Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштык менен коштолгон азап-кайгыдан кутулдум

Жаштык менен коштолгон азап-кайгыдан кутулдум

Жаштык менен коштолгон азап-кайгыдан кутулдум

Айтып берген Эусебио Морсилло

1993-жылы сентябрда катаал тартиптеги түрмөгө бардым. Анткени түрмөдө жаткан карындашым Мэриви чөмүлтүлмөк. Түрмөдө иштегендер менен ал жакта жаткандардын айрымдары карындашымды чөмүлтүп жатканымды карап турушту. Мунун кандайча болгонун башынан баштап айтып берейин.

МЕН 1954-жылы 5-майда Испанияда төрөлгөм. Сегиз баланын ичинен улуусумун. Карындашым Мэриви — үчүнчүсү. Таенебиз бизди Кудайга берилген католик кылып тарбиялагандыктан, анын колунда жүргөн балалык күндөрүм Кудайга берилгендик менен байланыштуу болгон. Бирок ата-энемдикинде таптакыр башкача болчу, алар Кудайга ишенчү эмес. Атам апамды да, бизди да дайыма сабагандыктан, ар дайым коркунучта жашачубуз. Апамдын кыйналганын көрүп, жанымды коёрго жер таппай кыйналчумун.

Мектепте болсо башка кыйынчылыктарга туш болдум. Бир мугалимибиз, диний жетекчи, суроого туура эмес жооп берсек, башыбызды дубалга сүздүрчү. Ал эми башка бир диний жетекчи балдар менен чогуу үй тапшырмаларды карап жатканда аларды жыныстык жактан бузууга аракет кылчу. Андан сырткары, тозок сыяктуу католик окуулары мени иренжитип, жүрөгүмдүн үшүн алчу. Ошентип, Кудайга болгон ишенимим сууй баштады.

Маңызсыз жашоо

Кудайга жаккан жашоо өткөрүүгө байланыштуу эч кандай көрсөтмө жок болгондуктан, бара-бара бийге барып, адеп-ахлаксыздыкты, зордук-зомбулукту жакшы көргөн балдар менен көп убакыт өткөрө баштадым. Ал жактан көп учурда мушташ чыгып, андайда бычак, чынжыр, стакан менен отургучтар колдонулчу. Мушташтарга көп катышпасам да, бир жолу бирөө башка бир коюп, эс-учумду жоготуп койгом.

Акыры, андай чөйрөдөн да чарчап, бийге мурункудан тынчыраак жерлерге барып калдым. Бирок ал жакта деле баңгизат колдонуу боло жүргөн нерсе эле. Баңгизат колдонуудан канааттануу жана бейкуттук сезмек турсун, тескерисинче, көзүмө ар нерселер көрүнүп, тынчым кетчү болду.

Андай жашоодон өзүм эч кандай канааттануу албасам да, инилеримдин бири Хосе Луис менен жакын досум Мигелди да ошол жолго түшүүгө азгырдым. Испаниядагы ошол учурдагы көптөгөн жаштар сыңары, биз да бул бузулган дүйнөнүн чеңгелинде болчубуз. Баңгизатка акча табуу үчүн баарына даяр болуп калгам. Ошентип, уят-сыйыттан да кеттим.

Жахаба жардамга келди

Ошол учурда досторум менен Кудай жана жашоонун маңызы тууралуу бир нече ирет сүйлөшкөнүбүз эсимде. Бара-бара Кудайды издей баштадым. Өзүм менен чогуу иштешкен Франсисконун башкалардан айырмаланып турарын байкачумун. Ал мага бактылуу, чынчыл, аккөңүл кишидей сезилгендиктен, ага ичимдегилердин баарын айтууну чечтим. Франсиско Жахабанын Күбөсү болгондуктан мага баңгизат жөнүндө жазылган «Күзөт мунарасы» журналын берди.

Журналды окуп бүткөндөн кийин Кудайга жардам беришин суранып: «Кудай, сенин бар экениңе ишенем, сени таанып-билип, эркиңди аткаргым келет. Суранам, мага жардам берчи!» — деп тилендим. Франсиско, аны менен бирге башка Күбөлөр да Ыйык Китептин жардамы менен мени бекемдеп, ага негизделген адабияттарды беришти. Кудай өтүнүчүмө жооп кылып ошолор аркылуу жардам берип жатканын түшүндүм. Көп өтпөй билгендеримди досторума жана Хосе Луиске айта баштадым.

Бир күнү рок-концерттен чыгып келатып, досторумдан бөлүнүп калып калдым. Аларды байкап көрсөм, баңгизаттын айынан жүрүм-турумубуз абдан бузулуптур. Ошондо жашоомду өзгөртүп, Жахабанын Күбөсү болууну чечтим.

