Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Гилат мектебинин 124-классы

Гилат мектебинин 124-классы

Гилат мектебинин 124-классы

Жахабанын каймана чегирткелери менен бирге алгалаган миссионерлер

АР БИР алты ай сайын Күзөт мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө арналган азем өтүп турат. 2008-жылдын 8-мартында Гилат мектебинин 124-классынын бүтүрүү аземи болуп өттү. Ага Кошмо Штаттардагы Бейтелдин үйбүлөсү менен бирге 30дан ашуун өлкөдөн келген коноктор — бардыгы 6411 киши — катышып, бүтүрүүчүлөрдүн кубанычын тең бөлүшүштү.

Аземди программанын төрагасы, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү, Стивен Летт «Жахабанын каймана чегирткелери менен бирге алгалагыла!» деген сөз менен ачты. Ал Аян 9:1—4-аяттарда Жахабага 1919-жылы кайрадан жигердүү кызмат кыла баштаган Ыйсанын майланган жолдоочуларынын чакан тобу күтүүсүз жерден каптап кирген чегирткелерге салыштырыларын айтып өттү. Анан бүтүрүүчүлөрдүн «башка... койлордун» мүчөлөрү катары ошол каймана чегирткелердин үйүрү менен кызматташып жатканын баса белгиледи (Жкн. 10:16).

Андан кийин «Бири-бириңерге жөлөк болгула» деген баяндама менен Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөсү Лон Шиллинг чыкты. Баяндамада Ыйык Китепте жазылган үлгүлүү жубайлар — Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары Акила менен Прискила — жөнүндө айтылды (Рим. 16:3, 4). Мектепти бүтүрүп жаткан 28 түгөйгө миссионердик кызматта ийгиликке жетүү үчүн, үйбүлө түйүнүн бекем бойдон сактоо кеңеш кылынды. Ыйык Китепте Акила жубайы Прискила менен ар дайым чогуу жүргөнү айтылган. Андыктан элчи Пабыл да, жыйналыштагылары да аларды биргелешип иш кылган, ынтымактуу үйбүлө катары билишкен. Ошол сыяктуу эле, бүгүн миссионер болуп кызмат кылган түгөйлөр биргелешип иш кылууга, Кудайга бирге сыйынууга, дайындоолорунда кездеше турган кыйынчылыктарын бирге көтөрүүгө, бири-бирине жөлөк-таяк болууга тийиш (Башт. 2:18).

«Жахабанын жакшылыкчылдыгын баалаарыбызды көрсөтөлү» деп аталган кийинки баяндаманы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Гай Пирс сүйлөдү. Ал жакшылык кылуу жамандык кылбоодон да көптү билдирерин ачып берди. Ошондой эле жакшылыкчыл киши башкаларга жакшылык кыларын жана жакшылык кылуу жагынан Жахаба Кудайга эч ким тең келе албаарын айтты. Кудайдын кылган жакшылыктары жана көрсөткөн сүйүүсү жакшылык кылууга түрткү берген зор күч болорун белгиледи. Сөзүнүн соңунда Пирс биртууган бүтүрүүчүлөрдү мактап: «Силер буга чейин башкаларга жакшылык кылып келгенсиңер. Жахабанын жакшылыкчылдыгын баалап, каякка дайындалсаңар да, башкаларга жакшылык кыла берериңерге шектенбейбиз»,— деди.

Андан кийин мурда миссионер болуп кызмат кылган, азыр Гилат мектебинде сабак берген Майкл Бернет «Аны маңдайыңа байлап ал» деген баяндама айтты. Байыркы убакта ысрайылдыктар Жахабанын аларды Мисирден керемет жолу менен алып чыкканын маңдайына байлаган сыяктуу ар дайым эстеп жүрүшү керек эле (Чыг. 13:16). Ошо сыңары, миссионерлер Гилат мектебинен алган билимин ар дайым эстеп жүрүү үчүн, аны «маңдайына байлап алууга» үндөлүштү. Бернет биртууган аларды момун, жөнөкөй болууга, ошондой эле миссионерлер же башкалар менен келишпестиктер пайда болгондо ыйык китептик принциптерди колдонууга чакырды (Мт. 5:23, 24).

