Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакыныбыздан айрылганда...

Жакыныбыздан айрылганда...

Жакыныбыздан айрылганда...

Жүргүнчүлөрдү ташыган бир самолёт 2007-жылдын 17-июлунда, шейшемби күнү кечинде, саат жетилерде Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы ири аэропорттун учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, чоң жолдордун бирин кесип өтүп барып, жүк сакталуучу кампага урунган. Бул кырсыктан 200дөй киши каза тапкан.

БРАЗИЛИЯДАГЫ эң каргашалуу деп сыпатталган бул авиакырсык жакындарынан айрылгандар үчүн эзели эстен кеткис окуя болуп калды. Андай жоготууга учурагандардын бири, Клаудит, ошол кырсык тууралуу телевизор көрүп отуруп жаңылыктардан угуп калган. Анын уулу Ренато так ошол самолётто болчу. Ренато, болгону, 26 жашта эле. Ал октябрда үйлөнгөнү жаткан. Клаудит аны менен уюлдук телефон аркылуу байланышууга кайра-кайра аракет кылган, бирок жооп болгон эмес. Ошондо ал жерге жатып алып, өксүп ыйлаган.

Антже 1986-жылдын январь айында жол кырсыгынын айынан сүйлөшкөн жигитинен айрылган. Ал бул жөнүндө укканда дал болуп туруп калган. Антже мындай деп эскерет: «Башында такыр ишене албай жаттым. Мага жаман түш көрүп жатканымдай, ойгонсом эле баары түш болуп чыга тургандай сезиле берди. Муундарым калтырап, бирөө өзөртө ургандай катуу кыйналдым». Ал үч жыл бою депрессияга батып жүргөн. Кырсык болгондон бери 20 жылдан ашык убакыт өтсө да, ал аны эстеген сайын, муундары калчылдап чыгат.

Мындай каргашалуу окуялардын аркасында күтүүсүз жоготууга учурагандар болгон окуяга ишенбей, аргасы түгөнүп, деңдароо болушат. Бирок алардын кандай күчтүү сезимдерди туярын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Жакыныңдын өлөрүн, мисалы, узакка созулган оорудан каза болорун билген болсоң да, катуу кайгыра беришиң мүмкүн. Жакынынын өлүмүнө эч ким эч качан толугу менен даяр болбойт. Ненсинин апасы 2002-жылы көп убакыт бою ооруп жүрүп көз жумган. Апасынын өлөрү белгилүү болсо да, Ненси ал өлгөн күнү ооруканада полдо деңдароо болуп отура берген. Ага жашоо маңызсыз болуп калгандай сезилген. Андан бери беш жыл өтсө да, ал апасын ойлогон сайын ыйлайт.

«Күйүт эч качан басылбайт, адамдар ага аргасыздан гана моюн сунуп калышат»,— дейт доктор Холли Пригерсон. Жакыныңдын өлүмү күтүлбөгөн нерсе болдубу же жокпу, сенде: «Кайгыруу туурабы? Күйүтүмдү кантип баса алам? Өлгөн жакыным менен кайра көрүшөмбү?» — деген суроолор туулушу мүмкүн. Кийинки макалада ушул жана башка суроолор талкууланат.

[3-беттеги сүрөт]

EVERTON DE FREITAS/AFP/Getty Images