Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын үйүнө карата күчтүү сүйүү өрчүтөлү

Жахабанын үйүнө карата күчтүү сүйүү өрчүтөлү

Жахабанын үйүнө карата күчтүү сүйүү өрчүтөлү

«Сенин үйүңө болгон күчтүү сүйүүмдөн улам ичим өрттөнүп жатат» (ЖКН. 2:17).

1, 2. Иса б.з. 30-жылы ибадатканада эмне кылган жана эмне үчүн?

КӨЗ алдыңарга мындай окуяны элестетсеңер. Б.з. 30-жылы, Пасах убагы. Исанын жердеги кызматын баштаганына алты ай болду. Азыр ал Иерусалимге баратат. Иса ибадатканадагы бутпарастардын короосунан «өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрөт». Анан аркандан камчы жасап алып, бардык жаныбарларды кууп чыгат. Ошондо сатуучулардын алардын аркасынан жөнөгөнү айтпаса да түшүнүктүү. Андан сырткары, Иса акча алмаштыруучулардын тыйындарын чачып, үстөлдөрүн көңтөрөт. Көгүчкөн саткандарга болсо көгүчкөндөрүн ал жерден алып кетүүнү буйрат (Жкн. 2:13—16).

2 Исанын иш-аракетинен ибадаткана үчүн аябай тынчсызданганын көрүүгө болот. Ал: «Атамдын үйүн соода үйүнө айландырганыңарды токтоткула!» — деп буйруган. Бул окуяга күбө болгон Исанын шакирттери кылымдар мурун забурчу Дөөтү жазган: «Сенин үйүңө болгон күчтүү сүйүүмдөн улам ичим өрттөнүп жатат»,— деген сөздөрдү эстешкен (Жкн. 2:16, 17; Заб. 68:10).

3. а) Түп нускадагы «күчтүү сүйүү» деп которулган сөз эмнени билдирет? б) Кандай суроо тууралуу ойлонуп көрсөк болот?

3 Иса Кудайдын үйү үчүн тынчсыздангандыктан жана ага болгон күчтүү сүйүүсүнөн улам ошондой кылган. Түп нускадагы «күчтүү сүйүү» деп которулган сөз «кандайдыр бир нерсеге ынтызар, абдан кызыкдар болуу» деген маанини берет. Азыркы 21-кылымда жети миллиондон ашуун Исанын жолдоочусу Кудайдын үйүнө карата күчтүү сүйүү көрсөтүп жатат. Бирок ар бирибиз: «Жахабанын үйүнө болгон сүйүүмдү кантип арттыра алам?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, адегенде Кудайдын үйү бүгүнкү күндө эмнени билдирерин карап чыгалы. Андан соң ага карата күчтүү сүйүү көрсөткөн Ыйык Китептеги ишенимдүү кишилердин үлгүсүнө токтололу. Алардын үлгүсү «бизге насаат катары жазылган» жана Кудайдын үйүнө карата мындан да күчтүү сүйүү өрчүтүүгө түрткү берет (Рим. 15:4).

Кудайдын үйү — мурун жана азыр

4. Сулайман курган ибадаткана кандай максатта кызмат кылган?

4 Байыркы Ысрайылда Кудайдын үйү болуп Иерусалимдеги ибадаткана эсептелген. Албетте, Жахаба сөздүн түз маанисинде ал жерде жашаган эмес. «Асман Менин тагым, жер болсо — буттарымды коё турган жер. Анан силер Мага кайсы жерге үй курасыңар? Менин эс ала турган жайым кайсы жерде болот?» — деп айткан ал (Ыш. 66:1). Ошентсе да Сулайман башкарган убакта курулган ибадаткана Жахабага сыйынууга арналган негизги жер болгон жана эл ошол жерге барып тиленчү (1 Пад. 8:27—30).

5. Сулайман курган ибадаткана бүгүнкү күндө эмнени символдоштурат?

