Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар Козунун «артынан ээрчишет»

Алар Козунун «артынан ээрчишет»

Алар Козунун «артынан ээрчишет»

«Алар... Козу кайда барбасын, анын артынан ээрчигендер» (АЯН 14:4).

1. Исанын чыныгы шакирттери эмне кылууга чечкиндүү эле?

ИСАНЫН жерде кызмат кылып жүргөнүнө эки жарым жылдай болуп калган. Ал Капернаумга «элди окутканы» барып, көптөрдү таң калтырган сөздөрдү айтат. Ошол окуядан кийин «көп шакирттери кайрадан мурунку иштери менен алектенип, Иса менен бирге жүрбөй калышат». Ошондо Иса 12 элчисинен: «Балким, силердин да кеткиңер келип жаткандыр?» — деп сурайт. Симон Петир ага: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да. Биз сенин Кудайдын Ыйыгы экениңди билип, ишенип калдык»,— деп жооп берет (Жкн. 6:48, 59, 60, 66—69). Ооба, Исанын чыныгы жолдоочулары аны эч нерсеге карабай жолдой берүүнү чечишкен. Кийин алар ыйык рух менен майланып, Исанын жетекчилигине баш ийүүнү уланта беришкен (Элч. 16:7—10).

2. а) «Ишенимдүү жана акылдуу кул» же «ишенимдүү... башкаруучу» деген ким? б) Кул тобу Козунун «артынан ээрчүүгө» даяр экенин кандайча далилдөөдө?

2 Исанын бүгүнкү күндөгү майланган жолдоочулары тууралуу эмне деп айтууга болот? Өзүнүн катышуусунун убагы жана азыркы «дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканы» жөнүндө айткан пайгамбарлыгында Иса өзүнүн майланган жолдоочуларынан турган топ тууралуу да сөз кылган. Ал аларды «ишенимдүү жана акылдуу кул» же «ишенимдүү... башкаруучу» деп сыпаттаган (Мт. 24:3, 45; Лк. 12:42). Кул тобу «Козу кайда барбасын, анын артынан ээрчүүгө» даяр экенин далай ирет далилдеп келген (Оку: Аян 14:4, 5). Кул тобуна киргендер «Улуу Бабылдын» — жалган диндин дүйнөлүк империясынын — окууларынан жана иштеринен оолак болуп, өздөрүн рухий жактан таза сакташат (Аян 17:5). «Алардын оозунан» бир да жалган окуу чыкпайт, ошондой эле алар Шайтандын дүйнөсүндө «кемтиксиз» бойдон калууга умтулушат (Жкн. 15:19). Келечекте болсо майлангандардын калдыгы асманга — Козунун жанына — барат (Жкн. 13:36).

3. Кул тобуна ишеним артканыбыз эмне үчүн маанилүү?

3 Иса ишенимдүү жана акылдуу кулду «үйүндөгүлөрүнө», тактап айтканда, кул тобунун калган мүчөлөрүнө «өз убагында тамак берип» турууга дайындаган. Ошондой эле ал ишенимдүү кулга «бүт мүлкүнө» кам көрүүнү тапшырган (Мт. 24:45—47). «Мүлккө» «башка койлордон» турган, саны уламдан улам өсүп жаткан «эбегейсиз көп адамдар» кирет (Аян 7:9; Жкн. 10:16). «Үйүндөгүлөр» менен башка койлор аларга кам көрүүгө дайындалган кулга эмне себептен ишене алышат? Кул тобуна ишеним артууга көптөгөн себептер бар. Алардын эң негизгилери: 1) кул тобуна Жахаба өзү ишеним артат; 2) ага Иса да ишеним артат. Келгиле анда, Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын ишенимдүү жана акылдуу кулга толугу менен ишенерин көрсөткөн далилдерди карап чыгалы.

Кул тобуна Жахаба өзү ишеним артат

4. Ишенимдүү жана акылдуу кул бизди рухий жактан туура азыктандырып жатканына эмне үчүн шектенбесек болот?

4 Ишенимдүү жана акылдуу кул эмненин аркасында рухий тамакты сапаттуу кылып, өз убагында берип жатат? «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм. Менин көзүм сенин үстүңдө»,— дейт Жахаба (Заб. 31:8). Ырас, кул тобуна жетекчиликти Жахаба өзү берип турат. Ошол себептүү ишенимдүү кулдун Жазманы туура чечмелеп, туура түшүндүрүп, туура жетекчилик көрсөтүп жатканына шектенбесек болот.

5. Ишенимдүү кулду Кудай өзүнүн руху менен колдоп жаткандыгын эмнеден көрүүгө болот?

