Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакыныңарга чындыкты сүйлөгүлө

Жакыныңарга чындыкты сүйлөгүлө

Жакыныңарга чындыкты сүйлөгүлө

«Жалгандыктан баш тарткан соң, мындан ары ар бириңер жакыныңарга чындыкты сүйлөгүлө» (ЭФ. 4:25).

1, 2. Көптөр чындыкка карата кандай көз карашта?

КЫЛЫМДАР бою адамдар чындык жөнүндө ар кандай ойдо болуп келишет. Б.з.ч. 6-кылымда жашаган грек акыны Алкеус: «Чындык — шарапта»,— деген. Муну менен ал адамдын шарапты ашыкча ичкенден кийин чындыкты айтарын, сүйлөөгө көбүрөөк ийкемдүү болуп каларын айткысы келген. Биринчи кылымдагы Рим башкаруучусу Понтий Пилат да Исадан: «Чындык деген эмне?» — деп какшыктап сураганда чындыкка карата туура эмес көз карашта экенин көрсөткөн (Жкн. 18:38).

2 Бүгүнкү күндө чындыкка карата карама-каршы келген көз караштар аз эмес. Көптөр «чындык» деген сөздүн ар кандай мааниси бар же бирөөнүн чындык жөнүндөгү түшүнүгү экинчисиникинен айырмаланат дешет. Башкалар болсо өздөрүнө ыңгайлуу же оңой болгондо гана чынчыл болушат. Бир китепте мындай делет: «Чынчыл болуу негизи жакшы, бирок өлүм менен өмүр маселесинде адамдын өмүрү жана коопсуздугу үчүн анын пайдасы аз. Андайда жанын сактап калгысы келген кишинин калп айтуудан башка аргасы жок» («The Importance of Lying»).

3. Иса чындыкты сүйлөө жагынан эң мыкты үлгү калтырган деп эмне үчүн айта алабыз?

3 Исанын жолдоочулары андай адамдардан кандай гана айырмаланышат! Исанын чындык жөнүндөгү түшүнүгү адамдык түшүнүктөн алыс болгон. Ал дайыма чындыкты сүйлөгөн. Муну атүгүл анын душмандары да мойнуна алып: «Устат, сенин дайыма чындыкты сүйлөөрүңдү жана Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз»,— деп айтышкан (Мт. 22:16). Ошол сыяктуу эле, Исанын чыныгы жолдоочулары андан үлгү алып, чындыкты сүйлөөгө чечкиндүү. Алар элчи Пабылдын: «Жалгандыктан баш тарткан соң, мындан ары ар бириңер жакыныңарга чындыкты сүйлөгүлө»,— деген чакырыгын чын жүрөктөн кабыл алышат (Эф. 4:25). Келгиле, Пабылдын сөздөрүнө байланыштуу үч нерсени карап көрөлү. Биринчиден, биздин жакыныбыз ким? Экинчиден, чындыкты сүйлөө деген эмнени билдирет? Үчүнчүдөн, ал кеңешти күндөлүк турмушубузда кантип колдоно алабыз?

Биздин жакыныбыз ким?

4. Жүйүт жетекчилеринен айырмаланып, Иса жакыныбыз ким экенине байланыштуу Жахабанын көз карашын кандайча чагылдырган?

4 Биздин замандын биринчи кылымында жүйүт диний жетекчилеринин айрымдары элди алардын «жакыны» болуп жүйүттөр же ынак достору гана эсептелет деп окутушкан. Бирок Иса Атасынын сапаттарын жана ой жүгүртүүсүн жеткилең түрдө чагылдырган (Жкн. 14:9). Ал шакирттерине Кудайдын бир расаны же улутту экинчисинен жогору көрбөй турганын көрсөткөн (Жкн. 4:5—26). Андан тышкары, Жахаба ыйык руху аркылуу элчи Петирге өзүнүн «беткарама эмес экенин», «Андан корккон жана адилдик боюнча иш кылган адам, кайсы гана элден болбосун, Ага жагарын» ачып берген (Элч. 10:28, 34, 35). Ошон үчүн биз бардык адамдарды жакыныбыз катары көрүп, атүгүл душмандарыбызды сүйүшүбүз керек (Мт. 5:43—45).

