Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кандай адам болгуң келет?

Кандай адам болгуң келет?

Кандай адам болгуң келет?

ФИЛИПИНДЕГИ бир шаардын полиция башчысы бир пионерден: «Бул кишиге өзгөрүлгөнгө сен кантип жардам бердиң?» — деп сураган. Анан үстөлдүн үстүндө турган кагаздарды көрсөтүп: «Ага каршы ушунча кылмыш иши козголгонун билчү белең?.. Сен бизди жана шаардагыларды бир баш оорудан арылттың»,— деген. Полиция башчысы сөз кылган киши мурун ар ким менен мушташып, элге тынчтык бербеген аракеч болгон. Бирок ага чоң өзгөрүүлөрдү жасоого эмне түрткү берген? Рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзү, Ыйык Китеп.

Көптөр Пабылдын: «Мурдагы жашоо мүнөзүңөргө ылайык калыптанган... эски табиятты чечип... Кудайдын эркине ылайык жаратылган... жаңы табиятты кийгиле»,— деген кеңешине ылайык иш кылышкан (Эф. 4:22—24). Бизден кандай өзгөрүү жасоо талап кылынбасын, чоңбу же кичинеби, Исанын жолдоочусу болуш үчүн жаңы табиятты кийишибиз керек.

Бирок чөмүлтүлө тургандарга коюлуучу талаптарга жооп берүү үчүн өзгөрүүлөрдү жасоо жана рухий ийгиликтерди кылуу чындык жолундагы алгачкы эле кадам болуп эсептелет. Исанын жаңы чөмүлтүлгөн жолдоочусун жонулуп, кандайдыр бир формага келтирилген жыгачка салыштырууга болот. Жыгачтын негизги формасы чыкса да, аны көркүнө келтирүү үчүн дагы көп жумуш талап кылынат. Анын сыңарындай, биз чөмүлтүлгөнгө чейин Кудайдын кызматчысы болгусу келгендерден талап кылынган негизги сапаттарга ээ болобуз. Анткен менен бул жаңы табиятка кийинүүнүн башталышы гана. Андыктан өзгөрүүлөрдү жасап, андан ары да жакшыра беришибиз абзел.

Атүгүл Пабыл да жакшыра бериши керектигин түшүнгөн. Ал: «Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат»,— деген (Рим. 7:21). Ал өзүнүн кандай адам экенин жана кандай адам болгусу келерин жакшы билген. Ал эми бизчи? Биз да: «Менин кандай жаман сапаттарым бар? Мен кандай адаммын? Кандай адам болгум келет?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

Менин кандай жаман сапаттарым бар?

Эгер жыгачтары чирип калган эски үйдү оңдоп жатсак, анын сыртын эле актап-сырдап койгонубуз жетишсиз. Болбосо, кийин мурункудан да көп кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, сыртыбыздан эле адил болуп көрүнгөнүбүз жетишсиз. Биз ички дүйнөбүздү текшерип, кайсы жактардан өзгөрүшүбүз керектигин аңдай билишибиз зарыл. Антпесе, эски табиятка таандык мурунку жаман сапаттарыбыз кайрадан чыга башташы толук мүмкүн. Ошондуктан өзүбүздү текшерип турганыбыз абдан маанилүү (2 Кор. 13:5). Биз туура эмес жактарыбызды байкап, аларды оңдоп турушубуз керек. Бул жагынан Жахаба бизге керектүү жардамды берип келет.

Пабыл: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү, кош миздүү ар кандай кылычтан да курч; ал ичибизге терең кирип, жан менен рухту, муундар менен сөөктүн чучугун бөлөт да, жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат»,— деп жазган (Эвр. 4:12). Ооба, Кудайдын Сөзүндө жазылгандар биздин жашообузга күчтүү таасир этет. Ал жүрөгүбүздүн түпкүрүнө чейин, каймана мааниде айтканда, сөөктүн чучугуна чейин жетет. Кудайдын Сөзү ойлорубузду жана ниеттерибизди ачыкка чыгарып, сыртыбыздан кандай көрүнбөйлү же өзүбүз жөнүндө кандай ойдо болбойлу, биздин чынында ким экенибизди айкын кылат. Ооба, Кудайдын Сөзү кайсы жактардан жакшырышыбыз керектигин аныктоого жардам берет.

Эски үйдү оңдоп жатканда анын чириген жыгачтарын алмаштырып коюу да жетишсиз. Жыгачтардын чиришине эмне себеп болуп жатканын билсек, чирибеши үчүн кандайдыр бир чара көрөбүз. Анын сыңарындай эле, жаман сапаттарыбызды аныктап эле койбостон, алардын өрчүшүнө эмне себеп болуп жатканын билип, ошол нерселерден алыс болсок, алсыздыктарыбызды жеңе алабыз. Биздин инсан катары калыптанышыбызга көп нерселер: коомдо ээлеген абалыбыз, бизди курчап турган чөйрө, маданиятыбыз, экономикалык абалыбыз, ата-энебиздин тарбиясы, досторубуз, тутуп келген динибиз таасир этет. Атүгүл телеберүүлөр, фильмдер, ошондой эле көңүл ачуунун ар кандай түрлөрү да таасир берип келет. Эгер бизге эмнелер терс таасир тийгизип жатканын билсек, алар менен күрөшүү кыйла жеңил болот.