5 Ошондой эле Жахаба кул тобуна өзүнүн ыйык рухун берет. Жахабанын ыйык руху көзгө көрүнбөгөнү менен, анын иш-аракетинин натыйжасын байкабай коюу мүмкүн эмес. Ишенимдүү жана акылдуу кулдун дүйнө жүзү боюнча Жахаба Кудай, анын Уулу жана Падышалыгы жөнүндө күбөлөндүрүүдө эмнелерге жетишкендиги тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Жахабанын кызматчылары Падышалык тууралуу кабарды 230дан ашуун өлкөдө жана аймактарда ынталуу жарыялап жатышат. Бул Кудайдын кулду өзүнүн руху менен колдоп жаткандыгынын төгүндөлгүс далили эмеспи? (Оку: Элчилер 1:8). Жахабанын дүйнө жүзүндөгү элин рухий тамак менен өз убагында камсыз кылууда ишенимдүү кул көптөгөн маанилүү чечимдерди чыгарат. Андай чечимдерди чыгарууда жана ишке ашырууда алар сүйүүнү, жумшактыкты, ошондой эле рухтун жемишине кирген башка сапаттарды чагылдырышат (Гал. 5:22, 23).

6, 7. Жахаба ишенимдүү кулга канчалык деңгээлде ишеним артат?

6 Жахабанын ишенимдүү кулга канчалык деңгээлде ишенерин ага берген убадаларынан көрүүгө болот. Элчи Пабыл: «Сурнай тартылганда, өлгөндөр чирибес болуп тирилишет да, биз өзгөрүлөбүз. Чирий турган бул дене чирибей турганга, өлө турган бул дене өлбөй турганга айланышы керек»,— деп жазган (1 Кор. 15:52, 53). Кудайга ишенимдүү кызмат кылып, чирий турган денеде өлгөн майлангандар түбөлүк өмүргө ээ рухий жаратуулар катары гана тирилтилбейт. Тирилтилгенде аларга өлбөстүк — чексиз, кыйратылгыс өмүр — берилет. Ошондой эле алар «чирибестикке», тактап айтканда, чирибей турган, күч-кубат алып турууга муктаж болбогон денеге ээ болушат. Андан тышкары, Аян 4:4тө асманга тирилгендер баштарына алтын таажы кийип тактыларда отургандар катары сүрөттөлүп, алардын Падышалык даңкка бөлөнөрү көрсөтүлгөн. Бирок Кудайдын аларга ишеним артарын көрсөткөн башка да далил бар.

7 Аян 19:7, 8де мындай делет: «Козунун үйлөнөр убагы келди, анын колуктусу өзүн даярдады. Ага жогорку сапаттагы зыгыр кездемеден тигилген таза, жаркыраган көйнөк кийүүгө уруксат берилди. Жогорку сапаттагы зыгыр кездеме ыйыктардын адил иштерин билдирет». Жахаба Уулуна колукту катары майлангандарды тандаган. Чирибес, өлбөс денеге ээ болуу, падышалык даңкка бөлөнүү, Козунун колуктусу болуу — кандай гана баа жеткис белектер! Мунун баары Кудайдын «Козу кайда барбасын, анын артынан ээрчиген» майлангандарга ишеним артарынын күчтүү далили эмеспи?

Кул тобуна Иса ишеним артат

8. Иса майланган жолдоочуларына ишенерин кантип көрсөткөн?

8 Исанын өзүнүн майланган жолдоочуларына толугу менен ишеним артарына кандай далилдер бар? Жердеги жашоосунун акыркы түнүндө Иса 11 элчисине мындай убада берген: «Силер, сыноолорго кабылганымда, жанымда болдуңар. Атам мени менен падышалык келишимин түзгөндөй, мен да силер менен падышалык келишимин түзөм. Ошентип, силер падышалыгымда менин дасторконумдан ичип-жейсиңер жана тактыларга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар» (Лк. 22:28—30). Исанын 11 элчиси менен түзгөн келишими 144 000 майлангандардын баарына тиешелүү (Лк. 12:32; Аян 5:9, 10; 14:1). Иса өзү ишенбеген бирөөлөр менен келишим түзүп, аларды өзү менен кошо бийлик кылууга чакырат беле?

9. Машаяктын «бүт мүлкүнө» эмнелер кирет?

