Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Периштелер — «кызмат кылуучу рухтар»

Периштелер — «кызмат кылуучу рухтар»

Периштелер — «кызмат кылуучу рухтар»

«Алардын баары куткарылууну мурастай тургандарга кызмат кылуу үчүн жиберилген кызмат кылуучу рухтар эмеспи?» (ЭВР. 1:14).

1. Матай 18:10до жана Эврейлер 1:14тө кандай жубатарлык сөздөр жазылган?

ИСА МАШАЯК өзүнүн шакирттеринин мүдүрүлүшүнө себеп боло тургандарды мындай деп эскерткен: «Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кемсинтпегиле, анткени, силерге айтарым, алардын периштелери асманда Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат» (Мт. 18:10). Ишенимдүү периштелер тууралуу элчи Пабыл: «Алардын баары куткарылууну мурастай тургандарга кызмат кылуу үчүн жиберилген кызмат кылуучу рухтар эмеспи?» — деп жазган (Эвр. 1:14). Ооба, Кудайдын адамдарга жардам берүү үчүн периштелерин жиберерин билүү чынында эле жубатат. Периштелер тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылат? Алар бизге кандайча жардам беришет? Алардан эмнелерге үйрөнө алабыз?

2, 3. Периштелердин кандай милдеттери бар?

2 Ыйык Китепте асманда миллиондогон ишенимдүү периштелер бар экени жана алар Кудайдын «сөзүн аткарган... күчтүү периштелер» экени айтылат (Заб. 102:20; оку: Аян 5:11). Кудайдын ал рухий уулдары ар бири өзүнчө кайталангыс өзгөчөлүктөргө, аныкындай сапаттарга жана өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигине ээ. Алар укмуштуудай уюшулган жана Кудай бекиткен тартипте ар кандай жогорку абалдарды ээлешет. Периштелердин эң жогоркусу — башкы периште Микеил (Исанын асмандагы аты) (Дан. 10:13; Жүй. 9). Ал — «бардык жаратылгандардын тунгучу» жана Кудайдын «Сөзү», башкача айтканда, Өкүлү. Жахаба бардыгын ал аркылуу жараткан (Кол. 1:15—17; Жкн. 1:1—3).

3 Башкы периштеден кийинки абалды Жахабанын ыйыктыгын жарыялаган жана анын элинин рухий тазалыгын сактаган сераптар ээлейт. Керуптар болсо Кудайдын эгедерлигин колдошот (Башт. 3:24; Ыш. 6:1—3, 6, 7). Ал эми башка периштелерге же кабарчыларга Кудайдын эркин аткарууда ар кандай милдеттер тапшырылган (Эвр. 12:22, 23).

4. а) Жердин негизи жаралганда периштелер кандай сезимде болушкан? б) Тандоо эркиндиги туура колдонулса, адамзат кандай баталарды алмак?

4 Жахаба «жердин негизин жаратканда», периштелердин баары абдан сүйүнүшкөн жана жер — ааламдын бермети — адамдар үчүн даярдалып жатканда, ал рухий жаратуулар өзүлөрүнүн тапшырмаларын кубаныч менен аткара беришкен (Аюб 38:4, 7). Жахаба адамды «периштелерден бир аз төмөнүрөөк», бирок өзүнүн «бейнеси» боюнча, өзүнүкүндөй сапаттарды чагылдыра алгыдай кылып, жараткан (Эвр. 2:7; Башт. 1:26). Эгер Адам менен Обо өзүлөрүнө берилген белекти — тандоо эркиндигин — туура колдонушса, азыр алар урпактары менен Жахабанын аң-сезимдүү жаратууларынан турган бүткүл ааламдагы үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары бейиште жашоонун ырахатын көрүп, түбөлүккө өмүр сүрүшмөк.

5, 6. Асманда кандай козголоң чыккан жана Кудай буга кандай жооп кайтарган?

