Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, ийгилигиңер башкаларга айкын болсун

Жаштар, ийгилигиңер башкаларга айкын болсун

Жаштар, ийгилигиңер башкаларга айкын болсун

«Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна» (1 ТИМ. 4:15).

1. Кудай жаштарга эмне каалайт?

«ЖАШ чагыңда кубан, жаш улан, жаш күнүңдө жүрөгүң кубанычтын даамын татып калсын» (Нас. 11:9). Бул сөздөрдү байыркы Ысрайылдын акылман падышасы Сулайман жазган. Жаштар, ушул сөздөрдүн Автору Жахаба Кудай силердин бактылуу болушуңарды каалайт. Ал силердин жаш кезиңерде эле эмес, андан кийин да бактылуу болушуңарга кызыкдар. Бирок жаш кезекте көптөр келечектеги бактысына балта чаба турган каталарды кетирип алышат. Атүгүл ишенимдүү Аюб да «жаш кездеги күнөөлөрүнүн» азабын тарткан (Аюб 13:26). Исанын жаш жолдоочуларына өспүрүм курагында жана кийин да олуттуу чечимдерди чыгарууга туура келет. Андайда туура эмес чечим чыгаруу адамдын көкөйүнөн кеткис так калтырып, өмүрүнүн аягына чейин залакасын тийгизген кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн (Нас. 11:10).

2. Ыйык Китептеги кайсы кеңешти колдонуу жаштарды чоң каталарды кетирүүдөн сактайт?

2 Андыктан жаштар туура ой жүгүртүүгө үйрөнүшү зарыл. Элчи Пабылдын корунттуктарга берген кеңешин карап көрөлү. Ал: «Ой жүгүртүүңөр жаш балдардыкындай болбосун... ой жүгүртүү жагынан жетилген кишилердей болгула»,— деп жазган (1 Кор. 14:20). Ушул кеңешке ылайык иш кылып, жетилген кишилердей ой жүгүртө билүү жаштарды чоң каталарды кетирүүдөн сактайт.

3. Жетилгендикке жетүү үчүн эмне кылганың маанилүү?

3 Эгер жаш болсоң, жетилгендикке жетиш үчүн күч-аракет жумшоо керектигин унутпа. Пабыл Тиметейге мындай деген: «Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун. Ишенимдүүлөргө сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң, сүйүүң, ишенимиң, тазалыгың менен үлгү бол... эл алдында окуганыңды, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү тырышчаактык менен уланта бер... Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна» (1 Тим. 4:12—15). Ооба, Исаны жолдогон жаштар ийгилик жасап, аны башкаларга айкын кылышы керек.

Ийгилик кылуу деген эмне?

4. Рухий жактан ийгилик кылуу эмнени билдирет?

4 Ийгилик кылуу деген «алга илгерилөөнү, жакшы жакка өзгөрүлүүнү» билдирет. Пабыл Тиметейди сүйлөгөн сөзү, жүрүм-туруму, сүйүүсү, ишеними, тазалыгы жагынан, ошондой эле кызматында ийгиликке жетиши үчүн тырышчаактык менен күч-аракет жумшай берүүгө үндөгөн. Тиметей үлгүлүү жашоо өткөрүүгө умтулушу керек эле. Ошентип, анын андан ары да рухий жактан ийгилик кылышы маанилүү болгон.

5, 6. а) Тиметейдин ийгилиги качан айкын көрүнө баштаган? б) Бүгүнкү күндөгү жаштар ийгилик кылуу жагынан Тиметейди кантип туурай алышат?

5 Пабыл ал кеңешти б.з. 61—64-жылдары жазганда, Тиметей тажрыйбалуу аксакал эле. Ал рухий жактан жаңыдан ийгилик кыла баштагандардан эмес болчу. Б.з. 49—50-жылдары, кыязы, өспүрүм курактан өтүп, жыйырмаларга келип калган Тиметейди рухий жактан өсүп жатканын көргөн «Листрадагы жана Икониядагы биртуугандар... дайыма макташчу» (Элч. 16:1—5). Ошол жылдары Пабыл Тиметейди өзү менен бирге миссионердик сапарга алып кеткен. Тиметейдин андан аркы жасаган ийгиликтерин бир нече ай байкагандан кийин Пабыл аны Исанын Тесалоникадагы жолдоочуларын сооротуп, бекемдеш үчүн ошол шаарга жөнөткөн (Оку: 1 Тесалоникалыктар 3:1—3, 6). Арийне, Тиметей жаш кезинде эле ийгилигин башкаларга айкын кылган.

