Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Топон суу уламыш эмес, болгон окуя

Топон суу уламыш эмес, болгон окуя

Топон суу уламыш эмес, болгон окуя

СЕН азыркыдан жакшыраак жашоону — адамдар бири-бири менен тынчтыкта жашаган, согуш, кылмыштуулук, кысымчылык деген болбогон убакты — эңсейсиңби? Ошондой болсо, белгилүү бир тарыхый билдирүү жөнүндө билүү сен үчүн бекемдээрлик болот. Ал билдирүү — кеме куруп, бүткүл дүйнөлүк Топон сууда ыймансыздар жок кылынганда, өзүн жана үйбүлөсүн сактап калган адил Нух жөнүндөгү билдирүү.

Тарыхта болуп өткөн бул окуя бүт дүйнө жүзүнө белгилүү. Нух жөнүндөгү билдирүү Ыйык Жазманын Башталыш китебинин 6—9-бөлүмдөрүндө жазылган. Ал тууралуу Куран китебинде жана башка көптөгөн элдердин уламыштарында да айтылат. Топон суу чынында эле болду беле же ал адамдарды туура иш кылууга үндөш үчүн ойдон чыгарылганбы? Бул жөнүндө теологдор менен окумуштуулар кылымдар бою талашып келишет. Бирок Ыйык Китепте, Кудай Сөзүндө, мунун уламыш эмес, чынында эле болгон окуя экени айкын көрсөтүлөт. Анда келгиле, анын айрым далилдерин карап көрөлү:

Башталыш китебинде Топон суунун башталган күнү, айы, жылы так берилип, кеменин качан, кайсы жерге токтогону жана жердин качан кургаганы айтылат. Ошондой эле кеменин түзүлүшү, өлчөмү жана кайсы материалдардан курулганы жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин так маалымат берилет. Ал эми уламыштарда кайсы бир окуя көбүнчө бүдөмүк баяндалып, ачык-айкын айтылбайт.

Ыйык Китептеги эки санжыра Нухтун чынында эле болгон инсан экенин далилдеп турат (1 Жылнаама 1:4; Лука 3:36). Бул санжыраларды түзгөн Эзра да, Лука да кылдат изилдөөчүлөрдөн болушкан. Лука Ыйса Машайактын санжырасынын Нухка чейинкисин териштирип чыккан.

Ошондой эле Нух жана Топон суу жөнүндө Ышайа, Жезекиел пайгамбарлар, биринчи кылымда жашаган элчи Пабыл менен элчи Петир да айтып өтүшкөн (Ышайа 54:9; Жезекиел 14:14, 20; Эврейлерге 11:7; 1 Петир 3:19, 20; 2 Петир 2:5).

Ыйса Машайак Топон суу жөнүндө айтып жатып: «Адам Уулу келген убакта да Нух пайгамбардын убагындагыдай болот. Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты. Анан топон суу каптап, бардыгы кырылып калды»,— деген (Лука 17:26, 27). Эгер Топон суу тарыхый окуя болбосо, Ыйсанын «Адам Уулу келген убак» жөнүндө айткандарынын эч кандай мааниси болмок эмес.

Элчи Петир Ыйык Китепте жазылгандарга кулак какпаган «шылдыңчылардын» келерин алдын ала айткан. Ошондой эле алардын «баарын билип туруп, бул чындыкты көз жаздымда калтырып жатышканын», «[Нухтун убагындагы] дүйнө суунун астында калып, кыйратылганын» жазып өткөн. Биз да «бул чындыкты көз жаздымда» калтырышыбыз керекпи? Албетте, жок! Петир андан ары: «Азыркы асман менен жер ошол эле сөз боюнча отко, ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнүнө сакталып турат»,— деген (2 Петир 3:3—7, «ЖД»).

Кудай дагы бир жолу ыймансыздарды жок кылат жана дагы да аман калгандар болот. Нухтан үлгү алуу менен биз да жакшы жашоодо жашай турган, куткарылган адил адамдардын арасында боло алабыз.