Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Отордон адашкандарга кайрылып келүүгө жардам берели

Отордон адашкандарга кайрылып келүүгө жардам берели

Отордон адашкандарга кайрылып келүүгө жардам берели

«Мага кошулуп кубангыла, анткени жоголгон коюмду таптым» (ЛК. 15:6).

1. Иса камкор койчу экенин кантип көрсөткөн?

ЖАХАБАНЫН жалгыз Уулу Иса Машаяк — «койлордун улуу койчусу» (Эвр. 13:20). Ыйык Жазмада анын келери алдын ала айтылган жана Ысрайылдын «жоголгон койлорун» издеген теңдешсиз Койчу болгону көрсөтүлгөн (Мт. 2:1—6; 15:24). Кадимки койчу койлорун коргоо үчүн жанын берүүгө да даяр болгондой эле, Иса кой мүнөздүү адамдардын анын куткаруу курмандыгынан пайда ала алышы үчүн өз өмүрүн кун катары берген (Жкн. 10:11, 15; 1 Жкн. 2:1, 2).

2. Айрым ишенимдештерибиздин активдүү болбой калышына эмнелер себеп болушу мүмкүн?

2 Тилекке каршы, учурунда Исанын куткаруу курмандыгын баалаган жана Кудайга арналган ишенимдештерибиздин айрымдары жыйналыштан алыстап кетишет. Алардын кызматта мурдагыдай ынталуу болбой, активдүү эмес болуп калышына көңүл чөгөттүк, денсоолукка байланыштуу кыйынчылыктар же дагы башка нерселер себеп болушу мүмкүн. Бирок алар Кудайдын оторунда болгондо гана Дөөтү 22-забурда сөз кылган бейкуттукка жана бакытка ээ боло алышат. Ал: «Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм»,— деп ырдаган (Заб. 22:1). Кудайдын оторундагылар рухий жактан эч нерсеге муктаж болушпайт, ал эми отордон адашып кеткендер тууралуу мындай деп айтууга болбойт. Аларга ким жардам бере алат? Алар оторго кайтып келиши үчүн биз эмнелерди кыла алабыз?

Аларга ким жардам бере алат?

3. Кудайдын жайытынан адашкандарды кайрып келүү үчүн эмне зарыл экенин Иса кандайча көрсөткөн?

3 Кудайдын жайытынан адашкандарды кайрып келүү үчүн чын дилден күч-аракет жумшоо зарыл (Заб. 99:3). Иса муну мындай мисал менен баса белгилеген: «Эгерде жүз кою бар кишинин бир кою жоголуп кетсе, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издеп чыкпайбы? Эгер таап алса, ишенип койгула, жоголбогон токсон тогуз коюна караганда табылган коюна көбүрөөк сүйүнөт. Ошо сыяктуу эле, асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт» (Мт. 18:12—14). Отордон адашкандарга ким жардам бере алат?

4, 5. Аксакалдар Кудайдын оторуна карата кандай көзкарашта болушу керек?

4 Отордон адашкандарга жардам бергиси келген аксакалдар Кудайдын жайытындагы койлордун ага арналган, анын көз алдында баалуу адамдар экенин эстен чыгарбашы керек (Заб. 78:13). Кудайдын мындай баалуу койлору койчунун назиктик менен кам көрүшүнө муктаж. Ошондуктан мээримдүү аксакал алардын ар бирине жекече көңүл бурат. Андай ишенимдештерибизге достук маанайда кайтаруучулук жолугууга баруу жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Аксакалдын сүйүү менен бекемдегени аларды рухий жактан кайраттандырып, оторго кайтып келүүгө түрткү бериши ыктымал (1 Кор. 8:1).

5 Кудайдын оторун кайтаргандар адашкан койлорду издеп табууга жана аларга жардам берүүгө милдеттүү. Элчи Пабыл байыркы Эфестеги аксакалдарга алардын кайтаруучулук милдети тууралуу эскертип, мындай деген: «Өзүңөргө жана бүт оторго сак болгула. Кудайдын өз Уулунун каны менен сатып алган жыйналышын кайтарышыңар үчүн, ыйык рух силерди оторго көзөмөлчү кылып дайындаган» (Элч. 20:28). Элчи Петир да майланган аксакалдарга: «Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла; аргасыздан эмес, даярдуулук менен, арам жол менен пайда көрүү үчүн эмес, чын көңүлдөн, Кудайдын аманаты болгондорго үстөмдүк кылуу менен эмес, оторго үлгү көрсөтүү менен кайтаргыла»,— деп эскерткен (1 Пет. 5:1—3).

