Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамдардан эмес, Кудайдан коркуунун беш себеби

Адамдардан эмес, Кудайдан коркуунун беш себеби

Адамдардан эмес, Кудайдан коркуунун беш себеби

ЖАШ жигитти жагымдуу сезимдер чулгап, эмнегедир кудуңдап турду. Ал ошондой болот деп деги эле күткөн эмес. Себеби Жахабанын эки Күбөсү менен сүйлөшүп, жан дүйнөсүн кемирген суроолоруна жооп алган эле. Ага: «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» — деген суроо көптөн бери тынчтык бербей жүргөн. Мына ошол суроосуна Ыйык Китептен так-айкын жооп алып отурбайбы. Ооба, ал Ыйык Китепте ушундай баалуу жана жүрөк козгоорлук маалыматтар бар экенин билген да эмес.

Күбөлөр кеткенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин ал жашаган батирдин ээси бөлмөгө жулунуп кирип келип: «Булар кимдер?» — деп зекий сурайт.

Ошондо жаш жигит эмне дээрин билбей оозун ачып туруп калат.

«Мен алардын ким экенин билем, эгер алар дагы келе турган болсо, анда бул жерден кетип, башка батир изде!» — деп кыйкырат.

Анан эшикти тарс жаап, чыгып кетет.

Исанын чыныгы жолдоочулары каршылыктардын болорун билишет

Жаш жигит менен болгон окуянын таң калыштуу эч нерсеси жок. Анткени Ыйык Китепте: «Машаяк Исанын жолунда Кудайга берилгендик көрсөтүп жашагысы келгендердин баары куугунтукталат»,— делет (2 Тиметей 3:12). Кудайдын кызматчыларын көпчүлүк жактырбайт, жактырчу да эмес. Эмне үчүн? Себеби элчи Жакан айткандай: «Биз Кудайдан экенибизди билебиз, ал эми бүт дүйнө Карөзгөйдүн бийлиги астында жатат». Ал эми Кара өзгөй Шайтан «кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстанга» салыштырылат (1 Жакан 5:19; 1 Петир 5:8). Ал адамдарды коркутуп-үркүтүү менен өзүнүн максатына жетүүгө аракет кылат.

Көптөгөн жакшы иштерди кылган, бир да күнөө кетирбеген Иса Машаяк да шылдыңга алынып, куугунтукталган. Ал: «Мени себепсиз эле жек көрүштү»,— деген (Жакан 15:25). Өлөр түнү жолдоочуларын алдыда боло турган сыноолорго даярдап, мындай деген: «Эгерде дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле. Силерге айткан сөзүм эсиңерде болсун: кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат» (Жакан 15:18, 20).

Исанын ушул сөздөрүн уккандардын көбү олку-солку болуп, чыныгы Кудайга сыйынууга чечкиндүү болушкан эмес. Алсак, Ыйык Китепте бир жолу Исаны издегендер жөнүндө: «Бирок жүйүттөрдөн корккондуктан эч кимиси ал жөнүндө оюн ачык айта алган жок»,— делет (Жакан 7:13; 12:42). Ошол маалдагы диний жетекчилер Машаякка ишенгендердин баарын жамааттан чыгарып салабыз деп коркутушкан. Ошентип, көптөр адамдардан корккондуктан Исанын жолдоочусу боло алышкан эмес.

Кийинчерээк Исанын жолдоочуларынын жыйналышы жаңыдан түптөлгөндөн кийин Иерусалимдеги жыйналышка каршы «катуу куугунтук» башталган (Элчилер 8:1). Бүткүл Рим империясында Исанын жолдоочуларына каршылык көрсөтүлгөн. Римдеги таасирдүү кишилер да Пабылга: «Бардык жерде бул сектага каршы чыгып жатышканын билебиз»,— дешкен (Элчилер 28:22). Ооба, Кудайдын чыныгы кызматчыларын бардык жерде куугунтукташкан.

