Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өлгөндөрдөн коркосуңбу?

Өлгөндөрдөн коркосуңбу?

Өлгөндөрдөн коркосуңбу?

БУЛ суроого көптөр: «Жок, эмнеге коркмок элем?» — деп жооп беришет. Анткени алар өлүм жашоонун карама-каршысы экенине ишенишет. Анткен менен миллиондогондор өлгөндөн кийин адамдын жаны жашай берет дегенге ишенишет.

Бенинде (Батыш Африка) жашагандардын көбү өлгөн адамдын арбагы өз үйүндөгүлөрүн өлтүрүш үчүн кайрылып келет деп ойлошот. Ошондуктан алар өлгөн адамдын арбагын ыраазы кылыш үчүн, колунда болгонун сатса да, атүгүл карызга батса да мал алып курмандыкка чалышат. Айрымдар болсо адам өлгөндө анын жаны асманга кетип, тирүүлөр менен байланышат деген ойдо спиритизм менен алектенишет. Ал эми кандайдыр бир коркунучтуу окуяларды баштарынан өткөргөндөр ал окуялардын арбактар менен байланышы бар деп эсептешет.

Бенин менен Нигериянын чек арасында жашаган Агбула деген киши да ошондой окуяларды башынан кечирген. Ал мындай дейт: «Биз жашаган жерде спиритизм кеңири жайылган. Мисалы, өлгөн адамды көргө коёр алдында, аны тиги дүйнөгө узатабыз деген ойдо сөөгүн самындап жуушат. Мен ошол самындардын калдыгын чогултуп алып, жалбырак менен аралаштырып кайнатып, мылтыгыма сүйкөчүмүн, анан үнүмдү бийик чыгарып, кайсы жаныбарды аткым келгенин айтчумун. Биз жакта аңчылыкка чыгарда, жолум болсун деп, ушундай ырым-жырымды кылышат. Бирок кээ бир ырым-жырымдар абдан коркунучтуу».

«Эки балам табышмактуу өлүм менен өлгөндө, кимдир бирөө мага каршы дуба окутуп койгон го деп ойлодум. Мунун себебин билүү үчүн, көптөргө белгилүү болгон көзү ачык чалга бардым. Анын айткандары мен ойлогондой болуп чыкты. Баарынан жаманы, ал менин эки баламдын аларды өлтүргөн киши өлгөндө, ага кул болуш үчүн аны аркы дүйнөдө күтүп жатканын айтты. Анан чал: „Үчүнчү балаңды да ушундай өлүм күтүп турат“,— деди. Ал айткандай эле, бир нече күндөн кийин үчүнчү уулум да каза болуп калды».

Агбула коңшу Нигерияда жашаган Жахабанын Күбөсү Жонго жолугуп калат. Жон ага Ыйык Китептин негизинде өлгөндөрдүн абалы жөнүндө айтып берет. Анын айткандары Агбуланын жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн. Ыйык Китептеги ошол чындыктар сенин да жашооңду өзгөртө алат.

Арбак чынында эле барбы?

Бул суроого ким туура жооп бере алат? Бир да адам, канчалык билерман болбосун, жооп бере албайт. Буга жалгыз гана Жахаба, «асмандагы жана жердеги... көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин» баарын жараткан Кудай гана, туура жооп бере алат (Колосалыктар 1:16). Кудай периштелерди асмандагы жашоого, ал эми адамдар менен жаныбарларды жердеги жашоого жараткан (Забур 103:4, 23, 24). Асманда болобу, же жерде болобу, жашоо Кудайдан көз каранды (Аян 4:11). Келгиле анда, Кудайдын Сөзүндө — Ыйык Жазмада — өлүм жөнүндө эмне делгенин карап көрөлү.

Өлүм жөнүндө эң биринчи Жахаба Кудай өзү айткан. Ал Адам ата менен Обо энеге, анын тилин алышпаса, өлөрүн эскерткен (Башталыш 2:17). Анын эскертүүсү эмнени билдирген? Жахаба Адам атага: «Сен топураксың, топуракка кайра барасың»,— деген (Башталыш 3:19). Ооба, өлгөн адамдын жашоосу токтойт, денеси чирип, топуракка айланат.

