Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адил адамдар Кудайды түбөлүк даңкташат

Адил адамдар Кудайды түбөлүк даңкташат

Адил адамдар Кудайды түбөлүк даңкташат

«Адил адам эч качан унутулбайт... Анын адилеттиги түбөлүктүү» (ЗАБ. 111:6, 9).

1. а) Кудай адил деп эсептегендердин баарын кандай бактылуу келечек күтүп турат? б) Бизде кандай суроо туулат?

КУДАЙ адил деп эсептеген адамдардын баарын кандай сонун келечек күтүп турат! Алар Жахабанын кереметтүү сапаттарын барган сайын тереңирээк түшүнүп, түбөлүккө кубанышат. Кудайдын жаратуу иштери тууралуу көбүрөөк билүүнүн аркасында алардын жүрөгү ыраазычылыкка толуп, аны даңкташат. Ушундай келечекке ээ болуу үчүн биз 111-забурда баса белгиленген сапатка, адилдикке, умтулушубуз керек. Бирок ыйык, адил Жахаба Кудай күнөөлүү адамдарды кандайча адил деп эсептейт? Себеби туура иш кылууга канчалык аракет кылбайлы, баары бир жаңылабыз, кээде олуттуу каталарды кетиребиз (Рим. 3:23; Жкп. 3:2).

2. Жахаба сүйүүсүнөн улам кандай эки керемет жасаган?

2 Сүйүүсүнөн улам Жахаба эң мыкты чара караштырган. Кандайча? Алгач асмандагы сүйүктүү Уулунун өмүрүн, ал жеткилең адам болуп төрөлүшү үчүн, кыздын жатынына керемет жолу менен көчүргөн (Лк. 1:30—35). Кийин Исанын душмандары аны өлтүргөндө, Жахаба дагы бир укмуштуу керемет жасаган: Исаны рухий жаратуу катары кайрадан асманда жашоого тирилткен (1 Пет. 3:18).

3. Кудай Уулуна асманда жашоо сыйлыгын эмне үчүн кубаныч менен берген?

3 Жахаба Исага ал адам болуп төрөлгөнгө чейин ээ болбогон сыйлыкты — кыйратылгыс өмүрдү — берген (Эвр. 7:15—17, 28). Кудай ага ушундай сыйлыкты кубаныч менен берген, анткени Иса оор сыноолорго карабай актыгынан жазган эмес. Ошонун аркасында Жахаба Шайтандын адамдар Кудайга аны сүйгөндүктөн эмес, жеке кызыкчылыктарын көздөгөндүктөн кызмат кылат деген жалган айыптоосуна биротоло жооп бере алган (Накыл 27:11).

4. а) Асманга кайтып барганда Иса биз үчүн эмнени кылган жана Жахаба буга кандай жооп кайтарган? б) Жахабанын жана Исанын сен үчүн кылгандарына карата кандай ойдосуң?

4 Иса асманга барганда андан да көптү кылган. Ал «өзүнүн канынын» баасы менен биз үчүн «Кудайдын алдында турган». Исанын баа жеткис тартуусун асмандагы мээримдүү Атабыз биздин күнөөлөрүбүздү жууй турган «элдештирүүчү курмандык» катары ыраазычылык менен кабыл алган. Андыктан биз таза абийир менен «тирүү Кудайга ыйык кызмат кыла алабыз». Ушундан улам 111-забурдун «Теңирди даңктагыла» деген алгачкы сөздөрүнө толук кошулабыз (Эвр. 9:12—14, 24; 1 Жкн. 2:2).

5. а) Кудайдын көз алдында адил бойдон калуу үчүн эмне кылышыбыз керек? б) 110, 111-забурлар кандайча түзүлгөн?

5 Кудайдын көз алдында адил бойдон калышыбыз үчүн Исанын төгүлгөн канына мындан ары да ишене беришибиз зарыл. Ошондой эле Жахабанын бизге көрсөткөн сүйүүсүнө күн сайын ыраазычылык билдиришибиз керек (Жкн. 3:16). Андан сырткары, Кудайдын Сөзүн изилдеп, анда жазылгандарга ылайык жашоо өткөрүүгө бүт күчүбүздү жумшай беришибиз абзел. 111-забурдан Кудайдын алдында абийирин дайым таза сактагысы келгендердин баары эң сонун кеңештерди таба алышат. Ал забур 110-забурду толуктап турат. Эврей тилиндеги түп нускада эки забур тең «Аллилуя!», башкача айтканда, «Жахты даңктагыла!» деп башталып, ал сөздөрдү кошпогондо 22 саптан турат. Ар бир сап эврей алфавитинин 22 тамгасынын бири менен башталат *.

Бактылуу болуунун сыры

6. 111-забурда айтылган Кудайдан корккон «адам» кандайча бата алат?

