Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исадан үлгү алып, Кудайга жаккыдай сыйын

Исадан үлгү алып, Кудайга жаккыдай сыйын

Исадан үлгү алып, Кудайга жаккыдай сыйын

Кудай адамдарды «ар бир улуттан, уруудан, элден, тилден» Өзүнө сыйынууга мээримдүүлүк менен чакырып жатат (Аян 7:9, 10; 15:3, 4). Бул чакырыкты кабыл алгандар «Теңирдин сулуулугун көрө» алышат (Заб. 26:4; 89:17). Алар, забурчудай болуп: «Келгиле, Жаратуучубузга — Теңирибизге табыналы, таазим кылалы, Анын алдында тизе бүгөлү» — деп, үндөрүн бийик чыгарып, Кудайды даңкташууда (Заб. 94:6).

Жахаба жогору баалаган сыйынуу

Кудайдын тун уулу Исада Атасынын ой жүгүртүүсүн, жол-жоболорун, талаптарын өздөштүрүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болгон. Ошондуктан ал Кудайга сыйынуунун туура жолун ишенимдүү түрдө көрсөтө алган. Ал: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жкн. 1:14; 14:6).

Иса Атасына момундук менен баш ийүүнүн жеткилең үлгүсүн калтырган. Ал: «[Менин] өз алдымча эч нерсе жасабай турганымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөөрүмдү билесиңер... мен ар дайым ага жакканды жасайм»,— деп айткан (Жкн. 8:28, 29). Иса Атасына эмне үчүн жаккан?

Биринчиден, ал Атасына толук берилген. Кудайга сыйынуу деген, мына, ушуну талап кылат. Иса Кудайга болгон берилгендигин сактап, канчалык кыйынга турса да, ага баш ийип, анын эркин аткарган (Флп. 2:7, 8). Шакирт даярдоо ишине үзгүлтүксүз катышуу анын сыйынуусунун маанилүү бөлүгү болгон. Андыктан ага ишенгендер да, ишенбегендер да аны Устат деп аташкан (Мт. 22:23, 24; Жкн. 3:2). Андан тышкары, башкаларга жардам берүү үчүн, ал убактысын да, күчүн да аяган эмес. Ал керт башынын жыргалчылыгын ойлобогондуктан, өзүнө аз убакыт бөлүп, башкаларга кызмат кылуудан зор кубаныч алган (Мт. 14:13, 14; 20:28). Ошондой эле убактысы тар болгонуна карабай, асмандагы Атасы менен тиленүү аркылуу сүйлөшүүгө ар дайым убакыт тапкан (Лк. 6:12). Ошондуктан Исанын сыйынуусу Кудай алдында абдан баалуу болгон.

Кудайга жагууга умтул

Жахаба Уулунун жогоруда айтылган жүрүм-турумун көргөн, ошондуктан ага ыраазы экенин билдирген (Мт. 17:5). Ошол эле учурда Шайтан да Исанын Кудайга болгон берилгендигин байкаган. Андыктан Шайтан биринчи кезекте Исаны азгырууга аракеттенген. Эмне үчүн? Анткени Исага чейин эч бир адам Кудайга жеткилең түрдө тил алып, ага бардык жагынан жаккыдай сыйынган эмес. Ооба, Жахаба толук берилгендикте сыйынууга татыктуу. Ал эми Шайтан Исанын Кудайга болгон ошондой сыйынуусун токтоткусу келген (Аян 4:11).

Исаны түз жолдон буруш үчүн, Шайтан аны азгырган. Ал Исаны «абдан бийик тоого алып чыгып, дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын көрсөтүп», мындай деген: «Эгер алдыма жыгылып, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем». Ошондо Иса эмне деди эле? «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын жана ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деген (Мт. 4:8—10). Ооба, Иса Шайтандын алдында тизе бүгүү кандай гана пайда алып келгидей көрүнбөсүн, жалган кудайга сыйынууга жатарын жакшы түшүнгөн. Ошол себептүү Жахабадан башка бирөөгө, «бир эле жолу» болсо да, сыйынууну каалаган эмес.

