Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаякты эмне үчүн ээрчишибиз керек?

Машаякты эмне үчүн ээрчишибиз керек?

Машаякты эмне үчүн ээрчишибиз керек?

«Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып... дайыма менин жолумду жолдосун» (ЛК. 9:23).

1, 2. Машаякты эмне үчүн ээрчишибиз керектигин карап чыгуу эмне себептен маанилүү?

ЖАХАБА өзүнүн кызматчыларынын арасынан силерди — чындыкты жаңыдан тааный баштагандарды жана жаштарды — көргөндө кандай гана сүйүнөт! Эгер сен Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз келип, Кудай Сөзүнөн өмүр берүүчү билим алып жатсаң, анда Исанын төмөндөгү чакырыгына кулак кагышың керек. Ал: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун күн сайын көтөрүп жүрсүн жана дайыма менин жолумду жолдосун»,— деген (Лк. 9:23). Исанын сөзүнөн көрүнүп тургандай, өзүбүздөн баш тартып, анын жолдоочусу болууга ар бирибиз дилгир болушубуз керек. Бул биз үчүн абдан маанилүү, андыктан, келгиле, Машаякты эмне үчүн ээрчишибиз керектигин карап чыгалы (Мт. 16:13—16).

2 Ал эми көптөн бери Иса Машаяктын изи менен жүргөндөр жөнүндө эмне дешке болот? Алар «бул жагынан дагы ийгилик кыла берүүгө» чакырылат (1 Тес. 4:1, 2). Чындыкта жүргөнүбүзгө аз болдубу же көп болдубу, Машаякты ээрчишибиз керектигинин себептери жөнүндө ой жүгүртүү бизге Пабылдын жогорудагы кеңешин колдонууга жана Исаны жашообуздун бардык тармагында тууроого жардам берет. Алгач, келгиле, Машаякты эмне үчүн ээрчишибиз керектигинин беш себебине токтололу.

Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдөө

3. Жахабаны таанып-билүүнүн кандай эки жолу бар?

3 «Пабыл Ареопагдын ортосуна туруп», афиндиктерге: «[Кудай] белгиленген убакыттарды жана адамдар жашай турган жерлердин чегин аныктап койгон. Анткени Кудай адамдардын аны издешин, сезип көрүшүн жана табышын каалайт. Бирок, чынында, ал ар бирибизге жакын»,— деген (Элч. 17:22, 26, 27). Биз Кудайды издесек, аны таанып-биле алабыз. Маселен, жаратылышка байкоо салуу Кудайдын сапаттары жана кудуреттүүлүгү жөнүндө көп нерселерди ачып берет. Жахабанын жаратуулары тууралуу терең ой жүгүртүүнүн аркасында анын ким экенин билебиз (Рим. 1:20). Ошондой эле Жахаба жөнүндө өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Китептен да көбүрөк билүүгө болот (2 Тим. 3:16, 17). Жахабанын «улуу иштери» тууралуу канчалык тереңирээк ой жүгүрткөн сайын, ал тууралуу ошончолук көбүрөөк биле беребиз (Заб. 76:13).

4. Машаяктын жолу менен жүрүү Жахаба менен болгон мамилебизди кандайча бекемдейт?

4 Жахабаны жакыныраак таанып-билүүнүн эң сонун жолу — Исаны жолдоо. Исанын Атасынын жанында жүргөндөгү «дүйнө жаралганга чейинки» даңкы туурасында ойлонуп көрчү (Жкн. 17:5). Ал — «Кудайдын жаратууларынын башталышы» (Аян 3:14). Иса «бардык жаратылгандардын тунгучу» болгондуктан Атасы Жахаба менен асманда сан жеткис кылымдар бою бирге болгон. Иса жерге келгенге чейин асманда Атасы менен жөн эле жүрө берген эмес. Ал Кудурети күчтүү Кудай менен бирге эмгектенүүдөн кубаныч алып, ага жардам берген; ал экөөнүн бири-бирине болгон сүйүүсүндөй сүйүү эч качан болгон эмес. Иса Атасынын кылган иштерине, сезимдерине жана касиет-сапаттарына жөн гана байкоо салбастан, Атасы жөнүндө эмнелерди билсе, баарын кабыл алган жана өздөштүргөн. Натыйжада тил алчаак Уулу Атасына ушунчалык окшош болуп калгандыктан, Ыйык Китепте: «Ал — көрүнбөс Кудайдын бейнеси»,— деп жазылган (Кол. 1:15). Машаяктын жолу менен жүрүүгө канчалык аракет кылсак, Жахаба менен болгон мамилебиз ошончолук бекемделет.

