Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакыптын жана Петирдин каттарындагы урунттуу ойлор

Жакыптын жана Петирдин каттарындагы урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Жакыптын жана Петирдин каттарындагы урунттуу ойлор

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы өткөрүлгөн Элүүнчү күн майрамынан 30 жылдай өткөндөн кийин Исанын энелеш биртууганы, шакирт Жакып, рухий Ысрайылдын «он эки уруусуна» кат жазат (Жкп. 1:1). Ал каттын максаты аларды ишенимин бекем сактоого жана сыноолорго туш болгондо туруктуулук көрсөтүүгө чакыруу эле. Ошондой эле анда жыйналыштардагы тынчсызданууну туудурган абалды оңдоого байланыштуу кеңеш камтылган.

Элчи Петир б.з. 64-жылы, Рим императору Нерон Исанын жолдоочуларын куугунтукка алар алдында, ишенимдештерине биринчи катын жолдоп, аларды ишенимин бек сактоого чакырат. Биринчи катын жазгандан көп өтпөй эле ал экинчисин жазат. Ал катында Петир ишенимдештерин Кудайдын Сөзүнө көңүл бурууга үндөп, Жахабанын күнү жакындап калганы тууралуу эскертет. Жакып менен Петирдин каттарында жазылган ойлорду карап чыгуу менен биз көптөгөн пайдаларды алабыз (Эвр. 4:12).

КУДАЙ АКЫЛМАНДЫКТЫ «ИШЕНИМ МЕНЕН СУРАГАНДАРГА» БЕРЕТ

(Жкп. 1:1—5:20)

«Сыноону туруктуулук менен көтөргөн адам бактылуу,— деп жазган Жакып,— анткени ал Жахабанын жактыруусуна ээ болуп... өмүр таажысын алат». Жахаба «ишеним менен сурагандарга» сыноолорду көтөрүп кетүү үчүн акылмандык берет (Жкп. 1:5—8, 12).

Ишеним менен акылмандык жыйналышта «окутуучу» болгондорго да керек. Жакып тилдин «дененин кичинекей эле мүчөсү» болсо да, «бүт денени булгай» турганын айткан соң, Кудай менен болгон мамилебизди буза турган дүйнөнүн таасири тууралуу сөз кылган. Ошондой эле ал рухий жактан ооруп жаткандар сакаюу үчүн кандай иш-аракеттерди жасашы керектигин айткан (Жкп. 3:1, 5, 6; 5:14, 15).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жкп. 2:13 — Кандайча «ырайым соттон жогору турат»? Кудай алдында өзүбүз үчүн жооп бере турган маал келгенде ал бизди башкаларга кылган ырайымыбызды эске алып, Уулунун куткаруу курмандыгынын негизинде кечирет (Рим. 14:12). Андыктан ырайымдуулук — өрчүтүшүбүз керек болгон негизги сапаттардын бири.

Жкп. 4:5 — Бул сөздөрдү айтканда Жакып Жазманын кайсы жеринен үзүндү келтирген? Бул жерде Жакып кайсы бир белгилүү аяттан үзүндү келтирген эмес. Сыягы, рухтун жетеги менен жазылган бул сөздөр төмөнкү аяттарда камтылган жалпы ойго негизделет: Башталыш 6:5; 8:21; Накыл сөздөр 21:10; Галатиялыктар 5:17.

Жкп. 5:20 — «Күнөөкөрдү туура эмес жолдон кайрып келген киши» кимдин жанын өлүмдөн сактап калат? Исанын жолдоочусу күнөөкөрдү туура эмес жолдон кайрып келсе, өкүнгөн ал кишинин жанын рухий өлүмдөн, атүгүл түбөлүк жок болуудан сактап калат. Андан тышкары, күнөөкөргө ушундайча жардам берүү менен анын «көп күнөөлөрүн жабат».

Биз алчу сабактар:

Жкп. 1:14, 15. Орунсуз каалоолор күнөөгө алып келет. Ошол себептүү жаман каалоолордун өрчүп кетишине жол бербешибиз керек. Анын ордуна, бекемдей турган нерселер тууралуу «дайыма ой жүгүртүп», акылыбыз менен жүрөгүбүздү ошолорго толтурганыбыз абзел (Флп. 4:8).

Жкп. 2:8, 9. «Беткарамалык кылуу» сүйүү тууралуу «падыша мыйзамына» карама-каршы келет. Андыктан Исанын чыныгы жолдоочулары беткарамалык кылбайт.

Жкп. 2:14—26. Биз Мусанын мыйзамында талап кылынган же Исанын жолдоочулары аткарууга тийиш болгон «иштер» аркылуу эмес, «ишеним» аркылуу куткарылабыз. Бирок андай ишеним «Кудайга ишенем» деп коюудан да көптү билдирет (Эф. 2:8, 9; Жкн. 3:16). Ал бизге Кудайдын эркине ылайык иш кылууга түрткү бериши керек.

