Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны унутпашың керек

Жахабаны унутпашың керек

Жахабаны унутпашың керек

ЭЛ ТАШКЫНДАГАН дарыядан бир да жери суу болбостон өтүп кеткен. Мындайды элдин басымдуу бөлүгү биринчи жана акыркы жолу баштарынан өткөрүшкөн. Ал эми айрымдарга мындай нерсе жаңылык эмес эле. Жахаба оргуштап агып жаткан Иордан дарыясын токтоткондо, дабыраган калың эл, миллиондогон ысрайылдыктар, дарыянын кургак түбү менен өтүп, Убадаланган жерге бет алышкан. Ошондо көптөр Иордан деңизинин аркы өйүзүнө өтүшкөндө, кырк жыл мурун Кызыл деңизден өткөн ата-бабаларына окшоп: «Жахабанын ушул жерде кылганын эч качан унутпайм»,— дешсе керек (Жаш. 3:13—17).

Бирок Жахаба ысрайылдыктардын «Анын иштерин тез эле унутуп коюшарын» билген (Заб. 105:13). Ошондуктан Жашыяга дарыянын түбүнөн он эки таш алып, биринчи эле токтогон жерине коюуну буйруган. Жашыя ал таштардын «Ысрайыл уулдары үчүн түбөлүккө эстелик болорун» айткан (Жаш. 4:1—8). Ошол таштар ысрайылдыктарга Жахабанын улуу иштерин эске салып, ага ар дайым берилгендик менен кызмат кылууга түрткү берүү максатында коюлган эле.

Бул окуя Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына да тиешелүүбү? Албетте. Биз эч качан Жахабаны унутпашыбыз керек жана кызматыбызды берилгендикте уланта беришибиз зарыл. Жахабанын ысрайылдыктарга берген эскертүүлөрү анын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына да тиешелүү. Мусанын: «Байкагын... Анын осуяттарын, мыйзамдарын, көрсөтмөлөрүн аткарбай койбо, Кудай-Теңириңди унутуп калба»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаң (Мыйз. 8:11). Бул жерден көрүнүп тургандай, Жахабаны унутуу анын мыйзамдарын аткарбай коюуга алып келет. Сак болбосок, биз да байыркы ысрайылдыктардай болуп калышыбыз мүмкүн. Элчи Пабыл ишенимдештерине жазган катында чөл кезген ысрайылдыктардай болуп, «тил албастык» көрсөтүүдөн сак болууну эскерткен (Эвр. 4:8—11).

Келгиле, Ысрайылдын тарыхындагы Кудайды унутпашыбыз керектигин баса белгилеген айрым окуяларды жана ишенимдүү ысрайылдык эки кишинин үлгүсүн карап чыгалы. Бул бизге Жахабага туруктуулук жана ыраазычылык менен кызмат кылууга жардам берет.

Жахабаны эмне үчүн унутпашыбыз керек?

Ысрайыл уулдары Мисирде жүргөндө, Жахаба аларды эч качан унуткан эмес. Ал «Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишимин эстеп» жүргөн (Чыг. 2:23, 24). Ошондуктан Жахаба өз элин кулчулуктан бошотуу үчүн чара көргөн. Анын кылгандары унутулгус болгон.

Жахаба Мисирге тогуз жаза жиберген. Ошол тогуз жазаны болтурбай коюуга фараондун сыйкырчыларынын дарамети жеткен эмес. Ага карабастан фараон ысрайылдыктарды бошотуудан баш тартып, Жахабага ачык эле каршы чыккан (Чыг. 7:14—10:29). Бирок онунчу жазадан кийин текебер башкаруучу Кудайдын эркине баш ийүүгө мажбур болгон (Чыг. 11:1—10; 12:12). Ошентип, Мусанын жетеги астында ысрайыл эли менен бирге башка улуттагы элдер, баары биригип, болжолу, үч миллиондой киши Мисирден чыккан (Чыг. 12:37, 38). Бирок алар көп узай электе эле, фараон оюн өзгөрткөн. Ал ошол учурда дүйнөдөгү эң кубаттуу согуш күчү деп эсептелген майдан арабалары менен атчан аскерлерин баштап, кулдарын кайра кайрып келүү үчүн артынан кууп жөнөйт. Ошол тапта Жахаба Мусага ысрайылдыктарды бир жагынан Кызыл деңиз, экинчи жагынан кырка тоолор тосуп турган, Пи-Ахирот деген жерге алып барууну буйрат. Бир караганда, ысрайылдыктар тузакка түшкөндөй жерге барышкан (Чыг. 14:1—9).