6 Силер, жыйналыштагы жаштар, рухий жактан өсүп жатканыңар жана башкаларды ыйык китептик чындыктарга окутууда ийгиликке жетип жатканыңар айкын көрүнүшү үчүн, зарыл сапаттарды азыртадан өрчүтө башташыңар керек. Исанын он эки жашынан баштап эле «барган сайын акылмандыгы арткан» (Лк. 2:52). Келгиле анда, жашооңордун үч тармагында: 1) кыйынчылыкка кабылганда; 2) нике курууга даярданууда жана 3) «үлгүлүү кызматчы» болууга умтулууда канткенде ийгилигиңерди башкаларга айкын кыла аларыңарды карап көрөлү (1 Тим. 4:6).

Кыйынчылыктарды «акыл-эстүүлүк» менен жеңүү

7. Кыйынчылыктар жаштарга кандай таасир этиши мүмкүн?

7 Исаны жолдогон 17 жашар Кэрол мындай деген: «Кээде эмоциялык, денелик жана акыл-эс жактан ушунчалык чарчагандыктан, эртең менен ойгонгум келчү эмес» *. Ал эмне себептен анчалык кыйналган? Кэролдун он жашында ата-энеси ажырашып кетип, ал ыйык китептик нормаларды четке каккан апасы менен жашап калган. Балким, сен да, Кэролго окшоп, эч качан оңолбочудай көрүнгөн оор жагдайларга кабылып жаткандырсың.

8. Тиметей кандай кыйынчылыктар менен күрөшкөн?

8 Рухий жактан өсүп келатканда Тиметейге да оор кыйынчылыктар менен күрөшүүгө туура келген. Мисалы, ал ашказанынын «тез-тез кармаган ооруларынан» улам кыйналган (1 Тим. 5:23). Бир жолу Пабыл элчилердин ээлеген абалына шек туудурган кишилердин айынан пайда болгон кыйынчылыктарды чечүү үчүн Тиметейди Корунт шаарына жиберген. Ошондо ал жактагы жыйналыштагыларды, Тиметей алардын арасында «коркпой жүрө алышы» үчүн, аны менен кызматташууга чакырган (1 Кор. 4:17; 16:10, 11). Мындан Тиметейдин уяң же тартынчаак болгонун билүүгө болот.

9. Акыл-эстүүлүк деген эмне жана ал коркоктук рухунан эмнеси менен айырмаланат?

9 Тиметейге жардам берүү үчүн Пабыл кийинчерээк: «Кудай бизге коркоктуктун эмес, күчтүн, сүйүүнүн жана акыл-эстүүлүктүн рухун берген»,— деп эскерткен (2 Тим. 1:7). «Акыл-эстүүлүк» деген акылдуулук менен ой жүгүртө билүүнү билдирет. Бул жагдай-шартың сен каалагандай болбогон күндө да, кыйынчылыкка тике карап, аны жеңе билүүнү да камтыйт. Рухий жактан жетилбеген кээ бир жаштар коркоктук рухун чагылдырып, кыйынчылыктардан качуу үчүн өтө көп укташат, телевизордон күчүн чыгарышат, баңгиликке, ичкиликке берилишет, отуруштарда эле жүрүп калышат жана адеп-ахлаксыздыкка барышат. Биз, Исанын жолдоочулары, «ыймансыздык менен дүйнөнүн каалоолорун четке кагууга жана азыркы дүйнөдө акыл-эстүүлүк, адилдик, Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого» чакырылабыз (Тит 2:12).

10, 11. Акыл-эстүүлүк рухий жактан күчтүү болууга кандайча жардам берет?

10 Ыйык Китепте жаштарга «акыл-эстүү болууга» кеңеш берилет (Тит 2:6). Бул кеңешке кулак кагуу кыйынчылыктарды тиленүү, Кудай берген күчкө таянуу менен чечүүнү билдирет (Оку: 1 Петир 4:7). Мунун аркасында «Кудай берген күчкө» таянууга болоруна чындап ынанасың (1 Пет. 4:11).

11 Кэролго да акыл-эстүү болуу жана тиленүү жардам берген. Ал мындай деген: «Апамдын бузуку жашоо мүнөзүнө каршы туруу аябай кыйын болду. Бирок тиленүү мага чоң жардам берди. Жахабанын дайыма мени менен экенин билем, ошондуктан мурдагыдай коркпойм». Кыйынчылыктар сага жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам берип, бекемдээрин унутпа (Заб. 104:17—19; Жер. ый. 3:27). Кандай гана көйгөйгө дуушар болбо, Кудай сени эч убакта таштабайт. Ал сага сөзсүз «жардам берет» (Ыш. 41:10).