6. Бүгүнкү күндө Кудайдын койлору кам көрүүгө эмне үчүн өзгөчө муктаж?

6 Жыйналыштагы аксакалдар «жакшы койчудан» — Исадан — үлгү алышы керек (Жкн. 10:11). Ал Кудайдын койлорунун жыргалчылыгына абдан кызыкдар болгон жана аларга кам көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Симон Петирге: «Козуларымды бак»,— деген (Оку: Жакан 21:15—17). Бүгүнкү күндө Кудайдын койлору мындай кам көрүүгө өзгөчө муктаж, анткени Ибилис Кудайга арналгандарды актыгынан тайдыруу үчүн болгон күчүн жумшоодо. Шайтан Жахабанын койлорун күнөө кылууга азгыруу үчүн денелик алсыздыктарын жана дүйнөнү колдонот (1 Жкн. 2:15—17; 5:19). Активдүү болбой калгандар рухий жактан алсыз болгондуктан, Ыйык Китептин: «Рухтун жетеги менен жашагыла»,— деген кеңешине ылайык иш кылуу үчүн жардамга муктаж (Гал. 5:16—21, 25). Аларга жардам берүүдө Жахабага таянуу, ыйык рухтун жетегин сурап тиленүү жана анын Сөзүн чебердик менен колдонуу зарыл (Накыл 3:5, 6; Лк. 11:13; Эвр. 4:12).

7. Аксакалдардын отордогуларга кам көргөнү канчалык маанилүү?

7 Байыркы Ысрайылда койчу койлорун кайтарууда узун, башы ийилген таяк колдоно турган. Ал койлорун короодон чыгарып же ага киргизип жатканда «таяк астынан өткөрүп», аларды түгөлдөчү (Леб. 27:32; Мих. 2:12; 7:14). Ошо сыяктуу эле, жыйналыштагы аксакал да Кудайдын оторундагыларды жакшы билип, алардын ар бирине кам көрүшү керек (Салыштыр: Накыл сөздөр 27:23). Ошондуктан кайтаруу иши аксакалдар кеңеши талкуулай турган маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Буга отордон адашкандарга жардам берүү үчүн тийиштүү чараларды көрүү да кирет. Жахаба өзү да жоголгон койлорун издей турганын жана аларга кам көрөрүн айткан (Жез. 34:11). Андыктан аксакалдардын адашкандарга оторго кайтып келүүгө жардам берүү үчүн көп күч-аракет жумшаганы Кудайга жагат.

8. Аксакалдар отордогуларга кандай жолдор менен жекече көңүл бура алышат?

8 Ишенимдешибиз ооруп жатканда, аксакалдын барып, ал-жайын сураганы анын көңүлүн көтөрүп, бекемдейт. Анын сыңарындай эле, рухий жактан ооруп жаткан ишенимдешибизге да жекече көңүл буруу ушундай натыйжа берет. Аксакалдар активдүү эмес жарчыга Ыйык Китептен аят окуп беришсе, аны менен кайсы бир макаланы талкуулашса, жыйналышта айтылган ойлор менен бөлүшсө, чогуу тиленишсе же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди кылышса болот. Ошондой эле эгер ал кайрадан жыйналыш жолугушууларына келе баштаса, биртуугандардын сүйүнөрүн айтышса болот (2 Кор. 1:3—7; Жкп. 5:13—15). Анын үйүнө баруу, телефон чалуу же кат жазуу, чынында эле, чоң жардам болушу мүмкүн. Андан тышкары, отордон адашкандарга жардам берүү менен аксакалдар өздөрү да кубанычын арттыра алышат.

Жапа-тырмак иш-аракет кылуу

9, 10. Адашкандарга жардам берүү эмне үчүн аксакалдардын эле милдети эмес?

9 Биз өзгөчө оор убакта жашап жаткандыктан, кайсы бир ишенимдешибиздин жыйналыштан алыстап баратканын байкабай калышыбыз мүмкүн (Эвр. 2:1). Анткен менен Жахаба оторундагы койлорду жогору баалайт. Дененин ар бир мүчөсү баалуу болгондой эле, алардын ар бири баалуу. Андыктан баарыбыз ишенимдештерибизге көңүл буруп, бири-бирибизге чындап кам көрүшүбүз керек (1 Кор. 12:25). Сен да ушундай көзкараштасыңбы?