Жахабанын сапаттарын толугураак чагылдыруу

5. Канткенде Жахабаны мүмкүн болушунча жакшыраак туурай алабыз жана эмне үчүн?

5 Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан анын сапаттарын чагылдыра алабыз (Башт. 1:26). Элчи Пабыл ишенимдештерин «сүйүктүү балдар» катары «Кудайды тууроого» чакырган (Эф. 5:1). Исаны жолдоо менен Кудайды туурайбыз. Анткени Иса Жахабанын ой жүгүртүүсүн, сезимдерин, сапаттарын эң сонун чагылдырган жана эч ким, Исадай болуп, Кудай жөнүндө терең билим берген эмес. Ал жерде жүргөндө Кудайдын ысмы ким экенин айтып эле койбостон, ал ысымды алып жүргөн Кудай кандай Кудай экенин ачып берген (Оку: Матай 11:27). Иса муну сөздөрү, кылган иши, окутуусу жана үлгүсү менен кылган.

6. Исанын окутуулары Жахаба жөнүндө эмнелерди ачып берет?

6 Исанын окутууларынан Кудай бизден эмнени талап кыларын жана кызматчыларына кандай караарын билүүгө болот (Мт. 22:36—40; Лк. 12:6, 7; 15:4—7). Мисалы, он осуяттын бири болгон: «Ойноштук кылба»,— деген осуятты айтып өткөн соң ойноштукка алып баруучу жүрөктөгү жаман ойлорго Кудай кандай караарын түшүндүргөн. Ал: «Аялга кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Чыг. 20:14; Мт. 5:27, 28). Ошондой эле фарисейлердин Мусанын мыйзамын бурмалап: «Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр»,— деп өзгөртүп алганын айткандан кийин: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деп, Жахабанын көз карашын билдирген (Мт. 5:43, 44; Чыг. 23:4; Леб. 19:18). Кудайдын ой жүгүртүүсүн, сезимдерин жана бизден эмнелерди талап кыларын билүү менен аны жакшыраак туурай алабыз.

7, 8. Исанын үлгүсүнөн Жахаба жөнүндө эмнени билебиз?

7 Иса Атасынын кандай экенин өз үлгүсү менен да көрсөткөн. Инжилден Исанын бей-бечараларга, жашоодон кыйналгандарга боор ооруганын жана кичинекей балдарды урушкан шакирттерине ачууланганын окуганда Кудай да ушундай эле сезимдерде болорун байкайбызбы? (Мр. 1:40—42; 10:13, 14; Жкн. 11:32—35). Исанын кылган иштеринен Кудайдын негизги сапаттары кандайча көрүнүп турары жөнүндө ойлонуп көрөлү. Машаяк жасаган кереметтер анын эбегейсиз зор күчкө ээ экенин көрсөтүп турган жокпу? Ошентсе да ал күчүн эч качан жеке кызыкчылыктары үчүн же башкаларга зыян келтирүү үчүн колдонгон эмес (Лк. 4:1—4). Исанын ибадатканадагы ач көз соодагерлерди кууп чыкканы анын адилеттикке болгон сүйүүсүн кандай гана айкын көрсөтүп турат (Мр. 11:15—17; Жкн. 2:13—16). Андан тышкары, анын окутуулары, адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан жагымдуу сөздөрү анын «Сулаймандан да улук» экенинен кабар берет (Мт. 12:42). Ал эми өз өмүрүн башкалар үчүн берүү менен көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө эмне дешке болот? Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, «аныкынан өткөн сүйүү жок» (Жкн. 15:13).

8 Иса сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери менен Жахабаны ушунчалык жакшы чагылдыргандыктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Оку: Жакан 14:9—11). Демек, Машаякты жолдосок, Жахабаны туураган болобуз.

Иса — Жахабанын майланганы

9. Иса качан жана кантип майланган?

