Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Камкор Койчу

Камкор Койчу

Кудайга жакында

Камкор Койчу

Матай 18:12—14

«КУДАЙ мен үчүн кам көрөбү?» Бул суроонун жообу көптөрдү кызыктырат. Көбүбүз кыйынчылыктарга кабылып, кыйналганда учу-кыйырына көз жетпеген ааламдын Жаратканы бизге көңүл бурабы деп ойлошубуз мүмкүн. Биз Жахаба Кудай жеке ар бирибизге кам көрөбү же жокпу, билгибиз келет. Жахабаны эң жакшы билген Ыйса жерде жүргөндө ушу суроонун жообу камтылган жүрөктү козгогон мисал айтып берген.

Койчунун жашоосун мисалга алып, Ыйса мындай деген: «Эгерде жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебейби? Эгерде аны тапса, силерге чындыкты айтып коёюн, жоголбогон токсон тогузуна караганда, ал үчүн көбүрөөк сүйүнөт. Ошол сыяктуу эле Асмандагы Атаңар да бул кичинелердин биринин да жоголушун каалабайт» (Матай 18:12—14). Келгиле анда, Ыйса бул аяттарда Жахабанын ар бир кызматчысына сүйүү менен кам көрөрүн кандайча сүрөттөгөнүн карап көрөлү.

Койчу короосундагы ар бир кой үчүн жооптуу экенин сезет. Эгер алардын бири отордон бөлүнүп кетсе, ал кайсынысы жоголгонун жакшы билет. Ал койлоруна ат коюп, ар бирин атынан чакырат (Жакан 10:3). Жоголгон коюн таап, оторго кошмоюнча камкор койчунун жаны жай албайт. Анткен менен адашкан койду издеп кеткенде, калган токсон тогузун кароосуз калтырбайт. Койчулар көбүнчө койлорун кошуп алып, жайытка чогуу жайышат *. Ошондуктан коюн издеп кеткен койчу башка койчулардан бир аз убакытка оторуна көз салып турушун суранат. Эч зыян тартпаган коюн тапканда койчу аябай сүйүнөт. Анан аны ийнине көтөрүп алып, оторуна кошот (Лука 15:5, 6).

Жогорудагы мисалды түшүндүрүп жатып Ыйса Кудайдын «бул кичинелердин биринин да жоголушун каалабай» турганын айткан. Андан мурунураак ал шакирттерин ага «ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түртүүдөн», башкача айтканда, аларга кедерги болуудан сак болушу керектигин эскерткен (Матай 18:6). Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалынан Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз? Жахаба Кудай — ар бир коюна, алардын ичинде «кичинелерге» да, тактап айтканда, дүйнөнүн көзкарашы боюнча кадыр-баркы жоктой көрүнгөндөргө да мээримдүүлүк менен кам көргөн Койчу. Ооба, Кудай кызматчыларынын ар бирин өзгөчө инсан катары көрүп, жогору баалайт.

Эгер Кудайдын көз алдында, чынында эле, баалуу экениңе ынангың келсе, Улуу Койчу — Жахаба Кудай — жөнүндө жана ага кантип жакындай аларың тууралуу көбүрөөк билүүгө аракет кыл. Ошентүү менен жоголгон кой жөнүндөгү аңгемени Ыйсанын өзүнөн уккан элчи Петирдикиндей ишенимге ээ болосуң. Ал кийин мындай деп жазган: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт» (1 Петир 5:7).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Койлор койчусунун үнүн тааныгандыктан, аларды бөлүп алуу кыйынга турчу эмес (Жакан 10:4).