10 Отордон адашкандарды издөөдө жана аларга жардам берүүдө аксакалдар жетекчиликти колго алса да, бул ишке баарыбыз көмөк көрсөтө алабыз. Ан үчүн аксакалдар менен кызматташышыбыз зарыл. Биртуугандарыбыз оторго кайтып келиши үчүн, аларды бекемдеп, рухий жактан бутуна туруп кетишине жардам бере алабыз, атүгүл буга милдеттүүбүз. Андай жардамды кантип көрсөтүүгө болот?

11, 12. Рухий жактан жардамга муктаж биртууганга колдоо көрсөтүүгө кандай мүмкүнчүлүгүбүз бар?

11 Айрым учурларда аксакалдар тажрыйбалуу жарчыга жардам алууну каалаган активдүү эмес биртууган менен ыйык китептик изилдөө өткөрүүнү тапшырышы ыктымал. Андай изилдөөнүн максаты — активдүү эмес жарчынын «биринчи сүйүүсүн» жандандыруу (Аян 2:1, 4). Ал биртууган менен жыйналышка келбей жүргөндө өтүлгөн материалдарды изилдөө анын ишенимин бекемдеп, рухий жактан сакайып кетишине өбөлгө түзүшү мүмкүн.

12 Эгер аксакалдар сенден рухий жактан жардамга муктаж биртууган менен изилдөө өткөрүүнү суранышса, жетекчилик жана жасаган аракеттериңе бата беришин сурап Жахабага тилен. «Иштериңди Теңирге тапшыр, ошондо ойлогон ойлоруң ишке ашат» (Накыл 16:3). Рухий жактан жардамга муктаж биртууган менен талкуулоо үчүн ыйык китептик аяттар, ишенимди бекемдээрлик ойлор жөнүндө ой жүгүрт. Элчи Пабылдын мыкты үлгүсү тууралуу ойлон (Оку: Римдиктер 1:11, 12). Пабыл Римдеги ишенимдештерин кайсы бир рухий белектер менен бөлүшүп бекемдеш үчүн аларды көрүүгө куштар болгон. Ал аларды бекемдөө менен бирге, өзү да бекемделгиси келген. Кудайдын оторунан адашкандарга жардам берүүдө биз да ушундай маанайда болушубуз керек эмеспи?

13. Активдүү болбой калган биртууган менен эмнелер тууралуу сүйлөшсөң болот?

13 Активдүү болбой калган биртуугандан талкуу учурунда чындыкты кантип тааныганын сурасаң болот. Аны жыйналышка келип, кабар айтып, жыйындарга катышып жүргөндө кандай кызыктуу окуяларды баштан өткөргөнүн айтууга чакыруу менен ага мурун Жахабага кызмат кылып жүргөндөгү кубанычтуу күндөрүн эстөөгө жардам бер. Аны менен бирге Жахабага кызмат кылып жүргөндөгү кубанычтуу учурларды айтып өт. Жахаба менен ынак мамиледе болуунун аркасында ээ болгон кубанычың менен бөлүш (Жкп. 4:8). Ошондой эле Кудайга өзүнүн эли катары бизге кам көрүп жатканына, өзгөчө, кыйынчылык учурунда сооротуп, үмүт бергенине ыраазы экениңди билдир (Рим. 15:4; 2 Кор. 1:3, 4).

14, 15. Активдүү болбой калган биртуугандарга мурун ээ болгон кайсы баталары тууралуу айтуу пайдалуу?

14 Активдүү эмес жарчынын жыйналыш менен тыгыз кызматташуунун аркасында алган баталарын эстегени пайдалуу болору шексиз. Мисалы, анын Кудайдын Сөзү жана ой-ниеттери тууралуу билими тереңдеген (Накыл 4:18). Ошондой эле «рухтун жетеги менен жашап» жүргөндө ага күнөө кылууга болгон азгырыктарга каршы туруу оңой болгон (Гал. 5:22—26). Натыйжада ал таза абийир менен тиленүү аркылуу Жахабага жакындап, «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган», жүрөк менен акылды сактаган тынчтыгына ээ болгон (Флп. 4:6, 7). Ушуларды эске алып, рухий биртууганыңа чын дилден көңүл бур, эң негизгиси, аны оторго кайтып келүүгө сүйүү менен үндө (Оку: Филипиликтер 2:4).

