Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимдүү башкаруучу жана анын Жетектөөчү Кеңеши

Ишенимдүү башкаруучу жана анын Жетектөөчү Кеңеши

Ишенимдүү башкаруучу жана анын Жетектөөчү Кеңеши

«Кызматчыларына өз убагында жетиштүү тамак берип турушу үчүн, кожоюн дайындай турган ишенимдүү жана акылдуу башкаруучу ким?» (ЛК. 12:42).

1, 2. Акыркы күндөрдүн курама белгиси жөнүндө айтканда Иса кандай маанилүү суроо берген?

АКЫРКЫ күндөрдүн курама белгиси тууралуу айтып жатып Иса: «Үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип турушу үчүн, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деп сураган. Андан ары сөзүн улап ал кулдун ишенимдүүлүгү үчүн сыйлык аларын, башкача айтканда, Кожоюндун бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындаларын айткан (Мт. 24:45—47).

2 Андан бир нече ай мурун Иса ушу сыяктуу суроо берген (Оку: Лука 12:42—44). Ошондо кулду «башкаруучу» деп, ал эми «үйүндөгүлөрдү» «кызматчылар» деп атаган. Башкаруучу деген үй башкаруучуну же кызматчыларды көзөмөлдөөгө коюлган кишини билдирет. Анткен менен башкаруучу өзү да кызматчы. Кул же башкаруучу деген ким жана ал кандайча «өз убагында тамак берип турат»? Рухий тамак кайсы канал аркылуу берилерин аныктап-билгенибиз баарыбыз үчүн абдан маанилүү.

3. а) Христиан дүйнөсүнүн окууларын түшүндүрүүчүлөр Исанын «кул» жөнүндө айткандарын кандай деп түшүндүрүшөт? б) «Башкаруучу» же «кул» жана «кызматчылар» же «үйүндөгүлөр» деген кимди билдирет?

3 Христиан дүйнөсүнүн окууларын түшүндүрүүчүлөр көп учурда жогорудагы сөздөр Исанын жолдоочуларыбыз деп аталгандардын арасында жоопкерчиликтүү абалга ээ болгондорго карата колдонулат деп эсептешет. Бирок Иса, тактап айтканда, мисалдагы «кожоюн» христиан дүйнөсүндөгү түрдүү секталарга тарай турган көптөгөн кулдардын болорун айткан эмес. Тескерисинче, ал бүт мүлкүн тапшыра турган бир эле «башкаруучунун» же «кулдун» болорун ачык айткан. Андыктан, бул журналда көп эле түшүндүрүлүп келгендей, башкаруучу «кичине оторду» түзгөн Исанын майланган жолдоочуларынын баарын, алардын бүтүндөй тобун билдирет. Лука Инжилинин бул билдирүү жазылган контекстинде Иса дал ошолор тууралуу айткан (Лк. 12:32). «Кызматчылар» же «үйүндөгүлөр» да ошол эле топту билдирет, бирок бул алардын ар биринин өз-өзүнчө аткарган ролун баса көрсөтүп турат. Анда мындай кызыктуу суроо туулат: рухий тамакты өз убагында берип турууга кул тобунун ар бир мүчөсү катышабы? Жазмада бул жөнүндө эмне айтылганын кылдат карап чыгуу менен бул суроого жооп ала алабыз.

Жахабанын байыркы убактагы кулу

4. Жахаба байыркы ысрайыл элин ким деп атаган жана ал эл тууралуу эмнени белгилей кетүү керек?

4 Жахаба өзүнүн элин, байыркы ысрайыл элин, кулум деп атаган. Ал мындай деген: «Менин күбөлөрүм [көптүк санда] болсо — силер [көптүк санда] жана Өзүм тандап алган кулум [жекелик санда]» (Ыш. 43:10). Демек, ысрайыл элинин бардык мүчөлөрү бир кул тобун түзгөн. Бирок белгилей кетчү маанилүү нерсе, дин кызматчылар жана аларга жардам берген лебилер гана элди окутууга жооптуу болушкан (2 Жылн. 35:3; Мал. 2:7).

5. Исанын сөздөрүнө ылайык, кандай чоң өзгөрүү болушу керек эле?

