Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жакшы иштерге ынталуу» болгула!

«Жакшы иштерге ынталуу» болгула!

«Жакшы иштерге ынталуу» болгула!

«Машаяк бизди мыйзамсыз иштердин баарынан арылтып, тазалап, өзүнө гана таандык жана жакшы иштерге ынталуу эл кылуу үчүн, өз өмүрүн берген» (ТИТ 2:14).

1. Б.з. 33-жылы 10-нисанда Иса ибадатканага барганда эмне болот?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы, 10-нисан. Пасах майрамынын алды. Сыйынуу үчүн Иерусалимдеги ибадатканага келген калың эл майрамды чыдамсыздык менен күтүүдө. Анан ал жакка Иса келгенде эмне болот? Инжилди жазган Матай, Марк жана Лука — үчөө тең Исанын ибадатканадан сатуучулар менен сатып алуучуларды экинчи ирет кууп чыкканын билдиришкен. Ал акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн саткандардын отургучтарын көңтөрүп салат (Мт. 21:12; Мр. 11:15; Лк. 19:45). Ооба, Исанын үч жыл мурун дал ушинтип көрсөткөн ынталуулугу басаңдап калган эмес (Жкн. 2:13—17).

2, 3. Исанын ынталуулугу ибадаткананы тазалоо менен эле чектелбегенин кайдан билебиз?

2 Матайдын билдирүүсүнөн көрүнүп тургандай, Исанын ошондо көрсөткөн ынталуулугу ибадаткананы тазалоо менен эле чектелген эмес. Ал ага келген сокурларды, аксактарды айыктырган (Мт. 21:14). Луканын жазгандарынан Исанын башка да иштерди жасаганын билүүгө болот. «[Иса] күн сайын ибадатканада элди окуткан» (Лк. 19:47; 20:1). Ошентип, анын ынталуулугу кызматынан да айкын көрүнгөн.

3 Кийинчерээк элчи Пабыл Титке жазган катында Исанын «бизди мыйзамсыз иштердин баарынан арылтып, тазалап, өзүнө гана таандык жана жакшы иштерге ынталуу эл кылуу үчүн, өз өмүрүн бергенин» түшүндүргөн (Тит 2:14). Биз бүгүнкү күндө кайсы жактардан «жакшы иштерге ынталуу» боло алабыз? Жүйүттүн жакшы падышаларынан эмнеге үйрөнсөк болот?

Кабар айтууга жана окутууга ынталуу болуу

4, 5. Жүйүттүн төрт падышасы жакшы иштерге ынталуу экенин кантип көрсөтүшкөн?

4 Аса, Жошапат, Хиския жана Жошия Жүйүт жеринде бурканга сыйынуучулукту жоюу үчүн өнөктүктөрдү — жалпы эл катышкан иш-чараларды — уюштурушкан. Алсак, Аса тууралуу мындай делет: «Ал башка кудайлардын курмандык чалынуучу жайларын, бийик жердеги бутканаларын четке какты, балбалдарын кыйратты, Ашейра мамыларын кыйды» (2 Жылн. 14:3). Ал эми Жошапат Жахабага сыйынууга болгон жалындаган күчтүү сүйүүсүнөн улам «бийик жерлердеги бутканаларды да, Жүйүт аймагындагы Ашейра мамыларын да алып таштаган» (2 Жылн. 17:6; 19:3).

