Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Лука китебиндеги урунттуу ойлор

Лука китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Лука китебиндеги урунттуу ойлор

МАТАЙДЫН Инжилинин, негизинен, жүйүт окурмандарына жазылганы, ал эми Марктын Инжилинин жүйүт эместерге жазылганы маалым. Алардан айырмаланып, Луканын Инжили ар улуттагы адамдарга арналган. Б.з. 56—58-жылдарынын тегерегинде жазылган бул Инжилде Ыйсанын жашоосу менен кызматы кеңири баяндалат.

Камкор, башкаларга боор ооруй билген дарыгер Лука «бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыгып», б.з.ч. 3-жылдан б.з. 33-жылына чейин — 35 жыл ичинде болуп өткөн окуяларды жазган (Лк. 1:3). Анын Инжилиндеги маалыматтын, бери дегенде, 60 пайызы башка Инжилдерде айтылган эмес.

ЫЙСАНЫН АЛГАЧКЫ КЫЗМАТЫ

(Лука 1:1—9:62)

Лука алгач Чөмүлдүрүүчү Жакан менен Ыйсанын кандайча төрөлгөнүн баяндайт. Андан соң Жакандын кызматынын качан башталганын айтат. Анын кызматы император Тиберийдин башкаруусунун 15-жылында, тактап айтканда, б.з. 29-жылынын жазында башталган (Лк. 3:1, 2). Ошол жылдын күзүндө Жакан Ыйсаны чөмүлдүрөт (Лк. 3:21, 22). Ал эми б.з. 30-жылына ооп калганда Ыйса «Галилеяга кайтып келип», «синагогаларда элди окута баштайт» (Лк. 4:14, 15).

Ошентип, ал Галилея аймагы боюнча биринчи кабар айтуу сапарын баштайт. «Мен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек»,— дейт ал чогулган элге (Лк. 4:43). Анан: «Мындан ары адамдарды кармайсың» — деп, балыкчы Шымонду жана башкаларды анын жолун жолдоого чакырат (Лк. 5:1—11; Мт. 4:18, 19). Ал эми Галилеяны кабар таратып экинчи ирет кыдырганда, аны 12 элчиси коштоп чыгат (Лк. 8:1). Үчүнчү жолкусунда болсо ал 12 шакиртин «Кудайдын Падышачылыгын жарыялоого жана оорулууларды айыктырууга» жиберет (Лк. 9:1, 2).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Лк. 1:35 — Мариямдын боюна бүтүшүнө анын энелик клеткасы да катышты беле? Мариямдын баласы, Кудай убадалагандай, анын ата-бабаларынын — Ыбрайым, Жүйүт жана Дөөттөрдүн — чыныгы тукуму болууга тийиш эле. Ошондуктан түйүлдүк пайда болушу үчүн, Мариямдын энелик клеткасы да катышышы керек болчу (Башт. 22:15, 18; 49:10; 2 Шем. 7:8, 16). Жахаба Уулунун жеткилең жашоосун Мариямдын жатынына которуу үчүн ыйык рухун колдонгон. Ошонун аркасында Мариям кош бойлуу болгон (Мт. 1:18). Андыктан түйүлдүк жаңыдан өрчүп келатканынан тартып эле Мариямдын энелик клеткасындагы жеткилеңсиздиктен жана ар кандай терс таасирден корголгон.

Лк. 1:62 — Захария сүйлөбөй да, укпай да калды беле? Жок. Болгону, сүйлөбөй калган. Башкалардын баланын атын ким деп коёрун «жаңсап сурашы» Захариянын дүлөй болуп калганын билдирген эмес. Ал баласынын атын ким деп коёрун аялы айтканда угуп эле турса керек. Бирок жанындагылар анын оюн билгиси келип, жаңсап кайрылышкан көрүнөт. Анын үстүнө, Захариянын тилинин гана кайра кириши анын угуу жөндөмүнүн эч кандай зыян тартпаганын көрсөтөт (Лк. 1:13, 18—20, 60—64).

