Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар дайым адилеттүүлүк менен иш кылган Улуу Сот

Ар дайым адилеттүүлүк менен иш кылган Улуу Сот

Кудайга жакында

Ар дайым адилеттүүлүк менен иш кылган Улуу Сот

Башталыш 18:22—32

АДИЛЕТТҮҮЛҮК. Акыйкаттык. Кара кылды как жарган калыстык. Ушундай асыл сапаттарды сен бийик тутасыңбы? Ооба, биз табиятыбыздан башкалардын бизге адилет, калыс мамиле кылышын каалайбыз. Бирок бүгүнкү күндө адилеттүүлүктүн жокко эсе экени кандай гана өкүнүчтүү. Анткен менен ааламда ишенимге татыктуу Улуу Сот бар. Ал — Жахаба Кудай. Ал ар дайым адилеттүүлүк менен иш жүргүзөт. Анын адилеттүүлүк менен иш кыларын Ыбрайым менен болгон маегинен байкоого болот. Ал экөөнүн ортосунда жүргүзүлгөн маек Башталыш 18:22—32-аяттарда баяндалган *.

Жахаба Ыбрайымга Содом менен Амор шаарларында өкүм сүргөн абалды текшерерин билдиргенде, Ыбрайым ошол шаарларда жашаган адилеттүү адамдардын, анын ичинде иниси Лоттун коопсуздугу үчүн тынчсызданган. Ыбрайым Жахабага: «Кантип эле Сен адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кыласың? Балким, бул шаарда элүү адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал жердеги элүү адил адам үчүн аларга ырайым кылбайсың?» — деп тынчсызданууларын билдирген (23, 24-аяттар). Кудай Ыбрайымга жооп кылып, ал шаарлардан элүү адилеттүү адам табылса, ырайым кыларын айткан. Ыбрайым Жахабага кишилердин санын улам азайтып отуруп, акырында: «Мүмкүн, ал жерден ону табылар?» — деп жалбарган. Кудай ар бир жолкусунда тең, эгер ал шаарлардан ошончо адам табылса, жок кылбаарын айткан.

Ыбрайым Кудай менен талашып-тартышты беле? Албетте, жок. Талашып-тартыша турган болсо, осолдуктун жеткен чеги болуп калар эле. Ыбрайымдын үнүнөн терең урматтоо жана момундук көрүнүп турган. Ал өзүн «топурак жана күл» катары эсептеген. Ыбрайым эки жолу: «Эгедериме сүйлөгөнгө батындым»,— деп, эки жолу: «Эгедерим каарданбаса экен»,— деген (27, 30—32-аяттар). Ошондой эле Ыбрайымдын сөздөрүнөн анын Кудайдын адилеттүү экенине бекем ишенгени байкалып турган. Кудайдын адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кылбаарына ишенгендиктен: «Сен эч качан андай кылбайсың!» — деген. Ишенимдүү Ыбрайым пайгамбар «бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиз сот жүргүзбөөрүнө» толук ишенген (25-аят).

Ыбрайымдын айткандары туура беле? Ооба десе да, жок десе да болот. Алсак, анын Содом менен Амордон, бери дегенде эле, он адил адам чыгар деп ойлогону жаңылыштык болгон. Бирок ал: «[Кудай] адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кылбайт»,— деп эң туура айткан. Анткени Кудай ошол бузуктукка толгон шаарларды талкалаганда, адилеттүү Лот периштенин жетеги астында эки кызы менен аман калган (2 Петир 2:7—9).

Бул билдирүүдөн Жахаба жөнүндө эмнени билүүгө болот? Жахаба Ыбрайымга шаарларды эмне кыларын айтуу менен аны сөзгө тартып, анын оюн билгиси келген. Ыбрайым тынчсызданууларын билдиргенде, ал аны чыдамдуулук менен уккан (Ышайа 41:8). Мындан биз Жахабанын жердеги кызматчыларын баалаган жана урматтаган айкөл Кудай экенин билебиз. Ырас, ар дайым адилеттүүлүк менен иш кылган Улуу Сот Жахабага бүт жүрөгүбүз менен таянууга толук негиз бар экени айкын.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ал аяттарда периштенин Жахабанын атынан сүйлөгөнү айтылат. Мисалга Башталыш 16:7—11, 13-аяттарды кара.

[14-беттеги сүрөт]

Ыбрайым Жахабадан Содом менен Амор шаарларына ырайым кылууну суранган