5 Хиския Иерусалимде жети күндүк Пасах майрамын уюштурган. Ал майрам белгиленгенден кийин, «ошол жердеги бүт ысрайылдыктар Жүйүт аймагынын шаарларына барышып, балбалдарды талкалап, Ашейра мамыларын кыйратышкан». Ошондой эле «бүт Жүйүт аймагындагы, Эпрайымдын, Менашенин, Бенжеминдин жерлериндеги бутканаларды, курмандык чалынуучу жайлардын бардыгын кыйратышкан» (2 Жылн. 31:1). Ал эми сегиз эле жашында падыша болгон Жошия тууралуу тарыхый билдирүүдө мындай деп жазылган: «Ал падышачылыгынын сегизинчи жылында, өспүрүм кезинде эле, атасы Дөөттүн Кудайына кайрыла баштаган. Ал эми падышачылыгынын он экинчи жылында Жүйүт аймагы менен Иерусалимди бутканалардан, Ашейра мамыларынан, оюп жана куюп жасалган жасалма кудайлардан тазалай баштаган» (2 Жылн. 34:3). Ооба, ал төрт падыша тең жакшы иштерге ынталуу болушкан.

6. Кызматыбызды эмне үчүн Жүйүттүн ишенимдүү падышалары жүргүзгөн өнөктүктөргө салыштырууга болот?

6 Бүгүнкү күндө биз да адамдарга жалган диндин окууларынан арылууга, анын ичинде бурканга табынуучулуктан качууга жардам берүү үчүн өнөктүккө катышып жатабыз. Үйдөн үйгө кабар айтуунун аркасында ар кандай адамдарды жолуктурабыз (1 Тим. 2:4). Мисалга азиялык бир жаш кызды алалы. Ал апасынын алардын үйүндөгү көптөгөн сөлөкөттөрдүн алдында ырым-жырымдарды кылганын эскерет. Сөлөкөттөрдүн баары чыныгы Кудайды билдириши мүмкүн эмес деп ой жүгүрткөндүктөн ал кыз Кудайга өзүнүн ким экенин ачып беришин сурап көп тиленчү. Бир күнү анын үйүнө эки Күбө келип, Кудайдын Жахаба деген өзгөчө ысмы жөнүндө айтып беришкен. Буркандар жөнүндөгү чындыкты билгенде ал кандай гана кубанган! Азыр ал кабар айтуу ишине дилгирлик менен катышып, башкаларга рухий жактан жардам берүү менен зор ынталуулук көрсөтүп жатат (Заб. 82:19; 113:12—16; 1 Жкн. 5:21).

7. Жошапаттын күндөрүндөгү бардык жерлерге жөнөтүлгөн окутуучуларды тууроо үчүн эмне кылсак болот?

7 Үйдөн үйгө кабар айтууда аймагыбызды канчалык кылдат иштетебиз? Кызыктуусу, Жошапат башкаруусунун үчүнчү жылында беш төрөнү, тогуз лебини жана эки дин кызматчыны бардык шаарларды кыдырып, элди Жахабанын мыйзамдарына окутууга жиберген. Алардын иши ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, тегерегиндеги элдер Жахабадан корко башташкан (Оку: 2 Жылнаама 17:9, 10). Биз аймагыбызга ар кайсы убакта, ар башка күнү баруу менен бир үйдө жашаган бир нече киши менен сүйлөшө алабыз.

8. Кызматыбызды кантип кеңейте алабыз?

8 Азыркы учурда Кудайдын кызматчыларынын көбү даярдуулук менен өздөрүнүн үйүн калтырып, ынталуу Күбөлөргө муктаждык көбүрөөк болгон жерлерге көчүп барышууда. Сен да ошенте аласыңбы? Айрымдарыбыз башка жактарга көчүп бара албасак да, жашаган жерибиздеги чет тилинде сүйлөгөн адамдарга кабар айтууга аракет кылсак болот. Рон деген ишенимдешибиз аймагынан ар кайсы улуттагы кишилерди жолуктургандыктан, 81 жашында 32 тилде учурашууну үйрөнүп алган! Жакында эле ал көчөдөн африкалык жубайларды жолуктуруп, алар менен алардын эне тилинде, йоруба тилинде, учурашкан. Жубайлар Рондон: «Сиз Африкада болдуңуз беле?» — деп сурашкан. Ал: «Жок»,— деп жооп бергенде, алар ал тилди кантип үйрөнгөнүн сурашкан. Мунун аркасында жакшы күбөлөндүрүү берилген. Алар журналдарды кубаныч менен алып, дарегин беришкен. Ал жубайлар менен ыйык китептик изилдөө башталышы үчүн, Рон алардын дарегин жергиликтүү жыйналышка өткөрүп берген.