Анан Франсискодон Ыйык Китеп сурадым, ал мага «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» * деген китепти да кошо берди. Кудайдын адамдардын бардык көз жашын аарчый турганын жана атүгүл өлүмдү жок кыларын убадалаганы жөнүндө билгенде бүткүл адамзатты боштондукка чыгара турган чындыкты тапканымды түшүндүм (Жакан 8:32; Аян 21:4). Кийинчерээк, Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына бардым. Алардын жылуу мамилеси мени аябай таасирлентти.

Падышалык залдан уккандарымды башкаларга айтууну абдан каалагандыктан Хосе Луис менен досторумду чогултуп алып, көргөн-билгендеримдин баарын айтып бердим. Бир нече күндөн кийин баарыбыз жыйналыш жолугушуусуна бардык. Алдыңкы катарда бир кыз отурган. Ал бизди, узун чачтуу хиппилерди, бир карады да, аябай коркуп кеткендиктен андан кийин караган жок. Кийинки жумада жолугушууга кайрадан барганыбызда, бизди көрүп, ал аябай эле таң калса керек, анткени костюм кийип, галстук тагынып барганбыз.

Андан көп өтпөй эле Мигел экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнүн райондук жыйынына да бардык. Ал жерден ар кандай курактагы кишилердин ортосундагы чыныгы биртуугандык мамилени байкадык. Ага чейин андайды эч качан көргөн эмеспиз. Кызыктуусу, жыйын биз мурун рок-концертке барып жүргөн театрда өткөрүлдү. Бирок ал концерттен айырмаланып, жыйындагы маанай менен музыка абдан жагымдуу жана бекемдээрлик болду.

Ошондон кийин баарыбыз Ыйык Китепти изилдей баштадык. Болжолу, сегиз айдан кийин, 1974-жылдын 26-июлунда, Мигел экөөбүз чөмүлтүлдүк. Экөөбүз тең 20да болчубуз. Бир нече айдан кийин досторубуздун төртөө чөмүлтүлүштү. Ыйык Китептен алган билимим бир топ убактан бери көп нерселерге чыдап келаткан апама үйдөгү жумуштарына каралашканга, ошондой эле Кудай жөнүндө билгендерим тууралуу айтууга түрткү берди. Ошентип, апам экөөбүз абдан жакын болуп калдык. Андан сырткары, инилерим менен карындаштарыма жардам берүү үчүн аларга көбүрөөк убакыт бөлө баштадым.

Убакыттын өтүшү менен бир инимден башкасынын баары, апам да, биртуугандарым да Ыйык Китепти изилдеп, кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү катары чөмүлтүлүштү. 1977-жылы Соледадга үйлөндүм. Падышалык залына биринчи жолу барганыбызда бизди таң калып караган кыз ошол болчу. Бир нече айдан кийин экөөбүз тең толук убакытта кызмат (пионердик кызмат) кыла баштадык.

Биртууганым куткарылды

Карындашым Мэриви бала чагында зордуктоого дуушар болгондуктан, бул ага кийин да залакасын тийгизди. Ал өспүрүм кезинде эле баңгизат колдонуп, уурулук кылып, денесин сатып адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн. Анан 23 жашында түрмөгө түшүп калат да, андан ары да бузуку жашоо өткөрүүнү уланта берген.

Ошол учурда мен райондук көзөмөлчү, тактап айтканда, Жахабанын Күбөлөрүнүн кыдыруучу кызматчысы болчумун. 1989-жылы жубайым Соледад экөөбүз Мэриви жаткан түрмө жайгашкан аймакта кызмат кылууга дайындалдык. Ошо маалда өкмөт Мэривинин баласын алып койгонуна аз эле убакыт болгон. Андыктан ал абдан көңүлү чөгүп, жашагысы келбей жүргөн. Бир күнү ага барып, Ыйык Китепти чогуу изилдөөнү сунуш кылсам, ал макул болду. Изилдегенине бир ай болгондо Мэриви баңгизат менен тамекини таштады. Жахабанын ага жашоосунда ушундай өзгөрүүлөрдү жасаганга жардам бергенин көрүп, төбөм көккө жете кубандым (Эврейлерге 4:12).

Ыйык Китепти изилдей баштаганынан көп өтпөй эле Мэриви окуп-билгендери тууралуу түрмөдө отургандарга жана ошол жакта иштегендерге айта баштады. Ал бир түрмөдөн башка түрмөгө которулганда да кабар айтууну токтоткон эмес. Ал эми түрмөлөрдүн биринде атүгүл камерадан камерага кыдырып кабар айтчу. Бир нече жыл өткөндөн кийин ал ар кайсы түрмөдөгү аялдар менен ыйык китептик изилдөө өткөргөн.

Бир күнү Мэриви өмүрүн Жахаба Кудайга арнап, чөмүлдүрүлүүнү каалаарын айтты. Бирок ага түрмөдөн сыртка чыгууга да, аны чөмүлтүү үчүн түрмөгө киришибизге да уруксат бербей коюшту. Мэриви төрт жыл бою бузукулукка толгон ошол түрмөдө жатты. Ишенимин сактоого ага эмне жардам берди? Ошол аймактагы жыйналыш жолугушуулары өткөрүлүп жаткан убакта Мэриви да өзүнүн камерасында ошол эле программа боюнча адабияттарды окучу. Ал Ыйык Китепти изилдөөнү да, тиленүүнү да үзгүлтүккө учураткан жок.

