Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мусадан Улук пайгамбарды баалайлы

Мусадан Улук пайгамбарды баалайлы

Мусадан Улук пайгамбарды баалайлы

«Муса: „Жахаба Кудай силерге биртуугандарыңардын арасынан мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт. Ал эмне айтса, ошонун баарын уккула...“ — деген» (ЭЛЧ. 3:22).

1. Иса Машаяк адамзат тарыхына кандай таасир эткен?

МЫНДАН эки миң жыл мурун бир наристе төрөлгөндө, асмандагы миң сандаган периштелер Жахабаны даңкташкан. Буга жердеги койчулар да күбө болушкан (Лк. 2:8—14). Ошол наристе отуз жыл өткөндөн кийин үч жарым жыл кызмат кылып, адамзат тарыхына өчүрүлгүс из калтырган. 19-кылымда жашаган белгилүү тарыхчы Филип Шафф ал адам жөнүндө төмөнкүлөрдү жазган: «Ал өзү эч нерсе жазбаса да, анын айткандары жана кылган иштери азыркыга чейин көптөгөн ар кыл багыттагы китептердин, мактоо ырларынын жаралышына алып келип, искусство адамдарына шыктануу берип келет. Тарыхтагы бир да атактуу адам анте алган эмес». Албетте, ал адам баарына белгилүү Иса Машаяк болгон.

2. Иса жана анын кызматы жөнүндө элчи Жакан эмне деген?

2 Элчи Жакан да Исанын кызматы жөнүндө баяндап, аягында мындай деген: «Иса булардан башка дагы көптөгөн иштерди жасаган. Эгер алардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып отурса, жазылган түрмөктөр бул дүйнөгө батпай кетмек деп ойлойм» (Жкн. 21:25). Ал Исанын окуяларга бай ошол үч жарым жылдын ичинде кылган иштеринин жана айткан сөздөрүнүн бир азын гана жазып калтыра аларын түшүнгөн. Ошентсе да Жакандын Инжилинде жазылган тарыхый окуялар абдан баалуу.

3. Исанын Кудайдын ой-ниетине байланыштуу ролун кантип тереңирээк түшүнө алабыз?

3 Исанын өмүр баяны жазылган Инжилдеги маалыматтардан сырткары, Ыйык Китептин башка бөлүктөрүндө да Исанын жашоосу жөнүндө ишенимди бекемдээрлик билдирүүлөр баяндалат. Мисалы, Исага чейин жашаган айрым ишенимдүү адамдар тууралуу жазылгандар Исанын Кудайдын ой-ниетине байланыштуу ролун тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

Машаяктын прообразы болгон байыркы замандагы кишилер

4, 5. Кимдер Исанын прообразы болушкан жана кандайча?

4 Инжилде Муса, Дөөтү, Сулаймандар Кудай өзү майлаган жана дайындаган Иса падышанын прообразы экени баса белгиленет. Кудайдын ошол байыркы кызматчылары Исаны кандайча символдоштурушкан жана алар жөнүндө билдирүүлөрдөн эмнени биле алабыз?

5 Маселен, Ыйык Китепте Мусанын пайгамбар, арачы жана куткаруучу экени айтылат. Иса да пайгамбар, арачы жана куткаруучу. Дөөтү койчу жана ысрайыл элинин душмандарын багындырган падыша болгон. Иса да кайтаруучу жана жеңүүчү падыша (Жез. 37:24, 25). Сулайман Кудайга ишенимдүү кезинде акылман башкаруучу болгон жана анын башкаруусунун тушунда Ысрайылда тынчтык өкүм сүрүп турган (1 Пад. 4:25, 29). Иса да теңдешсиз акылман жана «Тынчтыктын Төрөсү» (Ыш. 9:6). Ооба, ошол байыркы адамдар Иса Машаякка көп жагынан окшош болушкан, бирок Исанын Кудайдын ой-ниетине байланыштуу ролу алардыкынан жогору турат. Алгач, келгиле, Иса менен Мусанын окшош жактарына токтолуп, ал окшоштуктарды карап чыгуу кандайча Исанын Кудайдын ой-ниетине байланыштуу ролун тереңирээк баалоого берерин карап көрөлү.

