайылдагы жалгыз Кудай» Баал эмес, Жахаба экенин билдирүүнү абдан каалаган. Экинчиден, баары аны Жахабанын кызматчысы экенин жана бардык атак-даңкка Кудай гана татыктуу экенин билишин каалаган. Андан сырткары, ал дагы эле өзүнүн эли үчүн тынчсызданарын көрсөткөн, анткени Жахаба «алардын жүрөгүн» Өзүнө буруусун абдан самаган (1 Падышалар 18:36, 37). Бардык кыйынчылыктар элдин ишенбестигинен улам болуп жатса да, Илияс аларды сүйгөн. Биз да тиленүүлөрүбүздө Кудайдын ысмы үчүн тынчсызданарыбызды билдирип, жардамга муктаж кишилерге момундук жана боорукердик көрсөтө алабызбы?

Эл Илияс тиленгенге чейин Жахаба да, Баалга окшоп, жалган болуп чыгабы деп ойлосо керек. Бирок Илиястын тиленүүсүнөн кийин ойлонууга убакыт болгон эмес. Ыйык Китепте: «Ошондо Теңирдин оту түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, отунду да, таштарды да, топуракты да, аңдагы сууну да жалмап кетти»,— деп айтылат (1 Падышалар 18:38). Бул кандай гана айкын жооп болгон! Ал элге кандай таасир эткен?

Ошондо бардыгы: «Жахаба Кудай экен, Жахаба Кудай экен!» — деп кыйкырышат (1 Падышалар 18:39, «ҮН»). Акыр-аягы, алар чындык ким тарапта экенин түшүнүшөт. Бирок ал чыныгы ишеним беле? Илиястын тиленүүсүнөн кийин асмандан от түшкөнүн көргөндө Жахабаны чыныгы Кудай деп айтуу чыныгы ишеним эмес болчу. Ошондуктан Илияс аларга ишенимди башка жол менен көрсөтүүнү айтат. Ал элге алар көптөгөн жылдар мурун эле кылышы керек болгон нерсени — Жахабанын Мыйзамына баш ийүү керектигин — айтат. Ал эми Кудайдын Мыйзамында жалган пайгамбарларды жана бурканга табынгандарды өлүмгө кыюу керектиги жазылган (Мыйзам 13:5—9). Баалдын пайгамбарлары Жахаба Кудайдын ой-ниеттерине билип туруп каршы чыгышкан. Алар ырайымга татыктуу беле? Өзүлөрү Баалга курмандык катары чалынган күнөөсүз балдарга кандай ырайым көрсөтүштү эле? (Накыл сөздөр 21:13; Жеремия 19:5). Ооба, алар ырайымга татыктуу эмес болчу. Ошондуктан Илияс аларды өлтүрүүгө буйрук берип, аларды өлтүрткөн (1 Падышалар 18:40).

Айрым сынчылар Кармел тоосунда болгон ошол окуяга байланыштуу терс ойдо экенин билдиришкен. Кээ бирөөлөр ошол окуяны жөн гана диний фанаттардын башка диндин өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүшү деши мүмкүн. Тилекке каршы, азыр да диний фанаттар бар. Бирок Илияс фанат болгон эмес. Ал Жахабанын адилет өкүмүн ишке ашырган. Бирок бүгүнкү күндө Ыйсанын чыныгы жолдоочулары, Илияска окшоп, ыймансыздарга каршы курал көтөрүшпөйт. Машайак жерге келгенден кийин анын жолдоочуларынын бардыгы анын Петирге: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт»,— деген сөздөрүнө ылайык жашашат (Матай 26:52). Жахаба келечекте адилеттүүлүктү Уулу аркылуу орнотот.

Машайактын чыныгы жолдоочуларынын милдети — ишенимге ылайык жашоо (Жакан 3:16). Ишеним көрсөтүүнүн бир жолу — Илияска окшогон кишилердин ишеним жолун жолдоо. Ал Жахабага толук берилгендик көрсөтүп, башкаларды да ошого чакырган. Илияс Шайтан элди Жахабадан баш тарттыруу үчүн колдонгон жалган динди тайманбастык менен айыптаган. Ал өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө эмес, Жахабага таянган. Ооба, ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн. Келгиле, баарыбыз анын ишеним жолун жолдойлу!

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Башында Илияс менен Ахаптын ортосунда кандай мамиле болгону тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, 1992-жылдын 1-апрелиндеги «Күзөт мунарасынан» (ор.) «Сенин ишенимиң да Илиястыкындайбы?» деген макаланы карагыла.

^ 13-абз. Кармел тоосу өсүмдүктөргө бай жер болгон. Деңизден нымдуу аба агымдары келип тургандыктан, ал жерге шүүдүрүм көп түшчү жана абарайы жаанчыл келчү. Баал жаан-чачын берет деп эсептелгендиктен, ал жер Баалга сыйынууда маанилүү жер болсо керек. Эми какырап калган Кармел тоосу Баалга сыйынуунун жалган экенин көрсөтүүгө да ылайыктуу жер болгон.

^ 17-абз. Илияс аларга: «Бирок от койбогула»,— деген. Айрым окумуштуулардын айтымында, бутпарастар от табияттан тыш күйүп жаткандай көрүнүшү үчүн кээде түбүндө жашыруун казылган чуңкуру бар курмандык чалынуучу жайларды колдонушкан.

[20-беттеги кыстырма]

Жахаба Кудайды эмес, башка «кожоюндарды» тандоо көңүл кайттыкка алып келет

[21-беттеги сүрөт]

«Жахаба Кудай экен!»