Фараон ысрайылдыктар эч жакка кача албайт деп ойлогондуктан, аскерлери менен аларга кол салууга бет алат. Бирок Жахаба ысрайылдыктар менен мисирликтердин ортосуна булут жана от каптатып, мисирликтердин ысрайылдыктарга жакын келишине жол бербей кармап турат. Анан Кызыл деңизди экиге бөлүп өтүүгө жол ачканда, суунун бийиктиги, болжолу, 15 метр дубалдай болуп туруп калат. Ошондо ысрайыл эли деңиздин кургак түбү менен өтө баштайт. Мисирликтер да көп өтпөй жээкке келип, ысрайылдыктардын аркы өйүзгө өтүп жатканын көрүшөт (Чыг. 13:21; 14:10—22).

Акыл-эси ордунда киши алардын аркасынан эч качан сая түшмөк эмес, бирок фараон сая түшкөн. Ал өзүнө өзү аша таянгандыктан майдан арабалары жана атчан аскерлери менен бирге экиге бөлүнгөн деңизге жулунуп кирет. Артка кайра тартуу алардын оюна да келген эмес. Бирок алардын ойлогону ойрон болуп, ысрайылдыктарды кууп жетпей калышкан. Жахаба алардын майдан арабаларынын дөңгөлөктөрүн чыгарып салгандыктан, арабалары тартпай калат (Чыг. 14:23—25; 15:9).

Мисирликтер арабаларынын сынганына карабай, болгон күчү менен алдыны көздөй жүткүнүп жатышканда, ысрайыл уулдары деңиздин чыгыш жээгине чыгып калышкан болот. Анан Муса Кызыл деңизди карай колун сунат. Ошондо Жахаба дубал болуп туруп калган сууларды коё берет. Миллиондогон тонна суу фараонду аскерлери менен басып калат да, баары тыптыйпыл жок болот. Ал эми ысрайылдыктар куткарылышат (Чыг. 14:26—28; Заб. 135:13—15).

Муну укканда башка улуттагы элдерди коркунуч баскан (Чыг. 15:14—16). Ошондон кырк жыл өткөндөн кийин да Жериходо жашаган Рахап деген аял ысрайылдык эки чалгынчыга: «Силер бизге коркунуч туудурдуңар... Анткени Мисирден чыкканыңарда, Теңир силердин көз алдыңарда Кызыл деңиздин ортосун кургатканын... укканбыз»,— деген (Жаш. 2:9, 10). Ооба, атүгүл бутпарас элдер Жахабанын өз элин кантип куткарганын унутушкан эмес. Анда ысрайылдыктар Жахабаны андан бетер унутпашы керек эле.

Аларды «көзүнүн карегиндей сактаган»

Ысрайылдыктар Кызыл деңизден өткөндөн кийин «коркунучтуу ээн кара чөлгө», Синай чөлүнө, келишкен. Алар «бир тамчы суусу жок», калың элди тойгузгудай азыгы жок чөлдө баратканда, Жахаба аларды таштаган эмес. Муса: «[Жахаба ысрайылды] ээн талаа, эрме чөлдөн таап алган. Аны коргоп, багып, көзүнүн карегиндей сактаган»,— деп жазган (Мыйз. 8:15; 32:10). Кудай аларга кантип кам көргөн?

Жахаба «жердин бетине» керемет жолу менен асмандан нан — манна — жаадырып турган (Чыг. 16:4, 14, 15, 35). Ошондой эле «аска таштан суу чыгарып берген». Алар 40 жыл чөл кезип жүрүшсө да, Жахаба батасын бергендиктен, кийген кийимдери жыртылган эмес, буттары да шишиген эмес (Мыйз. 8:4). Кылган жакшы иштери үчүн Жахаба алардан эмнени күткөн? Муса ысрайылдыктарга: «Сак бол, жаныңды бек сакта, өз көзүң менен көргөн иштерди унутпа, аларды өмүрүң өткөнчө жүрөгүңдөн чыгарба»,— деп айткан (Мыйз. 4:9). Эгер ысрайылдыктар Жахабага куткарганы үчүн ыраазы болуп, кылгандарын дайыма эстеп жүрүшсө, ага берилгендикте кызмат кылып, мыйзамдарын так аткарууга аракет кылышмак. Ысрайылдыктар ушундай кылганбы?

