Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетилгендикке умтулгула, себеби Жахабанын улуу күнү жакын

Жетилгендикке умтулгула, себеби Жахабанын улуу күнү жакын

Жетилгендикке умтулгула, себеби Жахабанын улуу күнү жакын

«Жетилгендикке умтулалы» (ЭВР. 6:1).

1, 2. Исанын Иерусалимдеги жана Жүйүт жериндеги жолдоочуларына «тоого качып» кетүүгө кандай мүмкүнчүлүк түзүлгөн?

ИСА жерде жүргөн кезде, окуучулары анын жанына келип: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан. Исанын ал суроого жооп катары айткан пайгамбарлыгы алгачкы жолу биринчи кылымда аткарылган. Иса түзүлүштүн акырына аябай эле аз калганын көрсөткөн өзгөчө окуялардын болорун айткан. Ал окуяларды баамдаган соң «Жүйүт жериндегилер тоого качышы» керек эле (Мт. 24:1—3, 15—22). Исанын шакирттери белгини аңдап, анын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылышканбы?

2 Отуз жылдай өткөндөн кийин, б.з. 61-жылы, элчи Пабыл Иерусалимде жана анын тегерегинде жашаган Исанын эврей жолдоочуларына таасирдүү, сестентерлик кат жазган. «Улуу алааматтын» алгачкы баскычы башталганын көрсөткөн белгинин аткарылышына беш жылдай эле калганын Пабыл да, анын ишенимдештери да билишкен эмес (Мт. 24:21). Б.з. 66-жылы Цестий Галл баштап келген Рим аскерлери Иерусалимди басып алуунун алдында турушкан. Бирок күтүүсүздөн артка чегинип кетишкен. Ошентип, Исанын жолдоочуларына аман калуу үчүн качып кетүүгө жол ачылган.

3. Пабыл Исанын эврей жолдоочуларына кандай кеңеш берген жана эмне үчүн?

3 Исанын ал жолдоочулары окуялардын жүрүшүн баамдап, качып кетүү үчүн абдан кыраакы болушу жана рухий жактан сергек турушу керек эле. Анткен менен кээ бирөөлөр «угууга жөндөмсүз болуп калышкан». Алар «сүт» менен тамактанган рухий ымыркайлардай болушкан (Оку: Эврейлер 5:11—13). Атүгүл ондогон жылдар бою чындык жолунда жүргөн кээ бир жолдоочулардын «тирүү Кудайдан алыстап» баратканы байкалган (Эвр. 3:12). Башкалар болсо каргашалуу күн «жакындап келаткан» убакта жыйналыш жолугушууларына барбоону «адатка айлантып алышкан» (Эвр. 10:24, 25). Андыктан Пабыл: «Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларды калтырып, жетилгендикке умтулалы»,— деп өз учурунда кеңеш берген (Эвр. 6:1).

4. Рухий жактан сергек болгонубуз эмне үчүн маанилүү жана бул жагынан бизге эмне жардам берет?

4 Биз Исанын пайгамбарлыгы акыркы жолу аткарыла турган убакта жашап жатабыз. «Теңирдин улуу күнү» — Шайтандын бүт түзүлүшү жок кылына турган күн — «абдан жакын» (Сеп. 1:14). Ошон үчүн азыр рухий жактан сак жана сергек болгонубуз болуп көрбөгөндөй маанилүү (1 Пет. 5:8). Биз чынында эле ушундай кылып жатабызбы? Рухий жактан жетилгендик бизге кайсы убакта жашап жатканыбызга көңүл бурууга жардам берет.

Рухий жетилгендик деген эмне?

5, 6. а) Рухий жетилгендик деген эмне? б) Жетилгендикке умтулуу үчүн кайсы эки жактан күч-аракет жумшоо талап?