Гилат мектебинде көп жылдан бери сабак берип жүргөн Марк Нумар «Сен жөнүндө кандай ыр ырдалат?» деген сөз сүйлөдү. Байыркы убакта, адатта, жеңиштер ыр менен коштолчу. Мисалы, ошондой ырлардын биринде Рубейин, Дан жана Ашыр уруулары өзүмчүлдүгү үчүн ашкереленип, ал эми Забулун уруусу жанаябастык руху үчүн даңазаланган (Башк. 5:16—18). Ырдын маңызы андагы сөздөрдөн айкын болгондой эле, Ыйсанын жолдоочусунун иши баарына маалым болот. Анын Кудайдын ишине жигердүүлүк менен катышканы, теократиялык тартипке бекем карманганы Жахабага даңк алып келип, биртуугандарына жакшы үлгү боло алат. Жыйналыштагылар биз тууралуу каймана мааниде жакшы ыр укса, бизди тууроого түрткү алышат.

Окуу программасынын бөлүгүнө кирген кабар айтуу ишине 124-класс жалпы жонунан 3 000дей саат жумшаган. Теократиялык мектептер бөлүмүндө кызмат кылган Сэм Роберсондун «Ыйык рухка жетектелгиле» деген баяндамасында бүтүрүүчүлөр кабарда болгон кызыктуу окуяларды айтып, алардын айрымдарын инсценировка түрүндө көрсөтүштү. Андан соң Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөсү Патрик Лафранка ар кайсы өлкөлөрдө кызмат кылып жаткан миссионерлер менен маек курду. Бүтүрүүчүлөр алардын берген жакшы кеңештеринен чоң пайда алышты.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис «Көзгө көрүнгөн нерселер убактылуу экенин унутпагыла» деген соңку сөз сүйлөдү. Ыйык Жазма бизди убактылуу кыйынчылыктарга эмес, Жахабанын келечекте бере турган баталарына көңүл топтоого чакырат (2 Кор. 4:16—18). Бүгүнкү күндө жакырчылыкты, адилетсиздикти, кысымчылыкты, оору-сыркоону жана өлүмдү бардык жерден көрүүгө болот. Миссионерлер да ошондой кыйынчылыктардын айрымдарына туш болушу мүмкүн. Бирок булардын баары убактылуу экенин эстен чыгарбоо рухий жактан тең салмактуу бойдон калууга жана үмүт үзбөөгө жардам берет.

Программа Летт биртуугандын сахнада угуп отурган бүтүрүүчүлөргө айткан насааттары менен аяктады. Аларды кыйынчылыктарга багынбоого үндөп: «Эгер Жахаба менен болсок, актыгыбыздан эч нерсе тайдыра албайт»,— деди. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү артка чегинбеген чегирткелердей болуп, Жахабага чечкиндүү кызмат кылууга, түбөлүккө ынталуу, ишенимдүү жана тил алчаак бойдон калууга чакырды.

[30-беттеги кутуча]

КЛАСС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Студенттер келген өлкөлөрдүн саны: 7

Бүтүрүүчүлөр дайындалган өлкөлөрдүн саны: 16

Студенттердин саны: 56

Орточо жашы: 33,8

Чындыкта жүргөн жылдарынын орточо саны: 18,2

Толук убакыттагы кызмат жылдарынын орточо саны: 13,8

[31-беттеги сүрөт]

Күзөт мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 124-классы

[31-беттеги сүрөт]

Тизмеде катарлар төмөндөн өйдө номурланган, ал эми ысымдар солдон оңго саналат.

[31-беттеги сүрөт]

1) Николсон Т., Майн Х., Сенгэ Й., Снейп Л., Ванегас К., По Л. 2) Сантана С., О К., Леметр К., Уильямс Н., Александер Л. 3) Вудс Б., Стейнтон Л., Хантли Э., Альварес Г., Крус Ж., Беннетт Ж. 4) Уильямсон А., Гонсалес Н., Зуроски Ж., Деханд И., Мей Ж., Диемми Ч., Тавенер Л. 5) Леметр У., Харрис А., Уэллс С., Рожерс С., Дюррант М., Сенгэ Ж. 6) Хантли Т., Ванегас А., По А., Сантана М., Беннетт В., Тавенер Д., О М. 7) Зуроски М., Рожерс Г., Диемми Д., Николсон Л., Альварес К., Снейп Ж. 8) Харрис М., Гонсалес П., Майн Ш., Вудс С., Стейнтон Б., Уильямсон Д., Дюррант Ж. 9) Крус П., Деханд Б., Уильямс Д., Уэллс С., Александер Д., Мей М.

[32-беттеги сүрөт]

Гилат мектеби Күзөт Мунарасы Коомунун билим берүү борборунда жайгашкан