5 Бүгүнкү күндө Жахабанын үйү Иерусалимде же дагы башка бир жерде жайгашкан имаратты билдирбейт. Ал Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде Кудайга сыйынуу аркылуу жакындашыбыз үчүн караштырылган чараны билдирет. Жахабанын жердеги бардык ишенимдүү кызматчылары ага ушул рухий ибадатканада биримдикте сыйынышат (Ыш. 60:4, 8, 13; Элч. 17:24; Эвр. 8:5; 9:24).

6. Кайсы падышалар чыныгы сыйынууга карата күчтүү сүйүү көрсөтүшкөн?

6 Б.з.ч. 997-жылы Ысрайыл экиге бөлүнүп кеткенден кийин Жүйүт жеринде, түштүк падышалыгында, бийлик кылган он тогуз падышанын төртөө чыныгы сыйынууга карата күчтүү сүйүү көрсөтүшкөн. Алар Аса, Жошапат, Хиския жана Жошия болгон. Биз алардан кандай маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз?

Чын жүрөктөн кызмат кылгандар бата алышат

7, 8. а) Кандай кызмат кылганда Жахабанын батасын алабыз? б) Аса падышанын мисалынан кандай сабак алсак болот?

7 Аса падышалык кылган убакта Жахаба өз элин туура жолго салуу үчүн пайгамбарларды жөнөтүп турган. Мисалы, Ыйык Китепте Асанын Одейттин уулу Азария пайгамбарды укканы айтылат (Оку: 2 Жылнаама 15:1—8). Аса жасаган өзгөрүүлөр жүйүт элин, ошондой эле Ысрайыл падышалыгынан Иерусалимдеги чоң жыйынга келген көптөгөн адамдарды бириктирген. Алардын бардыгы Жахабага берилгендикте кызмат кылууга чечкиндүү экенин билдиришкен. Ал тууралуу мындай дегенди окуйбуз: «Алар сурнайлар менен мүйүздөрдүн жаңырыгы астында кыйкырып, Теңирге ант беришти. Бул антка бардык жүйүттөр сүйүнүштү, анткени алар Кудайга чын жүрөгүнөн ант беришкендиктен, Кудайды ынтаа коюп издешкендиктен, Ал Өзүн ачып берди. Теңир аларга бардык тараптан бейпилдик берди» (2 Жылн. 15:9—15). Ошо сыяктуу эле, биз да Жахабага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылсак, ал сөзсүз батасын берет (Мр. 12:30).

8 Өкүнүчтүүсү, кийинчерээк көрөгөч Ханани Асаны ашкерелегенде, ал ачууланган (2 Жылн. 16:7—10). Жахаба бизге жыйналыш аксакалдары аркылуу кеңеш же көрсөтмө бергенде, аны кандай кабыл алабыз? Нааразы болбой, алардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңешине дароо кулак кагабызбы?

9. Жошапат менен жүйүт элине кандай коркунуч туулган жана алар эмне кылышкан?

9 Жошапат б.з.ч. 10-кылымда Жүйүт жеринде падышалык кылган. Ага жана бүтүндөй жүйүт элине амондуктардын, мааптыктардын жана Сеир тоосунда жашагандардын биргелешкен аскери каршы чыккан. Падыша коркконуна карабай эмне кылган? Ал жана жүйүт эркектери аялдары, бала-бакырасы менен Жахабанын үйүнө тиленүү үчүн чогулушкан (Оку: 2 Жылнаама 20:3—6). Ошондо Жошапат, андан мурунураак Сулаймандын ибадаткананы арноодо айткан сөздөрүнө ылайык, Жахабага мындай деп жалынып-жалбарган: «Кудайыбыз! Буларды Өзүң жазала. Анткени бизди каптап келе жаткан бул кара колго каршы турууга биздин күчүбүз жетпейт, эмне кыларыбызды билбейбиз, бирок биздин көзүбүз Сенде!» (2 Жылн. 20:12, 13). Жошапат тиленгенден кийин, «жамааттын ортосунда турган леби Жахазиелге» Жахабанын руху түшкөн жана ал элди жубатып-кайраттандыра турган сөздөрдү айткан (Оку: 2 Жылнаама 20:14—17).

