Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Бриллианттарды контрабандалык жол менен башка өлкөлөргө алып өткөрүп жүргөн жана жумушунан уурулук кылып жүргөн аялга чынчыл болуп өзгөрүлүүгө эмне түрткү берген? Өз өмүрүн кыюуга эки жолу аракет кылган аялга жашоонун маңызын табууга эмне жардам берген? Ичкилик ичип, баңги заттарын колдонуп жүргөн жигит жаман адаттарынан кантип арылган? Алардын айткандарына көңүл буралы.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: МАРГАРЕТ ДИБРЕЙН

ЖАШЫ: 45

ӨЛКӨСҮ: БОТСВАНА

МУРУН: КОНТРАБАНДИСТ ЖАНА УУРУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Атам Германиядан болчу, бирок кийин Түштүк-Батыш Африка (азыр Намибия) жарандыгын алган. Апам болсо Ботсвананын монголога уруусунан. Өзүм Намибиянын Гобабис шаарында төрөлгөм.

1970-жылдары Түштүк Африка өкмөтү Намибияга үстөмдүк кылып, шаарларда жана айылдарда жашаган элди апартеид мыйзамына (расалык басмырлоо жана кодулоо) баш ийүүгө мажбурлаган. Ата-энем эки башка расадан болгондуктан ажырашууга аргасыз болушкан. Ошентип, апам ага-инилеримди, эже-сиңдилеримди жана мени алып, Ганзиге (Ботсвананын тоолуу аймагына) кайтып келген.

Мен 1979-жылы Лобаце шаарына (Ботсвана) барып, мектепти бүткүчө бир жубайлардын колунда турдум. Кийинчерээк машине оңдоочу жайдын конторуна жумушка кирдим. Кичинемден эле Кудай адамдарга кам көрбөйт деп ишенчүмүн. Ошондуктан өзүңдү жана үй-бүлөңдү багыш үчүн жаман ишкеби, жакшы ишкеби, баарына барсаң болот деп ойлоор элем.

Жумушта кызмат абалыман пайдаланып, унаа тетиктерин уурдачумун. Ал эми түнкүсүн шаардан поезд өткөндө, досторум менен поездге отурчубуз да, колубузга эмне тийсе баарын жылан сыйпагандай шыпырып кетчүбүз. Ошондой эле бриллиантты, алтынды жана колону контрабанда жолу менен башка өлкөлөргө алып өтчүбүз. Баңгиликке берилип, абдан таш боор болуп кеткем, жигиттерим да көп эле.

1993-жылы уурулук кылып жаткан жеримен кармалып калып, жумушуман айрылып калдым. Ошондо досторум кармалып калабыз деп коркуп, мени таштап кетишти. Алардын кылганы мага аябай катуу тийди. Ошондон кийин эч кимге ишенгим келбей калды.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. 1994-жылы миссионер болуп кызмат кылган Тим жана Виржиния деген Жахабанын Күбөлөрүнө жолуктум. Алар менин жаңы орношкон жумушума түшкү тыныгуу учурунда келип, Ыйык Китеп жөнүндө айтып беришчү. Кийинчерээк алардын ишеничтүү адамдар экенине көзүм жеткенде аларды үйүмө чакырып, Ыйык Китепти үйдөн изилдей баштадым.

Кудайга жагууну кааласам, жашоомду өзгөртүшүм керек экенин көп өтпөй түшүнө баштадым. Мисал үчүн, 1 Корунттуктар 6:9, 10-аяттардан «бузуктук кылуучулар да... уурулар да, ачкөздөр да, аракечтер да, башкаларга тил тийгизгендер да, талап-тоноочулар да Кудайдын падышалыгын мурастабаарын» билдим. Акырындык менен жаман адаттарымды калтыра баштадым. Уурулук кылганымды токтоттум. Мени менен чогуу өскөн, чогуу кылмыш иштерине барып жүргөн досторум менен байланышымды үздүм. Жахабанын жардамы менен жигиттерим менен да мамилелешпей калдым.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Көп күч-аракет кылуунун аркасында өзүмдү колго ала билүүгө үйрөндүм. Балдарым бир нерсени туура эмес кылып алса, аларга кыйкырбай калдым (Эфестиктер 4:31). Кандайдыр бир кыйынчылык пайда болсо, аны жумшактык менен чечкенге аракет кылам. Ошондуктан азыр балдарым менен урушпай-талашпай ынтымактуубуз.