Лк. 2:1, 2 — Бул жерде «биринчи эл каттоонун» айтылышы Ыйсанын качан төрөлгөнүн аныктоого кандайча жардам берет? Рим императору Августтун тушунда эл бир нече ирет каттоого алынган: алардын биринчиси, Даниел 11:20дагы пайгамбарлык аткарылып, б.з.ч. 2-жылы жүргүзүлгөн. Экинчиси болсо б.з. 6- же 7-жылы жүргүзүлгөн (Элч. 5:37). Ошол эки каттоо өткөрүлгөндө, Сирияны Кибрений башкарып турган; Кибрений ал орунду, сыягы, эки ирет ээлеген. Луканын билдирүүсүндөгү биринчи каттоо Ыйсанын төрөлгөн маалына — б.з.ч. 2-жылга — дал келген.

Лк. 2:35 — Мариямдын жүрөгү кандайча «тилингендей болгон»? Бул Мариямдын Ыйсаны элдин көбү Машайак катары кабыл албаганын жана анын уулунун азаптуу өлүм менен өлтүрүлгөнүн көргөндө жүрөгү сыздап, «тилингендей» болгонун көрсөтсө керек (Жкн. 19:25).

Лк. 9:27, 28 — Ыйса: «Кудайдын Падышачылыгын көрмөйүнчө [шакирттеринин кээси] өлүшпөйт»,— деп убадалагандан кийин, Матай менен Марктын ырастоосунда, «алты күндөн» кийин кубулса, Лука эмне үчүн аны «сегиз күндөн» кийин кубулган деген? (Мт. 17:1; Мр. 9:2). Лука, калыбы, дагы эки күндү — Ыйсанын ошол убада берген күнүн жана кубулган күнүн — кошуп айткан.

Лк. 9:49, 50 — Ыйса өзүн ээрчип жүрбөгөн бир кишиге жиндерди кууп чыгарууга эмне үчүн тыюу салган эмес? Себеби ал кезде Ыйсанын жолдоочулары жыйналыш катары уюшула элек болчу. Демек, Ыйсанын ысмына ишеним артып, жиндерди кууп чыгаруу үчүн Аны сөзсүз түрдө коштоп жүрүү талап кылынган эмес (Мр. 9:38—40).

Биз алчу сабактар:

Лк. 1:32, 33; 2:19, 51. Мариям пайгамбарлыктарга байланыштуу окуялар менен сөздөрдү көкүрөгүнө бекем түйүп жүргөн. Биз да Ыйсанын «дүйнөнүн акыры» жөнүндөгү пайгамбарлыгын көңүлүбүзгө түйүп, анын айткандары менен азыркы болуп жаткан окуяларды салыштырабызбы? (Мт. 24:3).

Лк. 2:37. Аннанын үлгүсү көрсөткөндөй, биз Жахабага үзгүлтүксүз сыйынышыбыз, «туруктуулук менен» тиленишибиз жана жыйналышты калтырбашыбыз керек (Рим. 12:12; Эвр. 10:24, 25).

Лк. 2:41—50. Жусуп рухий иштерди биринчи орунга койгон жана үйбүлөсүнүн денелик да, рухий да саламаттыгына кам көргөн. Ошонусу менен үйбүлө башчыларына жакшы үлгү калтырган.

Лк. 4:4. Биз бир да күндү Кудай Сөзү тууралуу ой жүгүртүүсүз өткөрбөйлү.

Лк. 6:40. Кудай Сөзүн окутуп-үйрөткөндөр кызыгуучуларга туура үлгү көрсөтүүгө тийиш. Алар айткандарын өзүлөрү да иш жүзүндө колдонушу керек.

Лк. 8:15. Биз «сөздү угуп... чыдамдуулук менен жемиш бериш» үчүн, Кудай Сөзүн түшүнүүгө, барктоого жана аны акылыбыз менен жүрөгүбүзгө сиңирүүгө тийишпиз. Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды тиленүү менен ой жүгүртүп окушубуз зарыл.

ЫЙСАНЫН СОҢКУ КЫЗМАТЫ

(Лука 10:1—24:53)

Ыйса өзүнөн мурун 70 шакиртин шаарларга жана Жүйүт аймагына жиберет (Лк. 10:1). Анан өзү да «шаарлар менен айыл-кыштактарды аралап, элди окутат» (Лк. 13:22).