10. а) Жошапатка жана Жүйүт падышалыгына жетекчилик кандайча берилген? б) Жахабанын бүгүнкү күндө бизге берип жаткан жетекчилигине ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз?

10 Ооба, ошол учурда Жахаба Жошапатка жана Жүйүт падышалыгына жетекчиликти Жахазиел аркылуу берген. Ал эми бүгүн бизди жубатып, жетекчилик берүү үчүн ишенимдүү жана акылдуу кул тобун колдонот. Андыктан бизди кайтарууда жан үрөп эмгектенип, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» көрсөтмөлөрүн жүзөгө ашырып жаткан аксакалдар менен дайыма кызматташууну жана аларга урмат көрсөтүүнү каалайбыз (Мт. 24:45; 1 Тес. 5:12, 13).

11, 12. Жошапат жана жүйүт эли менен болгон окуядан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Жахабанын жетекчилигин издөө үчүн чогулган Жошапат менен анын элиндей болуп, келгиле, бир туугандарыбыз менен бирге жыйналыш жолугушууларына үзбөй катышууга олуттуу карайлы. Эгер оор жагдайга кабылгандыктан эмне кыларыбызды билбей калсак, Жошапат менен жүйүт элине окшоп, Жахабага толугу менен таянып, тиленүү аркылуу ага кайрылалы (Накыл 3:5, 6; Флп. 4:6, 7). Атүгүл жыйналыш менен бирге боло албасак да, Жахабага айткан өтүнүчтөрүбүз бизди «дүйнө жүзүндөгү биртуугандарыбыз» менен бириктирет (1 Пет. 5:9).

12 Жошапат менен анын эли Кудайдын Жахазиел аркылуу берген жетекчилигине баш ийишкен. Анын натыйжасы кандай болгон? Алар согушта жеңишке ээ болуп, Иерусалимге «кубаныч менен кайтышкан» жана «Теңирдин үйүнө арфа, лира, сурнай менен келишкен» (2 Жылн. 20:27, 28). Анын сыңарындай, биз да Жахабанын өзүнүн каналы аркылуу берген жетекчилигине баш иебиз жана аны биримдикте даңктайбыз.

Жолугушуулар өткөрүлгөн жайларды жакшы күтө билели

13. Башкаруусунун башында Хиския кандай ишти уюштурган?

13 Башкаруусунун биринчи айында Хиския ибадаткананы калыбына келтирип, оңдоо иштерин жүргүзүү менен Жахабага сыйынууга болгон күчтүү сүйүүсүн көрсөткөн. Ал Кудайдын үйүн тазалоого дин кызматчылар менен лебилерди дайындаган. Алар аны 16 күн тазалашкан (Оку: 2 Жылнаама 29:16—18). Биз да жолугушуулар өткөрүлгөн жайларды жакшы абалда күтө билсек жана оңдоо иштерине катышсак, Жахабага сыйынууга болгон күчтүү сүйүүбүздү көрсөтөбүз. Ушундай ишке катышкан бир туугандардын ынталуулугу башкаларга таасир этерин көрсөткөн окуялар жөнүндө уктуңар беле? Чынында эле, алардын иш-аракеттери Жахабага даңк алып келет.

14, 15. Кайсы иш бүгүнкү күндө Жахабага даңк алып келүүдө? Мисал келтиргиле.

14 Англиянын түндүгүндөгү шаарда жашаган бир киши менчик ээлигинин жанында жайгашкан Падышалык залын оңдоо ишинин жүргүзүлүшүнө каршы болгон. Бирок жергиликтүү бир туугандар ага жылуу-жумшак мамиле кылышкан. Алар Падышалык залы менен ал кишинин жерин чектеп турган дубалды оңдоо керек экенин байкап, ал ишти бекер эле кылып берүүнү сунушташкан. Бир туугандар оор эмгектенип, дубалды оңдоп эле коюшкан эмес: анын көп бөлүгүн кайра тургузушкан. Алар жагдайды ушунчалык сонун чечишкендиктен, ал киши оюн өзгөрткөн. Азыр ал Падышалык залынын аймагына көз салып турат.

