Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Денсоолукка карата туура көзкараш сактагыла

Денсоолукка карата туура көзкараш сактагыла

Денсоолукка карата туура көзкараш сактагыла

«Жахаба Кудайыңды... бүт акылың менен жана бүт күчүң менен сүй» (МР. 12:30).

1. Кудайдын адамзатка карата болгон алгачкы ой-ниети кандай эле?

ЖАХАБА КУДАЙДЫН адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниетине оору менен өлүм кирген эмес. Кудай Адам ата менен Обо энени Эйден багына, бейишке, алардын аны 70 же 80 жыл эле эмес, түбөлүккө иштетиши жана сакташы үчүн жайгаштырган (Башт. 2:8, 15; Заб. 89:10). Эгер биринчи түгөй Жахабага ишенимдүүлүгүн сактап, ага болгон сүйүүсүн анын эгедерлигине баш ийүү менен көрсөтүшсө, оору, жеткилеңсиздик жана өлүм деген эмне экенин эч качан билишпейт болчу.

2, 3. а) Насаатчы китебинде карылык кантип сүрөттөлгөн? б) Адамдардын өлүшүнө ким себепкер жана өлүм кандайча жок кылынат?

2 Насаатчы китебинин 12-бөлүмүндө жеткилеңсиздиктен улам «оор күндөр» менен коштолгон карылык тууралуу айтылган (Оку: Насаатчы 12:1—7). Ал аяттарда чачтын ак басышы гүлдөгөн «бадамдарга» окшоштурулат. Буттар болсо ийилип, калчылдап калган «кубаттууларга» салыштырылат. Ал эми «терезени карагандардын» караңгылыктан башка эч нерсени көрбөгөнү көздүн начарлашын таамай сүрөттөйт. «Тегирменчилер», тактап айтканда, тиштер «аз болуп калгандыктан, алардын иши токтойт».

3 Кудай адамдардын карылыкка моюн сунуп, буттары калчылдап, тиштери түшүп, көзүнүн начарлашын эч качан каалаган эмес. Ошондуктан Адам атадан тукум кууп өткөн өлүмдү — «Ибилистин иштеринин» бирин — Кудайдын Уулу өзү башкарган Падышалыгы аркылуу жок кылат. Элчи Жакан: «Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин кыйратуу үчүн келген»,— деп жазган (1 Жкн. 3:8).

Тынчсыздануу — табигый нерсе

4. Жахабанын кызматчылары денсоолугуна эмне себептен кам көрүшөт, ошол эле учурда эмнени эске алышат?

4 Азыркы учурда Жахабанын кызматчылары жеткилеңсиз болгондуктан денсоолукка же карылыкка байланыштуу ар кандай кыйынчылыктарга туш болууда. Андайда денсоолугубуз үчүн тынчсыздануу табигый нерсе, туура дагы. Анткени биз Жахабага бүт күчүбүз менен кызмат кылгыбыз келет (Мр. 12:30). Бирок денсоолугубузга канча кам көрбөйлү, карылыктан жана оору-сыркоолордон арыла албаарыбызды унутпашыбыз керек.

5. Оорулар менен күрөшүп келген Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынан эмнеге үйрөнө алабыз?

5 Денсоолугуна байланыштуу көйгөйлөр менен Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары да күрөшүп келген. Алардын бири Эпафродит болгон (Флп. 2:25—27). Элчи Пабылдын ишенимдүү шериги Тиметейдин ашказаны тез-тез ооруган. Ошондуктан Пабыл ага «аз-аздан шарап ичип турууну» кеңеш кылган (1 Тим. 5:23). Пабыл өзү да денесиндеги «тикенден», кыязы, көз оорусунан же ошол убакта дарылоого мүмкүн эмес болгон кандайдыр бир дарттан кыйналган көрүнөт (2 Кор. 12:7; Гал. 4:15; 6:11). Пабыл ал тууралуу айтып, Жахабага жалынып-жалбарган (Оку: 2 Корунттуктар 12:8—10). Кудай ал «тикенди» керемет жолу менен алып салган эмес. Анын ордуна, ага чыдоого күч берген. Ошентип, Пабылдын алсыздыгы аркылуу Кудайдын күчү айкын көрүнгөн. Бул окуядан биз да көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Денсоолукка байланыштуу ашыкча тынчсыздануудан кач

6, 7. Денсоолугубузга ашыкча тынчсыздануудан эмне үчүн сак болушубуз керек?