Жкп. 3:13—17. «Жогорудан келген акылмандык» «жердегилерге, жаныбарларга, жиндерге таандык акылмандыктан» алда канча жогору турары шексиз. Андай акылмандыкты катылган «кенчти издегендей издешибиз» керек (Накыл 2:1—5).

Жкп. 3:18. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын үрөнү «тынчтыкка умтулгандардын пайдасы үчүн тынчтык бар жерде себилет». Ошондуктан текебер, тажаал же козголоңчул болбой, тынчтыкка умтулгандардан болгонубуз маанилүү.

«ИШЕНИМИҢЕРДИ БЕКЕМ САКТАГЫЛА»

(1 Пет. 1:1—5:14)

Петир ишенимдештерине алардын асмандагы мураска болгон «тирүү үмүтү» тууралуу айткан. «Силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган динкызматчыларсыңар, ыйык элсиңер“»,— деген ал. Баш ийүүгө байланыштуу кеңеш бергенден кийин Петир аларга: «Баарыңар бир ойдо болгула, бири-бириңерге боор ооруу менен мамиле кылгыла, биртуугандык сүйүү көрсөткүлө, өзгөчө боорукер жана момун болгула»,— деп айткан (1 Пет. 1:3, 4; 2:9; 3:8).

«Бардык нерсенин [Жүйүт түзүлүшүнүн] аягы жакын» болгондуктан, Петир биртуугандарын акыл-эстүү болууга жана тиленүү үчүн сергек болууга чакырган. Ал ошондой эле: «Сак жана сергек болгула... Ишенимиңерди бекем сактап, ага [Шайтанга] каршы тургула»,— деп айткан (1 Пет. 4:7; 5:8, 9).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Пет. 3:20—22 — Чөмүлтүлүү бизди кандайча куткарат? Куткарылууну каалагандар чөмүлтүлүүгө тийиш. Бирок чөмүлтүлүүнүн өзү эле куткарылууга кепилдик боло албайт. Куткарылууга «Иса Машаяктын тирилүүсүнүн негизинде» ээ болобуз. Чөмүлтүлө тургандар Исанын өлүмү куткаруу күчүнө ээ экенине, ал тирилип, «Кудайдын оң жагына отурганына» жана ага тирүүлөрдүн да, өлгөндөрдүн да үстүнөн бийлик берилгенине ишеним артуунун аркасында гана куткарылуу мүмкүн экенин түшүнүшү керек. Чөмүлтүлүү үчүн Топон суудан аман калган сегиз кишиникиндей ишенимге ээ болуу кажет.

1 Пет. 4:6 — «Жакшы кабар» кайсы «өлгөндөргө» таратылган? Алар жакшы кабарды укканга чейин «кылмыштары» менен «күнөөлөрүнөн» улам «өлүк болгондор», тактап айтканда, рухий жактан өлүк болгондор (Эф. 2:1). Бирок жакшы кабарга ишенип калышкандан тартып, алар рухий жактан тирилишкен.

Биз алчу сабактар:

1 Пет. 1:7. Ишенимибиздин баалуулугу артышы үчүн, ал сыналууга жана текшерилүүгө тийиш. Андай бекем ишеним «жаныбызды сактап калат» (Эвр. 10:39). Андыктан ишенимибиз сыналганда артка кетенчиктебешибиз керек.

1 Пет. 1:10—12. Периштелер Кудайдын байыркы убактагы пайгамбарлары аркылуу жазылган Исанын майланган жолдоочуларынын жыйналышына байланыштуу терең чындыктарды түшүнүүнү абдан каалашкан. Ал чындыктар Жахаба тарабынан жыйналыштар аркылуу ачылып бериле баштаганда гана айкын болгон (Эф. 3:10). Биз дагы периштелерден үлгү алып, «Кудайдын терең сырларын» изилдөөгө ынтызар болушубуз керек эмеспи? (1 Кор. 2:10).

1 Пет. 2:21. Бизге үлгү калтырган Иса Машаякты туурап, Жахабанын эгедерлигин жактоо үчүн азап чегүүгө, зарыл болсо, өлүмгө да даяр болушубуз керек.

1 Пет. 5:6, 7. Бардык түйшүктөрбүздү Жахабага артсак, ал бизге чыныгы сыйынууну жашообузда биринчи орунга коюуга жардам берет. Мунун аркасында эртеңки күндү ойлоп өтө эле тынчсыздана бербейбиз (Мт. 6:33, 34).

«ЖАХАБАНЫН КҮНҮ... КЕЛЕТ»

(2 Пет. 1:1—3:18)

«Пайгамбарлык сөз эч качан адамдын эрки менен айтылган эмес,— деп жазган Петир,— аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан». Пайгамбарлык сөзгө көңүл буруу бизди «жалган окутуучулардан» жана башка бузуку адамдардан коргойт (2 Пет. 1:21; 2:1—3).