Баалабагандыктан ыраазы болушкан эмес

Муса элге: «Сен өзүңдү жараткан Коргоочуңду, өзүңдү жараткан Теңирди унуттуң»,— деген (Мыйз. 32:18). Ысрайылдыктар, чынында эле, Жахабанын Кызыл деңизде жасаган кереметин, чөлдө аларга кам көргөнүн жана башка толгон-токой жакшы иштерин бара-бара унутуп, баалабай калышкан. Алар акыр-аягы Жахабага баш ийбей, козголоңчул боло башташкан.

Бир жолу алар ичерге суу жок деп, Мусаны жемелешкен (Сан. 20:2—5). Ал эми алардын жашоосу үчүн зарыл болгон манна жөнүндө: «Бул жарыбаган тамак көңүлүбүзгө тийди»,— деп наалышкан (Сан. 21:5). Ошондой эле Кудайдын чечимдерине шек санашып, Мусанын жетекчилигине моюн сунгулары келбей: «Ушундан көрө Мисир жеринде же ушул чөлдө эле өлүп калсак эмне... Өзүбүзгө башчы шайлап алып, Мисирге кайра кетели»,— дешкен (Сан. 14:2—4).

Ысрайылдыктардын тил албастыгы Жахабага кандай тийген? Кийинчерээк забурчу ошол окуялар жөнүндө ой жүгүртүп: «Алар чөлдө Аны канча жолу каардантышты! Эч ким жашабаган жерде Аны канча жолу ачуулантышты! Кудайды кайрадан сынашты, Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришти. Алар Анын куткарган колун, Анын эзүүдөн куткарган күнүн унутушту. Анын Мисирде жасаган кереметтерин... унутушту»,— деп жазган (Заб. 77:40—43). Ооба, ысрайыл элинин Жахабаны унутканы аны аябай капа кылган.

Экөө унуткан эмес

Анткен менен ысрайылдыктардын арасында Жахабаны унутпаган кишилер болгон. Алсак, Жашыя менен Калеп ошондой адамдардан эле. Алар Убадаланган жерди байкап келүүгө Кадеш-Барнейиден 10 чалгынчы менен бирге жиберилген. Алардын ону Убадаланган жер жөнүндө жаман сөздөрдү айтып келишсе, Жашыя менен Калеп: «Биз көрүп келген жер абдан сонун жер экен. Эгерде Теңир бизге ырайым кыла турган болсо, анда бизди ал жерге Өзү алып барат. Сүт менен бал аккан ошол жерди бизге берет. Болгону, Теңирге каршы чыкпагыла»,— дешкен. Муну уккан жамаат: «Буларды таш бараңга алыш керек!» — деп кыйкырган. Бирок ал экөө Жахабага таянып, бекем турушкан (Сан. 14:6—10).

Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин Калеп Жашыяга: «Кудай-Теңирдин кулу Муса мени Кадеш-Барнейиден жер чалып келүүгө жөнөткөндө, кырк жашта элем. Мен ага жооп кылып, жүрөгүмдө болгонду айтып келгем. Мени менен барган бир туугандарым элди коркутуп салган. Мен болсо өз Кудай-Теңиримдин айтканындай кылгам»,— деген (Жаш. 14:6—8). Калеп менен Жашыя Кудайга таянып, көптөгөн кыйынчылыктарды көтөрүшкөн. Алар Жахабаны өмүр бою унутпоого чечкиндүү болушкан.

Ошондой эле алар Жахабанын өз элине убада кылган жерге байланыштуу убадасын аткарганын көрүп, ага ыраазычылык билдиришкен. Ырас, ысрайылдыктар ошол маалга чейин аман-эсен жашап келгендиги үчүн Жахабага ыраазы болууга тийиш болчу. Жашыя: «Теңир Ысрайыл уулдарына алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерлердин бардыгын берди... Теңирдин Ысрайыл уулдарына айткан жакшы сөздөрүнүн ичинен эч бир сөзү аткарылбай калган жок, бардыгы аткарылды»,— деп жазган (Жаш. 21:43, 45). Биз, Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары, Калеп менен Жашыядан кандай үлгү алсак болот?

Ыраазы боло бил

Кудайдан корккон забурчу: «Теңирдин мага кылган бардык жакшылыгын кантип актайм?» — деген суроо берген (Заб. 115:3). Кудайдын бизге материалдык жактан берген батасы, бизди өз Сөзү аркылуу жетектегени жана келечекте куткарылышыбызга караштырган чарасы үчүн ага чексиз карызбыз. Ал карыздан кутулууга түбөлүктүүлүк да жетишсиз. Ооба, Жахабанын бизге кылган жакшылыгын эч качан актай албайбыз. Анткен менен ыраазычылык билдирүү баарыбыздын колубуздан келет.