5 Пабыл Исанын биринчи кылымдагы эврей жолдоочуларын рухий жактан жетилгендикке умтулууга үндөгөндөн тышкары, ал эмнени билдирерин да айткан (Оку: Эврейлер 5:14). «Жетилген адамдар» «сүт» менен эле эмес, «катуу тамак» менен тамактанышат. Ошондуктан алар чындыктын «баштапкы окууларын» да, «терең сырларын» да билишет (1 Кор. 2:10). Андан тышкары, алардын түшүнүү жөндөмү билгендерин иш жүзүндө колдонуунун аркасында жаман-жакшыны ажырата билүүгө үйрөтүлгөн. Бул аларга чечим чыгарарда ыйык китептик кайсы принциптерге жетектелүү керектигин жана аларды кантип колдонуу керектигин түшүнүүгө жардам берет.

6 «Ишенимден эч качан четтебеш үчүн уккан нерселерибизге өзгөчө көңүл бурушубуз керек»,— деп жазган Пабыл (Эвр. 2:1). Ишенимден кантип четтеп кеткенибизди өзүбүз да билбей калышыбыз мүмкүн. Андай болбош үчүн, үйдө болобу же жыйналыштабы, изилденип жаткан рухий чындыктарга «өзгөчө көңүл бурушубуз керек». Андыктан ар бирибиз: «Дагы деле баштапкы окуулар менен чектелип жүрөмбү? Рухий иштерди чын жүрөктөн эмес, тек гана адат болуп калгандыктан же автоматтык түрдө эле кылып жаткан жокмунбу? Канткенде чындап рухий жактан өсө алам?» — деп ойлонуп көрүшүбүз зарыл. Жетилгендикке умтулуу, бери дегенде, эки жактан күч-аракет жумшоону талап кылат: биз Кудай Сөзүн жакшы билишибиз жана тил алууга үйрөнүшүбүз абзел.

Кудайдын Сөзүн жакшы билүүгө умтулгула

7. Кудай Сөзүн жакшыраак билүүдөн кандай пайда алабыз?

7 «Ким сүт менен азыктанса, ал адилдиктин сөзүн билбейт,— деп жазган Пабыл,— анткени ал — наристе» (Эвр. 5:13). Жетилгендикке жетүү үчүн Кудайдын сөзүн, анын бизге жиберген кабарын, жакшы билишибиз керек. Ал кабар анын Сөзү болуп эсептелген Ыйык Китепте камтылгандыктан, биз Жазманы, «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берилип жаткан адабияттарды кылдат изилдешибиз зарыл (Мт. 24:45—47). Ушундай жол менен Кудайдын кандай ой жүгүртөрүн билүү бизге түшүнүү жөндөмүбүздү үйрөтүүгө көмөк кылат. Мисалы, Окид * деген ишенимдеш эженин үлгүсүнө токтолуп көрөлү. Ал мындай дейт: «Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окууга байланыштуу берилген эскертүү менин жашоомо абдан зор таасир этти. Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгууга эки жылдай кетти, бирок мунун аркасында Жаратканымды биринчи жолу таанып-билгендей болдум. Мен анын жолдорун, эмнени жактырып, эмнени жактырбай турганын, кудурети күчтүүлүгүн жана акылынын тереңдигин билдим. Ыйык Китепти күнүгө окуу жашоомдогу эң эле оор учурларда мага жардам берип келет».

8. Кудайдын Сөзү бизге кандай таасир этет?

8 Кудайдын Сөзүн үзгүлтүксүз окусак, анда жазылгандар бизге күчтүү таасир этет (Оку: Эврейлер 4:12). Ыйык Китепти дайыма окуу ички дүйнөбүздү калыптандырат, мунун аркасында Жахабага көбүрөөк жага алабыз. Сен Ыйык Китепти окууга жана анда жазылгандар тууралуу ой жүгүртүүгө дагы көбүрөөк убакыт бөлүшүм керек деп ойлойсуңбу?

9, 10. Кудайдын Сөзүн жакшы билүү эмнени билдирет? Мисал менен түшүндүргүлө.