9 Биздин замандын 29-жылы күзүндө 30 жаштагы Иса чөмүлдүрүүчү Жаканга келгенде кандай окуя болгонуна көңүл бурсаң. «Иса чөмүлтүлөрү менен суудан чыкты. Ошол учурда асман ачылып, Жакан Кудайдын рухунун көгүчкөн сыяктуу Исага түшүп келатканын көрдү». Мына ошол учурда Иса майланган, тактап айтканда, Машаяк болуп дайындалган. Муну Жахаба: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен аны колдойм»,— деген сөздөрү менен тастыктаган (Мт. 3:13—17). Бул бизге Машаякты ээрчүүгө түрткү бербейби?!

10, 11. а) «Машаяк» деген наамдын Исанын ысмына чейин, кийин же жалгыз турушу эмнени билдирет? б) Иса Машаякты эмне себептен ар дайым ээрчишибиз керек?

10 Исанын ысмы жана «Машаяк» деген наамы ар кайсы аяттарда ар кандайча орундары алмашылып берилет. Алсак, Иса Машаяк, Машаяк Иса. Ал эми айрым учурларда наамы «Машаяк» деп жалгыз эле берилет. Маселен, Иса: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө жана сен жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алуу зарыл»,— деп тиленгенде «Иса Машаяк» деп, наамын ысмынан кийин койгонун байкоого болот (Жкн. 17:3). Наамынын ысмынан кийин коюлушу аны Кудай жибергенин жана майлаганын билдирет. Ал эми наамы «Машаяк Иса» деп ысмынын алдында турса, анын ээлеген абалына жана кызматына көңүл бурулат (2 Кор. 4:5). «Машаяк» деген наамдын жалгыз турушу да Исанын ээлеген абалы менен кызматын баса белгилейт (Элч. 2:31).

11 «Машаяк» деген наам Исанын ысмына чейин, кийин же жалгыз турабы, төмөндөгү маанилүү чындыкты баса белгилейт. Кудайдын Уулу Атасынын эркин ачып берүү үчүн жерге адам кейпин кийип келсе да, жөнөкөй эле адам же жөн эле пайгамбар болгон эмес, ал Жахабанын майланганы болгон. Ошондуктан биз аны ар дайым ээрчишибиз керек.

Биз Иса аркылуу гана куткарыла алабыз

12. Иса өлөрүнө бир нече саат калганда элчи Томаска кандай маанилүү сөздөрдү айткан?

12 Исанын өлөрүнө бир нече саат калганда ишенимдүү элчилерине айткан сөздөрүнөн аны ээрчүүгө түрткү берерлик дагы бир себепти көрүүгө болот. Томас Исадан анын кетери жана орун даярдаары жөнүндө сураганда, Иса: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп жооп берген (Жкн. 14:1—6). Андан соң ишенимдүү он бир элчисине кайрылып, аларга асмандан орун берерин убада кылган. Бирок анын убадасы жерде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөндөргө да тиешелүү (Аян 7:9, 10; 21:1—4). Кандайча?

13. Иса кандай мааниде «жол» болуп саналат?

13 Иса Машаяк — «жол». Башкача айтканда, Кудайга Иса аркылуу гана кайрыла алабыз. Кудайдан, анын эркине ылайык, Иса аркылуу эмнелерди сурабайлы, аларыбызга шектенбесек болот (Жкн. 15:16). Бирок Иса башка мааниде да жол болуп саналат. Баарыбызга белгилүү болгондой, күнөөнүн айынан адамзат Кудайдан алыстап кеткен (Ыш. 59:2). Ошондуктан Иса «көптөр үчүн жанын кун катары берген» (Мт. 20:28). Натыйжада, Ыйык Китепте айтылгандай, «Исанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт» (1 Жкн. 1:7). Мунун аркасында адамзат үчүн Кудай менен жарашууга жол ачылган (Рим. 5:8—10). Исага ишенүү жана ага тил алуу менен Жахаба менен жакшы мамиледе боло алабыз (Жкн. 3:36).

14. Иса кандайча «чындык»?