6 Жахабанын Күбөлөрү медициналык жардамды кабыл алышары жана дарылоонун ар кандай ыкмаларын колдонушары анык. «Ойгонгула!» журналына да денсоолукка байланыштуу макалалар көп чыгат. Биз дарылоо ыкмаларынын бардык эле түрлөрүн колдой бербесек да, догдурлардын жардамын жана кызматташуусун баалайбыз. Албетте, жеткилең денсоолукка ээ болуу азырынча мүмкүн эмес. Ошондуктан денсоолугубузга өтө эле тынчсыздана берүүдөн качабыз. Биздин көзкарашыбыз «жашоо бир эле келет» деп ойлогон жана дарылоо ыкмаларынын бардык түрлөрүнө макул боло берген үмүтсүз адамдардыкынан кыйла айырмаланат (Эф. 2:2, 12). Биз азыркы өмүрүбүздү сактап калабыз деп, Жахабанын жактыруусунан айрылып калгыбыз келбейт. Анткени Кудайга ишенимдүү бойдон калсак, «чыныгы жашоого», ал убадалаган жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорубузга бекем ишенебиз (1 Тим. 6:12, 19; 2 Пет. 3:13).

7 Денсоолугубузга өтө эле тынчсыздана бербешибиз керектигинин дагы бир себеби бар. Ашыкча тынчсыздануу өзүбүздүн керт башыбызды гана ойлоп калууга алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу Пабыл филипиликтерге: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деп эскерткен (Флп. 2:4). Өзүбүзгө кам көргөнүбүз орундуу болгону менен, ишенимдештерибизге жана «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» айтканыбызда жолуктурган адамдарга терең кызыгуу көрсөткөнүбүз андан да маанилүү. Бул денсоолугубузга ашыкча тынчсыздануудан сактайт (Мт. 24:14).

8. Денсоолугубузга өтө эле тынчсыздана берүү эмнеге алып келиши мүмкүн?

8 Андан тышкары, денсоолугубузга тынчсыздана берүүнүн айынан Падышалыктын кызыкчылыктарын экинчи орунга коюп коюшубуз мүмкүн. Андай тынчсыздануулардын аркасында мүнөз тамактын, дарылоонун же биокошулмалардын кайсы бир түрүн башкаларга да таңуулай башташыбыз этимал. Буга байланыштуу Пабылдын: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдап, Машаяктын күнүнө чейин кемчиликсиз болушуңарды, башкаларды мүдүрүлтпөшүңөрдү... сурап тиленем»,— деген сөздөрүндөгү принципке көңүл бурганыбыз маанилүү (Флп. 1:10, 11).

Эмне маанилүүрөөк экенин баамда

9. Маанилүүрөөк кайсы нерсеге көңүл бурбай койбошубуз керек жана эмне үчүн?

9 Эмне маанилүүрөөк экенин баамдасак, башкаларга Кудай менен жакшы мамиле түзүүгө жардам беребиз. Ан үчүн кабар айтуу кызматына жана Кудай Сөзүн окутуу ишине жигердүүлүк менен катышышыбыз зарыл. Кубаныч тартуулагандан тышкары, ал иш өзүбүзгө да, биз окуткан адамдарга да пайда алып келет (Накыл 17:22; 1 Тим. 4:15, 16). Мезгил-мезгили менен «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарында ар кандай оорулар менен күрөшүп келаткан ишенимдештерибиздин өмүр баяндары чыгып турат. Ал макалалардан биртуугандарыбыздын өзүлөрүнүн кыйынчылыктары тууралуу, убактылуу болсо да, ойлобош үчүн, башкаларга Жахаба жана анын кереметтүү убадалары жөнүндө билүүгө колунан келишинче жардам берип жатышканын окуй алабыз *.

10. Дарылоо ыкмаларын тандоого эмне үчүн олуттуу кароо керек?

10 Денсоолукка байланыштуу кыйынчылыктарга туш болгондо Исанын ар бир жолдоочусу дарылоо ыкмасын тандоодо «өз жүгүн өзү көтөрүүгө» тийиш (Гал. 6:5). Бирок ошол эле учурда кандай чечим чыгарарыбыз Жахаба үчүн баары бир эмес экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ыйык Китептеги принциптерди жогору баалагандыктан «канды колдонуудан» качканыбыздай эле, дарылоонун рухийлигибизге жана Жахаба менен болгон мамилебизге терс таасир тийгизе турган түрлөрүнөн да качабыз (Элч. 15:20). Анткени ооруну аныктоонун жана дарылоонун айрым жолдору спиритизм менен байланышып кетет. Жахаба байыркы убакта андан баш тартып, сыйкырчылык менен иришип кеткен ысрайылдыктарды четке каккан. Ал аларга: «Мага курмандыктарды алып келгениңер бекер, жыпар жыттуу зат түтөткөнүңөр Мен үчүн жийиркеничтүү. Ай жаңырган күнгө, ишемби күнгө, майрамдык жыйындарыңарга чыдай албайм, анткени мыйзамсыз иштерди [«сыйкырчылык», «ЖД»] кылуу менен катар эле майрамдайсыңар!» — деп айткан (Ыш. 1:13). Ооба, ооруп жатканда тиленүүлөрүбүзгө жолтоо боло турган жана Кудай менен болгон мамилебизди буза турган иштерди жасоодон качканыбыз абзел (Жер. ый. 3:44).