Шайтан бүгүн дагы көптөргө Исанын чыныгы жолдоочусу болууга тоскоолдук кылыш үчүн, алардын адамдан коркуу сезимин өздөрүнө каршы колдонот. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан жүрөгү таза адамдар мектептен, жумуштан, кошуналары же достору тарабынан шылдыңга алынып куугунтукталышат. Алар: «Кадыр-баркым түшөт, элден чыгып калам же мага туугандарым тарабынан колдоо көрсөтүлбөй калат»,— деп чочулашы мүмкүн. Ал эми айыл жеринде жашагандардын айрымдары: «Жыйым-терим убагында түшүм жыйнашканга жардам бербей коюшат, уюмду бадага, коюмду кезүүгө кошпой коюшат»,— деп коркушат. Бирок миллиондогон адамдар коркуу сезимине алдырбастан, Исага окшоп, Кудайга таянууга жана Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашоого чечкиндүү болууда. Жахаба андай адамдарга батасын төгүп келет.

Эмне үчүн адамдардан эмес, Кудайдан коркушубуз керек?

Ыйык Китеп бизди адамдардан эмес, Кудайдан коркууга чакырат. Анда: «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу»,— делет (Забур 111:10). Кудайдан коркуу андан калтырап-титиреп коркууну эмес, анын, Өмүр Берүүчүнүн, жактыруусунан айрылып калуудан коркуу дегенди билдирет. Кудайдан коркуу ага карата болгон жылуу сезим менен тыгыз байланышта. Эмне себептен адамдардан эмес, Кудайдан коркушубуз керек? Келгиле, ушунун беш себебин карап көрөлү.

1 Жахаба баарынан жогору турат. Бир да адамдын күчү Жахабаныкына тең келбейт. Кудайдан коркуу менен элдерди «чакадан тамган тамчыдай» көргөн Кудурети Күчтүүнүн тарабын ээлеген болобуз (Ышайа 40:15). Анын кудурети чексиз болгондуктан, ага ишенимдүү болгон адамдарга «каршы жасалган бир да курал» жеңишке жете албайт (Ышайа 54:17). Түбөлүк жашоого ким татыктуу экенин ал чечкендиктен, анын ким экенин таанып-билип, эркин аткарууга кандайдыр бир нерсенин тоскоол болушуна жол бербегенибиз акылдуулукка жатат (Аян 14:6, 7).

2 Кудай бизге жардам берет жана коргойт. Накыл сөздөр 29:25-аятында: «Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот»,— делет. Чынында эле, адамдардан коркуу — тузак. Себеби көптөр башкалардан корккондуктан Кудайга ишенерин ачык айта алышпайт. Бирок Кудай бизди коргой аларына ынандырып: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм»,— деген сөздөрдү жаздырган (Ышайа 41:10).

3 Кудай ага жакындагандарды жакшы көрөт. Элчи Пабыл төмөндөгү: «Өлүм да, өмүр да, периштелер да, өкмөттөр да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да, күчтөр да, бийиктик да, тереңдик да, деги эле жаратылган эч бир нерсе бизди Кудайдын Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн ажырата албасына толук ишенем»,— деген жүрөк козгоорлук сөздөрдү жазган (Римдиктер 8:37—39). Эгер Кудайга таянганды жана ага баш ийгенди үйрөнсөк, ааламдын Эгедеринин түбөлүктүү сүйүүсүнө ээ болобуз. Бул кандай гана чоң сыймык!

4 Жахабанын биз үчүн кылган иштерин баалайбыз. Жахаба бизге өмүр берген Жаратуучубуз. Ал жашоого зарыл нерселерди гана бербестен, жашообуздун жагымдуу жана кызыктуу болушуна кам көргөн. Чынында, ал — бизден бардык жакшы нерселерди аябаган берешен Кудай (Жакып 1:17). Кудайдын ырайымын баалай билген ишенимдүү Дөөтү пайгамбар: «Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың! Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат?.. Мен мунун баарын жар салып айтар элем, бирок аларга сан жетпейт»,— деген (Забур 39:6).

