Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Галатиялыктарга, Эфестиктерге, Филипиликтерге жана Колосалыктарга жазылган каттардагы урунттуу ойлор

Галатиялыктарга, Эфестиктерге, Филипиликтерге жана Колосалыктарга жазылган каттардагы урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Галатиялыктарга, Эфестиктерге, Филипиликтерге жана Колосалыктарга жазылган каттардагы урунттуу ойлор

ЭЛЧИ Пабыл Ыйсанын айрым жолдоочуларынын жүйүттөрдүн каада-салттарын жактагандардын таасирине алдырып, таза сыйынуудан четтеп баратышканын укканда, «Галатиядагы Жыйындарга» таасирдүү кат жазат (Гал. 1:2). Б.з. 50—52-жылдары жазылган ал катта ачык кеңештер менен катуу эскертүүлөр камтылат.

Андан болжол менен он жыл өткөндөн кийин Римде Ыйсанын жолдоочусу катары түрмөдө жаткан Пабыл Эфестеги, Филипидеги жана Колостогу жыйналыштарга пайдалуу кеңештерди жана кайраттандырарлык сөздөрдү камтыган кат жазат (Эф. 3:1). Галатиялыктарга, эфестиктерге, филипиликтерге жана колосалыктарга жазылган каттардагы кеңештерге кулак кагуу менен биз да пайда ала алабыз (Эвр. 4:12).

АДАМ ЭМНЕНИН АРКАСЫНДА «АКТАЛАТ»?

(Гал. 1:1—6:18)

Пабылдын Ыйсанын жолдоочусу экенине жүйүттөрдүн каада-салтын жактагандар митаамдык менен шек туудурушканда, ал өзүн коргош үчүн өзү тууралуу бир аз айтып берет (Гал. 1:11—2:14). Пабыл алардын жалган окууларын ашкерелеп: «Адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталат»,— дейт (Гал. 2:16).

Пабыл Машайактын «мыйзамдын бийлиги астындагыларды кун төлөп куткарганын» жана аларды Ыйсанын жолдоочулары ээ болгон эркиндикке чыгарганын айтат. Анан галатиялыктарга: «Кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле»,— деп катуу эскертет (Гал. 4:4, 5; 5:1).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Гал. 3:16—18, 28, 29 — Ыбрайым менен түзүлгөн келишим дагы деле күчүндөбү? Ооба. Мыйзам келишими Кудайдын Ыбрайым менен түзгөн келишиминин ордуна эмес, ага толуктоо катары берилген. Ошондуктан Ыбрайым менен түзүлгөн келишим Мыйзам «жок кылынгандан» кийин деле күчүндө кала берген (Эф. 2:15). Андагы убадалар Ыбрайымдын чыныгы «урпагына» — Ыйса Машайакка жана майланган жолдоочуларына — таандык.

Гал. 6:2 — «Машайактын мыйзамына» эмне кирет? Ага Ыйса үйрөткөн жана буйруган нерселердин баары, өзгөчө: «Бири-бириңерди сүйгүлө!» — деген мыйзам кирет (Жкн. 13:34).

Гал. 6:8 — Канткенде «Рухка сепкен» болобуз? Кудайдын руху бизге таасир эткидей жашоо өткөргөндө гана. Ошондой эле рухий иштерге чын жүрөктөн катышуу менен да рухка сепкен болобуз.

Биз алчу сабактар:

Гал. 1:6—9. Ыйсаны жолдогон аксакалдар жыйналышта кандайдыр бир көйгөй пайда болгондо, тез арада чара көрүшү керек. Алар жалган ой-түшүнүктөрдү Ыйык Китептин жардамы менен дароо жокко чыгарышат.

Гал. 2:20. Кун — Кудайдын ар бирибизге берген белеги. Андыктан кунга карата ушундай көзкарашта болууга үйрөнүшүбүз керек (Жкн. 3:16).

Гал. 5:7—9. Жаман чөйрө «чындыкка баш ийүүгө» тоскоолдук кылат. Андай чөйрөдөн алыс болгонубуз дурус.

Гал. 6:1, 2, 5, «ЖД». «Рухий жактан жетилгендер» бизге түйшүгүбүздү, мисалы, билбестиктен туура эмес иш кылып алганыбызда пайда болгон кыйынчылыктарыбызды көтөрүп кетүүгө жардам бере алышат. Бирок теократиялык иштерге байланыштуу жоопкерчиликтерибизди өзүбүз көтөрүшүбүз керек.

