Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Элчи Пабыл эврейлерге жазган катында «башкалардын үстүнө кол коюу» жөнүндө кеп кылган. Ал аны эмнеге байланыштуу айткан: аксакалдарды дайындоогобу же башка нерсегеби? (Эвр. 6:2).

Буга бир тараптуу жооп берүүгө негиз жок. Бирок Пабыл бул сөздөрдү рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөргө байланыштуу айтса керек.

Негизинен, «башкалардын үстүнө кол коюу» деген сөздөр Ыйык Китепте теократиялык дайындоолорго байланыштуу айтылат. Мисал үчүн, Муса Жашыяны жол башчы кылып дайындаганда «ага колун койгон» (Мыйз. 34:9). Биринчи кылымдагы жыйналыштарда жөндөмдүү эркектер да үстүнө кол коюлуу менен дайындалышчу (Элч. 6:6; 1 Тим. 4:14). Ошон үчүн Пабыл башкалардын үстүнө кол коюуга шашпоо керектигин эскерткен (1 Тим. 5:22).

Бирок Пабыл Эврейлер 6:1, 2-аяттарда Исанын жолдоочуларын «баштапкы окууларды калтырып, жетилгендикке умтулууга» чакырган. Ал баштапкы окууларга «өлүк иштер үчүн өкүнүү, Кудайга ишенүү, чөмүлтүлүүнүн түрлөрү, башкалардын үстүнө кол коюу» кирген. Анда, бул аяттарга ылайык, аксакалдарды дайындоо Исанын жолдоочулары жетилгендикке умтулуу үчүн калтырышы керек болгон «баштапкы окууларга» киргенби? Жок. Себеби жыйналышта аксакал болууга рухий жактан жетилген биртуугандар гана дайындалат. Андыктан кимдир бирөөнү аксакалдыкка дайындоо ишин калтыруу керек болгон «баштапкы окуу» деп айтууга болбойт (1 Тим. 3:1).

Ал аяттарда Пабыл «кол коюу» дегенди башка нерсеге байланыштуу айткан. Биринчи кылымда Жахаба ысрайыл элин четке кагып, рухий Ысрайылды — Исанын майланган жолдоочуларынан турган жыйналышты — кабыл алган (Мт. 21:43; Элч. 15:14; Гал. 6:16). Буга рух аркылуу берилүүчү табияттан тыш жөндөмдүүлүктөрдүн, мисалы, башка тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн берилгендиги далил болгон (1 Кор. 12:4—11). Корнелий жана анын үйбүлөсү да Исага ишенишкенде ыйык рух алып, «ар кандай тилдерде сүйлөй» башташкан (Элч. 10:44—46).

Кээде табияттан тыш жөндөмдүүлүктөр кол коюу аркылуу берилчү. Алсак, Филип Самарияда кабар айтканда, көптөр чөмүлтүлүшкөн. Ошондо жетектөөчү кеңеш ал жакка Петир менен Жаканды жиберген. Эмне үчүн? Биз: «Петир менен Жакан алардын [жаңыдан чөмүлтүлгөндөрдүн] үстүнө колдорун коюшканда, алар ыйык рух ала башташты»,— дегенди окуйбуз. Бул алардын рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөрдү алышканын билдирсе керек. Андай жөндөмдүүлүктөрдү башкалар байкабай койгон эмес. Ошондуктан мурунтан сыйкырчылыкка иришкен Шымон аттуу бир киши рухтун иштерин көрүп, башкаларга ыйык рух бериш үчүн, кол коюу жөндөмдүүлүгүн, ачкөздүк кылып, сатып алууга умтулган (Элч. 8:5—20). Кийинчерээк Эфесте 12 киши чөмүлтүлгөн. Ыйык Китепте: «Пабыл алардын үстүнө колдорун койгондо, ар бирине ыйык рух түштү да, башка тилдерде сүйлөп, пайгамбарлык кыла башташты»,— делет (Элч. 19:1—7; салыштыр: 2 Тиметей 1:6).

Демек, Эврейлер 6:2де «башкалардын үстүнө кол коюу» жөнүндө айтканда, Пабыл ишенимди жаңыдан кабыл алгандарга ыйык рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүктөр жөнүндө айткан.