Адам ата менен Обо эне билип туруп Кудайдын тилин албай коюшкандыктан, өлүм жазасына тартылышкан. Бирок алардан мурун уулу Абыл көз жумган. Аны өз агасы Кабыл өлтүрүп койгон эле (Башталыш 4:8). Кабыл инисинин арбагы келип өч алат деп корккон эмес, тескерисинче, ал тирүү кишилерден корккон (Башталыш 4:10—16).

Ошол окуядан бир канча кылым өткөндөн кийин астрологдор «жүйүттөрдүн... падышасы» төрөлгөнүн Ирод падышага билдиришкенде, анын тынчы кеткен. Ошондо Ирод болочок падышаны жок кылууну көздөп, эки жашка чейинки эркек балдарды өлтүрткөн. Ошондуктан Кудайдын периштеси Жусупка Мариям менен Исаны алып, ал жерден «Мисирге качып» кетүүнү буйруган (Матай 2:1—16).

Ирод өлгөндө, периште Жусупка: «Ысрайыл жерине жөнө, анткени баланын жанын издегендер өлдү»,— деп айтат (Матай 2:19, 20). Асманда жашаган периште Ирод падышанын эми Исага эч кандай зыян келтире албасын билген. Жусуп өзү да көзү өтүп кеткен Ирод падышадан корккон эмес. Бирок ал анын катаалдык менен бийлик жүргүзгөн уулу Архелайдан корккон. Ошондуктан Жусуп үй-бүлөсүн Архелайдын карамагына кирбеген Галилеяга көчүрүп кеткен (Матай 2:22).

Бул окуядан көрүнүп тургандай, өлгөндөр тирүүлөргө эч нерсе кыла алышпайт. Анда Агбула жана башкалар менен болгон окуяларды кандай түшүнүүгө болот?

Жиндер — каардуу рухтар

Иса чоңойгондо анын каардуу рухтар менен кездешкен учурлары болгон. Алар Исанын ким экенин, башкача айтканда, «Кудайдын Уулу» экенин билишкен. Иса да алардын ким экенин, тактап айтканда, алардын өлгөндөрдүн арбактары эмес, «жиндер» — каардуу рухтар — экенин билген (Матай 8:29—31; 10:8; Марк 5:8).

Ыйык Китепте Кудайга берилген периштелер менен бирге эле ага каршы чыккан периштелер жөнүндө да айтылат. Маселен, Ыйык Жазманын Башталыш китебинде тил албас Адам ата менен Обо эне Эйден бакчасынан куулуп чыкканда, бакчага эч кимди киргизбеш үчүн, Жахабанын Эйдендин чыгыш тарабына керуптарды, периштелерди, койгону айтылат (Башталыш 3:24). Кыязы, ошондо периштелер адамдарга биринчи жолу көрүнүшкөн.

Кийинчерээк бир канча периште адам кейпин кийип жерге түшкөн. Жахаба аларга жерде кандайдыр бир ишти аткарууну тапшырбаса да, алар өз кызыкчылыктарын көздөп, «өздөрү жашашы керек болгон [асмандагы] жайды калтырып» кетип калышкан (Жүйүт 6). Жерге келип алар адамдардын кыздарына үйлөнүп, балалуу болушкан. Алардан адамдар менен периштелердин ортосунан келип чыккан гибриддер төрөлгөн. Алар нефилимдер деп аталышкан. Нефилимдер жана алардын козголоңчул аталары жер жүзүн зордук-зомбулукка, жамандыкка толтурушкан (Башталыш 6:1—5). Муну токтотуу үчүн Жахаба Нухтун күндөрүндө жер жүзүнө Топон суу жиберген. Топон сууда бардык бузулган аялдар менен эркектер жана нефилимдер жок болушкан. Ал эми асмандан түшкөн периштелерчи?

Алар асманга кайтып барууга аргасыз болушкан. Бирок Жахаба аларга «баштапкы абалын» ээлөөгө жол берген эмес (Жүйүт 6). Ыйык Китепте: «Кудай күнөө кылган периштелерди аябастан, тартарга таштап, соттоо үчүн коюу караңгылыктын туңгуюгуна камап салган»,— делет (2 Петир 2:4).