5. Жакыныбызга чындыкты сүйлөө деген эмнени билдирет?

5 Элчи Пабыл жакыныбызга чындыкты сүйлөшүбүз керектигин айтканда эмне дегиси келген? Чындыкты сүйлөө деген кымындай да калп аралаштырбай, болгонун болгондой айтууну билдирет. Исанын чыныгы жолдоочулары башкаларды туура эмес ойго салуу үчүн анык нерсени бурмалашпайт. Алар «жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулушат» (Рим. 12:9). Биз «чындыктын Кудайын» туурап, бардык учурда чынчыл болууга жана ачык айтып, ак сүйлөөгө умтулушубуз абзел (Заб. 14:1, 2; 30:6). Ойлонуп сүйлөө менен атүгүл оор же ыңгайсыз жагдайлардан да калп айтпай эле чыгуунун жолун табууга болот (Оку: Колосалыктар 3:9, 10).

6, 7. а) Чынчыл болуу суроо берген ар бир кишиге эле өзүбүз жөнүндө бүт баарын ачып беришибиз керектигин билдиреби? Түшүндүргүлө. б) Ишеним көрсөтүп, чындыкты толук айтышыбызга ким укуктуу?

6 Чынчыл болуу бизге суроо берген ар бир кишиге эле билгендерибиздин баарын айта беришибиз керектигин билдиреби? Сөзсүз эле андай эмес. Жерде жүргөн кезинде Иса кээ бир адамдарга түз жооп берүүнүн же кайсы бир маалыматты айтуунун кажети жок экенин көрсөткөн. Эки жүздүү диний жетекчилер Исадан кереметтерди кайсы күч же бийлик менен жасап жатканын сурашканда, ал мындай деген: «Мен силерге бир суроо берейин. Эгер жооп берсеңер, мен да силерге буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам». Китепчилер менен аксакалдар Исага жооп бергиси келбегенде, ал: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да силерге айтпайм»,— деген (Мр. 11:27—33). Иса алардын туура эмес иштерин, ишенимсиздигин көргөндүктөн, алардын суроосуна жооп берүүгө өзүн милдеттүү эсептеген эмес (Мт. 12:10—13; 23:27, 28). Ошол сымал, бүгүн биз жеке кызыкчылыктары үчүн калп айтууга, куулукка барган ишенимден чегингендерден жана башка ыймансыз адамдардан сак болушубуз керек (Мт. 10:16; Эф. 4:14).

7 Пабыл да кээ бир адамдарга баарын эле айта бербөө керектигин көрсөткөн. Ал ушакчылардын, башкалардын ишине кийлигишкендердин «кереги жок нерселерди сүйлөшөрүн» айткан (1 Тим. 5:13). Ооба, бирөөнүн ишине кийлигишкендер же сыр сактай албагандар башкалардын аларга өздөрү жөнүндө кайсы бир маалыматты айткысы келбегенин байкашы мүмкүн. Андыктан Пабылдын рухтун жетеги менен берген: «Тынч жашап, өз ишиңер менен алектенгиле»,— деген кеңешине ылайык иш кылуу кандай гана жакшы (1 Тес. 4:11). Ошентсе да кээде жыйналыш аксакалдары өз милдеттерин аткаруу үчүн бизден жеке жашообуз жөнүндө сурашы мүмкүн. Андай учурда чынчыл болуп, аксакалдар менен кызматташканыбыз абдан бааланат жана бул аларга чоң жардам болот (1 Пет. 5:2).

Үй-бүлөдө чындыкты сүйлөгүлө

8. Чындыкты сүйлөө үй-бүлө мүчөлөрүнө бири-бири менен ынак болууга кандайча жардам берет?