«Акыл-эстүүлүк» абдан маанилүү

11, 12. Дарылоо ыкмаларын тандоодо «акыл-эстүүлүк» кандайча жардам берет?

11 Бүгүн Жахаба бизди керемет жолу менен айыктырбайт. Ошентсе да дарылоонун түрүн тандоодо акылмандык сурап тиленсек болот. Ошондой эле Ыйык Китептеги принциптерге жетектелип, эстүүлүк көрсөткөнүбүз маанилүү. Эгер жагдай олуттуу болсо, Накыл сөздөр 15:22деги: «Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат»,— деп айтылган сөздөргө ылайык, мүмкүн болсо, бир нече догдур менен кеңешип көргөнүбүз дурус. Элчи Пабыл ишенимдештерин «акыл-эстүүлүк, адилдик, Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого» үндөгөн (Тит. 2:12).

12 Азыркы күндө көптөр Исанын күндөрүндөгү оорулуу аялдыкындай жагдайга туш болууда. Марк 5:25, 26-аяттардан ал аял тууралуу мындай дегенди окуйбуз: «Алардын арасында он эки жылдан бери кан агуудан азап чегип келаткан бир аял бар эле. Ал улам бир дарыгерге көрүнүп, аябай кыйналган болчу. Колундагы каражатынын баарын жумшаса да, эч жылыш болбой, абалы начарлагандан начарлай берген». Иса аны айыктырып, ага боорукердик менен мамиле кылган (Мр. 5:27—34). Биздин күндө да Исанын айрым жолдоочулары айыгууну көксөп, ооруну аныктоонун жана дарылоонун Ыйык Китепке карама-каршы келген түрлөрүн тандоого азгырылышат.

13, 14. а) Актыгыбыздан тайдыруу үчүн Шайтан дарылоо ыкмаларын кандайча колдонушу мүмкүн? б) Эмне себептен оккультизмге байланышы бар нерселердин баарынан алыс болушубуз керек?

13 Шайтан бизди ар кандай жолдор менен чындык жолунан тайдырууну көздөйт. Ал айрымдарды адеп-ахлаксыздык менен дүнүйөкордук аркылуу азгыргандай эле, кээ бирөөлөрдү актыгынан жаздырыш үчүн, оккультизм менен спиритизмге байланышы бар шектүү дарылоо ыкмаларын колдонууга азгырат. Ошол себептүү Шайтандын чырагына май тамызбай, андай ыкмалардан алыс бололу. Анын ордуна, «Карөзгөйдөн» жана «мыйзамсыз иштердин баарынан» коргошун сурап, Жахабага ар дайым тиленели (Мт. 6:13; Тит 2:14).

14 Жахаба ысрайылдыктарга көзү ачыктык кылууга жана төлгө салууга тыюу салган (Мыйз. 18:10—12). Пабыл дагы «спиритизм менен алектенүүнү» «күнөөкөр дененин иштерине» кирерин айткан (Гал. 5:19, 20). Андан да жаманы, «спиритизм менен алектенгендер» Жахаба убадалаган жаңы дүйнөнүн мүчөсү боло алышпайт (Аян 21:8). Арийне, спиритизмге байланышы бар нерселердин баары Жахаба үчүн жийиркеничтүү.

«Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»

15, 16. Денсоолукка кам көрүүдө эмне үчүн акылмандык керек жана биринчи кылымда жетектөөчү кеңеш кандай көрсөтмө берген?

15 Жогоруда айтылгандарга ылайык, ооруну аныктоонун жана дарылоонун айрым жолдору шектүү көрүнсө, аны колдонбой эле койгонубуз оң. Анткен менен дарылоонун кайсы бир ыкмасын жакшы түшүнө албагандыктан эле анын спиритизм менен байланышы бар деп ырастоо туура эмес болуп калмак. Денсоолукка карата туура көзкараш сактоо үчүн, Кудай Сөзүнө негизделген акылмандыкка ээ болуу жана эстүүлүк көрсөтүү талап кылынат. Накыл сөздөр китебинин 3-бөлүмүнөн: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт... Туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү сакта, алар жаның үчүн өмүр... болот»,— дегенди окуйбуз (Накыл 3:5, 6, 21, 22).

