Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Дүйнөнүн рухуна» каршы тургула

«Дүйнөнүн рухуна» каршы тургула

«Дүйнөнүн рухуна» каршы тургула

«Биз дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдан келген рухту алдык» (1 КОР. 2:12).

1, 2. а) Британиядагы шахталарда канар таранчысы кандай максатта колдонулчу? б) Исанын жолдоочулары кандай коркунучка кабылып келет?

УЛУУ БРИТАНИЯДА 1911-жылы шахтёрлорду коргоо мыйзамы чыгарылган. Ал мыйзамга ылайык, ар бир көмүр шахтасында эки канар таранчысы болушу керек эле. Кандай максатта? Эгер шахтада өрт чыкса, жердин астына кирген куткаруучулар ошол таранчыларды ала киришмек. Ал томуктай кичинекей таранчылар көмүртек оксиди — ис газы — сыяктуу уулуу газдарды сезгич келет. Аба ууланган болсо, алар тынчсызданып-тырпырай баштайт, атүгүл конуп отурган жеринен кулап түшөт. Өмүргө коркунуч туулганын дароо байкоо, чынында эле, маанилүү экени шексиз. Анткени ис — өңсүз, жытсыз газ. Андан кандын кызыл клеткалары жабыр тартып, денеге кычкылтек жеткирилбей калгандыктан, адам өлүмгө дуушар болот. Ошондуктан коркунучтун бар экенин көрсөткөн эч кандай белги берилбесе, шахтёрлор да, куткаруучулар да эс-учунан танып, эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн бойдон набыт болмок.

2 Бүгүнкү күнү Исанын жолдоочуларынын жагдайын шахтёрлор кабылган жагдайга салыштырууга болот. Кандайча? Иса шакирттерине жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча жарыялоо тапшырмасын бергенде, аларды Шайтан менен дүйнөнүн руху үстөмдүк кылган кооптуу чөйрөгө жиберип жатканын билген (Мт. 10:16; 1 Жкн. 5:19). Ошондуктан ал шакирттери үчүн тынчсызданып, өлөр алдындагы түнү Атасына: «Аларды дүйнөдөн алып кетишиңди эмес, Карөзгөйдөн коргошуңду өтүнөм»,— деп тиленген (Жкн. 17:15).

3, 4. Иса шакирттерине кандай эскертүү берген жана ал эскертүү биз үчүн кандай мааниге ээ?

3 Иса шакирттерине айланасындагы таасирден сактанбоо рухий өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин эскерткен. Анын айткандары дүйнөнүн акырында жашап жаткан биз үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Ал шакирттерин «алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн жана адам Уулунун алдында туруш үчүн, дайыма жалындуу тиленип, сергек болууга» үндөгөн (Лк. 21:34—36). Бактыга жараша, Иса Атасынын ыйык рух берерин убадалаган. Ал рух шакирттерине керектүү ойлорду эстетип, сергек болууга жана ишенимде бекем турууга жардам бермек (Жкн. 14:26).

4 Ыйык рух азыр да берилеби? Ал бизге да жардам береби? Ал бүгүнкү күндө да берилсе, аны алуу үчүн эмне кылуу талап? Дүйнөнүн руху деген эмне жана ал кандайча таасир этет? Дүйнөнүн рухуна алдырбоо үчүн эмне кылышыбыз керек? (Оку: 1 Корунттуктар 2:12).

Ыйык рух жана дүйнөнүн руху

5, 6. Ыйык рух бизге кандайча жардам берет жана аны алыш үчүн эмне кылуу керек?

5 Ыйык рух биринчи кылымдан кийин да берилип келген. Аны бүгүн да алууга болот. Ал рух бизге кызматыбызды аткарууга жана өзүбүздү туура алып жүрүүгө зарыл күч-кубат берет (Рим. 12:11; Флп. 4:13). Ошондой эле рухтун жардамы менен анын жемишине кирген сүйүү, боорукердик, жакшылык кылуучулук сыяктуу жакшы сапаттарды өрчүтүүгө болот (Гал. 5:22, 23). Бирок Жахаба ыйык рух алгысы келбегендерге аны зордоп бере бербейт.

6 Бирок сенин ыйык рух алгың келеттир. Анда ыйык рух алыш үчүн эмне кылышың керек? Ан үчүн эмне кылуу талап кылынары Ыйык Китепте айкын айтылат. Биринчиден, рухту Кудайдын өзүнөн суроо зарыл (Оку: Лука 11:13). Экинчиден, рухтун жетеги менен жазылган Кудай Сөзүн изилдеп, андагы кеңештерди колдонуу керек (2 Тим. 3:16). Албетте, Ыйык Китепти жөн эле окугандарга Кудайдын руху бериле бербейт. Андыктан Исанын жолдоочусу Ыйык Китепти изилдегенде андагы ой-сезимдерди жана көзкараштарды өздөштүрүүгө аракет кылат. Ошондой эле Исаны Жахаба тарабынан дайындалган өкүл катары кабыл алып, ыйык рухтун Иса аркылуу гана берилерин түшүнөт (Кол. 2:6). Ошондо анын Исадан үлгү алууга, анын окуткандарына ылайык жашоого болгон каалоосу өсөт (1 Пет. 2:21). Адам Исага окшошууга канчалык умтулса, ыйык рухту ошончолук көп алат.

