Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Базар аянттарында кабар айтуу

Базар аянттарында кабар айтуу

Базар аянттарында кабар айтуу

ЭЛЧИ Пабыл биринчи кылымда Иса Машаяк жөнүндө жакшы кабар айтуу үчүн Афиндин базар аятына күнүгө барчу (Элч. 17:17). Себеби афиндиктер көпчүлүк убактысын базар аянтында өткөрүшчү.

Андан дээрлик 2 000 жылдай өтсө да, Жахабанын эли дагы деле базар аянттарында Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтып келишет. Эмне үчүн? Анткени элдин көбүн ошол жерден табууга болот. Бүгүн базар аянттарына соода борборлору кириши мүмкүн. Айрым Күбөлөр базардын же соода борборунун ээсинен уруксат алып, ыйык китептик адабияттарды таратуу үчүн аларды үстөлдөргө жайып же тактачаларга тизип коюшат.

Маселен, Күбөлөр Нью-Жерсидеги (АКШ) соода борборлорунун биринде «Үйбүлөлүк бакыттын сыры эмнеде?» деген темага байланыштуу адабияттарды тактачаларга тизип, көрүнүктүү жерге коюшкан. Анын натыйжасы кандай болгон? Бир эле күндө алты тилде 153 китеп таратылган.

Бир аял адабияттар турган жерге барып, Күбөнүн айткандарын кунт коюп уккан. Ал жашоодо жана үйбүлөдө Кудайдын эркин эске алуу керектигине кошуларын айткан. Анан «Улуу Окутуучудан үйрөн», «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» жана «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» деген китептерди алган.

Ошол эле күнү түштөн кийин соода борборуна кирип бараткан бир киши адабияттарды көрүп токтоп, «Жаштардын суроолору» деген китепке кызыгып калат. Тактанын жанында турган ишенимдешибиз аны байкап: «Сизди ушул китеп кызыктырып жатабы?» — деп сурайт. Ал башын ийкейт да, колун сунуп китепти алгыча, ишенимдешибиз аны алып берет. Анан сөздөн сөз чыгып, үч баласы менен сүйлөшүүгө жумасына бир жолу атайын убакыт бөлөрүн айтат. Алардын экөө өспүрүм экен. Китепти карап жатып, анда үйбүлө менен талкуулай турган жакшы кеңештер бар экенин байкайт. Жарчы ага «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китепти да көрсөтүп, андан жубайы экөө чечим чыгарууда пайдалуу кеңештерди таба аларын айтат. Ал киши китептер үчүн ыраазычылыгын билдирип, ыктыярдуу тартуу кылат да, Күбөлөр барып турушу үчүн дарегин калтырып кетет.

Күбөлөр өздөрү ошол күнү кызматтан кандай кубаныч алышкан? Бир ишенимдеш эже: «Кызматтын ушундай түрү аябай сонун экен, мага абдан жакты!» — деген. Ал эми башка эже мындай деген: «Жахаба жакшы кабардын жердин учу-кыйырына чейин таратыларын айткан. Бүгүн Парамуста, Нью-Жерсиде, жакшы кабарды ар башка тилде сүйлөгөн кишилер угуп жатышат. Соода борборунда кабар айтуу мага да жакты. Баарыбыз кубаныч алдык. Күндүн кантип өтүп кеткенин да билбей калыптырбыз».

Сен да кабар айтуунун ар кандай жолдорун издейсиңби? Албетте, үймө-үй кыдырып кабар айтуу башкаларга жакшы кабарды жеткирүүнүн негизги ыкмасы (Элч. 20:20). Анткен менен соода борборлорунда же базар аянттарында кабар айтууну максат кылууга эмне үчүн болбосун?