8 Адатта, биз үй-бүлөдөгүлөрүбүз менен ынак мамиледе болобуз. Андай мамилени бекемдөө үчүн бири-бирибизге чындыкты сүйлөгөнүбүз аябай маанилүү. Пикирлешүүдө ачык, чынчыл жана жылуу-жумшак болуу менен көптөгөн кыйынчылыктардан, түшүнбөстүктөрдөн арылууга болот. Маселен, ката кетирип алганыбызда жубайыбыздын, балдарыбыздын же үй-бүлөбүздөгү башка жакындарыбыздын алдында аны моюнга алабызбы? Андайда чын жүрөктөн кечирим суроо үй-бүлөдө тынчтык жана биримдик болушуна шарт түзөт (Оку: 1 Петир 3:8—10).

9. Кесе сүйлөп, орой болгонубузду чындыкты сүйлөгөнүбүз менен актоого болбойт деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Чындыкты сүйлөө кесе сүйлөп, орой болууну билдирбейт. Адам чындыкты айтканы менен, орой сүйлөсө, анын сөздөрү маанилүүрөөк болуп калбайт, тескерисинче, күчүн жоготот. Пабыл мындай деген: «Ар кандай жамандык менен бирге жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла. Бири-бириңерге кайрымдуу, өзгөчө боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу айкөлдүк менен кечиргендей, силер да бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Эф. 4:31, 32). Кимдир бирөө менен сылык, анын кадыр-баркын түшүрбөгүдөй сүйлөшсөк, айткандарыбыз таасирдүүрөөк болот жана аны урматтаарыбызды көрсөтөбүз (Мт. 23:12).

Жыйналышта чындыкты сүйлөгүлө

10. Чындыкты сүйлөө жагынан мыкты үлгү калтырган Исадан аксакалдар эмнеге үйрөнө алышат?

10 Иса шакирттерине жөнөкөй, ачык сүйлөгөн. Ал кеңеш берүүдө дайым жылуу-жумшак болгон, анткен менен угуучуларынын көңүлүн оорутуп албайын деп, чындыкты жымсалдаган эмес (Жкн. 15:9—12). Алсак, шакирттери өз ара кимиси чоң экени жөнүндө кайра-кайра талашканда, Иса олуттуулук менен, бирок чыдамдуулук көрсөтүп, аларга момун болуунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берген (Мр. 9:33—37; Лк. 9:46—48; 22:24—27; Жкн. 13:14). Бүгүнкү күндө Исаны жолдогон аксакалдар да адилдикке бек карманышат, ошол эле учурда Кудайдын оторуна үстөмдүк кылышпайт (Мр. 10:42—44). Алар Машаякты туурап, башкаларга мамиле кылууда «кайрымдуу, өзгөчө боорукер болушат».

11. Бир туугандарыбызга болгон сүйүү тилибизди кандай колдонууга түрткү бериши керек?

11 Биз бир туугандар менен ачык сүйлөшөбүз. Бирок оюбуздагыны аларды таарынтып албагыдай кылып билдире алышыбыз үчүн өтө эле ачык болбойбуз. Ооба, кемсинтерлик же басынтарлык сөздөрдү сүйлөп башкалардын жүрөгүн жаралоону, тилибиздин «курч устарадай» болуп калышын эч качан каалабайбыз (Заб. 51:4; Накыл 12:18). Ишенимдештерибизге болгон сүйүү тилибизди «жаман сөздөн», оозубузду «жалган сөздөн» сактоого түрткү берет (Заб. 33:14). Ушундай кылуу менен Кудайга даңк алып келебиз жана жыйналыштын биримдигине өбөлгө түзөбүз.

12. Калп айтуу кайсы учурда укук комитетин түзүүнү талап кылат? Түшүндүргүлө.

