Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы жөнүндө

Кудайдын Падышалыгы жөнүндө

Ыйсадан эмнеге үйрөнсөк болот?

Кудайдын Падышалыгы жөнүндө

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы — бүт жер үстүнөн бийлик жүргүзө турган өкмөт. Ыйса шакирттерин мындай деп тиленүүгө үйрөткөн: «Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын» (Матай 6:9, 10; Даниел 2:44).

Кудайдын Падышалыгынын башкаруучулары кимдер болот?

Ыйса Кудайдын Падышалыгынын Башкаруучусу болуш үчүн төрөлгөн. Периште Ыйсанын энесине мындай деген: «Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет. Ал... падышачылык кылат» (Лука 1:30—33). Андан тышкары, Ыйса кээ бир жолдоочуларын өзү менен бирге башкаруу үчүн тандаган. Ал өзүнүн элчилерине: «Силер болсо башыма кыйынчылык келген учурларда Мени менен бирге болдуңар. Атам Мага бийлик бергендей эле, Мен да силерге бийлик берем»,— деп айткан (Лука 22:28, 29; Даниел 7:27). Ыйсанын 144 000 жолдоочусу аны менен бирге бийлик жүргүзөт (Аян 5:9, 10; 14:1).

Падышалык кайсы жерден башкарат?

Кудайдын Падышалыгы асмандан башкарат. Ыйса шакирттерине мындай деген: «Барып, силерге [асманда] орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем... Мен Атама кетип жатам» (Жакан 14:2, 3, 12; Даниел 7:13, 14).

Кудайдын Падышалыгы жамандыкты жоёбу?

Ыйса жер жүзүн жаман адамдардан тазалайт. Ал: «Адам Уулу [Ыйса] Өз атак-даңкы менен, Өзүнүн бардык периштелери менен келгенде, Өзүнүн даңктуу тактысына отурат. Бардык эл Анын алдына чогулат... Ал адамдарды экиге бөлөт... Булар [ыймансыздар] түбөлүккө азап чегишет, адил адамдар болсо түбөлүк өмүргө ээ болушат»,— деген (Матай 25:31—34, 46).

Жерде Падышалыктын башкаруусу алдында кимдер жашайт?

Ыйса мындай деген: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат» (Матай 5:5; Забур 36:29; 71:8). Жер бети бири-бирин сүйүүгө азыртадан эле үйрөнүп жаткан адамдарга толот. Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө! Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:34, 35).

Кудайдын Падышалыгы адамзат үчүн эмнелерди кылат?

Ыйса адамзатты оору-сыркоодон арылтат. Жерде жүргөндө Ыйса элге Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берген жана оорулууларды айыктырган (Лука 9:11). Ыйсанын тирилгенин аянда көргөн элчи Жакан: «Мен жаңы асманды жана жаңы жерди көрдүм... Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: „Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге... Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт“»,— деп жазган (Аян 21:1—4).

Кудайдын Падышалыгы жер жүзүнө Бейишти орнотот. Ыйса менен бирге жазаланган каракчы мындай деген: «Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени эстей көр». Ыйса ага: «Мен сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң»,— деп жооп берген (Лука 23:42, 43; Ышайа 11:4—9).

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 8-бөлүмүн карагыла *.

[Шилтеме]

^ 16-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.