Нике курууга даярдык көрүү

12. Нике кургусу келген Исанын жолдоочусу эмне үчүн Накыл сөздөр 20:25теги принципти колдонушу керек?

12 Кээ бир жаштар бактысыздыктан, жалгыздыктан, зеригүүдөн, үйдөгү кыйынчылыктардан арылам деген ой менен эрте эле үй-бүлө куруп алышат. Анткен менен эки жаштын бири-бирине берген никелешүү убадасы абдан олуттуу. Ыйык Китеп жазылган убакта айрымдар шашып, ойлонбой туруп ыйык убадаларды беришкен (Оку: Накыл сөздөр 20:25). Ошо сыяктуу эле, кээде жаштар алардан никеге тургандан кийин эмнелер талап кылынары жөнүндө терең ойлонушпайт. Кийин өздөрү ойлогондон да көп жоопкерчиликтери бар экенин түшүнүшөт.

13. Бирөө менен сүйлөшө баштоону ойлоп жүргөндөр кайсы суроолорду карап чыгышы керек жана аларга жардам берерлик кандай кеңештер бар?

13 Андыктан кимдир бирөө менен сүйлөшө баштоодон мурун: «Эмне себептен үй-бүлө кургум келет? Никеден эмнелерди күтөм? Ал мага ылайыктуу жар боло алабы? Никедеги жоопкерчиликтеримди аткарууга даярмынбы?» — деп ойлонуп көр. Сага терең изилдөө жүргүзүүгө жардам берүү үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» бул тууралуу кеңири талкууланган макалаларды чыгарып келет * (Мт. 24:45—47). Аларды Жахабанын сага берген кеңеши катары көр. Ал жерде айтылгандарды кылдат карап чыгып, жашооңдо колдон. «Ооздук сала турган аттай, акылсыз качырдай болуп» калышыңа эч качан жол бербе (Заб. 31:8, 9). Никеге тургандан кийин сенден эмнелер талап кылынарын жетиштүү түшүнгүдөй бол. Эгер кимдир бирөө менен сүйлөшө баштоого даярмын деп ойлосоң, «тазалыгың менен үлгү болушуң» керектигин эсиңден чыгарба (1 Тим. 4:12).

14. Эгер үй-бүлө кура турган болсоң, рухий жактан жетилгендик сага кандай пайда алып келет?

14 Рухий жактан жетилгендик үй-бүлө кургандан кийин да пайда алып келе берет. Исанын рухий жактан өсүп-жетилген жолдоочусу «Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге жетүүгө» умтулат (Эф. 4:11—14). Ал Машаяк чагылдырган сапаттарды өрчүтүүгө бүт күчүн жумшайт. Биз үчүн үлгү болгон «Машаяк... өзүнө гана жакканды кылган эмес» (Рим. 15:3). Жубайлардын экөө тең өздөрүнүн эмес, бири-биринин кызыкчылыктарын көздөсө, үй-бүлөдө тынчтык жана бейкуттук өкүм сүрөт (1 Кор. 10:24). Күйөөсү жан аябастык сүйүү көрсөтөт, аялы болсо, Иса өзүнүн Башчысына баш ийгендей, күйөөсүнө баш ийүүгө чечкиндүү болот (1 Кор. 11:3; Эф. 5:25).

«Кызматыңды аягына чыгар»

15, 16. Кызматта ийгилик кылып жатканыңды кантип айкын кыла аласың?

15 Тиметейдин аткарган маанилүү тапшырмасына көңүл буруп, Пабыл мындай деп жазган: «Кудайдын жана... Машаяк Исанын алдында буйрук кылам... Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарла». Анан: «Жакшы кабар айтуу иши менен алек бол, кызматыңды толугу менен аткар»,— деп кошумчалаган (2 Тим. 4:1, 2, 5). Бул тапшырманы аткаруу үчүн Тиметей «ишенимге тиешелүү сөздөр менен азыктанышы» керек эле (Оку: 1 Тиметей 4:6).

16 Канткенде сен «ишенимге тиешелүү сөздөр менен азыктана» аласың? Пабыл: «Эл алдында окуганыңды, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү тырышчаактык менен уланта бер. Ушулар тууралуу ой жүгүрт... өзүңдү ушуларга арна»,— деп жазган (1 Тим. 4:13, 15). Бул жагынан ийгиликке жетүү үчүн кылдат өздүк изилдөө жүргүзүү талап кылынат. «Өзүн арноо» деген сөз айкашы кайсы бир ишти берилип аткаруу деген маанини берет. Адатта сен кантип изилдөө жүргүзөсүң? «Кудайдын терең сырларын» изилдейсиңби? (1 Кор. 2:10). Же изилдөөгө бир аз эле күч жумшап коёсуңбу? Окуп-билгендериң жөнүндө ой жүгүртүү жүрөгүңдү козгойт (Оку: Накыл сөздөр 2:1—5).