15 Ошондой эле Жахабанын эли бүткүл дүйнөлүк куруу ишине катышат. Бул ишке өз ыктыяры менен катышкан жергиликтүү бир туугандар толук убакыт кызмат кылган эл аралык программанын кызматчылары менен бирге Падышалык залдарын эле эмес, Жыйындар залдарын жана Бейтел үйлөрүн курууга салым кошушат. Сэм — жылытуу, абаны желдетүү системаларын жана кондиционерлерди орнотуу боюнча инженер. Ал жубайы Рут экөө Европанын жана Африканын бир нече өлкөлөрүндө куруу проектилерине жардам беришкен. Кайсы жерге барбасын, алар жергиликтүү жыйналыштардагы бир туугандар менен кабар айтуу ишине катышуудан да кубаныч алышат. Андай эл аралык проектилерге катышууга эмне түрткү бергенин Сэм мындай деп түшүндүрөт: «Мага бул жактагы жана чет өлкөлөрдөгү Бейтелдерде кызмат кылган бир туугандар түрткү берди. Алардын ынталуулугун жана кубанычын көргөндө ушундай жол менен кызмат кылууну абдан кааладым».

Кудайдын көрсөтмөлөрүнө баш иели

16, 17. Кудайдын эли кайсы өзгөчө ишке катышып жатат жана мунун натыйжасы кандай болууда?

16 Хиския ибадаткананы оңдогондон тышкары, Жахаба жылына бир жолу белгилөөнү буйруган Пасах майрамынын кайрадан өткөрүлө башташына кам көргөн (Оку: 2 Жылнаама 30:1, 4, 5). Хиския менен Иерусалимдин тургундары бардык элди, атүгүл түндүк падышалыкта жашагандарды да майрамга чакырышкан. Чабармандар Ысрайыл менен Жүйүт жерлерин булуң-бурчуна чейин кыдырып, чакыруу катын таратышкан (2 Жылн. 30:6—9).

17 Акыркы жылдары биз да ушу сыяктуу ишке катышып жатабыз. Исанын буйругуна ылайык, Эскерүү кечесин белгилөө үчүн аймагыбыздагы адамдарга көңүлдү өзүнө тарткан чакыруу баракчаларын таратабыз (Лк. 22:19, 20). Биз кызмат жолугушууларынан көрсөтмө алып, бул ишке дилгирлик менен катышабыз. Жахаба биздин иш-аракетибизге батасын мол берип жатат! Өткөн жылы чакыруу баракчаларын таратууга жети миллиондой киши катыштык, натыйжада кечеге бардыгы болуп 17790631 киши келди!

18. Чыныгы сыйынууга карата күчтүү сүйүү өрчүтүү сен үчүн эмне себептен маанилүү?

18 Ыйык Китепте Хиския тууралуу мындай делген: «Ал Ысрайылдын Кудай-Теңирине таянчу. Бардык Жүйүт падышаларынын арасында андан мурун да, андан кийин да андай падыша болгон эмес. Ал Теңирге жабышты, Андан четтеген жок, Теңирдин Мусага берген осуяттарын аткарды» (2 Пад. 18:5, 6). Келгиле, Хискиядан үлгү алалы. Чыныгы сыйынууга болгон күчтүү сүйүү бизге түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүп, «Теңирге жабышууга» жардам берет (Мыйз. 30:16).

Көрсөтмөнү дароо аткаралы

19. Эскерүү убагында кандай күч-аракет жумшалат?

19 Жошия да башкарып турган убагында Пасах майрамынын өткөрүлүшүнө чоң даярдыктарды көргөн (2 Пад. 23:21—23; 2 Жылн. 35:1—19). Биз да облустук, райондук жана бир күндүк атайын жыйындарга, ошондой эле Эскерүү кечесине жакшы даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Айрым өлкөлөрдөгү бир туугандар Машаяктын өлүмүн эскерүүгө чогулуу үчүн атүгүл өмүрүн тобокелге салышат. Ынталуу аксакалдар жыйналыштагылардын бири да унутулуп калбашы үчүн кам көрүшөт. Улгайгандарга жана ден соолугу начарларга Эскерүүгө катышууга жардам көрсөтүлөт.