5 Бизге каршы болгондордун айрымдары өзгөрүлүшү мүмкүн. Адамдардан корккондун ордуна, Кудайдан коркуп аны сүйсөң, сага каршы чыккандарга да жардам бере алышың мүмкүн. Исанын туугандарын мисалга алсак. Башында алар Исага ишенишпей, аны: «Ал акылынан айнып калыптыр»,— дешкен (Марк 3:21; Жакан 7:5). Бирок кийинчерээк, Иса өлүп тирилгенден кийин, алардын көбү ага ишенип калышкан. Атүгүл энелеш бир туугандары — Жакып менен Жүйүт — Ыйык Китепти жазууга катышышкан. Ошондой эле Кудайдын кызматчыларын куугунтуктагандардын ана башы Шабыл да кийин Исанын элчиси болуп, Пабыл деген ысым менен белгилүү болгон. Эгер бекем болсок, бизге каршылык көрсөтүп жүргөндөр Ыйык Китептен алган билимибиздин чындык экенине ишениши ыктымал (1 Тиметей 1:13).

Алсак, Африкада жашаган Абераш деген аял Кудай жөнүндө билгиси келип тиленип жүргөн. Кийин ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштайт. Ошондон тартып үй-бүлөсү жана диний жетекчилер тарабынан катуу каршылыктарга кабылат. Аны менен чогуу Ыйык Китепти изилдей баштаган айрым туугандары адамдардан коркуп, изилдөөсүн токтотуп коюшат. Бирок Абераш Жахабадан ага күч жана эр жүрөктүк беришин жалынып-жалбарып сурап, акыры, Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлөт. Мунун жыйынтыгы кандай болгон? Анын жакшы үлгүсүн көргөн туугандарынын сегизи Ыйык Китепти кайрадан изилдей башташат; азыр алар рухий жактан жакшы ийгиликтерди жасап жатышат.

Адамдардан коркуу сезимин жеңе аласың

Адамдардан коркуу сезимине алдырбаш үчүн Кудайга болгон сүйүүңдү өрчүтүүгө умтул. Ан үчүн Ыйык Китепти изилдеп, андагы: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — деген сөздөрдүн үстүнөн ой жүгүрт (Эврейлер 13:6). Адамдардан эмес, Кудайдан коркуу эмне себептен туура жана акылдуулукка жатарын унутпа.

Ошондой эле Ыйык Китептен билгендериңди жашоодо колдонуунун аркасында көп бата аларыңды эсиңден чыгарба. Алсак, жүрөктү өйүгөн суроолоруңа канааттандырарлык жооп ала аласың. Кыстаган турмуштун кыйынчылыктарын жеңүү үчүн зарыл болгон акылмандыкка ээ болосуң. Азыркы кымгуут заманда жаркын келечекке үмүттөнө аласың. Эң негизгиси, кудурети күчтүү Кудайга каалаган учурда тиленүү аркылуу кайрыла аласың.

Элчи Жакан: «Дүйнө да, анын кумарлары да өтүп кетет, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп жазган (1 Жакан 2:17). Азыр бекем болуп, Кудайдан корко турган убак. Адамдардан коркуп-үрккөндүн ордуна Кудайдын: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам»,— деген кеңешине ылайык иш кылууга чечкиндүү бол (Накыл сөздөр 27:11). Кудайдын жүрөгүн кубантуу кандай гана зор сыймык!

Ыйык Китепте: «Моюн сунуудан кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет»,— делген (Накыл сөздөр 22:4). Эсиңде болсун, Кудай андан корккондорго бере турган нерсени бир да адам бере албайт.

[22-беттеги сүрөт]

Абераштын эр жүрөктүүлүгүнүн аркасында азыр туугандарынын сегизи Ыйык Китепти изилдеп жатышат