Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Марк артка чегинген эмес

Марк артка чегинген эмес

Балдарыңарды үйрөткүлө

Марк артка чегинген эмес

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ Ыйса пайгамбардын жашоосу жөнүндөгү төрт китептин бирин Марк жазган. Ал китеп чакан, окуганга оңой. Ал эми Марк өзү ким болгон? Сенин оюңча, ал Ыйсаны таанычу беле? ~ * Кел анда, ошол Марктын кандай кыйынчылыктарга туш болгону жөнүндө жана ага Кудайга кызмат кылууну токтотпоого эмне жардам бергени жөнүндө окуйлу.

Марктын аты биринчи жолу Ыйык Китептен Ирод Агрипанын элчи Петирди түрмөгө каматканы кеп кылынгандан кийин кезигет. Бир күнү түн ортосунда Кудайдын периштеси Петирди түрмөдөн бошотуп чыгат. Ошондо Петир түз эле Иерусалимде жашаган Марктын энеси Мариямдын үйүнө жөнөйт. Бул окуя Ыйсанын б.з. 33-жылы Пасах маалында өлгөнүнөн он жыл өткөндөн кийин болгон (Элчилер 12:1—5, 11—17).

Петирдин эмне үчүн дароо эле Мариямдын үйүнө барганын билесиңби? ~ Ал аякка анын үйүндөгүлөрүн жакшы тааныгандыктан жана анын үйүндө Ыйсанын шакирттери жыйналыш өткөрүп жүрүшкөнүн билгендиктен барган көрүнөт. Мариямдын Барнаба деген иниси бар эле. Анын шакирт болгонуна көп болуп калган — ал, бери дегенде, б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан тартып Ыйсаны жолдой баштаган. Ошол кездерде Барнаба, Ыйык Китепте жазылгандай, жаңы шакирттерге берешендик көрсөткөн. Демек, Ыйса, Мариям менен Маркты билгендей эле, Барнабаны да билген деп божомолдоого болот (Элчилер 4:36, 37; Колосалыктарга 4:10).

Марк өзүнүн Инжилинде Ыйса камакка алынган түнү элдин арасында кийимин «жылаңач денесине» жамынып алган бир жаш жигиттин жүргөнүн жазган. Душмандар Ыйсаны кармап алышканда, ал жигит качып кеткен. Сенин оюңча, ошол жигит ким болушу мүмкүн? ~ Ооба, ал Марк окшойт. Ошол түнү Ыйса элчилери менен үйдөн чыкканда, Марк шаша-буша кийине салып, алардын артынан жөнөгөн көрүнөт (Марк 14:51, 52).

Марк Кудайдын көптөгөн кызматчылары менен жакшы тааныш болгондон тышкары, бир топ маанилүү окуяларга күбө болгон. Мисалы, ал б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында шакирттерге ыйык рух түшкөнүн, кыязы, өз көзү менен көргөн. Ошондой эле Кудайдын ишенимдүү кызматчыларын, айталы, Петирди жакшы тааныган. Ал таекеси Барнабаны да коштоп жүргөн. Барнаба аян аркылуу Ыйсаны көргөн Шабылды үч жылдан кийин Петир менен тааныштырган. Ал эми арадан бир нече жыл өткөндө Барнаба Шабылга жиберилген; ал кезде Шабыл Тарс шаарында эле (Элчилер 9:1—15, 27; 11:22—26; 12:25; Галатиялыктарга 1:18, 19).

Б.з. 47-жылы Барнаба менен Шабыл миссионердик кызматка тандалат. Алар жанына Маркты алып алышат. Бирок бир канча убакыттан кийин Марк, белгисиз себептен улам, аларды калтырып, үйүнө — Иерусалимге — кетип калат. Буга Шабыл (римче аты — Пабыл) ачууланат. Анткени Марктын ал кылганын туура эмес деп эсептейт (Элчилер 13:1—3, 9, 13).