9 Ыйык Китепти жакшы билүү анда эмне айтылганын билип коюуну эле билдирбейт. Алсак, Пабылдын күндөрүндөгү рухий ымыркайлар Кудайдын Сөзүн кандайдыр бир деңгээлде билишкен. Анткен менен билгендерин иш жүзүндө колдонушкан эмес, натыйжада алардын пайдасын да көрүшкөн эмес. Алар жашоосунда акылдуу чечим чыгаруу үчүн Кудайдын Сөзүнө жетектелбегендиктен аны жакшы билишкен эмес.

10 Кудайдын Сөзүн жакшы билүү анда жазылгандарды билүүнү жана аларды иш жүзүндө колдонууну билдирет. Муну Кайл аттуу ишенимдеш эже менен болгон окуя бышыктап турат. Кайл менен чогуу иштешкен бир аялдын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Кыйынчылыкты чечүү үчүн ал эмне кылган? Ал мындай дейт: «Дароо эле Римдиктер 12:18деги: „Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга колуңардан келишинче аракеттенгиле“,— деген сөздөр эсиме түштү. Ошондуктан аны менен жумуштан кийин сүйлөшүүгө макулдаштым». Ал жолугушуу ийгиликтүү болгон жана Кайл менен иштешкен ал аял анын ошол кыйынчылыкты кандайча чечкенине таң калган. «Ыйык китептик принциптерди колдонсок, эч качан жаңылбай турганыбызды түшүндүм»,— дейт Кайл.

Тил алчаак болууга үйрөнгүлө

11. Оор жагдайларда тил алчаак болуу кыйынга турушу мүмкүн экенин эмне көрсөтүп турат?

11 Оор жагдайларга кабылганда Ыйык Жазмадан билгендерибизди колдонуу кыйынга турушу мүмкүн. Мисалы, Жахаба ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан алып чыккандан көп өтпөй эле, алар «Мусаны... жемелеп», «Теңирди сынашкан». Эмне үчүн? Анткени алардын ичерге суусу жок болчу (Чыг. 17:1—4). Кудайдын ысрайыл эли менен келишим түзгөнүнөн жана алардын: «Теңир эмнени айтса, ошону аткарабыз»,— деп убада беришкенинен эки айга жетпеген убакыт өткөндө алар бурканга табынып, Кудайдын мыйзамын бузушкан (Чыг. 24:3, 12—18; 32:1, 2, 7—9). Алар Хореп тоосуна көрсөтмө алыш үчүн кеткен Мусанын көпкө кармалганынан улам коркуп ошондой кылышканбы? Же, Жахаба ага чейин ысрайылдыктарды жеңишке ээ кылуу үчүн Мусаны колдонгондуктан, амалыктыктар кайрадан кол салса, ал жок кантебиз деп ойлошту беле? (Чыг. 17:8—16). Ошентиши да мүмкүн, бирок, кандай болбосун, ысрайыл эли Кудайдын «тилин алуудан баш тарткан» (Элч. 7:39—41). Пабыл Исанын жолдоочуларын, алар Убадаланган жерге кирүүдөн корккон ысрайылдыктардай болуп, «тил албастыктын жолуна түшпөшү» үчүн, колунан келишинче аракет кылууга үндөгөн (Эвр. 4:3, 11).

12. Иса тил алууга кантип үйрөнгөн жана андан кандай пайда алган?

12 Жетилгендикке умтулуу үчүн Жахабага тил алууга бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Иса Машаяктын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, тил алууга көбүнчө баштан өткөн азаптар аркылуу үйрөнүүгө болот (Оку: Эврейлер 5:8, 9). Жерге келгенге чейин Иса Атасына дайыма тил алган. Бирок жерде Атасынын эркин аткарууда денелик жактан жапа чеккен жана жан дүйнөсү кыйналган. Ал катуу азап тартуунун аркасында тил алууга үйрөнүп, Кудайдын ой-ниетине ылайык, Падыша жана Башкы дин кызматчы болуу үчүн «жеткилеңдикке жеткирилген».

