Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар бир нерсенин өз убагы бар

Ар бир нерсенин өз убагы бар

Ар бир нерсенин өз убагы бар

«Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар»,— делет Ыйык Китепте. Бул сөздөрдү байыркы убакта жашаган акылман Сулайман падыша жазган. Ооба, ал төрөлө турган убак, өлө турган убак, буза турган убак, кура турган убак, сүйө турган убак, жек көрө турган убак бар экенин айткан. Анан: «Жумушчуга өзүнүн иштеген ишинен эмне пайда?» — деген суроо берген (Насаатчы 3:1—9).

АЙРЫМДАР ушул сөздөрдү окуганда: «Ыйык Китеп жашоодогу ар бир нерсенин качан болору алдын ала белгиленген деген түшүнүктү жактайт турбайбы»,— деп ойлошот. Башкача айтканда, алар Ыйык Китеп тагдырга ишенүүгө үндөйт деген жыйынтыкка келишет. Чынында эле ошондойбу? Ыйык Китеп жашоодогу ар бир нерсе бешенеге жазылат деген түшүнүктү колдойбу? «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылгандыктан», анда жазылгандардын баары бири-бирине шайкеш келиши керек. Андыктан, келгиле, Кудай Сөзүнүн башка бөлүктөрүндө ушул туурасында эмне делгенин карап көрөлү (2 Тиметей 3:16).

Мезгил менен кокустук

Насаатчы китебинде Сулайман андан ары: «Анан мен күн астынан муну көрдүм: жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле, жеңишке жетүү эр жүрөктөргө эле, нан акылмандарга эле, байлык акылдууларга эле, ылым табуу билимдүүлөргө эле тиешелүү эмес экен»,— деп жазат. Эмне үчүн ушундай? Сулайман муну: «Баары мезгил менен кокустуктун капшабына кабылат»,— деп түшүндүрөт (Насаатчы 9:11, «ЖД»).

Сулайман бардык нерсени тагдыр чечет деп айтайын деген эмес, тескерисинче, адамдар иш-аракетинин жыйынтыгы кандай болорун алдын ала так айта албасын баса белгилеген. Анткени «баары мезгил менен кокустуктун капшабына кабылышат». Көбүнчө адам кандайдыр бир окуяга ылайыктуу маалда, ылайыктуу жерде болуп калганы үчүн же, тескерисинче, ылайыксыз учурда, ылайыксыз жерде болуп калганы үчүн эле кабылып калат.

Мисалы, Сулаймандын: «Жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле... эмес»,— деген сөздөрүнө токтололу. 1984-жылы Лос-Анжелесте (Калифорния штаты, АКШ) болуп өткөн Олимпиадалык оюндардагы аялдар арасында 3 000 метрди чуркап өтүү мелдешинде болгон окуя, балким, эсиңердедир же ал тууралуу окуган чыгарсыңар. Ошол мелдешке катышкан эки күлүктүн бири Британиянын, экинчиси Кошмо Штаттардын намысын коргоп чыгышкан эле; экөө тең алтын медалга талапкер болчу. Бирок жарыш аралыгынын жарымына жеткенде, экөө бири-бирине жакын чуркап, түртүшө кетет. Бирөөсү жыгылып кеткендиктен жарыштан чыгып калат, ал эми экинчиси болсо көңүлү чөгүп, марага жетинчи болуп келет.

Мелдештин жыйынтыгы ушундай болот деп алдын ала жазылды беле? Айрымдар: «Ооба»,— деши мүмкүн. Бирок, чынында, алар жөн эле түртүшө кеткендин айынан жеңишке жетпей калышкан; мындай болору эч кимдин оюна келген эмес. Анда эмне алардын түртүшүп кетери алдын ала жазылды беле? Буга да айрымдар: «Ооба»,— деп жооп бериши мүмкүн. Бирок спорт комментаторлору белгилегендей, эки күлүк биринен бири ашуу максатында бири-бирине теңтайлаша жакын чуркагандыктан, жеңишке ээ боло албай калышкан. Ыйык Китепте: «Баары мезгил менен кокустуктун капшабына кабылат»,— деп таамай айтылган. Ооба, адам канчалык аракет кылбасын, иштин жыйынтыгы ал күтпөгөн нерселерден көз каранды болуп калышы мүмкүн. Мунун тагдыр менен эч кандай байланышы жок.

Анда Ыйык Жазмадагы: «Ар бир нерсенин өз убагы бар»,— дегенди кандай түшүнүүгө болот? Жашообуздун нугун өзүбүз каалагандай багытка бура алабызбы?

Ар бир нерсенин ылайыктуу учуру бар

Ыйык Китептин жазуучусу жеке бир адамдын тагдыры жөнүндө эмес, Кудайдын ой-ниети жана анын адамзатка кандай таасир этери жөнүндө жазган. Муну биз кайдан билебиз? Келгиле, Сулаймандын кийинки сөздөрүнө көңүл буралы. Сулайман «өз убагы бар» көп нерселерди санап өткөн соң: «Кудай адам баласына машыксын деп берген мына ушул түйшүктү көрдүм... Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады»,— деп жазган (Насаатчы 3:10, 11).