Менин мурунку досторум, кошуналарым мага азыр ишенишет. Азыр жумушумду так аткарам, мурдагыдай материалдык мүлктү, акчаны уурдабайм. Өз жанымды өзүм багып, убактымдын көбүн башкаларга Ыйык Китеп жөнүндө билүүгө жардам берүүгө жумшап жатам. Мен Накыл сөздөр 10:22-аяттагы: «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деген сөздөргө толук кошулам.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: ГЛОРИЯ ЭЛИСАРРАРАС-ДЭ-ЧОПЕРЕНА

ЖАШЫ: 37

ӨЛКӨСҮ: МЕКСИКА

МУРУН: ӨЗҮН ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Наукальпан шаарынын (Мексика штаты) бай районунда чоңойгом. Жаш чагыман эле ата-энеме тил алчу эмесмин. Отуруштарга барганды жакшы көрчүмүн. 12 жашымда чылым чексем, 14 жашымда арак иче баштадым. Ал эми 16 жашыман тартып баңги заттарын колдонуп жүрдүм. Кийин үйдөн кетип калдым. Досторумдун көбү ата-энеси ажырашып кеткен үй-бүлөдөн, кичинекейинен кордук көрүп чоңойгондордон болчу. Мага келечегим жоктой сезилгендиктен, өзүмдү өзүм өлтүрүүгө бир эмес, эки жолу аракет кылгам.

19 жашымда модель болуп иштеп калдым. Кесибиме байланыштуу менин чөйрөм саясатчылар жана шоу-бизнестеги адамдар эле. Кийин турмушка чыгып, балалуу болдум. Үй-бүлөгө байланыштуу чечимдерди мен чыгарчумун. Ошондой эле чылым чегип, ичкилик ичүүнү калтырган жокмун. Жашоом ак сөөктөр чөйрөсүндөгү шаан-шөкөттөр менен өтчү. Сөгүнмөйүнчө сүйлөй алчу эмесмин. Жалаң адепсиз тамашаларды айтканды жакшы көрөр элем. Мүнөзүм аябай жаман болчу.

Мени менен мамилелешкен адамдардын баары ошондой жашоо өткөрүшчү. Алардын ою боюнча, мен телегейи тегиз жашачумун. Бирок мен жашоодон эч кандай канааттануу алчу эмесмин.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. 1998-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Ыйык Китептен жашоонун маңызы бар экенин билдим. Ошондой эле Жахабанын жерди бейишке айландырарын, өлгөндөрдү кайра тирилтерин жана мен да бейиште жашай аларымды билдим.

Ошондой эле Кудайды сүйүү деген анын тилин алуу экенин түшүндүм (1 Жакан 5:3). Башында бул мен үчүн кыйынга турду, анткени мен эч кимдин сөзүн укчу эмесмин. Бирок, акыр-аягы, өзүмдү өзүм билип жашоо мүмкүн эмес экенине көзүм жетти (Жеремия 10:23). Жахабага кайрылып мага туура жол көрсөт, туура багыт бер деп тилендим. Мен андан жашоомду анын талаптарына ылайык өзгөртүүгө жана балдарымды мен жасаган каталарды кайталабагандай кылып тарбиялашыма жардам сурап тилендим.

Зарыл өзгөрүүлөрдү жасоо мен үчүн оңой болгон жок. Ошентсе да Эфестиктер 4:22—24-аяттардагы: «Мурдагы жашоо мүнөзүңөргө ылайык калыптанган... эски табиятты чечип... Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийүү керек»,— деген кеңешти колдоно баштадым. Жаңы табиятты кийүү үчүн жаман адаттарымды калтырышым керек болчу. Мисалы, тамекини таштап, ыпылас сөздөрдөн арылып, жагымдуу сүйлөгөнгө үйрөнүшүм керек эле. Үч жыл дегенде араң өзгөрүүлөрдү жасап, Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлдүм.

Андан тышкары, эне жана зайып катары өз милдетиме жоопкерчиликтүү карап калдым. 1 Петир 3:1, 2-аяттардагы: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат-сыйыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин»,— деген кеңешти колдоно баштадым.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Мен Жахабага жашоонун маңызын ачып бергени үчүн абдан ыраазымын. Анткени мага мүнөзүм мурдагыга караганда кыйла жакшыргандай сезилет жана азыр балдарыма жакшы тарбия берип жатам. Кээде мурунку кылык-жоруктарымды эстегенде жүрөгүм соттой берет, бирок Жахаба жүрөгүмдү билет (1 Жакан 3:19, 20). Ыйык китептик талаптар боюнча жашоо мени бардык жамандыктан коргоп, жан дүйнөмө тынчтык берип келет.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

АТЫ-ЖӨНҮ: ЖАЙЛСОН КОРРЕА-ДИ-ОЛИВЕЙРА

ЖАШЫ: 33

ӨЛКӨСҮ: БРАЗИЛИЯ

МУРУН: ИЧКИЛИК ИЧИП, БАҢГИ ЗАТТАРЫН КОЛДОНЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Бразилия менен Уругвайдын ортосунда жайгашкан калкы 100 000ге жакын Баже деген шаарда төрөлгөм. Ал жердин калкы, негизинен, дыйканчылык кылып, мал кармайт. Мен кедейлер жашаган, зордук-зомбулук күч алган аймакта чоңойгом. Ал жакта жаштар арасында ичкилик ичүү жана баңги заттарын колдонуу боло жүргөн нерсеге айланган.