14 Иса — «чындык». Ал дайыма чындыкты сүйлөп жана чындыкка ылайык жашаганы үчүн эле эмес, Машаяк жөнүндө айтылган пайгамбарлыктардын көбү анын үстүнөн аткарылганы үчүн «чындык» болуп саналат. Ошол себептүү элчи Пабыл: «Кудайдын канча убадасы болсо, алардын баары ал аркылуу „ооба“ болгон»,— деп жазган (2 Кор. 1:20). Мусанын мыйзамындагы айтылган «келечектеги жакшы нерселердин... көлөкөсү» Машаяк Иса болгон (Эвр. 10:1; Кол. 2:17). Ыйык Китептеги бардык пайгамбарлыктар Исага карата айтылган жана анын Жахабанын ой-ниетиндеги негизги ролун көрсөтүп турат (Аян 19:10). Кудайдын бизге байланыштуу ой-ниетинин аткарылышынан пайда алышыбыз үчүн Машаякты ээрчишибиз керек.

15. Иса кандайча «өмүр»?

15 Ошондой эле Иса — «өмүр». Анткени ал өз өмүрүн адамзат үчүн берген. Ошондуктан түбөлүк өмүр «Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу» берилүүчү Кудайдын белеги болуп эсептелет (Рим. 6:23). Иса атүгүл мүрзөдө жаткандар үчүн да «өмүр» (Жкн. 5:28, 29). Андан тышкары, өзүнүн Миң жылдык башкаруусунун тушунда Башкы дин кызматчы катары эмнелерди кылары тууралуу ойлонуп көрчү. Ооба, Иса жерде жашай тургандарды күнөөдөн жана өлүмдөн түбөлүккө куткарат (Эвр. 9:11, 12, 28).

16. Исаны ээрчүүгө кандай себептер бар?

16 Исанын Томаска берген жообу биз үчүн да чоң мааниге ээ. Иса — жол, чындык жана өмүр. Кудай аны бул дүйнөгө дүйнөнү сактап калыш үчүн жиберген (Жкн. 3:17). Кудайга бизди Исадан башка эч ким алып бара албайт. Ыйык Китепте: «Адамдарды андан башка эч ким куткара албайт, анткени куткарылышыбыз үчүн асман астында адамдарга берилген башка ысым жок»,— делет (Элч. 4:12). Алган тарбиябыз, мурунку көз карашыбыз кандай болбосун, Исага ишенүү, аны ээрчүү акылдуулукка жатат жана өмүргө алып барат (Жкн. 20:31).

Биз Исаны угууга чакырылабыз

17. Кудайдын Уулун угуу эмне үчүн маанилүү?

17 Петир, Жакан жана Жакып Исанын жүзү өзгөрүп, кубулганына күбө болушкан. Ошондо алар асмандан: «Бул — менин Уулум. Мен аны тандап алгам. Аны уккула»,— деген буйрукту угушкан (Лк. 9:28, 29, 35). Бул буйрукка баш ийүү биз үчүн абдан маанилүү (Оку: Элчилер 3:22, 23).

18. Иса Машаякты угуу деген эмнени билдирет?

18 Исаны угуу деген андан «көзүбүздү албай», ал «жөнүндө терең ойлонууну» билдирет (Эвр. 12:2, 3). Андыктан Ыйык Китептен, ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан чыгарылган адабияттардан Иса жөнүндө окугандарыбызга жана жыйналыштан «уккан нерселерибизге өзгөчө көңүл бурушубуз» кажет (Эвр. 2:1; Мт. 24:45). Анда эмесе, келгиле, Исанын койлору катары аны угуп, артынан дайыма ээрчийли! (Жкн. 10:27).

19. Канткенде Машаяктын артынан дайыма ээрчий алабыз?

19 Башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, Машаяктын артынан дайыма ээрчүү мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн. «Машаяк Исанын жолунда ишеним жана сүйүү көрсөтүп... туура сөздөрдүн үлгүсүнө кармануу», башкача айтканда, алган билимибизди жашоодо колдонуу менен анын артынан дайыма ээрчий алабыз (2 Тим. 1:13).

Эмнелерди билдиңер?

• «Машаяктын» артынан ээрчүү Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдейт деп эмне үчүн айта алабыз?

• Кандайча Исаны тууроо Жахабаны тууроого барабар?

• Иса кандайча «жол», «чындык» жана «өмүр»?

• Жахабанын Майланганын эмне себептен угушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Исанын окутууларынан Жахабанын даанышмандыгын көрүүгө болот

[30-беттеги сүрөт]

Биз Жахабанын Майланганын ээрчишибиз керек

[32-беттеги сүрөт]

Жахаба: «Бул — менин Уулум... Аны уккула»,— деген