Сулайман падыша Кудайдын адам баласына берген көп түйшүктөрүн, тактап айтканда, адам баласы кылышы керек болгон иштерди санап өткөн. Ошондой эле Кудай адамдарга чечим чыгаруу эркиндигин берген. Андыктан алар эмне кылышты өзүлөрү чече алышат. Ошентсе да ар бир ишти өз учурунда кылуу жакшы жыйынтык берет. Мисалга Сулаймандын Насаатчы 3:2деги: «Отургуза турган убак бар, жула турган убак бар»,— деген сөздөрүн алалы. Дыйкан кайсы үрөндү кайсы убакта себүү керектигин билет. Эгерде ал үрөндү билип туруп өз учурунда сеппесе, эмне болот? Ал талыкпай эмгектенгенине карабай жакшы түшүм ала албай калганы үчүн тагдырды күнөөлөйбү? Албетте, жок. Анткени ал үрөндү өз убагында сепкен эмес. Дыйкан Жараткандын бекиткен жаратылыш мыйзамдарын эске алып иш кылса, жакшы түшүм алмак.

Демек, Кудай ар бир адамдын тагдырын жана ар бир окуянын эмне болуп аяктаарын алдын ала жазган эмес. Ал Ыйык Китепке адам баласына Анын эркине ылайык жашоого жардам берген принциптерди жаздырган. Адамдар кылган иштеринин үзүрүн көрүш үчүн өз убагында жана Кудайдын ой-ниетине ылайык иш кылышы керек. Кудай жасайм деп ниет кылган нерсени тагдыр деп айтууга болбойт; ал алдын ала чечилген жана аны адам баласы эч өзгөртө албайт. Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу: «Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат»,— деген (Ышайа 55:11).

Кудайдын оозунан чыккан «сөз», башкача айтканда, жерге жана адамзатка карата «жүзөгө аша» турган ниети эмнени билдирет?

Кудайдын белгилеген убактысын аңдай билүү

Сулаймандын айткандары көп нерсени ачып берет. Ал: «Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады, алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды»,— деген (Насаатчы 3:11).

Бул аят терең мааниге ээ. Чын-чынына келгенде, баарыбыз жүрөгүбүздүн түпкүрүндө бирде болбосо бирде жашоонун маңызы жана акыр-аягы эмне болорубуз жөнүндө ойлонобуз. Кылымдар бою адамдар бул жашоонун түйшүк менен эле чектелип, адамдын барар жери мүрзө экенине кошула албай келишкен. Биз, адамзаты, бардык тирүү жандардан айырмаланып, бүгүнкү күн менен эле жашабай келечек жөнүндө да ойлонобуз. Атүгүл түбөлүк жашоону каалайбыз. Эмне үчүн? Анткени, Ыйык Жазмада айтылгандай, Кудай жүрөгүбүзгө «түбөлүктүүлүктү салган».

Түбөлүк жашоону каалагандыктан адамдар: «Өлгөндөн кийин жашоо барбы же жокпу?» — деген суроого жооп издеп келишкен. Айрымдар адам өлгөндөн кийин анын жаны жашай берет деген жыйынтыкка келишсе, башкалары жандын башка түргө өтүшүнө (реинкарнацияга) ишенишет. Үчүнчүлөрү болсо жашоодогу бардык нерсе тагдырдын буйругу же Кудайдын маңдайга жазганы деп ойлогондуктан, жашоонун нугун башка багытка өзгөртө албайбыз дешет. Өкүнүчтүүсү, мындай ырастоолордун бири да толук канааттандырарлык эмес. Себеби адамзат, Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин [өз акылы менен] түшүнө албайт».

Ойчулдар кылымдар бою ушул суроолорго жооп тапкысы келип, бирок таба албагандыктан баштары маң болуп келишкен. Жүрөгүбүзгө түбөлүк жашоо каалоосун Кудай салган болсо, ошол каалоону канааттандыруу үчүн Кудайдын өзүнө кайрылганыбыз акылмандыкка жатпайбы?! Анткени Ыйык Китепте Жахаба жөнүндө: «Колуңду ачып, кең пейилдигиң менен бардык тирүү жандарды тойгузасың»,— делет (Забур 144:16). Анын Сөзүнө кайрылуу менен өмүргө жана өлүмгө, Кудайдын жерге жана адамзатка карата түбөлүк ой-ниетине байланыштуу суроолорго канааттандырарлык жооп ала алабыз (Эфестиктер 3:11).

[5-беттеги сүрөт]

«Жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле... эмес» (Насаатчы 9:11)

[6-беттеги сүрөт]

Эгерде дыйкан үрөндү өз учурунда сеппесе, жакшы түшүм албаганы үчүн тагдырды күнөөлөйбү?

[7-беттеги сүрөт]

Биз өмүр жана өлүм жөнүндө ойлонобуз, себеби Кудай жүрөгүбүзгө «түбөлүктүүлүктү салган»