9. Кызматта Ыйык Китептин өзүнөн окуп берүү эмне үчүн маанилүү? Мисал келтиргиле.

9 Жошапаттын буйругу менен бардык жерлерге жиберилген окутуучулар «Теңирдин мыйзам китебин өздөрү менен кошо алып жүрүшкөн». Биз да дүйнө жүзү боюнча адамдарды Ыйык Китептин негизинде окутууга умтулабыз, анткени ал — Кудайдын Сөзү. Кызматта жүргөндө адамдардын көңүлүн Ыйык Китепке буруп, анда чынында эмне айтыларын көрсөтүп берүүгө аракеттенебиз. Бир үй ээси Жахабанын Күбөсү Линдага күйөөсүнүн инсультка чалдыкканын жана анын кам көрүшүнө муктаж экенин айтат. Ал: «Кудай мындайды башыма салгыдай, эмнеден жаздым экен?» — деп зээни кейийт. Линда андан: «Сиз менен жубатарлык бир ой менен бөлүшсөм болобу?» — деп сурайт. Анан Жакып 1:13тү окуп берип: «Өзүбүз, жакындарыбыз кабылып жаткан кыйынчылыктар Кудайдын жазасы эмес»,— деп кошумчалайт. Ошондо үй ээси сүйүнгөнүнөн Линданы кучактап жиберет. Линда: «Мен аны Ыйык Китепти колдонуп жубата алдым. Кээде биз Ыйык Китептен окуп берген аяттарды үй ээси өмүрүндө биринчи жолу уккан болот»,— дейт. Ошол маектин аркасында ал аял менен үзгүлтүксүз ыйык китептик изилдөө өткөрүлө баштаган.

Ынталуу кызмат кылган жаштар

10. Жошия Исанын бүгүнкү күндөгү жаш жолдоочуларына кандай үлгү калтырган?

10 Кайрадан Жошиянын мисалына токтололу. Ал өспүрүм кезинде эле чыныгы сыйынууну жактап, жыйырмаларга келип калганда бурканга табынуучулукту жоюу үчүн зор өнөктүк жүргүзгөн (Оку: 2 Жылнаама 34:1—3). Бүгүнкү күндө да көптөгөн жаштар кызматта ынталуулук чагылдырып жатышат.

11—13. Жахабага ынталуулук менен кызмат кылып жаткан бүгүнкү күндөгү жаштардан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Англияда жашаган Ханна жакын жердеги шаарчада француз тилинде топ уюшулганын укканда 13 жашта эле. Ошол кезде ал мектептен француз тилин үйрөнүп жаткан. Атасы ал жактагы жыйналыш жолугушууларына аны менен чогуу барып турууга макул болгон. Азыр 18деги Ханна Францияда жалпы пионер катары ынталуу кызмат кылууда. Сен да чет тилин үйрөнүп, башкаларга Жахаба жөнүндө билүүгө жардам бере аласыңбы?

12 Рейчелге «Кудайга даңк алып келерлик максаттарды көздө» деген видео тасма аябай жаккан. Ал 1995-жылы Жахабага жаңыдан кызмат кыла баштаганда эмне деп ой жүгүрткөнүн айтып: «Мен чындык жолунда жакшы эле жүрөм деп ойлогом»,— дейт. Анан мындай деп кошумчалайт: «Драманы көргөндөн кийин бир топ жылдан бери жөн эле жүргөнүмдү түшүндүм. Мен чындык үчүн күрөшүшүм керек жана кызматым, өздүк изилдөөм тууралуу олуттуу ойлонуп, бул жагынан көп күч-аракет жумшашым зарыл». Учурда Рейчел Жахабага мурункудан ынталуу кызмат кылууда. Мунун аркасында ал кандай пайда алып жатат? «Жахаба менен болгон мамилем ого бетер бекемделди. Тиленүүлөрүм маңыздуураак болуп калды, тереңирээк изилдөө жүргүзө баштадым жана мындан көбүрөөк канааттануу алып жатам. Ошондой эле Ыйык Китепте жазылгандар мен үчүн мурункудан да реалдуу боло баштады. Натыйжада кызматым мага аябай чоң кубаныч тартуулоодо жана Жахабанын сөздөрү башкаларды жубатып жатканын көргөндө чындап канааттанам»,— дейт ал.