7. Дүйнөнүн руху кандай жолдор менен таасир этет?

7 Ал эми дүйнөнүн руху, тескерисинче, Шайтандын сапаттарын чагылдырууга түртөт (Оку: Эфестиктер 2:1—3). Ал рух бир катар жолдор менен таасир этет. Айланабыздагы адамдардын жашоосу көрсөтүп тургандай, ал Кудайдын мыйзамдарына каршы чыгууга үндөйт. Ошондой эле «дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселери менен мактанууга» түртөт (1 Жкн. 2:16). Андан сырткары, күнөөкөр дененин бузуктук, бурканга табынуучулук, спиритизм, көралбастык, ачууга алдыруу, аракечтик сыяктуу иштерин пайда кылат (Гал. 5:19—21). Чындыктан четтегендердин ыйык нерселерди арамдай турган сөздөрүнүн таралышына да алып келет (2 Тим. 2:14—18). Адам дүйнөнүн рухунун таасирине канчалык алдырса, Шайтанга мүнөздүү сапаттарды ошончолук чагылдыра баштайт.

8. Ар бирибиз эмнени өзүбүз чечебиз?

8 Дүйнөнүн рухуна кабылбаган адам жок. Бирок ага таасир этүүгө жол беребизби же Кудайдын ыйык рухуна таасир этүүгө жол беребизби, өзүбүздөн көзкаранды. Андыктан дүйнөнүн рухуна жетектелген кишилер ал рухтан бошонуп, ыйык рухка жетектеле алышат. Бирок тескерисинче да болуп калышы ыктымал. Башкача айтканда, ыйык рухка жетектелип жүргөндөр дүйнөнүн рухунун таасирине алдыра башташы мүмкүн (Флп. 3:18, 19). Андыктан, келгиле, дүйнөнүн рухуна канткенде каршы турууга болорун карап көрөлү.

Алгачкы белгилерге көңүл бур

9—11. Дүйнөнүн рухунун таасирине алдырып жатканыбыздын белгилери кайсылар?

9 Жогоруда сөз кылынган британиялык шахтёрлор менен куткаруучулар канар таранчысын абага уулуу газдын тарай баштаганын билүү максатында колдонушкан. Эгер шахтёр таранчынын кулап калганын көрсө, өмүрүн сактап калуу үчүн дароо иш-аракет кылуу керек экенин билген. Биз да дүйнөнүн рухунун таасирине алдыра баштаганыбыздын алгачкы белгилерин эмнеден улам билсек болот?

10 Кудай Сөзүндө камтылган чындыктар тууралуу билим алып, Жахабага жаңыдан арналганыбызда Ыйык Китепти, балким, тырышчаактык менен окучубуз. Жахабага бат-баттан кайрылып, жалындуу тиленчүбүз. Ошондой эле жыйналышты рухий жактан сергиткен жай катары карап, ар бирине калтырбай катышуудан кубаныч алчубуз. Натыйжада дүйнөнүн рухунан бошонуп, анын таасирине алдырбай жашай баштаганбыз.

11 Биз азыр деле Ыйык Китепти күнүгө окуганга аракет кылабызбы? (Заб. 1:2). Кудайга бат-баттан кайрылып, чын жүрөктөн тиленебизби? Жыйналышты жакшы көрүп, алардын баарына жума сайын катышабызбы? (Заб. 83:11). Же ушул жакшы адаттарыбыздын айрымдарын таштап койдукпу? Ооба, рухийлигибизге өз убагында кам көрүүгө убактыбыз менен күчүбүздү алган ар кандай милдеттер тоскоолдук кылышы мүмкүн. Бирок ага чынында дүйнөнүн рухунун таасирине алдырганыбыз себеп болуп жаткан жокпу? Себеби кандай болбосун, кайрадан ошол жакшы адаттарыбызга ээ болууга бардык аракетибизди жумшайбызбы?

«Жүрөгүңөрдү... ээлеп албасын»

12. Исанын айтымында, биз кимге сак болушубуз керек жана эмне үчүн?

12 Дүйнөнүн рухуна каршы туруу үчүн дагы эмне кылышыбыз керек? Иса: «Сергек болгула»,— деп айтуу менен айрым нерселерден сак болушубуз керектигин эскерткен. «Өзүңөргө сак болгула,— деген ал,— жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын» (Лк. 21:34, 35).