Тартар кандайдыр бир белгилүү жайды билдирбейт; ал иш-аракетине чек коюлган, кемсинтилген абалды билдирет. Жиндер азыр адам кейпин кие алышпайт, бирок алар бардык тирүү жандыктарга таасир эте алгыдай зор күчкө ээ. Жиндер адамдарды да, жаныбарларды да башкара алышат (Матай 12:43—45; Лука 8:27—33). Ошондой эле алар адамдарды аркы дүйнө бар экенине ишендирүү үчүн, өлгөндөрдүн арбагы болуп көрүнүшөт. Эмне үчүн? Алардын максаты — өлгөндөрдүн абалы жөнүндө туура эмес түшүнүктөрдү жайылтып, адамдарды Жахаба Кудайга жаккыдай сыйынуудан алыстатуу.

Коркуу сезиминен кантип арылууга болот?

Агбула өлүмгө жана рухий жаратууларга байланыштуу Ыйык Китепте айтылгандардын акылга сыярлык экенин түшүнгөн. Ошондой эле ал дагы көбүрөөк билим алуу керектигин аңдаган. Ошондуктан Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды Жон менен изилдей баштайт. Агбула балдарынын аларды өлтүргөн кишиге кул болууну күтпөй эле, өлүм уйкусу менен уктап жатканын билгенде сооронуч алган (Жакан 11:11—13).

Андан сырткары, Агбуланын спиритизмге байланышкан иштердин баарынан толугу менен арылышы керектигине көзү жеткен. Ошондуктан ал оккультизмге байланышы бар нерселеринин баарын өрттөп жиберген (Элчилер 19:19). Ошондо айылдаштарынын айрымдары ага рухтардын каарына каларын эскерткен. Бирок Агбула корккон эмес. Ал Эфестиктер 6:11, 12-аяттардагы: «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралдангыла. Анткени биз... каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз»,— деген сөздөргө ылайык иш кылган. Бул рухий курал-жарактарга чындык, адилдик, тынчтык жөнүндөгү жакшы кабар, ишеним жана рухтун кылычы, атап айтканда, Кудай Сөзү кирет. Мындай зор күчкө ээ курал-жарактарды Кудайдан гана алууга болот.

Агбула спиритизмге байланыштуу ырым-жырымдарга катышпай калганда, айрым достору жана туугандары тарабынан куугунтукталган. Бирок ал Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залынан Кудай Сөзүндө жазылгандарга ишенген досторду тапкан.

Агбула жакында Жахабанын жер жүзүн жамандыктан тазалаарын жана жиндерди таптакыр иш-аракетсиз кыларын билет. Акыр-аягы, Кудай жиндерди жок кылат (Аян 20:1, 2, 10). Кудай «мүрзөлөрдө жаткандардын баарын» тирилтет (Жакан 5:28, 29). Алардын арасында Абыл, Ирод падышанын колунан өлгөн бейкүнөө балдар жана башка миллиондогон адамдар болот. Агбула алар менен бирге анын үч уулу да тирилерине ишенет. Ошондо силер да өлгөн сүйүктүү жакындарыңарды көрө аласыңар. Ошол тирилгендердин баары өлгөн күндөн тартып тирилгенге чейин эч нерсени сезишпегенин — алар үчүн жасалып келинген ырым-жырымдардын бирин да билишпегенин — айтып бере алышат.

Ооба, өлгөндөрдөн коркууга эч кандай себеп жок. Ал эле эмес, силер өлгөн сүйүктүү жакындарыңар менен көрүшө аласыңар. Ошол убак келгенге чейин Ыйык Китепти изилдеп, ишенимиңерди бекемдөөгө эмне үчүн болбосун?! Кудай Сөзүндө айтылгандарга ишенгендер менен бирге болгула. Спиритизм менен алектенип жүргөн болсоңор, тезинен чара-көрүп, аны менен байланышыңарды үзгүлө. «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралданып», өзүңөрдү жиндерден коргогула (Эфестиктер 6:11). Бул жагынан Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам берүүгө кубанычта болот. Алар «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» * китебинин жардамы менен Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдөөнү сунуш кылышат.

Эми Агбула өлгөндөрдөн коркпойт, ошондой эле жиндерге кантип каршы турууну билет. Ал: «Үч баламдын өлүмү үчүн кимди күнөөлөштү билбейм. Бирок Жахаба Кудайга кызмат кылгандан бери жети балалуу болдум. Бир дагы каардуу рух аларга жамандык кылган жок»,— дейт.

[Шилтемелер]

^ 25-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[29-беттеги сүрөт]

Эми Агбула өлгөндөрдөн коркпойт, ошондой эле жиндерге кантип каршы турууну билет

[30-беттеги сүрөт]

Кабыл инисинин арбагы келип өч алат деп корккон эмес