13 Ал эми Люк «Жаштардын суроолору. Өмүрүмдү эмнеге арнасам?» деген башка видео тасмадан чоң түрткү алган. Тасманы көргөндөн кийин Люк мындай деп жазган: «Мен жашоомду кандай өткөрүп жатканым жөнүндө ойлонууга түрткү алдым. Мурун башкалардын таасиринен улам алгач жогорку билим алып, жакшылап бутума туруп алгандан кийин гана рухий максаттарды көздөйм деп чечкем. Бирок бул рухий жактан өсүүгө жолтоо болуп, алсыратат». Жаштар, Ханнадай болуп, мектептен үйрөнгөн нерселериңерди кызматыңарды кеңейтүү үчүн колдонуу тууралуу ойлонуп көрсөңөр кандай болот? Рейчелден үлгү алып, ынталуулук менен Кудайга чындап даңк алып келген максаттарга умтулгула. Ошондой эле Люкту туурап, көптөгөн жаштарды тузакка түшүрүп жаткан нерселерден оолак болгула.

Эскертүүлөргө кулак кагууга дилгир болгула

14. Сыйынуубуз Жахабага жагышы үчүн, кандай болушубуз керек жана бул эмне себептен оңойго турбайт?

14 Жахабанын эли, сыйынуусу ага жаккыдай болушу үчүн, таза болушу керек. Ышая мындай деп эскертет: «Кеткиле, кеткиле, ал жерден чыккыла, таза эмес нерселерге тийбегиле! Теңирдин идиштерин көтөрүп жүргөндөр, алардын чөйрөсүнөн [Бабылдан] чыккыла, өзүңөрдү тазалагыла» (Ыш. 52:11). Ышая бул сөздөрдү жазганга чейин көп жылдар мурун Аса падыша Жүйүт жеринен адеп-ахлаксыздыкты түп-тамыры менен жоюу үчүн, чечкиндүү түрдө иш-аракет кылган (Оку: 1 Падышалар 15:11—13). Жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин элчи Пабыл Титке Исанын өзүнүн жолдоочуларын «жакшы иштерге ынталуу эл кылып» тазалоо үчүн өмүрүн бергенин айткан (Тит 2:14). Адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан азыркы дүйнөдө бул жагынан тазалыкты сактоо, айрыкча, жаштарга оңойго турбайт. Айталы, жарнама такталарында, телевизордо, фильмдерде, өзгөчө, Интернетте көрсөтүлгөн порнографияны көрүп, булганып калбаш үчүн, жаш-кары дебей, Кудайдын бардык кызматчылары күрөшүшү керек.

15. Жамандыкка карата жек көрүү сезимин өрчүтүүгө бизге эмне жардам берет?