13, 14. Ичип-жегенге байланыштуу кандай суроолор жөнүндө ойлонуп көрсөк болот?

13 Исанын ушул эскертүүсү тууралуу ойлонуп көрөлү. Ал ичкилик ичкенди же тамак-аш жегенди туура эмес деди беле? Жок. Иса Сулаймандын: «Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүм. Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул — Кудайдын белеги»,— деп айткандарын жакшы билген (Нас. 3:12, 13). Бирок Иса дүйнөнүн рухунун ушул жактардан аша чабууга түртөрүн да билген.

14 Тамактануу же ичимдик ичүү жагын алганда, биз акылыбыздын дүйнөнүн руху менен ууланып калган-калбаганын кантип текшере алабыз? Ан үчүн: «Ыйык Китептеги же биздин адабияттардагы сугалактыкка байланыштуу айтылган кеңештерге кандай карайм? Өзүмдү өзүм актап, ал кеңештердин мага эч кандай тиешеси жок деп ойлоймбу? * Ичкиликти ченеми менен ичүүгө жана аракечтиктен сактанууга байланыштуу кеңештерди кандай кабыл алам? Кайсы бир себептерди келтирип, бул кеңештердин мага тиешеси жок деген ой менен, көңүл кош карап коёмбу? Башкалар менин ичкилик ичүүмө байланыштуу тынчсызданууларын билдиришсе, актанып киремби, атүгүл ачууланамбы? Башкалардын Ыйык Китептеги ичкиликке байланыштуу кеңештерди бузушуна себепкер болбоймбу?» — деп ойлонуп көрөттүрбүз. Ооба, адамдын дүйнөнүн рухуна алдырып жаткан-жатпаганын анын маанайынан билүүгө болот (Салыштыр: Римдиктер 13:11—14).

Ашыкча тынчсыздануудан кач

15. Иса эмнеден сак болууга чакырган?

15 Дүйнөнүн рухун четке кагуунун дагы бир жолу — тынчсызданууга алдырбоо. Иса жеткилеңсиз адамдардын күнүмдүк иштерге тынчсызданууга жакын келерин билген. Ошондуктан шакирттерине: «Тынчсызданбагыла»,— деген (Мт. 6:25). Албетте, Кудайга жагуу, жыйналыштагы милдеттерибизди аткаруу жана үйбүлөбүздү камсыз кылуу сыяктуу маанилүү нерселерге тынчсыздануу туура (1 Кор. 7:32—34). Анда Иса «тынчсызданбагыла» дегенде эмнени айткысы келген?

16. Дүйнөнүн руху көптөргө кандайча таасир этүүдө?

16 Дүйнөнүн руху адамдарды колундагы мүлкү менен мактанууга үндөп, көптөрдү ашыкча тынчсызданууга, атаандашууга түртүүдө. Дүйнө бизди коопсуздук акчанын көптүгүнөн көзкаранды жана адамдын адам экени рухий сапаттары менен эмес, колунда болгон нерселери менен бааланат деп ишендирет. Ушул жалган ойго алдангандар, байлыкка жетүү үчүн, кулдай болуп иштешет. Ошондой эле буюм-тайымдын улам жаңысына, улам чоңуна, ары заманбабына жетүүнү көздөшөт (Накыл 18:11). Мындай бурмаланган көзкараш ашыкча тынчсызданууларды пайда кылып, рухий жактан өсүүгө тоскоолдук кылат (Оку: Матай 13:18, 22).

17. Тынчсыздануулардан канткенде оолак болобуз?

17 Биз Исанын: «Биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле»,— деген буйругуна кулак каксак, ар кандай тынчсыздануулардан оолак болобуз. Иса, эгер ошентсек, чынында эле керектүү нерселер менен камсыз болорубузду убадалаган (Мт. 6:33). Бул убадага ишенерибизди кантип көрсөтөбүз? Кудайдын адилдигин издөөнүн бир жолу — акча маселесинде Кудайдын талаптарына ылайык иш кылуу. Алсак, биз салык төлөөдө алдабайбыз, бизнес жүргүзүүдөгү майда-барат иштерде да чынчыл болобуз. Карыздарыбызды төлөөгө, каржылык милдеттерибизди аткарууга да, «ооба» дегенибизге ылайык, олуттуу мамиле кылабыз (Мт. 5:37; Заб. 36:21). Албетте, чынчыл болуу менен байып деле кетпешибиз мүмкүн, бирок Кудайдын жактыруусуна ээ болобуз. Ошондой эле абийирибиз таза болуп, көптөгөн тынчсыздануулардан арылабыз.

18. Иса кандай үлгү калтырган жана андан үлгү алуу менен биз кандай пайда алабыз?

