Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндөбү?

Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндөбү?

Окурмандардын суроолору

Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндөбү?

Бүгүн көптөгөн адамдар ушундай деп ишенишет. Маселен, бир энциклопедияда: «Кудайдын Падышалыгы деген Кудайдын жүрөгүбүздү башкарышын билдирет»,— деп айтылат («The Catholic Encyclopedia»). Диний жетекчилер, негизинен, ушуга окутушат. Ыйык Китеп чынында эле Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндө деп окутабы?

Айрымдар Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндө деп Ыйса өзү айткан дешет. Ал мындай деген: «Кудайдын падышалыгы силердин араңарда» (Лука 17:21, «ЖД»). Кээ бир котормочулар аны «Кудайдын падышалыгы силердин ичиңерде» деп которушкан, атүгүл жүрөгүңөрдө деген сыяктуу ойду да беришкен. Алар Ыйсанын айткандарын так которушканбы? Ыйса чынында эле Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндө дегиси келгенби?

Биринчиден, адамдын жүрөгү эмнени билдирерин карап көрөлү. Ыйык Китепте каймана маанидеги жүрөк адамдын ички дүйнөсүнө, ойлоруна, маанайына жана сезимдерине карата колдонулат. Кудайдын Падышалыгынын адамдын жүрөгүндө болгону адамды өзгөртүп, жакшыртат деген ой кулакка жакшы угулушу мүмкүн, бирок ушундай деп айтууга негиз барбы?

Ыйык Китепте: «Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган»,— делет (Жеремия 17:9). Ыйса да: «Ичтен, адамдын жүрөгүнөн: жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү, уурдоо... дүнүйөкордук, көрө албастык... чыгат»,— деген (Марк 7:20—22). Ойлонуп көрсөң, бүгүнкү күндөгү биз көрүп жаткан азап-кайгыга, кылмышкерликке жана өлүм-житимге адамдардын бузулган жүрөгү себепкер болуп жаткан жокпу? Анан Кудайдын Падышалыгы кандайча адамдын жүрөгүндө болушу мүмкүн? Тикенекте жүзүмдүн мөмөсү болбогондой эле, адамдын жүрөгүндө да Кудайдын Падышалыгы болушу мүмкүн эмес (Матай 7:16).

Экинчиден, Ыйса Лука 17:21деги сөздөрдү кимдерге айтканына көңүл бурсаң. Ага чейинки аяттардан: «Фарисейлер Кудайдын Падышачылыгы качан келе тургандыгын сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди»,— дегенди окуйбуз (Лука 17:20). Фарисейлер Ыйсанын душмандары болчу. Ыйса ал экижүздүү фарисейлердин Кудайдын Падышалыгына кирбей турганын айткан (Матай 23:13). Фарисейлер Кудайдын Падышалыгына кирбесе, Падышалык алардын жүрөгүндө болушу мүмкүн беле? Жок. Анда Ыйса эмнени айткысы келген?

Ыйсанын ал сөздөрүн которууда Ыйык Китепти кылдат которгон котормочулардын көбү «Жаңы дүйнө котормосундагыга» окшош сөздөрдү колдонушкан. Маселен, айрымдар Падышалык «силердин араңарда» деп которушкан. Кудайдын Падышалыгы ошол учурдагы адамдардын, анын ичинде фарисейлердин да арасында кандайча болушу мүмкүн эле? Жахаба Кудай Ыйсаны Өзүнүн Падышалыгынын Падышасы кылып майлаган. Ыйса — Падышалыктын дайындалган падышасы — алардын арасында жүргөн. Ал элге Кудайдын Падышалыгы тууралуу айтып, ал Падышалыктын келечекте эмнелерди ишке ашырарын көрсөтүү үчүн атүгүл кереметтерди да жасаган. Андыктан Падышалык алардын арасында болчу.

Ооба, Кудайдын Падышалыгы адамдардын жүрөгүндө деп айтууга ыйык китептик негиз жок. Пайгамбарлар алдын ала айткандай, ал — жердин үстүндө зор өзгөртүүлөрдү жасай турган чыныгы өкмөт (Ышайа 9:6, 7; Даниел 2:44).