5 Кудайдын асмандагы үй-бүлөсүндө козголоң чыкканда, ыйык периштелер аябай эле капа болушса керек. Алардын арасынан бир периште Жахабанын берген тапшырмасына ыраазы болбой, андан да чоң нерсени — башкалардын ага сыйынышын — көздөй баштаган. Ал Жахабанын башкаруусун туура жүргүзүп жатканына шек туудуруп, текебердик менен бийликке жулунуп, өзүн өзү Шайтан (душман) кылган. Ал эң биринчи болуп жалган айтып, мээримдүү Жаратканга каршы козголоңунда биринчи түгөйдү өзү тарапка кошулууга куулук менен көндүргөн (Башт. 3:4, 5; Жкн. 8:44).

6 Козголоң чыгар замат, Жахаба Шайтанга: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деп өкүм чыгарып, Ыйык Китептеги эң биринчи пайгамбарлыкты айткан (Башт. 3:15). Кастык Шайтан менен Кудайдын «аялынын» ортосунда болмок. Ооба, Жахаба ишенимдүү периштелерден турган асмандагы уюмун өзүнүн сүйүктүү аялындай көрөт. Бул пайгамбарлык бара-бара ачыла турган «жашыруун сыр» болсо да, Кудайдын кызматчыларына үмүт байлоого негиз болуп келген. Кудай өзүнүн уюмунун асмандагы бөлүгүнөн бирөөнү жиберип, козголоңчулардын баарын жок кылууну жана ал аркылуу «асмандагы менен жердегинин баарын» бириктирүүнү ниет кылган (Эф. 1:8—10).

7. Нухтун күндөрүндө айрым периштелер эмне кылышкан жана анын кесепети кандай болгон?

7 Нухтун күндөрүндө айрым периштелер кумарын кандыруу үчүн «өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып», адам кейпин кийип, жерге келишкен (Жүй. 6; Башт. 6:1—4). Ал козголоңчул периштелерди Жахаба коюу караңгылыктын туңгуюгуна түшүрүп салган. Алар да Шайтанга кошулуп, «жаман рухтар» деп аталып калышкан жана Кудайдын кызматчыларынын айыгышкан душмандарына айланган (Эф. 6:11—13; 2 Пет. 2:4).

Периштелер бизге кандайча жардам беришет?

8, 9. Жахаба периштелерин адамдарга жардам берүүдө кандайча колдонот?

8 Байыркы убакта периштелер Кудайдын айрым кызматчыларына, айталы, Ыбрайымга, Жакыпка, Мусага, Жашыяга, Ышаяга, Даниелге, Исага, Петирге, Жаканга жана Пабылга колдоо көрсөтүү үчүн жиберилген. Ошондой эле ишенимдүү периштелер Кудайдын сот өкүмүн ишке ашырышкан. Алар аркылуу пайгамбарлыктар жаздырылып, көрсөтмөлөр, анын ичинде Мусанын мыйзамы берилген (2 Пад. 19:35; Дан. 10:5, 11, 14; Элч. 7:53; Аян 1:1). Бүгүнкү күндө бизде толугу менен жазылып бүткөн Кудайдын Сөзү бар. Ошондуктан азыр Кудай бизге кабар бериш үчүн периштелерин жибербеши мүмкүн (2 Тим. 3:16, 17). Бирок периштелер рухий чөйрөдө Кудайдын эркин аткарууда жана анын кызматчыларын колдоодо тыным албай кызмат кылышат.

9 Ыйык Китепте: «Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат, аларды куткарат»,— деген бекемдээрлик сөздөр жазылган (Заб. 33:8; 90:11). Адамдардын актыгына байланыштуу талаш маселе көтөрүлгөндүктөн, Жахаба Шайтандын бизди ар кандай кыйынчылыктарга дуушар кылышына жол берет (Лк. 21:16—19). Ошондой болсо да Жахаба кызматчысынын актыгын сактоодо кандай сыноону көтөрө аларын билет, андыктан анын көтөрө албаган сыноого туш болушуна жол бербейт (Оку: 1 Корунттуктар 10:13). Кудайдын эркине ылайык келген учурларда периштелер анын ишенимдүү кызматчыларын коргоого даяр. Маселен, байыркы убакта алар Шадрахты, Мейшахты, Абет-Негону, Даниелди жана Петирди өлүмдөн куткарышкан. Бирок мындай учурлар чанда эле болгон, алсак, Степан менен Жакып душмандардын колунан өлүшкөн (Дан. 3:17, 18, 28; 6:22; Элч. 7:59, 60; 12:1—3, 7, 11). Демек, көп нерсе жагдай-шарттан жана учурдан көз каранды. Жахабанын нацисттик концлагерлерде каза тапкан кызматчылары жөнүндө да ошону айтууга болот. Ал алардын айрымдарынын өлүшүнө жол берсе да, алардын көбүнүн аман калышына кам көргөн.