Бүгүнкү күндө Шайтан, өзүнө сыйындырыш үчүн, бизге дүйнөдөгү бардык падышалыктарды, алардын даңкын сунуш кылбайттыр. Бирок ал азыр да Кудайдын чын ниеттүү кызматчыларынын сыйынуусун токтотууну көздөп, Кудайдан башка бирөөгө же бир нерсеге сыйынышыбызды каалайт (2 Кор. 4:4).

Иса Машаяк өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болгон. Актыгын сактоо менен ал Жахабаны даңктаган. Бул жагынан ага бир да киши тең келе алган эмес. Жаратканыбызга сыйынууну баарынан жогору коюу менен биз да, Исадай болуп, ишенимдүүлүгүбүздү сактап жашоого умтулабыз. Анткени биз үчүн Кудай менен болгон мамилебиз баарынан маанилүү.

Кудайга жаккыдай сыйынуунун баталары

Кудайдын көз алдында «арам деп эсептелбеген таза сыйынуу» көптөгөн баталарды алып келет (Жкп. 1:27). Биз азыр адамдардын көпчүлүгү «өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, кекирейген... жакшылыкты билбеген» учурда жашап жатабыз (2 Тим. 3:1—5). Бирок Кудайдын кызматчыларынын арасынан Анын талаптарына ылайык жашоого умтулган, адеп-ахлактык жактан таза досторду таба алабыз. Муну бата деп айтышка болбойбу?

Бул дүйнөдөн өзүбүздү таза сактоо менен дагы бир батага — таза абийирге — ээ болобуз. Биз Кудайдын адил принциптерине ылайык жашоо менен жана өкмөттүн Кудайдын мыйзамына каршы келбеген мыйзамдарына баш ийүү менен абийирибизди таза сактоону каалайбыз (Мр. 12:17; Элч. 5:27—29).

Кудайга жаккыдай сыйынуунун аркасында биз дагы башка баталарга ээ болобуз. Мисалы, Кудайдын эркин аткарууну биринчи орунга койсок, жашоодон канааттануу алып, маңыздуу жашоо өткөрөбүз. Биз «ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз» деген ой менен жашабайбыз, тескерисинче, жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүп жашайбыз (1 Кор. 15:32).

Аян китебинде Жахабанын алдында тазалыгын сактагандар «улуу алааматтан чыга» турган убак жөнүндө айтылган. Аянда «тактыда Отурган алардын үстүнө чатырын жаяры» баяндалат (Аян 7:13—15). Ал тактыда отурган Ааламда теңдеши жок Жахаба Кудай экени шексиз. Ал сени өзүнүн «чатырына» кабыл алып, эч кандай зыян тартпашың үчүн, коргоого алганда кандай гана кубанычка ээ болоруңду ойлоп көрчү. Бирок кандайдыр бир деңгээлде анын азыр деле бизди коргоп жана кам көрүп жатканын сезип жатабыз.

Андан сырткары, Аян китебинде Кудайга жаккыдай сыйынгандар «өмүр суусунун башаттарына алып» барылары айтылат. Ал башаттар Жахабанын алардын түбөлүк өмүр алышы үчүн караштырган чараларынын баарын билдирет. Машаяктын кунунун негизинде «Кудай алардын көздөрүндөгү бардык жашты аарчыйт» (Аян 7:17). Жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөндөр жеткилеңдикке жеткенде, сөз менен айтып бүткүс кубанычка ээ болушат. Атүгүл азыртадан эле Кудайдын бактылуу кызматчылары Жахабага чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришүүдө. Алар асмандагылар менен бирге кубанып, мындай деп ырдашууда: «Кудуреттүү Жахаба Кудай, сенин иштериң улуу жана кереметтүү. Түбөлүктүктүн Падышасы, сенин жолдоруң адил жана туура. Сенден ким коркпойт жана ысмыңды ким даңктабайт, Жахаба? Анткени берилгендикти бир гана сен сактайсың! Бардык элдер келип, сенин алдыңда сыйынышат, себеби буйруктарыңдын адил экени айкын болду» (Аян 15:3, 4).

[27-беттеги сүрөт]

Шайтан өзүнө сыйындыруу үчүн эмнелерди сунуш кылат?