Жахабанын кеңешин колдонуу сага кандайдыр бир көйгөйлөрдөн качууга жардам берди беле? Анын кечиримдүүлүгүнүн аркасында таза абийирге ээ боло алдыңбы? Кудайдын кылган иштеринен алган пайдалар убактылуу эле эмес. Ошондуктан сен да Кудайга убактылуу эле ыраазы болгондордон болбошуң керек. 14 жаштагы Сандра деген кыз олуттуу көйгөйгө туш болгон, бирок Жахабанын жардамы менен аны жеңе алган. Ал мындай дейт: «Жахабага жардам сурап кайрылар элем. Анын көйгөйлөрдү кандайча чечери мага абдан таасир этти. Мен азыр атамдын Накыл сөздөр 3:5, 6дагы: „Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт“,— деген сөздөрдү эмне үчүн көп айтканын түшүндүм. Жахаба мага ушул убакка чейин жардам берип келгендей эле, анын мындан ары да жардам берерине шектенбейм».

Жахабаны унутпаганыңды туруктуулугуң менен көрсөт

Ыйык Китепте Жахабаны унутпоого дагы кайсы сапат жардам берери мындайча баса белгиленет: «Бардык жагынан жеткилең, кемчиликсиз, эч кынтыксыз болушуңар үчүн, туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн» (Жкп. 1:4). «Кемчиликсиз, эч кынтыксыз болуу» деген эмнени билдирет? Бул кандай гана сыноо болбосун, Жахабага таянууну жана аларды жеңүүгө чечкиндүү болууну билдирет. Эгер туруктуу болсок, сыноолорду жеңип, терең кубаныч алабыз. Анын үстүнө, сыноолор түбөлүккө созулбайт (1 Кор. 10:13).

Катуу оорудан азап чеккен, көп жылдан бери Жахабага кызмат кылып келе жаткан бир ишенимдешибиз туруктуу болууга эмне жардам берерин мындай деп түшүндүрөт: «Мен эмнелерди кылгым келери жөнүндө эмес, Жахаба эмнелерди кылып жатканы жөнүндө ойлогонго аракет кылам. Ошондой эле актыгымды сакташ үчүн өзүмдүн каалоолорума эмес, Кудайдын ой-ниеттерине көңүл бурам. Ошондуктан кыйынчылыктарга кабылганда: „Жахаба, эмне үчүн мен эле кыйналышым керек?“ — дебейм. Кандай гана күтүлбөгөн кыйынчылыкка дуушар болбоюн, ага берилген бойдон калып, кызматымды уланта берем».

Бүгүн Исанын жолдоочулары Жахабага «рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынууда» (Жкн. 4:23, 24). Алар, ысрайылдыктардан айырмаланып, Кудайды эч качан унутушпайт. Бирок Исанын жолдоочусу болуунун өзү эле актыкты сактоого кепилдик болуп бербейт. Андыктан, Калеп менен Жашыядан үлгү алып, ар бирибиз Жахабага кызмат кылууда ыраазы боло билишибиз жана туруктуу болушубуз зарыл. Жахабага азыркы оор күндөрдө жеке ар бирибизге кам көрүп, жетекчилик берип жатканы үчүн ыраазы болуп, туруктуулук көрсөтүүгө толук негиз бар.

Жашыянын эстеп жүрүү үчүн койдурган таштарындай болуп, Жахабанын куткаруу иштери жөнүндөгү билдирүүлөр бизди анын өз элин эч качан таштабаарына ынандырат. Ошондуктан сен да: «Теңирдин иштерин эске салам. Сенин мурунку кереметтериңди эске салам. Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, Сенин улуу иштериң жөнүндө ойлоном»,— деген забурчунун айткандарына ортоктош боло бер (Заб. 76:12, 13).

[7-беттеги сүрөт]

Ысрайылдыктар «бир тамчы суусу жок жерлерди» басып өтүшкөн

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.

[8-беттеги сүрөт]

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.

Ысрайылдыктар Кадеш-Барнейиге токтогондо, чалгынчылар Убадаланган жерге жиберилген

[9-беттеги сүрөт]

Ысрайылдыктар Убадаланган жерге барганына ыраазы болушу керек эле

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.

[10-беттеги сүрөт]

Жахабанын ой-ниетин эсибизден чыгарбасак, кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрүп кете алабыз