10. Жахаба периштелер аркылуу жардам бергенден тышкары, бизге дагы кандай жолдор менен жардам берет?

10 Ыйык Жазмада жердеги ар бир кишинин коргоп-колдоп туруучу периштеси бар экени айтылбайт. Анткен менен Жахабага кайрылып, «анын эркине ылайык эмне сурабайлы, ал бизди угарына» шектенбесек болот (1 Жкн. 5:14). Албетте, бизге жардам бериш үчүн Жахаба периштесин жибере алат, бирок ал бизге башка жолдор менен да колдоо көрсөтөт. Мисалы, ишенимдештерибиз аркылуу бизге жардам көрсөтүп, бизди жубатышы ыктымал. Ошондой эле денебиздеги «тикенден» азап чегип, «Шайтандын периштеси» бизди «чапкандай» болгон учурларда Кудай бизге ал кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө акылмандык жана күч-кубат бериши мүмкүн (2 Кор. 12:7—10; 1 Тес. 5:14).

Исадан үлгү алгыла

11. Периштелер Исага кандайча жардам беришкен жана анын ишенимдүүлүгүн сактаганынын натыйжасы кандай болгон?

11 Периштелердин Исага кандайча кызмат кылышканын карап көрөлү: алар анын төрөлгөнүн сүйүнчүлөшкөн, анын тирилгенин жарыялашкан жана ал жерде жүргөндө ага кызмат кылышкан. Периштелер Исаны камакка алынуудан жана азаптуу өлүмдөн куткара алышмак. Бирок алар анткен эмес, себеби Жахаба аларды Исаны бекемдөөгө жиберген (Мт. 28:5, 6; Лк. 2:8—11; 22:43). Иса ишенимдүүлүгүн аягына чейин сактап, Жахабанын ой-ниетине ылайык, өзүнүн өлүмү менен бүткүл адамзатты куткарган. Ошондой эле жеткилең адамдын, кандай сыноого кабылбасын, Кудайдын алдында актыгын сактай аларын биротоло далилдеген. Жахаба аны асманга өлбөс рухий жаратуу катары тирилтип, ага «бийликтин баарын» берген жана периштелердин баарын ага баш ийдирген (Мт. 28:18; Элч. 2:32; 1 Пет. 3:22). Андан сырткары, анын аркасында Кудайдын «аялынын» «тукумунун» негизги бөлүгү Иса экени айкын болгон (Башт. 3:15; Гал. 3:16).

12. «Акыл-эстүүлүк» көрсөтүү жагынан Исаны кандайча туурай алабыз?

12 Иса периштелердин куткарарына ишенип, өмүрүн тобокелге салуу менен Жахабаны сынаганы туура эмес болорун билген (Оку: Матай 4:5—7). Биз да, Исаны туурап, жашообузда «акыл-эстүүлүк» чагылдырабыз. Андай «акыл-эстүүлүк» бизди куугунтук учурунда да коопсуздугубузду тобокелге салуудан сактайт (Тит 2:12).

Ишенимдүү периштелерден эмнелерге үйрөнө алабыз?

13. 2 Петир 2:9—11-аяттарга ылайык, периштелерден эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Элчи Петир Жахабанын майланган кызматчыларын «жамандагандарды» айыптап жатканда, адил периштелердин үлгүсүнө көңүл бурган. Периштелер зор күч-кубатка ээ болушса да, «Жахабаны урматтагандыктан» эч кимди кемсинтерлик сөздөр менен айыпташпайт (Оку: 2 Петир 2:9—11). Келгиле, биз да жыйналышта жетекчилик кылууга дайындалгандарга карата сын көз карашта болуудан качып, аларды урматтайлы. Ал эми кайсы бир маселе чечилбей жатса, аны Жахабага — Улуу Сотко — тапшыралы (Рим. 12:18, 19; Эвр. 13:17).