16 Албетте, денсоолугубузга мүмкүн болушунча жакшы кам көрүүгө тийишпиз. Бирок оору же карылык менен күрөшүп жатып, Кудайдын жактыруусунан айрылып калуудан сак болушубуз керек. Жашообуздун башка тармактарындагыдай эле, денсоолугубузга кам көрүүдө да Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашоо менен эстүүлүгүбүздүн «бардык адамдарга белгилүү болушуна» аракет кылабыз (Флп. 4:5). Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын жетектөөчү кеңеши ишенимдештерине абдан маанилүү кат аркылуу бурканга сыйынуучулуктан, кандан жана бузуктуктан качууга байланыштуу көрсөтмө берген. Ошондой эле ал катта: «Эгерде ушулардан жакшылап сактансаңар, силерди ийгилик коштоп жүрөт»,— делген (Элч. 15:28, 29). Ал эми бүгүнкү күндө «ийгилик» бизди кандайча коштойт?

Денсоолукка келечекти эске алуу менен кам көрүү

17. Ыйык Китептеги принциптерге бекем кармануудан кандай пайда алуудабыз?

17 Ар бирөөбүз: «Канды колдонбоого жана бузуктук кылбоого байланыштуу принциптерге бекем кармануунун аркасында „ийгиликке“ жетип жатканымды канчалык баалайм?» — деп ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус. Ойлонуп көрсөк, «денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланганыбыздын» аркасында кандай гана пайда алып жатабыз (2 Кор. 7:1). Ыйык Жазмадагы өздүк гигиенага карата берилген көрсөтмөлөргө кармануу да бизди көптөгөн оору-сыркоолордон коргоодо. Андан тышкары, бизди рухий жактан булгап, денсоолугубузга зыян келтирген чылым чегүүдөн жана баңгизат колдонуудан оолак болуу менен «ийигиликке» жетүүдөбүз. Ошондой эле тамак-ашка жана спирт ичимдиктерине карата теңсалмактуу көзкараш өрчүтүү да денсоолугубуздун чың болушуна шарт түзүүдө (Оку: Накыл сөздөр 23:20; Тит 2:2, 3). Эс алуу жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо да денсоолугубузга оң таасирин тийгизет. Бирок Жазмада берилген жетекчиликке баш ийүүнүн аркасында гана денелик жактан да, рухий жактан да бекем болобуз.

18. Баарынан мурда бизди эмне тынчсыздандырат жана кайсы пайгамбарлыктын аткарылышына күбө болобуз?

18 Ооба, баарынан мурда, биз рухий саламаттыгыбыздын жана асмандагы Атабыз менен болгон мамилебиздин бекем болушуна кам көрүшүбүз керек. Себеби Жахаба — азыркы жана келечектеги жаңы дүйнөдөгү жашообуздун Булагы (1 Тим. 4:8; Заб. 35:10). Кудай убадалаган жаңы заманда Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде күнөөлөрүбүз кечирилип, рухий жактан да, денелик жактан да жеткилеңдикке жетебиз. Иса Машаяк — Кудайдын Козусу — бизди «өмүр суусунун башаттарына алып барат». Жахаба көздөрүбүздөгү бардык жашты аарчыйт (Аян 7:14—17; 22:1, 2). Ошондо: «Тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт»,— деген толкундандырарлык пайгамбарлыктын аткарылышына өзүбүз күбө болобуз (Ыш. 33:24).

19. Денсоолугубузга кам көрүүдө эмнеден шектенбесек болот?

19 Куткарылуубуздун жакындап калганына бекем ишенгендиктен биз Жахабанын оору менен өлүмдү биротоло жок кыла турган күнүн чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Ал эми ал убак келгиче мээримдүү Атабыздын оору-сыркоолор менен күрөшүүгө жардам берерине шектенбейбиз, анткени ал бизге кам көрөт (1 Пет. 5:7). Андыктан, келгиле, денсоолугубузга кам көрүүдө ар дайым Кудайдын Сөзүндөгү принциптерге жетектелели!

[Шилтеме]

Кайталоо үчүн суроолор

• Оору-сыркоолорго ким себепкер жана бизди күнөөнүн кесепетинен ким куткарат?

• Денсоолугубузга кам көрүү туура болсо да, эмнеден сак болушубуз керек?

• Дарыланууда кандай ыкмаларды тандаарыбыз Жахабага эмне үчүн баары бир эмес?

• Денсоолугубузга байланыштуу Ыйык Китептеги принциптерге бекем кармануудан кандай пайда алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Адамзат оору менен карылыктын азабын тартыш үчүн жаралган эмес

[25-беттеги сүрөт]

Жахабанын эли денсоолугуна байланыштуу кыйынчылыктарга карабай, кызматтан кубаныч алат

[26-беттеги сүрөт]