Мектепти бүткөндөн кийин эле ичкиликке берилип, марихуана чегип, хеви-металл (рок музыканын бир түрү) уга баштадым. Кудайга ишенчү эмесмин. Дүйнөдө болуп жаткан азап-кайгы жана баш аламандык Кудайдын жоктугунун далили деп эсептечүмүн.

Гитарада ойноп, ыр жазчумун. Ыр жазууга көбүнчө Ыйык Жазмадагы Аян китебинен шыктануу алар элем. Биздин музыкалык топ, мен ойлогондой, ийгиликке жеткен жок, ошондуктан мен баңги заттардын улам күчтүүсүн колдоно баштадым. Өлүп калсам да баары бир болчу. Мен аздектеген ырчылардын көбү баңги затты көп дозада кабыл алып өлүшкөн.

Баңги затка акча табыш үчүн, мени чоңойткон таенемен карызга акча алчумун. Ал: «Акчаны эмне кыласың?» — деп сураганда, ар кайсы калпты айтып коёр элем. Анысы аз келгенсип, оккультизм менен алектене баштадым. Көңүлүмө толгон музыка жаратууга шыктануу берет деген ойдо кара магияга да кызыкчумун.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына бара баштагандан тартып көз карашым, мүнөзүм өзгөрө баштады. Акырындык менен жашоомдо үмүт жанып, бактылуу болууга болгон каалоом арта баштады. Көз карашым өзгөргөндүктөн, узун чачымды кыркууну чечтим. Чачымды эч нерсеге ыраазы эмес, козголоңчул экенимди билдириш үчүн узун кылып өстүргөм. Анан Кудайга жаккым келсе ичкиликти, баңгиликти жана тамекини ташташым керек экенин түшүндүм. Ошондой эле музыкага болгон табитимди өзгөртүшүм керек экенин аңдадым.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына биринчи жолу барганда эле дубалда илинип турган ыйык китептик аятты көрдүм. Ал Накыл сөздөр 3:5, 6-аяттарынан алынган: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт»,— деген сөздөр экен. Ошол аят жөнүндө ой жүгүртүп, эгер мен чындап кааласам, Жахаба мага жардам берерине ынандым.

Бирок жаман адаттарымды таштап, жашоомду түп-тамыры менен өзгөртүү колумду кесип салганга барабар болду (Матай 18:8, 9). Мен илең-салаң болуп жүрө берсем, жаман адаттарыман арыла алмак эмесмин. Ошондуктан создуктуруп жүрө бербей дароо таштоону чечтим. Ошондой эле мурунку жашоомо азгыра турган жерлерге жана адамдарга жолобой калдым.

Көңүлүмдү чөктүрө турган нерселерге эмес, жасаган ар бир ийгилигиме көңүл бурууга үйрөндүм. Жахабанын көз алдында денелик, адеп-ахлактык жана рухий жактан таза болуу сыймык экенин түшүндүм. Мен артка кылчая карай бербей, алдыны көздөй умтулууга Жахабадан жардам беришин сурап тиленип, андан жардам алдым. Кээде жаман иштерди кылып алчумун. Бирок ичкиликти ашыкча ичип эртеси кыйналып турсам да, мага келип жүргөн Жахабанын Күбөсү менен Ыйык Китепти изилдей берчүмүн.

Ыйык Китептен Кудай жөнүндө чындыкты — анын ар бир адамга кам көрөрүн, жалган динди жок кыларын жана дүйнө жүзүндө жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишин жетектеп жатканын — билгенде сүйүндүм (Матай 7:21—23; 24:14; 1 Петир 5:6, 7). Бардыгы өз-өз ордуна туруп калгандай боло түштү. Акыры, жашоомду Кудайга арноону чечтим. Анткени Кудайга бардык жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдиргим келди.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Азыр менин жашоом маңызсыз эмес, алдыга максат коюп жашап келем (Насаатчы 12:13). Үй-бүлөмөн алгандын ордуна, азыр аларга берип жатам. Ыйык Китептен билгендеримди таенеме айтып берчүмүн, кийин ал да Жахабанын Күбөсү болду. Үйдөгүлөрүмдүн айрымдары жана мурунку музыкалык топто чогуу иштешкендердин бири Кудайдын кызматчысы болушту.

Азыр үй-бүлөм бар. Аялым экөөбүз убактыбыздын көпчүлүгүн башкаларга Кудай жөнүндө айтып берүүгө жумшайбыз. Мен Жахабага бүт жүрөгүм менен таянгандыктан андан мол бата алып жатам.

[27-беттеги сүрөт]

«Акырындык менен жашоомдо үмүт жанып, бактылуу болууга болгон каалоом арта баштады»