Миссионердик сапардан кайтып келишкенде, Пабыл менен Барнаба чоң ийгиликтерге жетишкенин айтып беришет (Элчилер 14:24—28). Анан ортодон бир нече ай өткөндө алар баягы кыдырып келген жактарындагы жаңы шакирттерге кайра барып келүүнү чечишет. Барнаба бул жолу да Маркты ээрчитип алмакчы болот. Буга Пабыл кандай караган деп ойлойсуң? ~ Ал Маркты, биринчи жолкусунда аларды таштап, үйүнө кетип калганы үчүн, ээрчиткиси келбейт. Болжолу, мындай жагдай Марктын көңүлүн чөктүрсө керек.

«Пабыл менен Барнабанын ортосунда келишпестик пайда болуп», экөө урушуп кетет да, сапарга өз-өзүнчө бармак болушат. Барнаба Маркты алып, Кипрге жөнөп кетет. Пабыл болсо Сыласты тандап, башында максат кылгандай, жаңы шакирттерге жол тартат. Пабыл менен Барнабанын минтип чатакташып кетишине себеп болгону үчүн Марк катуу кайгырып калганы шексиз (Элчилер 15:36—41) *.

Марктын биринчи жолкусунда эмне үчүн үйүнө кетип калганын биз билбейбиз. Балким, ал ошентүүгө олуттуу себебим бар деп эсептегендир. Кандай болбосун, кыязы, Барнаба анын экинчи андай кылбаарына ишенген. Анан, чын эле, ал ойлогондой болуп чыккан: Марк артка чегинген эмес. Атүгүл, кийинчерээк ал Петир менен алыскы Бабылда миссионердик кызмат аткарган. Ошол жактан ишенимдештерине салам жолдогондо Петир Марк тууралуу: «Уулум... силерге салам айтып жатат»,— деген (1 Петир 5:13).

Ооба, Петир менен Марк рухий биртуугандар катары жакын мамиледе болуп калышкан. Бул Марктын Инжилин окуп жатканда да сезилет. Петир Маркка өзү күбө болгон окуяларды айтып берген. Муну Галилея деңизинде болгон бороон-чапкын жөнүндөгү окуя ырастайт. Марк Ыйсанын кайыктын кайсы жагында уктап жатканын, эмнени жазданып жатканын жазган. Мындай майда-чүйдө нерселерди окуяны өз көзү менен көргөн Петир сыяктуу балыкчылар гана айтып бере алмак. Кел, Ыйык Китептеги Матай 8:24; Марк 4:37, 38 жана Лука 8:23 өңдүү аяттарды чогуу окуп, салыштырып көрөлү.

Кийинчерээк Пабыл Римдеги түрмөдө жатканда Маркты колдоо көрсөткөнү үчүн мактаган (Колосалыктарга 4:10, 11). Пабыл ал жакка экинчи ирет түрмөгө түшкөндө, Тиметейден Маркты ала келүүнү өтүнүп: «Кызмат кылышы үчүн, ал мага керек»,— деп жазган (2 Тиметейге 4:11). Ырас, Марк артка чегинбегендиктен, Кудайга кызмат кылууда чоң артыкчылыктарга ээ болгон.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, тильда (~) белгиси турган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.

^ 10-абз. Жакан деген Марктын экинчи аты.

Суроолор:

○ Марк каякта жашаган жана эмне үчүн ал Ыйсаны тааныган деп айтууга болот?

○ Маркка, негизинен, ким жардам берип, колдоо көрсөткөн?

○ Марк эмнеден улам артка чегиниши мүмкүн эле?

○ Марктын кийинчерээк Пабылдын ишенимине ээ болгонун эмнеден улам билебиз?

[25-беттеги сүрөт]

Бул жигит ким болушу мүмкүн? Аны эмне кылганы жатышат жана эмне үчүн?

[26-беттеги сүрөт]

Артка чегинбегени үчүн Марк кандай баталарды алган?