Муса — Исага чейинки улук пайгамбар

6. Элчи Петир Исаны угуунун зарылдыгын кантип түшүндүргөн?

6 Биздин замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан бир аз убакыт өткөндөн кийин элчи Петир Мусанын Иса жөнүндө айткан пайгамбарлыгынын аткарылганын айтып өткөн. Ал мындайча болгон: Петир менен Жакан тубаса майып адамды айыктырганда, эл «айран-таң калып», алардын жанына чуркап келет. Ибадатканада элдин алдында турган Петир бул кереметтин Иса Машаяк аркылуу иш-аракет кылган Жахабанын руху менен жасалганын түшүндүрөт. Анан Мусанын Эврей Жазмаларындагы Исага тиешелүү: «Жахаба Кудай силерге биртуугандарыңардын арасынан мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт. Ал эмне айтса, ошонун баарын уккула»,— деген сөздөрүн айтат (Элч. 3:11, 22, 23; оку: Мыйзам 18:15, 18, 19).

7. Эмне үчүн жүйүттөр элчи Петирдин Мусадан да улук пайгамбар тууралуу айткандарын жакшы түшүнүшкөн деп айта алабыз?

7 Петирдин сөзүн угуп тургандарга Мусанын ошол сөздөрү жакшы тааныш болсо керек. Анткени жүйүттөр Мусаны улуу пайгамбар деп эсептеп келишкен (Мыйз. 34:10). Ошондой эле алар Мусадан да улук пайгамбардын келишин чыдамсыздык менен күтүп жүрүшкөн. Алар күткөн пайгамбар, Мусадай болуп, Кудайдын майланганы эле эмес, «Кудайдын Тандаганы, Машаяк» болмок (Лк. 23:35; Эвр. 11:26).

Иса менен Мусанын окшош жактары

8. Иса менен Мусанын жашоосунда кандай окшоштуктар болгон?

8 Исанын жердеги жашоосу Мусанын жашоосуна кайсы бир жактардан окшош болгон дешке болот. Алсак, Муса да, Иса да ымыркай кездеринде таш боор башкаруучулардын колдорунан аман калышкан (Чыг. 1:22—2:10; Мт. 2:7—14). Ошондой эле экөө тең «Мисирден чакырылып» алынган. Бул тууралуу Ошуя пайгамбардын китебинде: «Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым»,— деп жазылган (Ош. 11:1). Ошуя бул аятта бир нече кылымдар мурун ысрайыл элинин Кудай дайындаган Мусанын жетеги астында Мисирден чыкканын айткан (Чыг. 4:22, 23; 12:29—37). Бирок Ошуянын сөздөрү өткөн окуяга эле эмес, келечекке да тиешелүү болгон. Башкача айтканда, анын ошол сөздөрү Ирод падыша өлгөндөн кийин Жусуп менен Мариям Исаны алып Мисирден кайтып келгенде да аткарылган (Мт. 2:15, 19—23).

9. а) Муса менен Иса кандай кереметтерди жасашкан? б) Иса менен Мусанын ортосундагы окшоштуктарды айтып бер. (26-беттеги «Иса менен Мусанын окшош жактары» деген кутучаны кара.)

9 Иса да, Муса да кереметтер аркылуу аларды Жахаба колдоп жатканын көрсөтүшкөн. Ыйык Китепте Муса керемет жасагандардын биринчиси болуп эсептелет (Чыг. 4:1—9). Мисалы, Муса суу менен байланышы бар кереметтерди жасаган. Анын буйругу менен Мисирдин дарыялары жана көлдөрү канга айланган, Кызыл деңиз экиге бөлүнгөн, чөлдөгү аскадан суу чыккан (Чыг. 7:19—21; 14:21; 17:5—7). Иса да суу менен байланышы бар кереметтерди жасаган. Анын эң алгачкы керемети үйлөнүү тоюнда суунун шарапка айланышы болгон (Жкн. 2:1—11). Кийинчерээк ал Галилея деңизин тынчтандырган. Бир жолу атүгүл суу үстүнөн баскан (Мт. 8:23—27; 14:23—25). 26-беттеги кутучада Муса менен андан да улук пайгамбар Исанын ортосундагы окшоштуктар көрсөтүлгөн.