Петир: «Акыркы күндөрү... шылдыңчылардын келерин билесиңер»,— деп эскерткен. Бирок «Жахабанын күнү ууру сыяктуу келет». Ошондуктан Петир өзүнүн катын: «Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсиңерде бек сактагыла»,— деп жыйынтыктаган (2 Пет. 3:3, 10—12).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Пет. 1:16—19 — «Таңкы жылдыз» деген ким, ал качан чыгат жана анын чыкканын кантип билүүгө болот? «Таңкы жылдыз» — бул падышалык бийликке ээ болгон Иса Машаяк (Аян 22:16). 1914-жылы Иса бардык жаратуулардын алдында Кудай дайындаган Падыша катары чыгып, жаңы күндүн башталышын жарыялаган. Исанын кубулуусу келечекте анын даңкка бөлөнүп, Падыша болуп дайындаларын көрсөтүп, Кудайдын пайгамбарлык сөзүнүн ишенүүгө татыктуу экенин далилдеген (Мр. 9:1—3). Бул пайгамбарлык сөзгө көңүл буруунун аркасында билимибиз артып, «Таңкы жылдыздын» качан чыкканын баамдай алабыз.

2 Пет. 2:4 — «Тартар» деген эмне жана козголоңчул периштелер ал жерге качан ташталган? Тартар — бул рухий жаратуулардын түрмөдөгүдөй абалы. Мындай абалдагылардын акылы «коюу караңгылыкта» болгондуктан, Кудайдын рухий жарыгын көрө да, анын ой-ниеттерин түшүнө да алышпайт. Тартарга ташталгандардын келечекке болгон эч кандай үмүтү жок. Кудай андан баш тарткан периштелерди тартарга Нухтун убагында таштаган. Алар биротоло жок болгонго чейин ошондой кемсинтилген абалда болушат.

2 Пет. 3:17 — «Муну алдын ала билгендиктен...» деген сөздөр менен Петир эмнени айткысы келген? Бул жерде Петир ыйык рухтун жетеги аркылуу өзүнө жана Ыйык Китептин башка жазуучуларына ачылган келечектеги окуялар тууралуу сөз кылган. Анткен менен Исанын алгачкы жолдоочуларына чектелүү эле маалымат ачылып берилген. Алар келечектеги окуялар тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин билишкен эмес; алдыда боло турган окуялардын караанын эле көрүшкөн.

Биз алчу сабактар:

2 Пет. 1:2, 5—7. Чын ыкластан күч-аракет жумшоо «Кудай жана Мырзабыз Иса жөнүндөгү так билимибизди» кеңейтүүгө жардам бергенден тышкары, ишеним, туруктуулук жана Кудайга берилгендик сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө да көмөк кылат. Ушундай кылсак, «иш-аракетсиз же жемишсиз болбойбуз» (2 Пет. 1:8).

2 Пет. 1:12—15. «Чындыкта бекем туруу» үчүн, жыйналыш жолугушуулары, Ыйык Китепти жекече окуу, өздүк изилдөө аркылуу алып жаткан эскертүүлөргө ар дайым муктажбыз.

2 Пет. 2:2. Жүрүм-турумубуз менен Жахабага жана анын уюмуна сөз тийгизүүдөн сак болушубуз керек (Рим. 2:24).

2 Пет. 2:4—9. Жахабанын байыркы убактардан бери кылып келген иштерин карап чыгуу менен анын «Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну, адил эместерди болсо жок кылуу үчүн сот күнүнө чейин кантип сактап турууну билерине» ого бетер ынанабыз.

2 Пет. 2:10—13. «Даңкка бөлөнгөндөр», тактап айтканда, жыйналыштагы аксакалдар жаңылып, ката кетирип алганда, аларды жамандабашыбыз керек (Эвр. 13:7, 17).

2 Пет. 3:2—4, 12. «Ыйык пайгамбарлар айтып кеткен сөздөрдү, ошондой эле Мырзабыздын жана Куткаруучубуздун... берген осуятын» эске салып туруу Жахабанын күнү жакындап калганын унутпоого жардам берет.

2 Пет. 3:11—14. Биз, «Жахабанын күнүнүн келишин күтүп», аны эсибизге бек сактагандар 1) жүрүм-турумубузду ыйык сактоого, мындайча айтканда, өзүбүздү денелик, акыл-эс, адеп-ахлак жана рухий жактан таза сактоого, 2) Кудайга берилгендикти чагылдырган иштерге, алсак, Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине ынталуулук менен катышууга, 3) өзүбүздү жана жүрүм-турумубузду «таза» бойдон сактап, кир дүйнө менен булганбоого, 4) бардыгын чын ниеттен кылуу менен «кемчиликсиз» болууга жана 5) Кудай менен, ишенимдештерибиз менен, ошондой эле башкалар менен «тынчтыкта» болууга тийишпиз.