14. Периштелер кайсы жагынан биз үчүн үлгү?

14 Периштелер Жахабага момундук менен кызмат кылуу жагынан да сонун үлгү көрсөтүшөт. Айрым периштелер адамдарга өздөрүнүн ысмын айтуудан баш тартышкан (Башт. 32:29; Башк. 13:17, 18). Асманда миллиондогон периштелер бар болсо да, Ыйык Китепте алардын экөөнүн — Микеил менен Жебирейилдин эле — ысымдары жазылган. Башка периштелердин ысымдары, кыязы, адамдар периштелерди даңазалабашы үчүн айтылган эмес (Лк. 1:26; Аян 12:7). Бир жолу элчи Жакан периштеге таазим кылыш үчүн анын бут алдына жыгылганда, периште ага: «Кой, мындай кылба! Мен сага, пайгамбар биртуугандарыңа... окшогон эле кулмун»,— деген (Аян 22:8, 9). Арийне, биз Жахаба Кудайга гана сыйынып, ага гана тиленишибиз керек (Оку: Матай 4:8—10).

15. Периштелерден дагы эмнеге үйрөнө алабыз?

15 Периштелер бизге чыдамдуулук көрсөтүү жагынан да үлгү көрсөтүшөт. Алар Кудайдын жашыруун сырларын билүүгө абдан ынтызар болушса да, ал сырлардын баарын алдын ала билүүгө умтулушпайт. Ыйык Китепте алар тууралуу: «Ал нерселерди түшүнүүнү периштелер да абдан каалашат»,— делет (1 Пет. 1:12). Ошентсе да алар Кудай белгилеген убакта анын «көп кырдуу акылмандыгы» «жыйналыш аркылуу ачылып» берилмейинче чыдамдуулук көрсөтүшөт (Эф. 3:10, 11).

16. Биздин жүрүм-турумубуз периштелерге кандай таасир этет?

16 Исанын жолдоочулары кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын периштелер жакшы билишет (1 Кор. 4:9). Бардык нерседе ишенимдүүлүгүбүздү сактап жатканыбыз аларга чоң кубаныч тартуулайт. Алар күнөөкөрдүн өкүнүп, Жахабага кайрылып келгенине да аябай сүйүнүшөт (Лк. 15:10). Периштелер Исаны жолдогон аялдардын жакшы жүрүм-турумун да байкашат. Ошондуктан Ыйык Китепте «периштелер үчүн аялдын башында күйөөсүнө баш иерин көрсөткөн белги болушу керектиги» айтылат (1 Кор. 11:3, 10). Ооба, Исаны жолдогон аялдардын да, Кудайдын жердеги башка кызматчыларынын да теократиялык тартипти жана башчылык принцибин колдоп жатканын көрүү периштелер үчүн абдан жагымдуу. Мындай тил алчаактык Кудайдын асмандагы уулдарына жакшы эскертүү.

Периштелер кабар айтуу ишин жигердүүлүк менен колдошот

17, 18. Периштелер бизге кабар айтуу ишинде колдоо көрсөтүп жатат деп эмне себептен айта алабыз?

17 Периштелер Мырзабыздын күнүндөгү айрым маанилүү окуяларга, мисалы, 1914-жылы Кудайдын Падышалыгын орнотууга, ошондой эле Микеил менен бирге Шайтанды жана анын жин-перилерин асмандан кууп түшүрүүгө катышкан (Аян 1:10; 11:15; 12:5—9). Элчи Жакандын аянында «асмандын ортосунда учуп бараткан», жер бетинде жашагандарга кубанычтуу, түбөлүк жакшы кабары бар периште тууралуу айтылат. Ал периште катуу үн менен: «Кудайдан корккула, аны даңктагыла, анткени анын сот убактысы келди. Ошондуктан асман менен жерди, деңиз менен суу башаттарын Жаратканга сыйынгыла»,— деп жарыялаган (Аян 14:6, 7). Бул сөздөр периштелер Жахабанын кызматчыларына асманда орнотулган Падышалык тууралуу жакшы кабарды Ибилистин катуу каршылыктарына карабай жарыялоого жардам берип жатканына ынандырууда (Аян 12:13, 17).