18 Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издөө деген жашообузда башкы орунда эмне турушу керектигин түшүнүүнү билдирет. Исанын үлгүсүн карап көрөлү. Айрым учурларда ал жакшы сапаттагы кийимдерди кийчү (Жкн. 19:23). Кээде жакын достору менен даамдуу тамак жеп, шарап ичип көңүл аччу (Мт. 11:18, 19). Бирок мүлк топтоо жана көңүл ачуу анын жашоосунда негизги орунду ээлеген эмес. Анын «тамагы» Жахабанын эркин аткаруу болгон (Жкн. 4:34—36). Биз да Исадан үлгү алсак, жашообуз абдан маңыздуу болот. Көңүлү чөккөн адамдарды Ыйык Китептин негизинде жубатуу менен кубанычыбызды арттырабыз. Жыйналыштагылар да бизге сүйүү көрсөтүп, жөлөк-таяк болушат. Ошондой эле Жахаба кубанат. Биринчи орунга Кудайдын ишин койсок, оокат-дүнүйө жана көңүл ачуу бизге «кожоюндук» кылбайт. Тескерисинче, Жахабага сыйынууда керектелүүчү каражат катары кызмат кылып, күч топтоого мүмкүнчүлүк берет. Биз Кудайдын Падышалыгынын кызыкчылыктарына байланыштуу ишке канчалык жигердүү катышсак, дүйнөнүн рухунун таасиринен ошончолук алыс болобуз.

«Рухий нерселер» жөнүндө ой жүгүрт

19—21. «Рухий нерселер» жөнүндө ой жүгүртүүгө эмне жардам берет жана ошентүү эмне үчүн маанилүү?

19 Иш-аракет жасаардан мурун ой туулат. Туура эмес иш кылууга көбүнчө күнөөкөр табиятка мүнөздүү ой жүгүртүү себеп болот. Ошондуктан элчи Пабыл ой жүгүртүүбүздү таза сактоонун зарылдыгын баса белгилеген. Ал: «Дененин каалоосу боюнча жашагандар денелик нерселерди, ал эми рухтун каалоосу боюнча жашагандар рухий нерселерди ойлошот»,— деп жазган (Рим. 8:5).

20 Ой жүгүртүүбүздү, демек, иш-аракеттерибизди дүйнөнүн рухунун таасиринен канткенде коргой алабыз? Ой жүгүртүүбүзгө «чыпка» коюу менен акылыбызды колубуздан келишинче таза сактайбыз. Мисалы, телеберүүлөрдү тандай билип, адеп-ахлаксыздык менен зордук-зомбулукту даңазалагандарын көрүүдөн качабыз. Биз булганган аң-сезимге Кудайдын ыйык, таза руху таасир этпесин билебиз (Заб. 10:5; 2 Кор. 6:15—18). Ал рух ар дайым Ыйык Китепти окусак, тиленсек, ой жүгүртсөк жана жыйналыш жолугушууларына катышсак гана акылыбызга таасир этет. Ошондой эле кабар айтуу кызматына дайыма катышуу менен ыйык рухтун бизди жетектешине жол ачабыз.

21 Ооба, биз дүйнөнүн рухуна жана анын таасири астында пайда болгон күнөөкөр табиятка мүнөздүү каалоолорго каршы турушубуз керек. Ага каршы туруу үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз зарыл. Анткени, Пабыл айткандай, «денелик нерселерди ойлоо өлүмгө, рухий нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтыкка алып барат» (Рим. 8:6).

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Сугалак кишини маанайынан билүүгө болот. Андай киши тамакка ачкөз келип, өзүн тыя албайт. Демек, сугалактык кишинин көлөмүнөн эмес, анын тамакка болгон ачкөздүгүнөн байкалат. Анткени киши сыртынан караганда олбурлуу болбошу деле мүмкүн, атүгүл арык болушу ыктымал. Бирок ошол эле учурда сугалак келиши мүмкүн. Анын үстүнө, айрым учурларда өтө эле семирип кетүүгө кандайдыр бир оору себеп болот. Кээде толуктук тукум кууйт. Салмагы кандай болбосун, кишинин сугалак же сугалак эместиги анын тамакка болгон ачкөздүгүнөн билинет (Кара: «Күзөт мунарасы», 2004-жыл, 1-ноябрь, «Окурмандардын суроолору», ор.).

Эсиңердеби?

Ыйык рух алыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Дүйнөнүн руху кандай жолдор менен таасир этет?

Дүйнөнүн рухуна канткенде каршы тура алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Жумушка же мектепке кетер алдында ыйык рух сурап тилен

[23-беттеги сүрөт]

Акылды таза сактоо, жумушта чынчыл болуу жана ичип-жегенде теңсалмактуу болуу абзел