Машаяк — Пайгамбар

10. Чыныгы пайгамбар кандай болот жана эмне үчүн Мусаны чыныгы пайгамбар дешке болот?

10 Көптөр келечектегини айтып бере турган адамды пайгамбар деп эсептешет. Бирок пайгамбардын иши келечектеги нерсени айтуу менен эле чектелбейт. Чыныгы пайгамбар Жахабанын өкүлү катары «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» жар салат (Элч. 2:11, 16, 17). Ошондой эле Жахабанын ой-ниеттерине жана сот өкүмдөрүнө байланышкан келечектеги окуяларды жарыя кылат. Муса так ошондой пайгамбар болгон. Ал Мисирге жиберилген он жаза тууралуу алдын ала айткан. Синай тоосунда Мыйзам келишимин элге окуп берген. Элди Кудайдын эркин аткарууга үйрөткөн. Бирок кийинчерээк Мусадан да улук пайгамбар келиши керек эле.

11. Иса Мусаныкынан да чоң пайгамбарлык ишин кантип аткарган?

11 Кийинчерээк Закарыя пайгамбарлык кылып, уулу Жаканга карата Кудайдын ой-ниетин билдирген (Лк. 1:76). Анын уулу эл көптөн бери күтүп келген пайгамбардын, Мусадан улук Иса Машаяктын, келерин жар салган чөмүлдүрүүчү Жакан эле (Жкн. 1:23—36). Мусадан улук Иса Машаяк пайгамбар катары алдыда боло турган көптөгөн окуяларды айткан. Мисалы, өзүнүн өлүмүнө байланыштуу көп нерселерди: кантип өлөрүн, каякта жана кимдин колунан өлөрүн алдын ала айткан (Мт. 20:17—19). Иса угуучуларын таң калтырып, Иерусалим жана андагы ибадаткананын кыйратыларын да пайгамбарлык кылган (Мр. 13:1, 2). Анын пайгамбарлыктары биздин күндөрдө да аткарылып жатат (Мт. 24:3—41).

12. а) Иса кандайча бүткүл дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишине чыйыр салган? б) Биз эмне үчүн Исадан үлгү алабыз?

12 Иса пайгамбарлык кылгандан тышкары, кабар айткан жана элди окуткан. Ооба, ал Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткан. Бир да адам, Исадай болуп, тайманбастык менен сүйлөгөн эмес (Лк. 4:16—21, 43). Ошондой эле Иса Улуу Окутуучу болгон. Аны уккандардын айрымдары: «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»,— дешкен (Жкн. 7:46). Иса жакшы кабарды тырышчаактык менен тараткан, аны көргөн жолдоочулары да жакшы кабарды таратууда тырышчаак болууга түрткү алышкан. Ал ушундайча бүткүл дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине чыйыр салган. Ал иш бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүүдө (Мт. 28:18—20; Элч. 5:42). Былтыр Исанын жети миллионго жакын жолдоочусу Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу жана кызыккандарга Ыйык Китептеги чындыктарды окутуу ишине 1 500 000 000го жакын саат жумшашкан. Сен да ошол ишке колуңдан келишинче катышып жатасыңбы?

13. «Сергек... болууга» эмне жардам берет?

13 Мусага окшогон пайгамбардын келерине байланыштуу Жахабанын пайгамбарлыгы аткарылганына эч күмөн жок. Муну билүү сага кандай таасир этет? Бул жакынкы арада боло турган окуяларга карата айтылган пайгамбарлыктардын аткарылышына болгон ишенимиңди бекемдебейби? Ырас, Мусадан да улук Исанын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү Кудайдын жакында боло турган сот күнүнүн алдында «сергек жана сак болууга» түрткү берет (1 Тес. 5:2, 6).