Кийинчерээк ал бассейни бар түрмөгө которулду. Ошондо анын чөмүлтүлүшүнө жакшы шарт түзүлдү. Акыры, анын чөмүлтүлүшүнө уруксат беришти. Мен болсо түрмөгө барып, чөмүлтүлө тургандарга арналган баяндама окуй турган болдум. Ошентип, карындашымдын жашоосундагы эң маанилүү күнү анын жанында болдум.

Мурунку өткөргөн жашоосунун айынан Мэриви ЖИКС (СПИД) менен ооруп калды. 1994-жылдын март айында жакшы жүрүм-туруму үчүн аны түрмөдөн эртерээк бошотушту. Түрмөдөн чыккандан кийин Мэриви апам менен чогуу жашап, көз жумганга чейин эки жыл Кудайга ынталуу кызмат кылды.

Терс ойлорумду жеңдим

Мен дагы мурунку жашоомдун азабын тарттым. Атамдын көрсөткөн кордугу, ошондой эле өспүрүм кезимдеги жаман жүрүм-турумум таасир этпей койгон жок. Чоңойгондо көп учурда өзүмдү күнөөлүү сезип, өзүмдү сыйлабай калгам. Кээде көңүлүм аябай чөкчү. Бирок андай сезимдер менен күрөшүүгө Ыйык Китеп абдан жардам берди. Кудай Сөзүндөгү Ышайа 1:18 жана Забур 102:8—13 сыяктуу аяттар жөнүндө ой жүгүртүү өзүмдү күнөөлүү сезе баштаганда жеңилбегенге бир нече жылдан бери күч берип келет.

Андай терс ойлорго алдырбаганга дагы бир рухий курал — тиленүү — жардам берет. Жахабага көз жашымды төгүп тиленген учурларым аябай көп болчу. Андайда мени 1 Жакан 3:19, 20дагы: «Чындыктан экенибизди ушундан билип алабыз, бизди жүрөгүбүз айыптаса да, жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз. Анткени Кудай жүрөгүбүздөн чоң, Ал баарын билет»,— деген сөздөр бекемдечү.

Кудайга «өкүнүп, моюн сунуп» кайрылгандыктан мурун ойлогондой анча деле жаман киши эмес экенимди түшүнөм. Ыйык Китеп Жахабаны издегендердин баарын мурун кылгандарына чын жүрөктөн өкүнүп, анын эркин аткарган кишини эч качан четке какпаарына ынандырат (Забур 50:19).

Терс ойлор келе баштаганда, Филипиликтерге 4:8де жазылган рухий нерселер жөнүндө ой жүгүртүүгө аракет кылам. 22-забурда жана Ыйсанын Тоодогу насаатында айтылгандарды жаттап алгам. Көңүлүм чөккөндө ошол аяттарды кайра-кайра кайталайм. Уйкусуз түндөрдө ошондой ойлорду жолотпоого мага өзгөчө ушул жардам берет.

Андан сырткары, жубайымдын жана ишенимдештеримдин мактоо сөздөрү да бир топ кубаттайт. Алгач андай сөздөрдү кабыл алуу мен үчүн кыйын болсо да, кийинчерээк Ыйык Китеп мага сүйүү «баарына ишенет» дегенди түшүнүүгө жардам берди (1 Корунттуктарга 13:7). Ошондой эле убакыттын өтүшү менен өзүмдүн алсыздыгымды моюнга алууга да үйрөндүм.

Бир чети терс ойлор менен күрөшкөнүм башкаларды жакшы түшүнгөн кыдыруучу көзөмөлчү болууга жардам берди. Жубайым да, мен да жакшы кабар таратууда толук убакыттагы кызматчылар катары 30 жылдай убакыт өткөрдүк. Башкаларга кызмат кылуудан алган кубанычым мага терс ойлор менен күрөшүүгө жана жашоомдогу өткөн-кеткен жаман окуяларды көп эстей бербөөгө абдан жардам берет.

Азыр өткөндү эстеп, Жахабанын берген баталары тууралуу ой жүгүрткөндө: «Теңирди даңкта... Ал сенин бардык мыйзамсыз иштериңди кечирет, сенин бүт ооруларыңды айыктырат. Сенин өмүрүңдү көрдөн куткарат, ырайымы жана мээрими менен чулгайт»,— деп айткан забурчунукундай сезимде болом (Забур 102:1—4).

[Шилтеме]

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

[27-беттеги сүрөт]

Иним Хосе Луис менен досум Мигел менден жаман да, жакшы да үлгү алды

[28-беттеги сүрөт]

Морсиллолордун үйбүлөсү 1973-жыл

[29-беттеги сүрөт]

Мэриви түрмөдө отурганда

[30-беттеги сүрөт]

Жубайым Соледад менен