Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Убакты-саатым келе элек»

«Убакты-саатым келе элек»

«Убакты-саатым келе элек»

Таштанды ташыган чоң машиненин айдоочусу машинесин башкара албай калгандыктан, жөө кишилер баскан жолго чыгып кетип, жолдо бара жаткан жубайларды жана 23 жаштагы жигитти коюп кетет. Нью-Йоркто чыккан бир гезитте белгиленгендей, жубайлар ошол эле жерден каза болушкан, ал эми жигит болсо эс-учунан танып, ооруканага жеткирилген. Жигит эсине келгенде болгон окуяга ишене алган эмес. Ал ошол замат: «О Кудай, жанымды аман алып кала көр»,— деп тиленген. Өзүнүн тирүү калганын кийин: «Ошондо менин убакты-саатым келе элек болчу»,— деп түшүндүргөн.

БАЛКИМ, силер жакта да ушу сыяктуу окуялар болгондур. Кимдир бирөө кырсыктан кыя өтүп кетсе, башкалар: «Ажалы жок экен»,— деп коюшат. Ал эми күтүлбөгөн жерден кайтыш болуп кетсе: «Ажалы жетиптир, Кудайдын буйругу ошо да»,— дешет. Каргашалуу окуянын болушун тагдырдын жазмышы дешеби же Кудайдын салганы дешеби, алардын ою боюнча, ал бешенеге жазылган жана эртели-кеч болмок. Көптөр жашоодо болуп жаткан окуялар жана кырсыктар «маңдайга жазылган» жана алардан эч жакка качып кутула албайбыз деп ишенишет. Адамдарга мындай ой киши өлгөндө же кырсык болгондо эле эмес, башка учурларда да келет. Мындай түшүнүк алардын канына сиңип калган.

Маселен, байыркы бабылдыктар адамдардын кылган иштери асмандагы жылдыздарга жана алардын кыймылына байланыштуу деп ишенишкен. Ошол себептүү кандайдыр бир белги же жышаан алыш үчүн асмандагы жылдыздарды карашчу. Гректер жана римдиктер болсо адамдардын тагдырын чече турган аял кудайына сыйынышкан. Алардын ишеними боюнча, адамдардын маңдайына жамандыкты же жакшылыкты ошол аял кудайы жазган. Ал айрым учурларда атүгүл алардын башкы кудайлары болуп эсептелинген Зевс менен Юпитерден да ыйыгыраак тутулган.

Чыгыш өлкөлөрүндө жашагандар, индустар жана буддисттер адамдын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктары мурунку жашоосунда кылган жаман иштеринин кесепети, ал эми анын кийинки жашоосу азыр кылып жаткан иштеринен көз каранды деп эсептешет. Башка диндер, анын ичинде христиан чиркөөлөрү да Кудай алдын ала маңдайга жазат дегенге ишенишет.

Илимдүү-билимдүүлөрдүн доору делген азыркы учурда да көптөр жашоодогу болуп жаткан нерселерди күнүмдүк иштеринин натыйжасы катары карап, жашоону тагдыр башкарат дегенге ишенишери таң калыштуу эмес. Андыктан башка түшө турган нерселерден качып кутула албайбыз деп ойлошот. Сен да ушундай ойдосуңбу? Турмуштун ачуу-таттуусу, атүгүл адамдын жарык дүйнөгө келиши жана өлүм-житим алдын ала жазылганбы? Сенин да жашооң бешенеңе жазылганбы? Келгиле, ушул суроолорго Кудай Сөзүндө кандай жооп бар экенин карап көрөлү.

[3-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Ken Murray/New York Daily News