Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биз Кудайдын көз алдында баалуубуз

Биз Кудайдын көз алдында баалуубуз

Кудайга жакында

Биз Кудайдын көз алдында баалуубуз

Лука 12:6, 7

ЫЙЫК КИТЕПТЕ «бизди жүрөгүбүз айыпташы» мүмкүн экени айтылат. Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, кээде жүрөгүбүз өзүбүзгө карата өтө эле сын көзкарашта болууга түртүшү мүмкүн. Ошондуктан өзүбүздү Кудайдын сүйүүсүнө, анын кам көрүүсүнө татыксыз сезишибиз ыктымал. Бирок Ыйык Китепте: «Кудай жүрөгүбүздөн чоң, Ал баарын билет»,— деген ынандыруу берилет (1 Жакан 3:19, 20). Ооба, Кудай бизди өзүбүздөн алда канча жакшы билет. Анын көзкарашы биздин өзүбүзгө болгон көзкарашыбыздан абдан айырмаланат. Жахаба Кудайдын ою биз үчүн маанилүү болгондуктан: «Биз Анын көз алдында баалуубузбу?» — деген суроо туулат. Бул суроонун жообун Ыйсанын жүрөк козгогон эки мисалынан таба алабыз.

Бир жолу Ыйса эки таранчынын «бир ассарийге эле сатыларын» айткан (Матай 10:29, 31). Ошондой эле Лука 12:6, 7-аяттарга ылайык, Ыйса: «Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт... Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар»,— деген. Бул жөнөкөй, бирок күчтүү айтылган мисалдан Жахабанын өзүнүн ар бир кызматчысына кандай караарын билүүгө болот.

Таранчылар тамакка колдонулган бардык канаттуулардын ичинен эң эле арзаны болгон. Ыйса жарды аялдардын, балким, өз апасынын да, базардан ушундай кичинекей чымчыктарды тамак үчүн сатып алып жатканын көрсө керек. Бир ассарий азыркы акча менен 5 центке же 1 сом 80 тыйынга жетпеген акча болгон; ага эки таранчы келмек. Ал чымчыктар ушунчалык арзан болгондуктан, эки ассарийге төрт эмес, беш таранчы келчү, бешинчиси бекер эле берилчү.

Ыйса Жахабанын таранчылардын бирин да унутпаарын айтып: «Алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат»,— деген (Матай 10:29, «ЖД»). Жахаба ар бир таранчыны, балким, жараат алгандыктан жерге түшөбү же азык издеп жерге конобу, дайыма байкап турат. Бир караганда, эч нерсеге жарабагандай көрүнгөн ал чымчыктарды Жахаба кичинекей деп жаратпай койгон эмес, ошондой эле аларды кичинекей деп унутуп койбойт. Ал тирүү жандыктар Кудай үчүн кымбат. Ыйсанын айткан мисалынын маанисин түшүнүп жатасыңарбы?

Ыйса чоң нерселердин маанисин түшүндүрүү үчүн аларды көбүнчө кичинекей нерселерге салыштырган. Мисалы, ал: «Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жери, кампасы да жок, бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан канча эсе артыксыңар»,— деп айткан (Лука 12:24). Эми Ыйсанын сөздөрүнүн мааниси айкын болууда: эгер Жахаба ушундай кичинекей чымчыктарга кам көрсө, аны сүйгөн жана ага кызмат кылган адамдарга андан да көбүрөөк кам көрбөйбү?!

Демек, Ыйсанын сөздөрүнөн айкын болгондой, биз «жүрөгүбүздөн чоң» болгон Кудайдын көңүл буруусуна жана кам көрүүсүнө татыксызбыз деп ойлобошубуз керек. Жаратканыбыздын бизден өзүбүз байкабаган нерселерди байкаарын билүү кандай сооротот!

[13-беттеги сүрөт]

Sparrows: © ARCO/D. Usher/age fotostock