13. Тил алчаактыкка үйрөнгөн-үйрөнбөгөнүбүздү эмне көрсөтөт?

13 Ал эми биз жөнүндө эмне айтууга болот? Азап чектирген кыйынчылыктарга кабылсак да, Жахабага тил алууга чечкиндүүбүзбү? (Оку: 1 Петир 1:6, 7). Адеп-ахлактуулукка, чынчылдыкка, тилди туура колдонууга, Жазманы жекече окууга жана изилдөөгө, жыйналыш жолугушууларына, кабар айтуу ишине катышууга байланыштуу Кудайдын кеңештери ачык-айкын берилген (Жаш. 1:8; Мт. 28:19, 20; Эф. 4:25, 28, 29; 5:3—5; Эвр. 10:24, 25). Оор жагдайларга карабай, ушул жактардан Жахабага баш иебизби? Биздин тил алганыбыз жетилгендикке карай илгерилеп баратканыбызды көрсөтөт.

Рухий жактан жетилүүнүн кандай пайдасы бар?

14. Жетилгендикке умтулуу коргой турганын мисал менен түшүндүргүлө.

14 Жаман-жакшыны ажыратууга үйрөтүлгөн түшүнүү жөндөмү уят-сыйыт кеткен бул дүйнөдө Исанын жолдоочусун чындап коргойт (Эф. 4:19). Мисалга ыйык китептик адабияттарды үзбөй окуп, аларды жогору баалаган Жеймс аттуу бир тууганды алалы. Ал орношкон жумушта аны менен жалаң аялдар иштечү. «Алардын көбүнүн уят-сыйыты жок экени даана эле байкалып турчу,— дейт Жеймс,— анткен менен бирөө ыймандуудай жана Ыйык Китептеги чындыкка кызыккандай көрүнгөн. Бирок күндөрдүн биринде экөөбүз жумушта бир бөлмөдө жалгыз калганда, ал мага тийише баштады. Башында аны жөн эле тамашалап жатат го деп ойлогом, бирок ал мага жабыша баштагандыктан, аны араң токтоттум. Ошол учурда „Күзөт мунарасында“ айтылган жумушта ушу сыяктуу азгырыкка туш болгон бир туугандын окуясын эстедим. Ал макалада Жусуптун Потипардын аялы менен болгон окуясы айтылып өтөт *. Мен аны дароо өзүмдөн түртүп жибердим, ошондо ал сыртка чыгып кетти» (Башт. 39:7—12). Жеймс андан ары эч нерсе болбогонуна жана абийирин таза сактап калганына кубанган (1 Тим. 1:5).

15. Жетилгендикке умтулуу каймана жүрөгүбүздү кандайча бекемдейт?

15 Жетилгендиктин дагы бир пайдасы бар: ал каймана жүрөгүбүздү бекемдейт жана бизди «ар кандай жат окуулардын айынан адашып калуудан» сактайт (Оку: Эврейлер 13:9). Рухий жактан ийгилик жасоого аракет кылсак, маанилүүрөөк нерселерге көңүл топтойбуз (Флп. 1:9, 10). Ошентип, Кудайга жана анын биздин жыргалчылыгыбыз үчүн көргөн чараларына ыраазычылыгыбыз артат (Рим. 3:24). «Ой жүгүртүү жагынан жетилген» Исанын жолдоочусу ыраазычылык сезимин өрчүтүп, Жахаба менен тыгыз мамилеге ээ болот (1 Кор. 14:20).

16. Бир ишенимдешибизге жүрөгүн бекемдөөгө эмне жардам берген?

