Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай оюн өзгөртө береби?

Кудай оюн өзгөртө береби?

Кудай оюн өзгөртө береби?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудайдын «көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербестиги» айтылат. Ошондой эле Кудай өзү да: «Мен Теңирмин, Мен өзгөрбөйм»,— деп айткан (Жакып 1:17; Малахия 3:6). Жахаба Кудай адамдардан кандай гана айырмаланат. Анткени адамдар оюн бат эле өзгөртө беришкендиктен, аларга жагуу жана ишенүү кыйын.

Бирок Ыйык Китепти окуган адамдардын айрымдары: «Кудай оюн өзгөртө берет окшойт»,— деп ойлошу мүмкүн. Жахаба Кудай бир кездерде Исанын жолдоочуларына керемет жасоо жөндөмдүүлүктөрүн берген, азыр антпейт. Байыркы учурларда көп аял алууга жол берген, азыр болсо жол бербейт. Муса аркылуу ишемби күнгө кармануу мыйзамын берген, ал эми азыр андай мыйзам жок. Ушулардан улам Кудай өзгөрөт деген жыйынтыкка келсек болобу?

Эң алды, биз Кудайдын башкалардын камын ойлоого жана адилеттүү болууга байланыштуу талаптарын эч качан өзгөртпөөрүнө кенедей да шектенбесек болот. Ошондой эле Кудайдын адамзатка байланыштуу «түбөлүктүү ой-ниети» эч качан өзгөргөн эмес (Эфестиктер 3:11). Бирок дайыма эле сени капаланта берген кишиге карата көз карашың өзгөргөн сыяктуу эле, Жахаба да жагдай шартка ылайык, оюн өзгөртөт.

Кудай ошондой эле өз элинин жагдай-шартына жана муктаждыгына жараша көрсөтмөлөрүн да өзгөртөт. Буга таң калбай эле койсок болот. Мисалы, жол баштап бара жаткан адам андан ары жол жүрүү кооптуу экенин билсе эмне кылат? Ал аны коштоп бара жаткандарга багытты өзгөртүп, башка жол менен кетүү керектигин айтат. Бирок бул алардын бара турган жерине барбайбыз деп чечишкенин билдирбейт да, туурабы? Келгиле анда, жогоруда айтылган, байыркы замандарда жол берилип, бирок азыр жол берилбей калган үч нерсени карап чыгалы.

Эмне үчүн азыркы учурда кереметтер жасалбайт?

Эмне үчүн Жахаба Кудай Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларына табияттан тыш жөндөмдүүлүктөрдү берген? Ысрайыл эли Кудайдын тандап алган эли болуп жүргөн учурда Кудай аларды колдоорун кереметтер аркылуу көрсөткөндүгүн билет чыгарсыңар. Алсак, Кудай ысрайыл элин Мисирден алып чыгып, чөл аркылуу Убадаланган жерге алып бара жатканда, Муса пайгамбар аркылуу көптөгөн кереметтерди көрсөткөн. Өкүнүчтүүсү, ысрайылдыктар ошол кереметтердин баарын көрүшсө да, Кудайга ишене беришкен эмес. Жахаба, акыр-аягы, ысрайылдыктарды четке кагып, Исанын жолдоочуларынын жыйналышын негиздегенде, жыйналыштагы элчилерге жана башкаларга табияттан тыш жөндөмдүүлүктөрдү берген. Мисалы, элчи Петир менен элчи Жакан тубаса аксак кишини айыктырышкан, ал эми элчи Пабыл өлгөн кишини тирилткен (Элчилер 3:2—8; 20:9—11). Алардын жасаган кереметтерин көрүп, көптөгөн жерлерде адамдар Кудайга ишенип калышкан. Анда эмне үчүн азыркы учурда кереметтер жасалбайт?

Муну элчи Пабыл төмөндөгү мисалдын жардамы менен түшүндүргөн. Ал: «Бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ойлонуп, баладай ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде болсо балага мүнөздүү нерселерди калтырдым»,— деген ойду айткан (1 Корунттуктар 13:11). Бала чоңойгон сайын ата-энесинин ага кылган мамилеси өзгөрөт. Анын сыңарындай эле, Исанын жолдоочуларынын жыйналышы «эр жеткенде», Жахабанын ага болгон мамилеси өзгөргөн. Башкача айтканда, элчи Пабыл түшүндүргөндөй, башка тилдерде сүйлөө же пайгамбарлык кылуу сыяктуу табияттан тыш жөндөмдүүлүктөр «жок болгон» (1 Корунттуктар 13:8).

Көп аял алууга эмне үчүн жол берилген?