12 Аксакалдар жыйналышты кара ниеттик менен калп айткандардан коргош үчүн көп күч жумшашат (Оку: Жакып 3:14—16). Кара ниеттик менен айтылган калп кимдир бирөөгө зыян келтириш үчүн айтылат. Анын максаты — адамды кайсы бир жол менен азап чектирүү же кайгыга салуу. Бул сөздөрдү бир аз бурмалоодон же чындыкка ашыкча нерселерди кошуп айтуудан да көптү билдирет. Албетте, калп аттуунун баары жаман, анткен менен ар бир эле учур укук комитетин түзүүнү талап кылбайт. Ошондуктан аксакалдар кимдир бирөөнүн укук комитетин түзүүнү талап кылган иш жасаган-жасабаганын, башкача айтканда, атайылап, кара ниеттик менен калп айтып жүргөн-жүрбөгөнүн аныкташ үчүн тең салмактуу, акыл-эстүү жана кыраакы болушу керек. Балким, Ыйык Жазманын негизинде олуттуу түрдө, сүйүү менен кеңеш берүү жетиштүүдүр.

Ишкердик маселелерде чындыкты сүйлөгүлө

13, 14. а) Кээ бир адамдар жумушка байланыштуу маселеде кантип чынчыл эмес болууда? б) Жумушта чынчыл болуу кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүн?

13 Биз алдамчылык кеңири таралган убакта жашап жатабыз, ошо себептен жумушка байланыштуу маселеде дайыма чынчыл болуу оңойго турбашы мүмкүн. Жумушка орношууда көптөр эч уялбай эле калп айтышат. Айталы, алар жакшыраак, маянасы жогору жумуш табуу үчүн резюмесине эмгек тажрыйбасы, алган билими жөнүндө апыртып жазышы ыктымал. Ал эми көптөгөн жумушчулар иштеп жатам деп коюп, ишканадагы талаптарга каршы келсе да, жумуш убактысында өздөрүнүн жеке иштери менен алек болушат. Мисалы, жумушуна тиешеси жок маалыматтарды окушу, өз иштери боюнча телефон чалышы, электрондук кат жөнөтүшү же Интернетти колдонушу мүмкүн.

14 Исанын чыныгы жолдоочулары чынчыл болууну анча маанилүү эмес нерсе катары көрүшпөйт (Оку: Накыл сөздөр 6:16—19). Пабыл: «Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз»,— деп жазган (Эвр. 13:18). Ошондуктан Исанын жолдоочулары жумуш берүүчүсүнө толук күндүк акы үчүн толук күн иштеп беришет (Эф. 6:5—8). Ак ниеттүүлүк менен иштесек, асмандагы Атабызды да даңктайбыз (1 Пет. 2:12). Мисалга Испанияда жашаган Робертону алалы. Жумуш берүүчүсү аны чынчыл, жоопкерчиликтүү болгону үчүн мактаган. Робертонун үлгүлүү жүрүм-турумунун аркасында ал ишканага башка Күбөлөр да жумушка алынган. Алар да өздөрүнүн жакшы иштеген жумушчулар экенин көрсөтүшкөн. Роберто бир нече жылдын ичинде 23 бир тууганга жана 8 кызыгуучуга жумуш таап берген.

15. Исаны жолдогон ишкер чындыкты сүйлөгөнүн кантип көрсөтүшү керек?

15 Эгер жеке ишкер болсок, ишкер маселелердин баарында чынчылбызбы же кээде жакыныбызга жалган айтып коёбузбу? Исанын жолун жолдогон ишкер товарын сатуудан же тейлөө кызматынан тезирээк пайда көрүш үчүн алар тууралуу жалган маалымат бербеши керек. Ошондой эле пара албоого да, бербөөгө да тийиш. Биз башкалардын бизге кандай мамиле кылышын кааласак, аларга да ошондой мамиле кылгыбыз келет (Накыл 11:1; Лк. 6:31).

Бийликтегилерге чындыкты сүйлөгүлө

16. Исанын жолдоочулары а) мамлекеттик бийликтерге, б) Жахабага эмнени беришет?