20. а) Жошия падыша башкарган убакта эмне болгон жана ал эмне кылган? б) Ал окуядан эмнеге үйрөнсөк болот?

20 Жошия падыша уюштурган калыбына келтирүү иши жүрүп жатканда, башкы дин кызматчы Хилкия «Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебин таап алат». Ал аны падышанын катчысы Шапанга тапшырат, Шапан болсо анда жазылгандарды Жошияга окуп берет (Оку: 2 Жылнаама 34:14—18). Падышага ал кандай таасир этет? Падыша ошол замат кийимин айрып, катуу кайгырат, анан өзүнүн кишилерине Жахабага жетекчилик сурап кайрылууга буйрук берет. Ошондо Кудай Хулда деген пайгамбар аял аркылуу Жүйүт жеринде жасалып жаткан айрым диний каада-салттардын туура эмес экенин жана бүткүл элдин башына алаамат түшөрүн билдирет. Бирок Жахаба Жошиянын бурканга сыйынуучулукту жок кылууга аракет кылганын байкаган. Ошондуктан Жошия анын ырайымынан айрылган эмес (2 Жылн. 34:19—28). Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Биздин да каалообуз Жошияныкындай экени шексиз. Биз сыйынуубузга чындыктан четтөөчүлүктүн жана ишенимсиздиктин аралашып кетишине жол берсек эмне болушу мүмкүн экенин көрсөткөн эскертүүлөргө кулак кагып, Жахабанын көрсөтмөсүнө дароо баш ийгибиз келет. Жахаба Жошиянын ынталуулугун байкагандай эле, биздин чыныгы сыйынууга болгон күчтүү сүйүүбүздү көз жаздымында калтырбай турганына толук ишенсек болот.

21, 22. а) Жахабанын үйүнө карата эмне үчүн күчтүү сүйүү көрсөтүшүбүз керек? б) Кийинки макалада эмнелер каралат?

21 Жүйүттүн ал төрт падышасы: Аса, Жошапат, Хиския жана Жошия Кудайдын үйүнө жана ага сыйынууга карата күчтүү сүйүү көрсөтүү жагынан бизге мыкты үлгү калтырышкан. Андай күчтүү сүйүү бизге да Жахабага таянууга жана чыныгы сыйынууну колдоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоого түрткү бериши керек. Кудайдын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү жана анын жыйналыш, аксакалдар аркылуу көрсөткөн камкордугуна, насаатына жооп кайтаруу акылдуулукка жатат, ошондой эле бул бизди бактылуу кылат.

22 Кийинки макала көңүлүбүздү кабар айтуу кызматына болгон ынталуулукка бурат жана жаштарга мээримдүү Атабызга дилгирлик менен кызмат кылууга түрткү берет. Андан тышкары, Шайтандын эң эле зыяндуу таасирлеринин биринен канткенде оолак боло аларыбыз каралат. Жахабанын ушундай эскертүүлөрүнүн баарын ынтызарлык менен кабыл алсак, анын Уулу Исаны туураган болобуз. Ал тууралуу мындай деп айтылган: «Сенин үйүңө болгон күчтүү сүйүүмдөн улам ичим өрттөнүп жатат» (Заб. 68:10, «ЖД» [69:9]; 118:111, 129; 1 Пет. 2:21).

Эсиңердеби?

• Жахаба кандай кызматка батасын берет жана эмне үчүн?

• Жахабага таянарыбызды кантип көрсөтөбүз?

• Күчтүү сүйүү Кудайдын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүгө кандайча түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Жахабанын үйүнө болгон күчтүү сүйүүсүн Аса, Жошапат, Хиския жана Жошия кантип көрсөткөн?