Өзүбүздү текшерип көрүп: «Мен мындан башкача боло албайм»,— дешибиз мүмкүн. Бирок минтип ойлоо жаңылыштык болуп калар эле. Пабыл Корунттуктарга жазган катында бир кездерде ойноштук, гомосексуализм, аракечтик жана башка ушу сыяктуу иштер менен алек болгондор тууралуу айтып, аларга: «Айрымдарыңар мурун ушундай элеңер. Бирок... Кудайыбыздын руху аркылуу жуулдуңар»,— деген (1 Кор. 6:9—11). Жахабанын рухунун жардамы менен биз да зарыл болгон өзгөрүүлөрдү жасай алабыз.

Филипинде жашаган Маркос * аттуу кишини мисалга алалы. Ал өзүнүн мурунку жашоосун эскерип: «Менин ата-энем дайыма талашып-тартыша берчү. Ошондуктан ээнбаш болуп, 19 жашымда ата-энеме баш бербей калгам»,— дейт. Ал уурулук, талап-тоноочулук кылып, кумар оюндарына берилип кетет. Атүгүл бир жолу достору менен самолётту башка жакка айдатып кетүүнү көздөшөт, бирок алардын ою ишке ашпай калат. Ал үйлөнгөндөн кийин да жаман иштерин таштаган эмес. Кумар оюндарына берилүүнүн аркасында, акыры, бардык нерсесинен айрылып калат. Бирок андан көп өтпөй ал Жахабанын Күбөлөрү менен изилдеп жаткан аялына кошулуп Ыйык Китепти изилдей баштайт. Башында Маркос өзүн Жахабанын Күбөсү болууга татыксызмын деп ойлочу. Ошентсе да үйрөнгөндөрүн жашоосунда колдонуунун жана жыйналыш жолугушууларын калтырбай баруунун аркасында туура эмес жашоо мүнөзүн таштаган. Ал азыр чөмүлтүлгөн биртууган жана башкаларга өзгөрүүгө жардам берүүдө.

Кандай адам болгуң келет?

Исанын жолдоочуларына таандык сапаттарды мындан ары да өрчүтө берүү үчүн кандай өзгөрүүлөрдү жасашыбыз керек? Пабыл Исанын жолдоочуларына: «Булардын баарынан: каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла; оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын. Бири-бириңерге калп айтпагыла. Эски табиятты иштери менен кошо чечип, Жаратуучусунун бейнеси боюнча так билимдин негизинде жаңыланып турган жаңы табиятты кийгиле»,— деп кеңеш берген (Кол. 3:8—10).

Демек, биздин негизги максатыбыз — эски табиятты чечип, жаңы табиятка кийинүү. Ан үчүн кайсы сапаттарды өрчүтүү зарыл? «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, аккөңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле. Кимдир бирөөңөрдүн башка бирөөгө нааразы болушуна себеп бар болсо, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да кечиргиле. Булардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал жеткилең түрдө бириктирет»,— деп жазган Пабыл (Кол. 3:12—14). Ушул сапаттарды өрчүтүү үчүн колдон келишинче аракет кылсак, «элге да, Теңирге да сүймөнчүктүү болобуз» (1 Шем. 2:26). Иса жерде жүргөндө Кудайга жаккан сапаттарды эң мыкты чагылдырган. Андыктан, келгиле, «Кудайды туураган» Иса жөнүндө окуп-изилдеп, андан үлгү ала берели (Эф. 5:1, 2).

Кайсы жактардан өзгөрүшүбүз керектигин аныктоонун дагы бир жолу — Ыйык Китептеги каармандардын жакшы же жаман сапаттарын окуп-изилдөө. Мисалы, Жакыптын уулу Жусуп жөнүндө ойлонуп көрсөң болот. Адилетсиздикке кабылганына карабай, Жусуп оң маанайда болуп, ички дүйнөсүн таза сактаган (Башт. 45:1—15). Ал эми Дөөтү падышанын уулу Абышалом элдин камын ойлогон киши болуп көрүнгөн жана келишимдүүлүгү менен эл оозуна алынган. Бирок, чынында, ал чыккынчы жана киши өлтүргүч болчу (2 Шем. 13:28, 29; 14:25; 15:1—12). Арийне, сырткы келбет менен жасалмалык адамды чындап сулуу кылып көрсөтпөйт.

Биз өзгөрө алабыз

Жакшы жакка өзгөрүп, Кудайдын көз алдында сулуу болуш үчүн, ички дүйнөбүзгө көңүл бурушубуз керек (1 Пет. 3:3, 4). Өзгөрүш үчүн туура эмес жактарыбызды жана аларга себеп болуп жаткан нерселерди аныктап, Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүү талап кылынат. Жакшы жакка өзгөрүүгө аракеттенип жатканыбыздын акыбети кайтабы?

Ооба, Жахабанын жардамы менен зарыл болгон өзгөрүүлөрдү жасай алабыз. Забурчуга окшоп, биз да: «Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла»,— деп тиленсек болот (Заб. 50:12). Биз Кудайдан анын ыйык руху ички дүйнөбүзгө таасир этишин, жашообузду анын эркине ылайык келтирүүгө болгон каалообузду арттырышын сурап тиленсек болот. Биздин Жахабага жагуу үчүн жасаган аракетибиздин акыбети сөзсүз кайтат!

[Шилтеме]

^ 11-абз. Ысмы өзгөртүлдү.

[4-беттеги сүрөт]

Бороон-чапкындан зыян тарткан үйдүн сыртын сырдап коюу эле жетиштүүбү?

[5-беттеги сүрөт]

Сен Исаныкындай сапаттарды өрчүтүп жатасыңбы?