Иса пайгамбар Кудайдын Адам ата менен Обо энеге: «Адам өзүнүн ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деп айткан сөздөрүн кайталап, Кудайдын никеге карата көз карашын билдирген (Матай 19:5). Кудай баш кошкон эки адамдын өмүр бою бирге болушун каалайт. Бирок ысрайыл элинде Кудай аларды өз эли кылып, мыйзамдарды бергенге чейин эле көп аял алуу салтка айланып калган. Демек, көп аял алуу Кудайдын буйругу менен болгон эмес жана ал аны эч качан жактаган эмес. Ошентсе да ал көп аял алуучулукту жөнгө салуу үчүн ысрайылдыктарга мыйзамдарды берген. Ал эми кийинчерээк Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенде, Кудай көп аял алууга тыюу салган (1 Тиметей 3:2).

Жахаба Кудай айрым нерселерге өз убагы келгиче жол берет (Римдиктер 9:22—24). Ооба, Иса пайгамбар Жахаба Кудайдын көп аял алуучулукка ысрайылдыктардын жүрөктөрүнүн катуулугунан улам убактылуу жол бергенин айткан (Матай 19:8; Накыл сөздөр 4:18).

Ишемби күн жөнүндөгү мыйзам эмне үчүн күчүн жоготкон?

Кудай ысрайылдыктарды Мисирден алып чыккандан кийин аларга осуяттарды жана буйруктарды берген. Ошол осуяттардын бирине ылайык, ишемби күн ыйык тутулушу керек эле (Чыгуу 16:22—30; 20:8—10). Бирок кийин элчи Пабыл Исанын өзүн курмандыкка берүү менен «осуяттар менен буйруктардан турган Мыйзамды жок кылганын» жана «буйруктарды камтыган колжазманы өчүрүп салганын» айтып өткөн (Эфестиктер 2:15; Колосалыктар 2:14). Тактап айтканда, ишемби күнгө байланыштуу мыйзам «жок кылынган» жана өчүрүлүп салынган. Анткени Ыйык Китепте андан ары: «Ошондуктан эч ким силерди тамак менен суусундук үчүн же кайсы бир майрам үчүн, айдын жаңырышына же ишемби күнгө байланышкан нерселер үчүн айыптабасын»,— дегенди окуйбуз (Колосалыктар 2:16). Кудай деги эле Мыйзамдарды, анын ичинде ишемби күнгө байланыштуу мыйзамды эмне үчүн берген?

Бул суроонун жообу элчи Пабылдын: «Мыйзам Машаякка алып баруучу тарбиячыбыз болгон. Бирок азыр, ишеним келгендиктен, биз тарбиячынын көзөмөлү астында эмеспиз»,— деген сөздөрүндө камтылат (Галатиялыктар 3:24, 25). Ооба, Кудай ишемби күн жөнүндөгү мыйзамды убактылуу эле берген. Ал мыйзам ысрайылдыктарды Кудайдын мыйзам-осуяттары жөнүндө атайын убакыт бөлүп ой жүгүртүүгө үйрөтүү үчүн караштырылган. Андыктан Кудай ошол мыйзамга карата оюн өзгөрткөн дегенге болбойт. Ошондой эле бул осуят келечекте адамзат азап-кайгыдан жана рухий түркөйлүктөн биротоло арыларынан кабар берген (Эврейлер 4:10; Аян 21:1—4).

Эч качан өзгөрбөгөн жана мээримдүү Кудай

Жогоруда келтирилген ыйык китептик мисалдардан айкын болгондой, Жахаба Кудай мезгилге жана учурга ылайык, өз элине ар кандай көрсөтмөлөрдү берип келген. Бирок бул Кудай оюн бат-баттан өзгөртүп турган дегенди билдирбейт. Кудай андай көрсөтмөлөрдү өз элинин муктаждыгына жана ар кандай жагдай-шартына ылайыкташкандыктан жана алардын пайдасын көздөгөндүктөн берген. Ал бүгүн да ошентүүдө.

Жахаба Кудайдын талаптары эч качан өзгөрбөгөндүктөн, анын жактыруусуна ээ болуу үчүн, эмне кылышыбыз керектигин, кайсы учурда болбосун, биле алабыз. Андан тышкары, Кудай эмнени убада кылбасын, бардыгы аткарыларына шектенбесек болот. Жахаба Кудай: «Мен эмнени кааласам, ошону жасайм... Эмнени алдын ала белгилесем, ошону жасайм»,— дейт (Ышайа 46:10, 11).

[29-беттеги сүрөт]

Кудай башкалардын камын ойлоого жана адилеттүү болууга байланыштуу талаптарын эч качан өзгөртпөйт

[30-беттеги сүрөт]

Пабыл табияттан тыш жөндөмдүүлүктөрдүн убакыттын өтүшү менен «жок болорун» түшүндүргөн

[31-беттеги сүрөт]

Кудай баш кошкон эки адамдын өмүр бою бирге болушун каалайт