5 Иса айткан кул ысрайыл эли болгонбу? Жок. Муну биз Исанын жүйүттөр тууралуу айткан сөздөрүнөн билебиз: «Кудайдын падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет» (Мт. 21:43). Ооба, ушундай өзгөрүү болушу керек эле. Жахаба ысрайыл элинин ордуна жаңы элди колдонмок. Ошентсе да рухий билим берүү жагынан Исанын мисалындагы кулдун аткарган иши Кудайдын байыркы Ысрайылдагы «кулунун» аткарган ишине окшош.

Ишенимдүү кулдун пайда болушу

6. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында кайсы жаңы эл пайда болгон жана ага ким кирген?

6 Жаңы эл, «Кудайдын Ысрайылы», рухий ысрайылдыктардан түзүлгөн (Гал. 6:16; Рим. 2:28, 29; 9:6). Ал эл б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Кудай өзүнүн рухун төккөндө пайда болгон. Ошондон тартып Исанын майланган жолдоочуларынын баары Кожоюн, башкача айтканда, Иса Машаяк дайындаган жана бүгүнкү күндө кул тобу катары кызмат кылган элди түзгөн. Ал элдин ар бир мүчөсүнө жакшы кабар таратуу жана шакирт даярдоо тапшырмасы берилген (Мт. 28:19, 20). Бирок өз убагында рухий тамак берүүгө ал топтогулардын ар бири катышышы керек беле? Келгиле, Жазмада бул суроого кандай жооп берилерин карап көрөлү.

7. Башында элчилердин негизги иши эмне эле жана кийин аларга кандай кошумча жоопкерчилик артылган?

7 Иса 12 элчисин тандаганда аларды башкаларга жакшы кабар айтууга жиберген. Бул алардын негизги иши болгон (Оку: Марк 3:13—15). Ал тапшырма апостолос деген грек сөзүнүн негизги маанисине ылайык келет. Ал сөз «жиберүү» дегенди билдирген этиштен келип чыккан. Бирок кийин Исанын жолдоочуларынын жыйналышы уюшуларда элчилик милдетке «көзөмөлдөө иши» да кошулган (Элч. 1:20—26).

8, 9. а) Он эки элчи баарынан мурда эмнеге жооптуу болгон? б) Дагы кимдерге кошумча жоопкерчиликтер берилип, жетектөөчү кеңеш тарабынан ырасталган?

8 Он эки элчи баарынан мурда эмнеге жооптуу болгон? Муну Элүүнчү күн майрамынан кийин болгон окуялардан билүүгө болот. Жесирлерге күнүмдүк тамак-аш бөлүштүрүүгө байланыштуу нааразычылыктар пайда болгондо, 12 элчи шакирттерди чогултуп: «Тамак-аш бөлүштүрөбүз деп, Кудайдын сөзүн калтырганыбыз жакшы эмес»,— дешкен (Оку: Элчилер 6:1—6). Анан элчилер өздөрү «Кудайдын сөзүн үйрөтө бериши» үчүн, ал кызматка рухий жактан жетилген башка бир туугандарды дайындашкан. Ал иш-чарага Жахаба батасын бергендиктен, «Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимдеги шакирттердин саны барган сайын өсө берген» (Элч. 6:7). Мындан көрүнүп тургандай, элчилер, негизинен, башкаларды рухий тамак менен камсыз кылууга жооптуу болушкан (Элч. 2:42).

9 Убакыттын өтүшү менен башкаларга да чоң жоопкерчиликтер берилген. Алсак, Пабыл менен Барнаба рухтун жетеги менен Антиохиядагы жыйналыш тарабынан миссионердик кызматка дайындалышкан. Баштапкы 12 элчинин катарына кирбегени менен, алар да элчилер катары белгилүү болушкан (Элч. 13:1—3; 14:14; Гал. 1:19). Алардын дайындалганы Иерусалимдеги жетектөөчү кеңеш тарабынан ырасталган (Гал. 2:7—10). Ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин Пабыл рухий тамак берүүгө катыша баштаган: ал ыйык рухтун жетеги менен биринчи катын жазган.

10. Биринчи кылымда рухий тамакты даярдоого Исанын майланган жолдоочуларынын баары катышканбы? Түшүндүргүлө.