17, 18. а) Кандай жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүгө умтулушуң керек? б) Тиметейдикиндей маанай өрчүтүү сага кызматта кандай жардам берет?

17 Мишел аттуу жаш пионер мындай деген: «Чындап натыйжалуу кызмат кылуу үчүн мен өздүк изилдөөнүн жакшы графигине карманам жана жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышам. Мунун аркасында дайыма рухий жактан өсүп жатам». Пионер болуп кызмат кылуу кабар айтууда Ыйык Китепти чебер колдонууга жана рухий жактан ийгилик кылууга көмөк кылат. Жыйналыш жолугушууларында жакшы окуп берүүгө жана маңыздуу жоопторду берүүгө умтул. Ошондой эле ийгилигиңди айкын кылуу үчүн Теократиялык кызмат мектебинен алган тапшырмаңды берилген материалга тыгыз карманып, жакшы даярда.

18 «Жакшы кабар айтуу иши менен алек болуу» кызматыңды натыйжалуураак кылууну жана башкаларга куткарылууга жардам берүүнү билдирет. Ан үчүн «окутуу чеберчилигин» өрчүтүү зарыл (2 Тим. 4:2). Кабар айтуу ишинде тажрыйбалуу бир туугандар менен кызматташуу аркылуу сен да, Тиметей Пабылдан үйрөнгөндөй, алардын окутуу ыкмаларын өздөштүрө аласың (1 Кор. 4:17). Өзү жардам бергендер жөнүндө айтып, Пабыл аларга жакшы кабарды айтканын эле эмес, аларды жакшы көргөндүктөн жанын берүүгө да даяр болгонун, башкача айтканда, аларга жардам берүүгө өмүрүн арнаганын билдирген (1 Тес. 2:8). Кызматыңда Пабылды тууроо үчүн башкаларга чындап кам көргөн жана жакшы кабар таратууда жанын аябай кызмат кылган Тиметейдикиндей маанайда болушуң керек (Оку: Филипиликтер 2:19—23). Кызматта ушундай жан аябастык рухун чагылдырып жатасыңбы?

Ийгилик чыныгы канааттануу тартуулайт

19, 20. Рухий жактан ийгилик кылуу эмне үчүн кубаныч тартуулайт?

19 Рухий жактан өсүү күч-аракетти талап кылат. Бирок чыдамдуулук менен окутуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтө берсең, рухий жактан «көптөрдү байыта» аласың жана алар сенин кубанычың, «шаттанар таажың» болот (2 Кор. 6:10; 1 Тес. 2:19). «Азыр мен башкаларга жардам берүүгө мурункудан да көп убакыт арнап жатам,— дейт толук убакыт кызмат кылган Фред.— Алганга караганда берген бактылуу экени калетсиз».

20 Рухий жактан өсүүнүн аркасында кандай кубаныч, канааттануу алганы жөнүндө Дафни аттуу пионер мындай деген: «Жахабанын кандай Кудай экени жөнүндө көбүрөөк биле баштагандан бери ага аябай жакындадым. Жахабага бардык шык-жөндөмүңдү колдонуп кызмат кылсаң, өзүңдү ушунчалык жакшы сезесиң, чындап канааттануу аласың!» Рухий жактан ийгилик кылып жатканыңды адамдар дайыма эле байкай бербеши мүмкүн, бирок Жахаба аны дайыма көрүп, баалайт (Эвр. 4:13). Силер, Исанын жаш жолдоочулары, асмандагы Атабызды мактап-даңктай аласыңар. Эмесе, ийгилигиңерди башкаларга айкын кылууга аракеттенип, анын жүрөгүн кубанта бергиле! (Накыл 27:11).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 13-абз. «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том) китебиндеги «Биз бири-бирибизге ылайык келебизби?» деген бөлүмдү жана 2001-жылдын 1-июнундагы «Күзөт мунарасынын» «Өмүрлүк жар тандоого карата Кудайдын жетекчилиги» деген макаласын кара.

Эмнелерди билдиңер?

• Рухий жактан ийгилик кылууга эмнелер кирет?

• Ийгилигиңди...

кыйынчылыктарга кабылганда...

нике курууга даярданып жатканда...

кызматта...

• кантип айкын кыла аласың?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Тиленүү кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет

[16-беттеги сүрөт]

Жаш жарчылар канткенде натыйжалуу окутуу ыкмаларын өздөштүрө алышат?