15 Кудайдын эскертүүлөрүнө кулак кагууга дилгир болуу жамандыкты жек көрүүгө жардам берет (Заб. 96:10; Рим. 12:9). Бир ишенимдешибиз айткандай, порнографиянын «магнит сыяктуу өзүнө тартып турган күчтүү таасирине алдырбоо» үчүн аны жек көрүшүбүз зарыл. Магниттелген эки металлды бири-биринен ажыратуу үчүн аларды бириктирип турган күчтөн кубаттуураак күч керек. Анын сыңарындай, порнографияга азгырылбаш үчүн көп күч-аракет жумшоо талап кылынат. Ошентсе да порнографиянын бизге канчалык зыян алып келерин түшүнүү ага карата жек көрүү сезимин өрчүтүүгө көмөк кылат. Бир бир тууган Интернеттен порнография сайттарына кирүү адатын калтыруу үчүн бир топ күч жумшаган. Ал компьютерин үйүндөгүлөрүнүн баарына көрүнгүдөй жерге койгон. Ошондой эле өзүн тазалап, жакшы иштерге ынталуу болууга бел байлаган. Андан тышкары, ал дагы бир нерсе кылган: жумушуна байланыштуу Интернетти колдонушу керек болгондуктан, аны аялы жанында болгондо гана колдонууну чечкен.

Жакшы жүрүм-турумдун пайдасы

16, 17. Жакшы жүрүм-турумубуз башкаларга кандай таасир этиши мүмкүн? Мисал келтиргиле.

16 Жахабага кызмат кылып жаткан улан-кыздар эң сонун маанай чагылдырып жатышат жана бул башкаларга зор таасир этүүдө! (Оку: 1 Петир 2:12). Бир киши Лондондогу Бейтелде адабият басуучу машинаны техникалык жактан тейлөө үчүн бир күн иштегенден кийин Жахабанын Күбөлөрүнө карата оюн толугу менен өзгөрткөн. Ал жердеги Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан жубайы күйөөсүнүн көз карашы өзгөргөнүн байкаган. Мурун ал киши үйүнө Күбөлөрдүн келишин каалачу эмес. Бирок Бейтелде иштегенден кийин ал жердегилердин ага жасаган жылуу мамилесине ыраазы болуп, үйүнө аябай мактап барган. Ал эч кимдин жаман сөздөрдү сүйлөбөгөнүн айткан. Ошондой эле баарынын кичи пейил экенин жана ал жакта тынчтык, жагымдуу маанай өкүм сүрөрүн байкаган. Ага өзгөчө жаштардын ынталуу кызмат кылып жатканы жана акы албай эле, жакшы кабар камтылган адабияттардын басылышына өз ыктыяры менен убактысын, күчүн жумшап жатканы таасир калтырган.

17 Ошо сыяктуу эле, үй-бүлөсүн багуу үчүн дүйнөлүк жумушта иштеген бир туугандар да ишин жан-дилден аткарышат (Кол. 3:23, 24). Мунун аркасында алардын жумуш орду туруктуу болот, анткени жумуш берүүчүлөр алардын ак ниеттүүлүгүн баалайт жана андай жумушчулардан айрылгысы келбейт.

18. Канткенде «жакшы иштерге ынталуу» боло алабыз?

18 Жахабага таянуу, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү жана жолугушууларыбыз өткөрүлгөн жайларды күтө билүү менен Жахабанын үйүнө болгон күчтүү сүйүүбүздү, ынталуулугубузду көрсөтөбүз. Андан сырткары, Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз. Жашпызбы, карыбызбы, сыйынуубузга байланыштуу адеп нормаларына карманууга дилгир болсок, көп пайда алабыз. Ошондой эле биз мындан ары да «жакшы иштерге ынталуу эл» катары белгилүү боло беребиз (Тит 2:14).

Ыйык Китептеги жана бүгүнкү күндөгү мисалдардан

• кабар айтуу жана окутуу ишинде ынталуулукту кантип көрсөтсө болоруна...

• Исаны жолдогон жаштардын кантип «жакшы иштерге ынталуу» боло аларына...

• жаман адаттардан кантип арылууга болоруна... байланыштуу эмнеге үйрөндүңөр?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Кызматта Ыйык Китепти дайыма колдоносуңбу?

[15-беттеги сүрөт]

Мектептен башка тил үйрөнүү кызматыңды кеңейтүүгө жардам бериши мүмкүн