6 «Теңирден корккон жана Анын осуяттарын чын жүрөктөн сүйгөн адам бактылуу. Анын тукуму жер үстүндө күчтүү болот. Адил адамдардын тукуму Кудайдын батасын алат» (Заб. 111:1, 2). Забурчунун адегенде бир эле «адам» тууралуу сөз кылып, анан 2-аяттын аяк жагында «адил адамдар» деп көптүк санда айтканына көңүл бурсаңар. Мындан көрүнүп тургандай, 111-забур көп адамдардан турган топко айтылса керек. Кызыктуусу, Пабыл Кудайдын рухуна жетектелип, Забур 111:9ду Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларына карата колдонгон (Оку: 2 Корунттуктар 9:8, 9). Бул забурда Машаяктын жердеги жолдоочуларынын бүгүнкү күндө канткенде бактылуу боло алары кандай гана айкын сүрөттөлгөн!

7. Кудайдын кызматчылары эмне үчүн андан коркууга тийиш жана сен анын осуяттарына кандай карашың керек?

7 Забур 111:1де айтылгандай, Исанын чыныгы жолдоочулары «Теңирден корккондуктан» абдан бактылуу болушат. Кудайдын жактыруусунан айрылып калуудан коркуу аларга Шайтандын дүйнөсүнүн рухуна каршы турууга жардам берет. Алар Кудай Сөзүн изилдөөнү жана анын осуяттарын аткарууну «чын жүрөктөн сүйүшөт». Ал осуяттарга Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды бүт жер жүзүнө жарыялоо тапшырмасы да кирет. Кудайдын кызматчылары ыймансыздарга Анын сот күнү келерин эскертип, бардык элдерден шакирт даярдоого умтулушат (Жез. 3:17, 18; Мт. 28:19, 20).

8. а) Кудайдын кызматчылары ынталуулугу үчүн бүгүнкү күндө кандай бата алып жатышат? б) Жерде жашоого үмүттөнгөндөрдү келечекте кандай баталар күтүп турат?

8 Кудайдын кызматчылары ушундай осуяттарды аткаргандыктан, учурда алардын саны жети миллиондой болуп калды. Кудайдын элинин «жер үстүндө күчтүү болуп» баратканын ким тана алат?! (Жкн. 10:16; Аян 7:9, 14). Ал эми Кудай өзүнүн ой-ниетин аткарганда, алар мол «бата алышат»! Жерде жашоого үмүттөнгөндөр келе жаткан «улуу алааматтан» топ катары аман өтүп, «адилдик өкүм сүрө турган» «жаңы жерди» түзүшөт. Армагедондон аман өткөндөр убакыттын өтүшү менен андан да көп «бата алышат». Алар миллиондогон тирилгендерди тосуп алышат. Алдыда кандай гана жүрөк толкуткан окуялар болот! Кудайдын осуяттарын «чын жүрөктөн сүйгөндөр» акыры жеткилеңдикке жетишет жана «Кудайдын уулдары» катары «даңктуу эркиндикке чыгып», түбөлүккө кубанышат (2 Пет. 3:13; Рим. 8:21).

Байлыкты акылдуулук менен колдонуу

9, 10. Исанын чыныгы жолдоочулары рухий байлыгын кандай колдонушат жана алардын адилдиги кандайча «түбөлүктүү» болот?

9 «Анын үйүндө молчулук жана байлык болот, анын адилеттиги түбөлүктүү. Караңгыда адил адамдарга жарык болот, анткени Ал ырайымдуу, боорукер жана адилет» (Заб. 111:3, 4). Байыркы убакта Кудайдын кызматчыларынын кээ бирлери бай болушкан. Кудайдын жактыруусуна ээ болгон адамдар, түз мааниде болбосо да, бай боло алышат. Кудайдын алдында момундук менен жүргөндөрдүн көпчүлүгү, Исанын күндөрүндөгүдөй эле, жакыр, басынтылган адамдар болушу мүмкүн (Лк. 4:18; 7:22; Жкн. 7:49). Бирок адам колунда бар-жогуна карабай, рухий жактан бай боло алат (Мт. 6:20; 1 Тим. 6:18, 19; оку: Жакып 2:5).

10 Исанын майланган жолдоочулары менен алардын шериктери рухий байлыгын өздөрүнө эле катып алышпайт. Тескерисинче, башкаларга рухий кенч болуп эсептелген акылмандыкка, Кудай жөнүндөгү билимге ээ болууга жардам беришүүдө. Ошентүү менен Шайтандын караңгы дүйнөсүндө «адил адамдарга жарык болуп» жатышат. Каршылаштар Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишин токтотууга болгон күчүн жумшашса да, ийгиликке жетпей келишет. Кандай болбосун, бул адил иштин жемиши «түбөлүктүү» болот. Кудайдын сыноолорго карабай адил бойдон калган кызматчылары да сөзсүз түбөлүк өмүргө ээ болушат.