16 Луиз деген ишенимдеш эже чөмүлтүлгөнүнөн бир аз өткөндөн кийин башкаларды таасирлентүүгө көбүрөөк маани бере баштаганын байкаган. «Мен туура эмес деле эч нерсе кылган эмесмин,— дейт ал,— анткен менен жүрөгүмдө Жахабага кызмат кылууга болгон күчтүү каалоо жок болчу. Бирок колумдан келгендин баарын Жахабага бергим келсе, айрым өзгөрүүлөрдү жасашым керектигин түшүндүм. Анан зор өзгөрүү жасап, жүрөгүмдү толугу менен ага кызмат кылууга арнадым». Ошондой күч-аракет жумшоо менен Луиз жүрөгүн бекемдеген жана бул ага ден соолукка байланыштуу кыйынчылыкка дуушар болгондо абдан чоң жардам берген (Жкп. 5:8). Ал мындай дейт: «Оорум менен бир топ күрөшүүгө туура келди, бирок мен Жахабага аябай жакындадым».

«Чын жүрөктөн баш ийгиле»

17. Тил алуу биринчи кылымда эмне үчүн аябай зарыл болгон?

17 Пабылдын «жетилгендикке умтулууга» байланыштуу берген кеңеши Иерусалимде жана Жүйүт жеринде жашаган биринчи кылымдагы Исанын жолдоочуларынын өмүрүн сактап калган. Ал кеңешке кулак каккандар «тоого качуу» керектигин көрсөткөн Иса айткан белгини аңдоо үчүн рухий жактан сергек турушкан. Ошондуктан алар «бүлүндүрүүчү жийиркеничтин ыйык жайда турганын», башкача айтканда, Рим аскерлеринин Иерусалимди курчап, шаарды басып кире баштаганын көргөндө качып кетүүгө убакыт келгенин түшүнүшкөн (Мт. 24:15, 16). Исанын жолдоочулары анын пайгамбарлык эскертүүсүнө ылайык иш кылып, Иерусалим талкалана электе шаардан качып кетишкен жана чиркөө тарыхчысы Евсевий айткандай, Гилат тоолуу аймагында жайгашкан Пела деген шаарга отурукташышкан. Ошентип, алар Иерусалимдин тарыхындагы чоң каргашадан аман калышкан.

18, 19. а) Тил алуу азыр эмне үчүн аябай маанилүү? б) Кийинки макалада эмне каралат?

18 Жетилгендикке умтулуунун аркасында болуучу тил алчаактык, Исанын «улуу алаамат болоруна» байланыштуу пайгамбарлыгы чоң масштабда аткарылганда, биздин да өмүрүбүздү сактап калат (Мт. 24:21). Келечекте «ишенимдүү... башкаруучу» кечиктирбей аткаруу керек болгон кандай көрсөтмө бербесин, тил алабызбы? (Лк. 12:42). Биздин «чын жүрөктөн баш ийүүгө» үйрөнгөнүбүз кандай гана маанилүү! (Рим. 6:17).

19 Жетилгендикке жетүү үчүн түшүнүү жөндөмүбүздү үйрөтүшүбүз зарыл. Муну Кудай Сөзүн жакшы билүүгө күч жумшоо жана тил алууга үйрөнүү менен кыла алабыз. Рухий жетилгендикке умтулууда жаштар өзгөчө кыйынчылыктарга туш болушат. Кийинки макалада андай кыйынчылыктарды кантип ийгиликтүү жеңүүгө болору каралат.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 14-абз. 1999-жылдын 1-октябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 28—31-беттериндеги макаланы карагыла.

Эмнелерди билдиңер?

• Рухий жетилгендик деген эмне жана ага кантип жете алабыз?

• Жетилгендикке умтулууда Кудайдын Сөзүн жакшы билүү кандай роль ойнойт?

• Тил алууга кантип үйрөнөбүз?

• Жетилгендикке умтулуунун аркасында кандай пайдаларды алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу кыйынчылыктарды жетилген адамдардай чечүүгө жардам берет

[12-беттеги сүрөт]

Исанын алгачкы жолдоочулары анын кеңешине ылайык иш кылгандыктан аман калышкан