«БАРДЫГЫН МАШАЙАКТЫН БАШЧЫЛЫГЫ АСТЫНДА БИРИКТИРҮҮ»

(Эф. 1:1—6:24)

Эфестиктерге жазган катында Пабыл Ыйсанын жолдоочуларынын ортосундагы биримдикти баса белгилеп, Кудайдын «өз убагы келгенде, асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктире» турганын айтат. Бардыгы ишеним жагынан биримдикте болушу үчүн Машайак «адам түрүндөгү белектерди» берип келет (Эф. 1:10; 4:8, 13, «ЖД»).

Кудайды урматтап, биримдикке өбөлгө түзүү үчүн Ыйсанын жолдоочулары «жаңы адамды кийиши» жана «Кудайдан коркуу менен бири-бирине» баш ийиши зарыл. Ошондой эле «Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийиши» талап (Эф. 4:24; 5:21; 6:11).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Эф. 1:4—7 — Ыйсанын майланган жолдоочулары төрөлгөнгө чейин эле кандайча алдын ала белгиленип коюлган? Бул жерде майлангандардын ар биринин жекече белгиленгени эмес, алардын топ катары алдын ала белгиленгени айтылган. Ал топтун пайда боло турганы күнөөлүү адамзат коому пайда болгонго чейин эле аныкталган. Башталыш 3:15теги пайгамбарлык Обо эненин тун уулу боюна бүтө электе айтылган. Ал пайгамбарлыкта, Кудайдын ой-ниети боюнча, Ыйса Машайак өзүнүн айрым жолдоочулары менен чогуу башкара турганы белгиленген (Гал. 3:16, 29).

Эф. 2:2 — Дүйнөнүн руху кандай мааниде абага салыштырылат жана анын таасири канчалык деңгээлде таралган? «Дүйнөнүн руху» — көзкарандысыздык жана баш ийбестик руху — биз дем алган кадимки аба сыяктуу бардык жерге таралган (1 Кор. 2:12). Дүйнөнүн руху тынымсыз, ар дайым зор күч менен таасир этип келет.

Биз алчу сабактар:

Эф. 4:8, 11—15, «ЖД». Ыйса Машайак жыйналыштарды бекемдеш үчүн Шайтандын дүйнөсүнөн «туткундарды алып кеткен», башкача айтканда, айрым эркектерди «адам түрүндөгү белек» катары тандап алган. Биз жетекчиликти колго алган ошол эркектерге тил алуунун, баш ийүүнүн жана жыйналыштагы тартипке кармануунун аркасында «сүйүү менен... Машайактын деңгээлине бардык жагынан өсүп жетиле» алабыз (Эвр. 13:7, 17).

Эф. 5:22—24, 33. Аял күйөөсүнө баш ийгенден тышкары, аны сыйлашы керек. Ал күйөөсүн сыйлаганын «момун жана жоош рух» чагылдыруу, сүйлөгөн сөзүндө аны урматтаганын көрсөтүү жана анын чечимдеринин ийгиликтүү ишке ашышына өз салымын кошуу менен көрсөтөт (1 Пет. 3:3, 4; Тит 2:3—5).

Эф. 5:25, 28, 29. Күйөө өзүн «азыктандыргандай» эле, жубайына денелик, эмоциялык жана рухий жактан жакшы кам көрүшү керек. Ошондой эле ага жетиштүү убакыт бөлүп, сөзү менен да, жасаган назик мамилеси менен да аны бапестөөгө тийиш.

Эф. 6:10—13. Жин-перилердин таасирине каршы туруу үчүн Кудай берген рухий курал-жарактар менен жабдыкталышыбыз кажет.

«ЭМНЕГЕ ЖЕТКЕН БОЛСОК... ОШОГО ЫЛАЙЫК ЖАШАЙЛЫ»

(Флп. 1:1—4:23)

Элчи Пабылдын филипиликтерге жазган катында башынан аягына чейин сүйүү сапаты баса белгиленет. Пабыл: «Силердин сүйүүңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам»,— деп жазат. Анан ал: «Куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла»,— деген сөздөрү менен аларды өзүнө таянуудан сак болууга чакырат (Флп. 1:9; 2:12).

