Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Сулаймандын ийбадатканасындагы жез чаранын сыйымдуулугу канча эле?

Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман чыныгы Кудайга сыйынуу үчүн Иерусалимде ийбадаткана курган. Анда ыйык кызмат кылуучулар колдоно турган суу куюлуучу жез чара бар эле. 1 Падышалар 7:26да жез чаранын «сыйымдуулугу эки миң бат» экени айтылат, ал эми 2 Жылнаама 4:5те «анын сыйымдуулугу үч миң бат» делет *. Мындай айырмачылыктан улам кээ бирөөлөр Жылнаама китебин көчүрүп жатканда ката кеткен деп айтышат.

Бирок бул эки аят бири-бирине карама-каршы келбейт. Эврей Жазмаларынын түпнускасы ал аяттардын маанисин түшүнүүгө жардам берет. 2 Жылнаама 4:5те ийбадатканадагы жез чаранын жалпы сыйымдуулугу айтылса, 1 Падышалар 7:26да жез чарада, адатта, канча суу куюлуп турганы жөнүндө белгиленет. Башкача айтканда, жез чарага эч качан сууну мелт-калт куюшчу эмес. Чарага анын үчтөн эки бөлүгүнө барабар келген эле суу куюлчу.

Ыйса менен Петир ийбадаткана салыгына эмне үчүн бир эле тыйын төлөшкөн?

Ыйсанын күндөрүндөгү жүйүттөрдүн жашы 20дан ашкан эркектеринин баары ийбадаткана салыгына жыл сайын эки драхмадан же дидрахмадан төлөшү керек болгон. Бул акча бирдиги эки күндүк эмгек акыга барабар эле. Салык төлөө жөнүндө суроо туулганда Ыйса Петирге: «Көлгө барып, кайырмак сал. Кармаган биринчи балыгыңды тартып алып, оозун ачсаң, статирди көрөсүң. Аны алып, экөөбүз үчүн берип кой»,— деген (Матай 17:24—27).

Көптөгөн окумуштуулардын ою боюнча, бул жерде айтылган статир тетрадрахманы билдирген. Бул тыйындын баасы төрт драхмага төп келген же ийбадаткана салыгынын эки кишилик төлөмүнө барабар эле. Эл ичинде дидрахмага караганда тетрадрахма көбүрөөк колдонулган. Буга байланыштуу бир сөздүктө мындай делет: «Жүйүттөр ийбадаткана салыгын көбүнчө эки киши биргелешип төлөгөн көрүнөт» («The New Bible Dictionary»).

Ошондой эле жалгыз өзү үчүн салык төлөөнү каалаган киши акчасын майдалатышы керек эле. Бирок майдалап бергендер акчанын 8 пайызын кармап калчу. Ал эми эки киши үчүн салык төлөнгөндө, акча алмаштыруу зарыл болгон эмес. Ошентип, Матайдын билдирүүсү, атүгүл майда-чүйдө нерселерде да, Ыйсанын убагындагы адатка айланган иштер менен шайкеш келерин көрсөтүп турат.

[15-беттеги сүрөт]

Тетрадрахма (чоңойтулган)

[Шилтеме]

^ 3-абз. «Эки миң бат» — 44 000 литрге, ал эми «үч миң бат» 66 000 литрге барабар.