11, 12. Кудайдын эли материалдык каражаттарын кандай жолдор менен колдонот?

11 Кудайдын эли, майланган кул тобу менен «эбегейсиз көп адамдар», материалдык нерселери менен бөлүшүп, берешендик көрсөтүүдө. Забур 111:9да: «Ал өзүнүн мал-мүлкүн жакырларга марттык менен таратып берди»,— деп айтылган. Исанын бүгүнкү күндөгү чыныгы жолдоочулары ишенимдештерине, атүгүл жардамга муктаж башка адамдарга да материалдык жактан жардам көрсөтүшөт. Андан тышкары, ар кандай кырсыктардан жапа чеккендер үчүн көрүлгөн чараларды колдоо үчүн каражаттарын жумшашат. Иса айткандай эле, бул да бактылуу болууга өбөлгө түзөт (Оку: Элчилер 20:35; 2 Корунттуктар 9:7).

12 Бул журналды 172 тилде басып чыгарууга канча акча-каражат сарпталарын да ойлоп көрсөңөр. Журнал которулган тилдерде сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү салыштырмалуу кедей келет. Ошондой эле бул журнал кулагы укпаган адамдар үчүн жаңдоо тилдеринде жана көзү көрбөгөндөр үчүн Брайл арибинде да чыгат.

Кең пейил жана адилет

13. Кең пейилдик көрсөтүү жагынан кимдер биз үчүн мыкты үлгү жана аларды кантип туурай алабыз?

13 «Жакшы адам ырайым [«кең пейилдик», «ЖД»] кылып, карыз берет» (Заб. 111:5). Башкаларга жардам бергендердин баары эле кең пейил эмес экенин байкаган чыгарсыңар. Айрымдар өздөрүн көрсөтүш үчүн эле бирөөлөргө жардам беришет же муну кыйылып атып араң кылышат. Албетте, андай кишилерден жардам албай эле койгуң келет. Ал эми кең пейил кишиден жардам алуу кандай жагымдуу. Баарын берешендик менен берген бактылуу Кудай Жахабага кең пейилдик көрсөтүү жагынан эч ким тең келбейт (1 Тим. 1:11; Жкп. 1:5, 17). Иса Машаяк да Атасынын кең пейилдигин жеткилең түрдө чагылдырган (Мр. 1:40—42). Демек, Кудайдын алдында адил деп эсептелишибиз үчүн, өзгөчө, кабар айтуу кызматында башкаларга рухий жактан жардам берүүдө берешендик, кең пейилдик көрсөтөбүз.

14. Иштерибизди «адилеттик менен жүргүзөрүбүздү» кандай жолдор менен көрсөтсөк болот?

14 «Ал өз иштерин адилеттик менен жүргүзөт» (Заб. 111:5). Алдын ала айтылгандай, ишенимдүү башкаруучу тобу Кожоюнунун мүлкүнө кам көрүүдө Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдырат (Оку: Лука 12:42—44). Бул алардын олуттуу күнөө кетиргендерге байланыштуу маселелерди чечкен жыйналыш аксакалдарына берген ыйык китептик жетекчилигинен көрүнүп турат. Кул тобунун адилеттүүлүк менен иш кыларын жыйналыштарда, миссионерлер үйлөрүндө жана Бейтелдерде иш кандайча жүргүзүлүшү керектигине карата Жазманын негизинде берген көрсөтмөлөрүнөн да байкоого болот. Бирок адилеттүүлүк аксакалдардан эле талап кылынбайт. Исанын бардык жолдоочулары бул сапатты бири-бирине жана ишенимдеш эместерге жасаган мамилесинде, анын ичинде ишкердик маселелерде чагылдырышы зарыл (Оку: Михей 6:8, 11).

Адил адамдар ала турган баталар

15, 16. а) Дүйнөдөгү суук кабарлар адил адамдарга кандай таасир этет? б) Кудайдын кызматчылары эмне кыла берүүгө чечкиндүү?

15 «Ал эч качан мүдүрүлбөйт, адил адам эч качан унутулбайт. Ал жаман сөздөн коркпойт, Теңирге таянгандыктан, анын жүрөгү бекем. Анын жүрөгү туруктуу. Ал душмандарын көргөндө, коркуп кетпейт» (Заб. 111:6—8). Адамзат тарыхында буга чейин согуштар, терроризм, жаңы пайда болгон илдеттер, кайрадан күч алган эски оорулар, кылмыштуулук, жакырчылык, айлана-чөйрөнүн болуп көрбөгөндөй булганышы жөнүндөгү суук кабарлар мынчалык көп болгон эмес. Мындай жаман кабарлар Кудайдын көз алдында адил деп эсептелгендерге таасир этпей койбойт. Бирок алар келечекти ойлоп коркушпайт. Тескерисинче, Кудайдын адил жаңы дүйнөсүнүн жакын арада орной турганын билип, келечекке ишенимдүү карагандыктан, жүрөктөрү «бекем» жана «туруктуу». Алар кандай гана кыйынчылыкка дуушар болушпасын, аны көтөрүп кете алышат, себеби Жахабага таянышат. Кудай адил адамдардын «мүдүрүлүшүнө» эч качан жол бербейт; аларга туруктуу болууга жардам көрсөтүп, кайрат-күч берет (Флп. 4:13).