Машаяк — Арачы

14. Муса кандайча Кудай менен ысрайылдыктардын ортосунда арачы болгон?

14 Муса сыяктуу эле, Иса да арачы. Арачы эки тарапты бириктирип турган көпүрө катары кызмат кылат. Жахаба ысрайылдыктар менен Мыйзам келишимин түзүп жатканда арачы катары Мусаны колдонгон. Эгер Жакыптын уулдары Кудайдын мыйзамдарына баш ийип жашаса, Кудайдын энчиси, тактап айтканда, анын жыйыны болмок (Чыг. 19:3—8). Ошол келишим б.з.ч. 1513-жылдан тартып б.з. 1-кылымына чейин күчүндө болгон.

15. Иса кандайча теңдешсиз арачы?

15 Биздин замандын 33-жылы Жахаба жаңы Ысрайыл менен, тактап айтканда, дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардагы Исанын майланган жолдоочуларынан турган «Кудайдын Ысрайылы» менен мурункудан да жакшы келишим түзгөн (Гал. 6:16). Муса арачылык кылган таш лоокторго жазылган келишимден Иса арачылык кылган келишим алда канча ашып түшөт. Кудай ал келишимдеги мыйзамдарды адамдардын жүрөгүнө жазган (Оку: 1 Тиметей 2:5; Эврейлер 8:10). Ошентип, «Кудайдын Ысрайылы» Кудайдын энчиси жана Машаяк башкарган Падышалыктын «жемишин бере турган эл» болуп эсептелет (Мт. 21:43). Бул рухий элдин мүчөлөрү жаңы келишимдин катышуучулары болуп эсептелет. Ошентсе да жаңы келишимден алар гана пайда алышпайт. Ошол баа жеткис келишимдин аркасында миллиондогон адамдар, атүгүл өлүм уйкусунда жаткандар түбөлүккө созулуучу баталарды алышат.

Машаяк — Куткаруучу

16. а) Жахаба Мусаны ысрайыл элин куткаруу үчүн кандайча колдонгон? б) Чыгуу 14:13кө ылайык, куткарылуу кимден келет?

16 Мисирден чыгар түнү ысрайылдыктардын балдарынын кээ бирлери өлүм коркунучунда турган. Себеби Кудайдын периштеси Мисир жерин аралап өтүп, элдин тун уулдарын кырмак. Ошондо Жахаба Мусага эгер ысрайылдыктар Пасахка союлган козунун канынан алып, эшиктин кашектерине сыйпап коюшса, тун уулдары аман каларын айткан (Чыг. 12:1—13, 21—23). Баары Кудайдын айтканындай келип чыккан. Анан бир нече убакыттан кийин бүтүндөй ысрайыл эли аркасынан сая түшүп кууп келе жаткан майдан арабачан мисирликтер менен Кызыл деңиздин ортосунда калып, алардын өмүрүнө коркунуч туулган. Жахаба кайрадан Мусаны колдонуп, деңизди экиге бөлүү менен өз элин куткарып калган (Чыг. 14:13, 21).

17, 18. Иса кандайча Мусадан да улук Куткаруучу?

17 Жахабанын байыркы учурдагы куткаруу иштери, чынында эле, улуу болгон. Бирок анын бизди Иса аркылуу куткаргандыгы бардык куткаруу иштеринен жогору турат. Тил алчаак адамдар Иса аркылуу күнөөнүн кулчулугунан куткарылышкан (Рим. 5:12, 18). Алар убактылуу эмес, түбөлүккө куткарылышкан (Эвр. 9:11, 12). Исанын ысмы «Жахаба — куткаруу» деген маанини туюнтат. Иса куткаруучубуз катары мурун кылган күнөөлөрүбүздөн эле куткарбастан, биз үчүн эң сонун келечекке жол ачкан. Иса бизди күнөөдөн куткаргандыктан, биз Кудайдын каарына калбай, тескерисинче, Аны менен ынак мамиле өрчүтө алабыз (Мт. 1:21).