18 Албетте, периштелер бүгүнкү күндө жүрөгү таза адамдарга жолуктуруу максатында, учурунда Филипти эфиопиялык төрөгө жибергендей, бизге түзмө-түз сүйлөп жетекчилик бербейт (Элч. 8:26—29). Бирок азыркы күндөгү айрым окуялардан периштелердин бизди кабар айтуу ишинде колдоп, «түбөлүк өмүргө карата туура көзкарашта болгондорду» табууга көмөктөшүп жатканы айкын көрүнүүдө * (Элч. 13:48). Чынында эле, кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышуу абдан маанилүү. Ошентүү менен Кудайга «рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынууну» каалагандарды табууга өзүбүздүн да салымыбызды кошо алабыз (Жкн. 4:23, 24).

19, 20. Периштелер «дүйнө түзүлүшүнүн аяк чениндеги» кайсы окуяларга катышышат?

19 Биздин күндөр тууралуу сөз кылып жатканда Иса «дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде» периштелердин «жаман адамдарды адил адамдардан бөлөрүн айткан» (Мт. 13:37—43, 49). Ошондой эле периштелер майлангандардын чогултулуп жана мөөрлөнүп бүтүшүнө катышат (Оку: Матай 24:31; Аян 7:1—3). Андан тышкары, алар Исага «койлорду эчкилерден бөлүүгө» жардам беришет (Мт. 25:31—33, 46).

20 «Асмандан кубаттуу периштелери менен келе турган Мырзабыз Исанын ачылышында... Кудайды тааныбагандар» жана «Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга баш ийбегендер» жок кылынат (2 Тес. 1:6—10). Жакан да Исанын жана анын периштелерден турган асман аскерлеринин ак боз ат минип, адилдик орнотуу үчүн согушууга чыкканы тууралуу аян көргөн (Аян 19:11—14).

21. «Колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы жана чоң чынжыр бар» периште Шайтанды жана анын жин-перилерин эмне кылат?

21 Жакан ошондой эле «асмандан түшүп келаткан... колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы жана чоң чынжыр бар» периштени көргөн. Ал периште ким эле? Башкы периште Микеил. Ал Ибилисти жана анын жин-перилерин байлап, туңгуюкка ыргытат. Шайтан жана анын жин-перилери Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягында жеткилеңдикке жеткен адамзатты акыркы жолу сыноо үчүн кыска убакытка бошотулат. Андан кийин Шайтан менен башка козголоңчулар жок кылынат (Аян 20:1—3, 7—10; 1 Жкн. 3:8). Кудайга каршы чыккан козголоңчулардын баары биротоло ойрон болушат.

22. Жакында боло турган окуяларда периштелердин кандай катыштыгы бар жана бул силерге кандай таасир этет?

22 Шайтандын каардуу түзүлүшүнөн куткарылар убакыт абдан жакындап калды. Периштелер Жахабанын эгедерлигинин акталышына жана анын жер менен адамзатка карата болгон ой-ниетинин ишке ашышына байланыштуу жакында боло турган окуяларда маанилүү иштерди аткарышат. Чынында эле, периштелер — «куткарылууну мурастай тургандарга кызмат кылуу үчүн жиберилген кызмат кылуучу рухтар». Ошондуктан, келгиле, Жахаба Кудайга периштелер аркылуу бизге анын эркин аткарууга жана түбөлүк өмүргө жетүүгө жардам берип жатканына ыраазычылык билдирели.

[Шилтемелер]

^ 18-абз. «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) аттуу китептин 549—551-беттерин карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Асмандагы рухий жаратуулар кандайча уюшулган?

• Нухтун күндөрүндө айрым периштелер эмне кылышкан?

• Кудай бизге жардам берүүдө периштелерди кандайча колдонот?

• Адил периштелер бүгүнкү күндө кандай иштерге катышышат?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Периштелер Кудайдын эркин аткаруудан кубаныч алышат

[23-беттеги сүрөт]

Даниел менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, периштелер, Кудайдын эркине ылайык болсо, бизди коргоого даяр

[24-беттеги сүрөт]

Кайраттуу болгула, кабар айтуу ишинде бизге периштелер жардам берип жатат!

Globe: NASA photo