16 Каршылаштар Кудайдын адил адамдарын жек көрүп, аларга жалган жалаа жаап келишет. Бирок алардын Исанын чыныгы жолдоочуларынын ишин токтотуу максатында жасаган андай аракеттери эч качан оңунан чыккан эмес, чыкпайт дагы. Кудайдын кызматчылары мындан ары да бекем, туруктуу болуп, Жахаба тапшырган ишти — Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтууну жана ага кулак каккандардын баарын шакирт кылууну — уланта беришет. Бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын адил адамдарга көрсөтүлгөн кысым күчөй берери күмөнсүз. Шайтан Ибилис Магок жериндеги Гог катары чыгып, аларга дүйнө жүзү боюнча кол салганда, ал кысым туу чокусуна жетет. Андан кийин биз душмандарыбыздын маскара болуп жок болгонун өз көзүбүз менен көрөбүз. Ошондо Жахабанын ысмынын биротоло ыйыкталганын көрүү кандай гана толкундандырарлык болот! (Жез. 38:18, 22, 23).

«Даңк менен көккө көтөрүлөт»

17. Адил адамдар кандайча «даңк менен көккө көтөрүлүшөт»?

17 Ибилистин жана анын дүйнөсүнүн каршылыктарысыз Жахабаны биримдикте даңктоо кандай гана кубанычтуу болот! Кудайдын алдында адил жүргөндөрдүн бардыгы аны даңктоодон түбөлүккө ырахат алышат. Алар шылдыңдуу өлүмгө дуушар болушпайт, анткени Жахаба адил адамдардын «мүйүзүнүн» «даңк менен көккө көтөрүлөрүн» убадалайт (Заб. 111:9). Ооба, Жахабанын эгедерлигине каршы чыккан душмандардын баары жок кылынганда, адил адамдар кубанып-шаттанышат.

18. 111-забурдун соңку сөздөрү кандайча аткарылат?

18 «Кудайсыз адам муну көрүп ачууланат, тиштерин кычыратып, өзүнөн өзү жок болот. Кудайсыздардын тилеги орундалбайт» (Заб. 111:10). Кудайдын элин жек көргөн, көрө албаган каршылаштардын баары жакында «жок болот». Биздин ишибизди токтоткусу келгендердин тилеги таш кабып, «улуу алааматта» өздөрү менен кошо ойрон болот (Мт. 24:21).

19. Биз эмнеден шектенбесек болот?

19 Куткарылып, ошол улуу жеңишти өз көзү менен көргөн бактылуу адамдардын арасында сен да болосуңбу? Же оорунун, карылыктын айынан Шайтандын дүйнөсү жок болгонго чейин көз жумсаң, тирилтиле турган «адил» адамдардын катарында болосуңбу? (Элч. 24:15). Эгер сен, 111-забурда сүрөттөлгөн адил адамдай болуп, дайыма Исанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтсөң жана Жахабаны туурасаң, сөзсүз ошондой болот (Оку: Эфестиктер 5:1, 2). Жахабанын көз алдында андай адамдар жана алардын адил иштери «эч качан унутулбайт». Алар түбөлүккө Жахабанын эсинде болушат жана ар дайым анын сүйүүсүн сезишет (Заб. 111:3, 6, 9).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Ал эки забурдун бири-бирин толуктап турары алардын түзүлүшүнөн жана мазмунунан көрүнүп турат. 110-забурда даңазаланган Кудайдын сапаттарын 111-забурда айтылган Кудайдан корккон киши чагылдырат. Муну Забур 110:3, 4тү Забур 111:3, 4 менен салыштыруудан байкоого болот.

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

• «Аллилуя!» деп айтууга бизде кандай себептер бар?

• Бүгүнкү күндөгү кандай жетишкендиктер Исанын чыныгы жолдоочуларына кубаныч тартуулоодо?

• Жахаба кандай маанай менен берген адамдарды жакшы көрөт?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Кудайдын алдында адил бойдон калуу үчүн Исанын төгүлгөн канына ишеним көрсөтүшүбүз керек

[26-беттеги сүрөт]

Ыктыярдуу тартуулар кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүгө, ыйык китептик адабияттарды чыгарууга жумшалат