18 Иса бизди күнөөдөн эле эмес, өз убагы келгенде анын кесепетинен — оорунун, атүгүл өлүмдүн уу тырмагынан да — бошотот. Муну элестетиш үчүн Иса Жайырдын үйүнө барганда эмне болгонун карап көрөлү. Жайырдын 12 жашар кызы өлүп калган эле. Ошондо Иса аны: «Коркпо. Болгону эле, бекем ишен. Ошондо кызың тирүү калат»,— деп соороткон (Лк. 8:41, 42, 49, 50). Анын айтканындай эле, кыз тирилген. Кыздын ата-энеси кандай гана кубанычка батканын элестете аласыңбы?! Анда «мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын [Исанын] үнүн уга турган убак» келгенде биздин канчалык кубанычка бөлөнөрүбүздү да элестете аласың (Жкн. 5:28, 29). Ооба, Иса биздин Куткаруучубуз (Оку: Элчилер 5:31; Тит 1:4; Аян 7:10).

19, 20. а) Исанын Чоң Муса катары аткарган ролу жөнүндө ой жүгүртүү бизге кандай таасир этет? б) Кийинки макалада эмне жөнүндө талкууланат?

19 Биз Исанын куткаруу иштеринен башкалар да пайда аларын билебиз. Ошондуктан кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышууга дилгирбиз (Ыш. 61:1—3). Ошондой эле Исанын Улук Муса катары аткарган ролу жөнүндө ой жүгүртсөк, жаман адамдарга сот өкүмү чыгарылган күнү ал өзүнүн жолдоочуларын аман алып каларына болгон ишенимибиз бекемделет (Мт. 25:31—34, 41, 46; Аян 7:9, 14).

20 Ооба, Иса Мусадан улук. Ал көптөгөн кереметтерди жасаган. Ал жасаган кереметтерди Муса эч качан жасай алмак эмес. Исанын пайгамбар катары айткан сөздөрү жана арачы катары аткарган иштери жалпы адамзатка пайда алып келет. Ал Куткаруучу катары адамзатты убактылуу эмес, биротоло куткарган. Кудайдын байыркы ишенимдүү кызматчыларынын жашоосунан Иса тууралуу көп нерселерди билүүгө болот. Кийинки макалада Иса кандайча Улук Дөөтү жана Улук Сулайман экени талкууланат.

Түшүндүрө аласыңарбы?

Иса кандайча

• пайгамбар катары...

• арачы катары...

• куткаруучу катары...

Мусадан улук?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги кутуча]

Иса менен Мусанын окшош жактары

□ Экөө тең Жахабага жана анын элине кызмат кылуу үчүн жогорку абалын таштаган (2 Кор. 8:9; Флп. 2:5—8; Эвр. 11:24—26).

□ Экөөнү тең Жахаба өз эркин аткартууга дайындаган (Мр. 14:61, 62; Жкн. 4:25, 26; Эвр. 11:26).

□ Экөө тең Жахабанын ысмы менен келишкен (Чыг. 3:13—16; Жкн. 5:43; 17:4, 6, 26).

□ Экөө тең момун болгон (Сан. 12:3; Мт. 11:28—30).

□ Экөө тең көп кишини тойгузган (Чыг. 16:12; Жкн. 6:48—51).

□ Экөө тең сот жана мыйзам чыгаруучу катары кызмат кылышкан (Чыг. 18:13; Мал. 4:4; Жкн. 5:22, 23; 15:10).

□ Экөөнө тең Кудайдын үйүндө жетекчилик кылуу иши тапшырылган (Сан. 12:7; Эвр. 3:2—6).

□ Экөө тең ишенимдүү күбө болгон (Эвр. 11:24—29; 12:1; Аян 1:5).

□ Мусанын да, Исанын да сөөгүн өлгөндөн кийин Жахаба жок кылып койгон (Мыйз. 34:5, 6; Лк. 24:1—3; Элч. 2:31; 1 Кор. 15:50; Жүй. 9).