16 Иса: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген (Мт. 22:21). Падышага, башкача айтканда, мамлекеттик бийликтерге эмнени беришибиз керек? Иса ал сөздөрдү айтканда, салык төлөө жөнүндө кеп болуп жаткан. Андыктан Исанын жолдоочулары Кудайдын жана адамдардын алдында абийирин таза сакташ үчүн, өздөрү жашаган жердеги мыйзамдарга, анын ичинде салык төлөөгө байланыштуу мыйзамга да баш ийишет (Рим. 13:5, 6). Бирок биз Жахабанын Эң Жогорку Эгедер, жалгыз чыныгы Кудай экенин билебиз жана аны бүт жүрөгүбүз, жаныбыз, акылыбыз жана күчүбүз менен сүйөбүз (Мр. 12:30; Аян 4:11). Ошондуктан Жахаба Кудайга эч шарт койбой, толугу менен баш иебиз (Оку: Забур 85:11, 12).

17. Жахабанын эли коомдук жардам алууга кандай карайт?

17 Көптөгөн өлкөлөрдө материалдык жардамга муктаж болгондорго колдоо көрсөтүү үчүн коомдук программалар, иш-чаралар караштырылган. Исанын жолдоочуларынын, эгер укугу бар болсо, андай жардам алганынын эч жаман жери жок. Бирок жакыныбызга чындыкты сүйлөө өкмөттүн жардамын алуу үчүн бийликтегилерге жалган же аларды адаштырган маалымат бербешибиз керектигин билдирет.

Чынчыл болуунун аркасында келген баталар

18—20. Жакыныбызга чындыкты сүйлөөнүн аркасында кандай баталарды алабыз?

18 Чынчыл болуунун аркасында көп баталарды алабыз. Мисалы, абийирибиз таза болот. Натыйжада жүрөгүбүз тынч болуп, жан-дүйнө бейкуттугуна ээ болобуз (Накыл 14:30; Флп. 4:6, 7). Таза абийирге ээ болуу Кудайдын көз алдында аябай баалуу. Андан тышкары, бардык жактан чынчыл болсок, башкалардын алдында айыбыбыз качан ачылып калат деп коркпойбуз (1 Тим. 5:24).

19 Дагы кандай бата аларыбызды карап көрөлү. Пабыл айткандай, «чындык сөздөрүн» сүйлөө менен «бардык жагынан өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз» (2 Кор. 6:4, 7). Муну Улуу Британияда жашаган бир Күбөнүн окуясы тастыктап турат. Ал бир кишиге машинесин сатып жатып машиненин жаман-жакшы жактарын, анын ичинде көрүнбөгөн кемтиктерин да жашырбай айтып берген. Машинени сынап көргөндөн кийин сатып алуучу ал бир туугандан: «Сен Жахабанын Күбөсү эмессиңби?» — деп сураган. Ал эмне себептен мындай жыйынтыкка келген? Ал киши бир туугандын чынчылдыгын, ошондой эле сырткы көрүнүшүнүн тыкандыгын байкаган. Ошонун аркасында жакшы маек курулуп, эң сонун күбөлөндүрүү берилген.

20 Биз да бийик адеп-ахлактык нормаларга карманып, Жаратканыбызды даңктап жатабызбы? Пабыл: «Уятка калтыра турган жашыруун иштерди четке кагабыз, кууланбайбыз»,— деп айткан (2 Кор. 4:2). Андыктан, келгиле, жакыныбызга чындыкты сүйлөө үчүн бүт күч-аракетибизди жумшайлы. Ушундай кылуу менен асмандагы Атабызга жана анын элине даңк алып келебиз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Биздин жакыныбыз ким?

• Жакыныбызга чындыкты сүйлөө деген эмнени билдирет?

• Чынчыл болуу кандайча Кудайга даңк апкелет?

• Чынчыл болуунун аркасында кандай баталарды алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Майда-барат каталарыңды даярдуулук менен моюнга аласыңбы?

[18-беттеги сүрөт]

Жумушка орношуп жатканда чындыкты сүйлөйсүңбү?