Б.з. 33-жылынын Пасахына беш күн калганда ал кодик минип, Иерусалимге кирет. Көп өтпөй анын алдын ала айткан: «Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек»,— деген сөздөрү аткарылат (Лк. 9:22, 44).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Лк. 10:18 — Ыйса 70 шакиртине: «Мен шайтандын чагылган түшкөн сыяктуу, асмандан кулап түшкөнүн көрдүм»,— дегенде эмнени айткысы келген? Ал Шайтандын асмандан ошол кезде куулуп түшкөнүн айткан эмес. Себеби Шайтан 1914-жылы Машайактын асманда Падыша болгонунан көп өтпөй куулуп түшкөн (Аян 12:1—10). Бир тараптуу ырастай албасак да, Ыйса ошондо келечекте боло турган окуяны болуп өткөндөй кылып айтышы менен ал окуянын сөзсүз ишке ашарын баса белгилеген көрүнөт.

Лк. 17:34—37 — «Жору-кузгундар» деген кимдер жана алар эмне болгон «өлүккө» чогулушат? Бул жерде «алынгандар» же куткарылгандар көзү курч жоруларга салыштырылган. Куткарылгандар чогула турган «өлүк» — көзгө көрүнбөй катышып жаткан чыныгы Машайак, ошондой эле Жахаба белендеп берген рухий тамак (Мт. 24:28).

Лк. 22:44 — Ыйса эмне себептен катуу кыйналган? Анын бир нече себеби болгон. Ыйса өзүнүн кылмышкер катары өлүшү Жахаба Кудайдын ысмына кандай таасир этет деп тынчсызданган. Анын үстүнө, ал өзүнүн түбөлүк жашоосу жана жалпы адамзаттын келечеги анын ишенимдүү бойдон калар-калбаарына көзкаранды экенин жакшы түшүнгөн.

Лк. 23:44 — Үч саатка созулган караңгылык күн тутулуудан улам болду беле? Жок. Күн тутулуу Пасах маалындагыдай ай толуп турганда эмес, ай жаңырганда гана болот. Ыйса өлгөндө үч саатка созулган караңгылык Кудайдын көрсөткөн керемети болчу.

Биз алчу сабактар:

Лк. 11:1—4. Бул жердеги тиленүү Ыйсанын мындан 18 ай мурунку Тоодогу насаатында айткан үлгүлүү тиленүүсүнөн бир аз айырмаланат. Бул тиленгенде бирдей сөздөрдү кайталай бербешибиз керек экенин айкын көрсөтөт (Мт. 6:9—13).

Лк. 11:5, 13. Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп берүүгө даяр болсо да, биз ага өтүнүчүбүздү кайра-кайра айтып, талыкпастан тилене беришибиз керек (1 Жкн. 5:14).

Лк. 11:27, 28. Чыныгы бакыт үйбүлөлүк мамилелерден же акча-тыйындын кенендигинен эмес, Кудайдын эркин ишенимдүүлүк менен аткаруудан көзкаранды.

Лк. 11:41. Башкаларга «кайыр берүүгө», башкача айтканда, жардам берүүгө бизге сүйүү жана таза ниет түрткү берүүгө тийиш.

Лк. 12:47, 48. Өзүнө кандай жоопкерчилик артылганын билбеген же жакшы түшүнбөгөн адамга караганда, чоң жоопкерчиликке ээ экенин түшүнүп туруп, ага шалаакы мамиле жасаган киши айыптуураак.

Лк. 14:28, 29, 30. Биз өз «капчыгыбызга» жараша жашасак, акылдуулук кылабыз.

Лк. 22:36—38. Ыйса элчилерине өзүлөрүн коргош үчүн же коопсуз сезиш үчүн курал алгыла деген эмес. Алардын Ыйса сатылган түнү кылыч алып чыгышы ага шакирттерине: «Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт»,— деген маанилүү сабак берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн (Мт. 26:52).

[31-беттеги сүрөт]

Жусуп үйбүлө башчысы катары жакшы үлгү көрсөткөн

[32-беттеги сүрөт]

Лука Ыйсанын жашоосу жана кызматы жөнүндө кеңири баяндаган