Пабыл рухий жактан жетилген биртуугандарды Кудайдын «бере турган жогорку сыйлыгына умтулууга» үндөйт. Ошондой эле ал: «Эмнеге жеткен болсок, ошого жараша ой жүгүртүп, ошого ылайык жашайлы»,— деп жазат (Флп. 3:14—16).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Флп. 1:23, «ЖД» — Пабыл кайсы эки нерсени «тандашты билбей турган» жана эмнеден «бошонгусу» келген? Пабыл туш болгон оор жагдай-шарттардан улам же өлүмдү, же өмүрдү тандашы керек эле (Флп. 1:21). Ал эмнени тандай турганын ачык айтпаса да, «Машаяк менен бирге болуш үчүн бошонууну» каалаганын билдирген (Флп. 3:20, 21; 1 Тес. 4:16). Анын бул каалоосу Ыйсанын катышуусунун маалында Кудай тарабынан даярдалып коюлган сыйлыкты алганда аткарылган (Мт. 24:3).

Флп. 2:12, 13, «ЖД» — Кудай кандайча «каалоо пайда кылып, иш-аракет кылууга түрткү берет»? Жахабанын ыйык руху жүрөгүбүз менен акылыбызга таасир этип, кызматта колубуздан келгендин баарын жасоого болгон каалообузду өстүрөт. Демек, биз куткарылууга умтулуп жатып Кудайдын жардамына таянсак болот.

Биз алчу сабактар:

Флп. 2:5—11. Ыйсанын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, момундук алсыздыктын эмес, эрки күчтүүлүктүн белгиси. Анын үстүнө, Жахаба момундардын зоболосун көтөрөт (Накыл 22:4).

Флп. 3:13. «Арттагы» нерселерге кирешелүү жумуш, бай үйбүлөнүн мүчөсү болуу же атүгүл жасаганыбызга кийин өкүнгөн мурунку олуттуу күнөөлөр кириши мүмкүн (1 Кор. 6:11). Биз ал нерселерди унутушубуз, башкача айтканда, алар үчүн тынчсызданбай, «алдыга умтулушубуз» керек.

Флп. 4:14—16. Филипиликтер материалдык жактан жарды болушса да, марттык көрсөтүү жагынан мыкты үлгү калтырышкан (2 Кор. 8:1—6).

«ИШЕНИМИҢЕР БЕКЕМДЕЛСИН»

(Кол. 1:1—4:18)

Колосалыктарга жазган катында Пабыл жалган окутуучулардын туура эмес көзкараштарын ашкерелейт. Ал куткарылуу Мыйзам талаптарын аткаруудан эмес, ишенимде «бекем туруудан» көзкаранды экенин билдирет. Ошондой эле колосалыктарды Машайак менен биримдикте болууга үндөп: «Анын ичинде тамырлагыла, бекемделгиле, ишенимиңер бекемделсин»,— дейт. Бул аларга кандай таасир этиши керек эле? (Кол. 1:23; 2:6, 7).

«Булардын бардыгынын үстүнөн сүйүүнү курчангыла, ал — жеткилеңдиктин куру. Жүрөгүңөрдө Машайактын тынчтыгы бийлик кылсын»,— деп жазат Пабыл. Анан аларга: «Эмне жасасаңар да, бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасагыла»,— деп кайрылат. Ал эми сырттагыларга «акыл-эстүүлүк менен мамиле кылууга» чакырат (Кол. 3:14, 15, 23; 4:5).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Кол. 2:8 — Сак болушубуз керек болгон «дүйнөнүн түшүнүктөрүнө» эмнелер кирет? Аларга Шайтандын дүйнөсү баш ийип, жетектелген негизги түшүнүктөр кирет (1 Жкн. 2:16). Ошондой эле дүйнөнүн философиясы, дүнүйөкордук жана жалган дин да «дүйнөнүн түшүнүктөрү» болуп эсептелет.

Кол. 4:16 — Лаодикеядагыларга жазылган кат эмне үчүн Ыйык Китепке кирген эмес? Балким, ал катта биз үчүн зарыл болгон маалымат камтылган эмес. Же андагы жазылгандар Ыйык Китепке кирген башка каттарда айтылгандарга окшош болгон.

Биз алчу сабактар:

Кол. 1:2, 20. Кудайдын улуу ырайымынын далили болгон куткаруу курмандыгы абийирибизди күнөөдөн тазалап, жандүйнөбүзгө тынчтык берет.

Кол. 2:18, 23. «Жалган момундук» — башкаларды таасирлентүү үчүн материалдык нерселерди четке кагуу же өзүн кыйноо менен көрсөтүлгөн жасалма момундук — адамдын «адамдык акылы менен... текеберденип» жатканын көрсөтөт.