9 Андан тышкары, Иса Машаяк ишенимдүү жана акылдуу кулду «бүт мүлкүнө» — Падышалыкка таандык жердеги нерселердин баарына — кам көрүүгө дайындаган (Мт. 24:47). Мүлккө Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын имараттары, дүйнө жүзүндөгү филиалдар менен офистер, Падышалык жана Жыйындар залдары, ошондой эле кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши кирет. Эгер Иса кулуна ишенбесе, аны кымбат балуу мүлкүнө кам көрүүгө дайындайт беле?

10. Иса Машаяк шакирттерине берген убадасын аткарып жатканын эмне көрсөтүп турат?

10 Тирилтилген Иса асманга кетер алдында ишенимдүү шакирттерине: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом»,— деп убадалаган (Мт. 28:20). Ал берген убадасын аткарды беле? Ооба, буга акыркы 15 жылдын ичиндеги Жахабанын уюмунда болгон өсүш далил боло алат. Алсак, ушул жылдар аралыгында бүткүл дүйнө жүзүндөгү 70 000дей жыйналыш көбөйүп отуруп 100 000ден ашкан, ошентип, өсүш 40тан ашуун пайызды түзгөн. Ал жылдар аралыгында 4 500 000ге жакын жаңы шакирт кошулган; ошондо орто эсеп менен күнүгө 800дөн ашык киши чөмүлтүлүп турган. Мындай таң калтырарлык өсүш Машаяктын өзүнүн майланган жолдоочуларына жыйналыштарды уюштурууда жетекчилик берип, шакирт даярдоо ишинде колдоо көрсөтүп жатканынын айкын далили эмеспи?

Кул ишенимдүү жана акылдуу

11, 12. Кул өзүнүн ишенимдүү жана акылдуу экенин кантип көрсөтүүдө?

11 Ишенимдүү жана акылдуу кулга Жахаба да, Иса Машаяк да толугу менен ишеним артып жатса, биз да ошентишибиз керек эмеспи? Анын үстүнө, кул өзүнө тапшырылган иште ишенимдүү экенин далилдеп келет. Мисалы, ал «Күзөт мунарасы» журналынын 130 жылдан бери үзгүлтүккө учурабай чыгып турушуна кам көрүүдө. Ошондой эле жыйналыштар, райондук, облустук жана эл аралык жыйындар аркылуу бизди рухий жактан бекемдейт.

12 Ишенимдүү болгондон тышкары, кул акылдуу дагы. Анын акылдуулугун өзүнө таянбаганынан, Жахабадан алдыга озуп кетпегенинен, ошол эле учурда Жахабанын айкын жетекчилигинен артта калып калбаганынан көрүүгө болот. Маселен, өзүмчүл, Кудайга жакпаган жүрүм-турумга көз жумган же андай жүрүм-турумду ачык эле актап-колдогон жалган диндин жетекчилеринен айырмаланып, кул тобу Шайтандын каардуу дүйнөсүндөгү тузактар тууралуу ар убак эскертет. Жахаба Кудай менен Иса Машаяк ишенимдүү кулду колдоп, жетектеп жатканынын аркасында акылдуу кеңештерди, эскертүүлөрдү өз убагында берип турат. Андыктан биз кул тобуна толугу менен ишеним арта алабыз. Ага ишеним артарыбызды кантип көрсөтсөк болот?

Алар Козуну ээрчиген майлангандарды ээрчишет

13. Захариянын пайгамбарлыгына ылайык, кул тобуна ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз?

13 Захариянын китебинде «он кишинин» «бир жүйүткө»: «Биз сени [«силер», «ЖД»] менен барабыз»,— деп айтканы жазылат (Оку: Захария 8:23). Алардын «бир жүйүткө» «силер» деп кайрылганынан «жүйүт» топ кишилерден турарын билүүгө болот. Биздин күндөрдө ал «жүйүт» Машаяктын майланган жолдоочуларынын калдыгын — «Кудайдын Ысрайылынын» мүчөлөрүн — билдирет (Гал. 6:16). Ал эми «ар кандай тилдерде сүйлөгөн... он киши» башка койлордон турган эбегейсиз көп адамдарды билдирет. Майлангандар Машаякты дайыма ээрчигендей эле, эбегейсиз көп адамдар ишенимдүү жана акылдуу кулду ар дайым ээрчип, коштоп жүрүшөт. Эбегейсиз көп адамдар «асманга чакырылгандар» менен кызматташып жатканынан эч качан уялбашы керек (Эвр. 3:1). Себеби Иса аларды «биртуугандарым» дегенден уялбайт (Эвр. 2:11).

14. Машаяктын биртуугандарына кантип колдоо көрсөтө алабыз?