15 Сен аксакал катары активдүү болбой калган жубайларга кайтаруучулук жолугууга бардың дейли. Аларга Кудай Сөзүндөгү чындыкты жаңыдан тааный баштаган учур тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берсең болот. Чындык алар үчүн акылга сыярлык болгону жана аларды канааттандырып, рухий жактан эркин кылганы күмөнсүз (Жкн. 8:32). Жахаба жөнүндө жана анын сүйүүсү, кереметтүү ой-ниеттери тууралуу билгенде, алар кандай гана ыраазы болгон! (Салыштыр: Лука 24:32). Исанын арналган жолдоочуларынын баары Жахаба менен тыгыз мамиледе болуу, ага тиленүү сыймыгына ээ экенин айтып өт. Ошондой эле «бактылуу Кудайдын... даңктуу жакшы кабарына» кайрадан жооп кайтарууга үндө (1 Тим. 1:11).

Аларга мындан ары да сүйүү көрсөтө бер

16. Активдүү эместерге рухий жактан жардам берүү үчүн жасаган аракеттер натыйжалуу болорун көрсөткөн мисал келтир.

16 Жогорудагы кеңештер чынында эле натыйжалуубу? Ооба. Алсак, бир жаш биртууган 12 жашында жарчы болуп, 15 жашында активдүү болбой калган. Бирок кийинчерээк кайрадан активдүү болгон жана 30 жылдан ашык убакыттан бери Жахабага толук убакытта кызмат кылып келатат. Ага рухий жактан бутуна турууга жыйналыштагы аксакал чоң жардам берген. Андай жардамга ал кандай гана ыраазы болгон!

17, 18. Кудайдын оторунан адашкан биртууганга жардам бергиң келсе, кайсы сапаттарды өрчүтүшүң зарыл?

17 Активдүү болбой калган биртуугандарга жардам берүүгө бизге сүйүү түрткү берет. Иса жолдоочуларына: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жкн. 13:34, 35). Ооба, Исанын чыныгы жолдоочуларын бири-бирине көрсөткөн сүйүүсүнөн айырмалап билүүгө болот. Анда активдүү болбой калган ишенимдештерибизге да сүйүү көрсөтүшүбүз керекпи? Албетте! Бирок аларга жардам берүү үчүн Кудайга жаккан башка да сапаттарды өрчүтүү талап кылынат.

18 Кудайдын оторунан адашкан биртууганга жардам бергиң келсе, кайсы сапаттарды өрчүтүшүң зарыл? Сүйүүдөн тышкары, боорукердик, жумшактык жана чыдамкайлык сыяктуу сапаттарды өрчүтүү маанилүү. Балким, жагдайга жараша сенден кечиримдүү болуу да талап кылынаттыр. Пабыл мындай деп жазган: «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, аккөңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле. Кимдир бирөөңөрдүн башка бирөөгө нааразы болушуна себеп бар болсо, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да кечиргиле. Булардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал жеткилең түрдө бириктирет» (Кол. 3:12—14).

19. Отордон адашкандарга кайтып келүүгө жардам берүү максатында жасаган аракеттерибиз арзырлык деп эмне үчүн айтууга болот?

19 Кийинки макалада айрымдардын Кудайдын оторунан адашып кетишине эмнелер себеп болору каралат. Ошондой эле оторго кайтып келгендерге кандай мамиле кылышыбыз керектигин билебиз. Ал макаланы изилдеп, ой жүгүртүүнүн аркасында адашкандарга оторго кайтып келүүгө жардам берүү максатында жасаган аракеттериңдин арзырлык экенине толук ишенсең болот. Азыркы күндө көптөгөн адамдар бүт өмүрүн байлык топтоого арнашат. Бирок бир эле адамдын өмүрү дүйнөдөгү бардык байлыктан алда канча кымбат! Иса муну жоголгон кой жөнүндөгү мисалында баса белгилеген (Мт. 18:12—14). Андыктан Жахабанын отордон адашкан жана анын көз алдында кымбатка турган койлоруна жардам берүү үчүн чын жүрөктөн аракет кылууда муну эсибизден чыгарбайлы.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Отордон адашкандарга жардам берүүгө байланыштуу аксакалдардын кандай милдети бар?

• Жыйналыштан алыстап кеткендерге кантип жардам берсең болот?

• Отордон адашкандарга жардам берүү үчүн кайсы сапаттарды өрчүтүшүң керек?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Жыйналыштагы аксакалдар Кудайдын оторунан адашкандарга сүйүү менен жардам беришет

[11-беттеги кутуча]