14 Иса Машаяк биртуугандарына берилгендик менен көрсөтүлгөн колдоону өзүнө көрсөтүлгөндөй кабыл алат (Оку: Матай 25:40). Жердеги жашоого үмүттөнгөндөр Машаяктын рух менен майланган биртуугандарына кандай жолдор менен колдоо көрсөтө алышат? Баарынан мурда, Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине көмөк кылуу менен (Мт. 24:14; Жкн. 14:12). Жылдар өткөн сайын майлангандардын катары суюлуп баратат, башка койлордун саны болсо, тескерисинче, уламдан улам өсүүдө. Башка койлор кабар айтуу ишине катышуу менен, мүмкүнчүлүк болсо, толук убакыттуу кызматты аркалоо менен майлангандарга шакирт даярдоо тапшырмасын аткарууга жардам беришет (Мт. 28:19, 20). Ошондой эле алар бул ишке ыктыярдуу тартуулары менен да колдоо көрсөтүп жатышат.

15. Кулдун өз убагында берип жаткан рухий тамагына жана уюмга байланыштуу чыгарган чечимдерине кандай карашыбыз керек?

15 Ишенимдүү кулдун Ыйык Китепке негизделген адабияттар жана жыйналыштар аркылуу өз убагында берип жаткан рухий тамагына кандай карайбыз? Аны ыраазычылык менен кабыл алып, үйрөнгөндөрүбүздү дароо иш жүзүндө колдонобузбу? Кулдун уюмга байланыштуу чыгарган чечимдерине кандай жооп кайтарабыз? Эгер жетекчиликке даярдуулук менен баш ийсек, Жахабанын бекиткен тартибине ишенерибизди айгинелейбиз (Жкп. 3:17).

16. Эмне үчүн Машаяктын биртуугандарын угушубуз керек?

16 Иса: «Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды билем, алар мени ээрчишет»,— деген (Жкн. 10:27). Майлангандар дал ушундай кылышат. Ал эми башка койлорчу? Алар Исаны да, анын биртуугандарын да угушу керек. Анткени майлангандарга Кудайдын элинин рухий саламаттыгына кам көрүү жоопкерчилиги тапшырылган. Машаяктын биртуугандарынын айткандарына канткенде кулак салган болобуз?

17. Кул тобунун айткандарына канткенде кулак салган болобуз?

17 Ишенимдүү жана акылдуу кулдун өкүлү болуп бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш эсептелет. Ал Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүүдө демилгени колго алып, аны көзөмөлдөйт. Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү — тажрыйбалуу, ыйык рух менен майланган аксакалдар. Аларды ишенимдүү түрдө «жетекчиликти колго алгандар» деп айтууга болот (Эвр. 13:7). Себеби алар дүйнө жүзүндөгү 100 000ден ашуун жыйналыштагы 7 000 000дон ашык жарчыга кам көрүү үчүн «Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектенишет» (1 Кор. 15:58). Андыктан Жетектөөчү Кеңеш менен толук кызматташсак, ишенимдүү кулдун айткандарына кулак салган болобуз.

Кулдун айткандарына кулак каккандар баталарды алышат

18, 19. а) Ишенимдүү жана акылдуу кулга кулак каккандар кандай баталарды алышат? б) Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

18 Дайындалгандан тартып ишенимдүү жана акылдуу кул «көп адамдарды чындыкка бурууда» (Дан. 12:3). Андай адамдардын арасында Кудайдын алдында адил деп эсептелип, азыркы бузулган дүйнө жок кылынганда аман калууга үмүттөнгөндөр да бар. Бул алар үчүн кандай сонун бата!

19 Келечекте ыйык шаар, Жаңы Иерусалим (Исанын 144 000 майланган жолдоочулары), «күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан түшүп келгенде» кулга кулак салгандар дагы кандай баталарды алышарына көңүл бурсаңар. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— делет (Аян 21:2—4). Ооба, Машаякка жана анын биртуугандарына ишеним артууга көптөгөн себептер бар. Андыктан, келгиле, мындан ары да аларга даярдуулук менен баш ие берели.

Эмнелерди билдиңер?

• Жахабанын ишенимдүү жана акылдуу кулга ишеним артарына кандай далилдер бар?

• Иса Машаяктын кул тобуна толугу менен ишенерин эмнеден көрүүгө болот?

• Ишенимдүү башкаруучу ишеним артуубузга эмне себептен татыктуу?

• Кул тобуна ишеним артарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Жахаба Уулуна колукту кылып кимди тандаган?

[26-беттеги сүрөт]

Иса Машаяк ишенимдүү жана акылдуу кулга «мүлкүн» ишенип тапшырган

[27-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу ишине катышуу менен майлангандарга колдоо көрсөтөбүз