10 Бирок Исанын майланган жолдоочуларынын баары кабар айтуу ишин көзөмөлдөөгө жана рухий тамакты даярдоого катышканбы? Жок. Элчи Пабыл мындай деген: «Баары эле элчиби? Баары эле пайгамбарбы? Баары эле окутуучубу? Баары эле ажайып иштерди жасайбы?» (1 Кор. 12:29). Муну менен ал баары эле андай эмес экенин айткысы келген. Исанын рухтан төрөлгөн бардык жолдоочулары кабар таратуу ишине катышса да, алардын бир нечеси гана — сегиз эле киши — Грек Жазмаларынын 27 китебин жазган.

Биздин күндөрдөгү ишенимдүү кул

11. Кул кайсы «мүлккө» кам көрүүгө дайындалган?

11 Исанын Матай 24:45те жазылган сөздөрү акыркы күндөрдө да жер үстүндө ишенимдүү жана акылдуу кул тобу болорун айкын көрсөтүп турат. Аян 12:17де алар аялдын «тукумунан калгандар» деп айтылат. Топ катары ал калдык Машаяктын жердеги бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындалган. Ишенимдүү башкаруучуга кам көрүүгө тапшырылган «мүлк» болуп Кожоюндун жердеги энчиси эсептелет. Ага Падышалыкка баш ийип жашаган адамдар жана жакшы кабар таратууда колдонулган материалдык нерселер кирет.

12, 13. Исанын жолдоочусу асманга чакырылган-чакырылбаганын кантип билет?

12 Исанын жолдоочусу асманда жашоого үмүтү бар-жогун жана рухий ысрайылдыктардын калдыгына кирер-кирбесин кантип билет? Бул суроонун жообун элчи Пабылдын ал сыяктуу эле асманда жашоого үмүттөнгөн ишенимдештерине айткан сөздөрүнөн табууга болот: «Кудайдын рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары — Кудайдын уулдары. Силер кулчулуктун рухун — кайрадан коркунуч туудуруучу рухту — эмес, Кудайдын уулдары болуу рухун алдыңар. Бул рух менен биз: „Абба, Ата!“ — деп чакырабыз. Ушул рух Кудайдын балдары экенибизди биздин рухубуз менен бирге күбөлөндүрүп турат. Эгер балдары болсок, анда мурасчыларбыз — Кудайдын мурасчыларыбыз. Ошондой эле Машаяк менен бирге даңкталыш үчүн, аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Машаяк менен мурасташпыз» (Рим. 8:14—17).

13 Жөнөкөй сөз менен айтканда, алар Кудайдын ыйык руху менен майланып, асманга «чакырылышат» (Эвр. 3:1). Алардын ар бирин Кудай чакырат. Ал эми алар Кудайдын балдары болуу чакырыгын эч шектенбестен же коркпостон дароо кабыл алышат (Оку: 1 Жакан 2:20, 21). Демек, майлангандар асманда жашоо үмүтүн өздөрү тандашпайт: аларга Жахаба мөөр басат, тактап айтканда, ыйык рухун берет (2 Кор. 1:21, 22; 1 Пет. 1:3, 4).

Туура көз караш

14. Майлангандар өздөрүнүн чакырылуусуна кандай карашат?

14 Асмандагы сыйлыгын күтүп жаткан майлангандар өздөрү жөнүндө кандай ойдо болушу керек? Алар эң сонун сыйлык алууга чакырылышса да, анын тек гана чакырык экенин түшүнүшөт. Ал сыйлыкка ээ болуу үчүн алар өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сакташы керек. Майлангандар момундук менен Пабылдын төмөндөгү сөздөрүнө кошулушат: «Биртуугандар, азырынча өзүмдү ага ээ болдум деп эсептебейм. Бир гана нерсени айтайын, арттагыны унутуп, алдыдагыны көздөө менен Кудайдын Машаяк Иса аркылуу бере турган сыйлыгына, асманга чакырылуу сыйлыгына, ээ болуу үчүн максатыма умтулуп жатам» (Флп. 3:13, 14). Ырас, майланган калдык «коркуу жана титирөө менен» чакырылуусуна ылайык жашап, дайыма момун болуу үчүн, колунан келгендин баарын кылууга тийиш (Эф. 4:1, 2; Флп. 2:12; 1 Тес. 2:12).

15. Исанын жолдоочулары Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендерге кандай карашат жана майлангандар өздөрүнө карата кандай көз карашта?

15 Ал эми өзүн майланган деп эсептеп, Эскерүү кечесиндеги символдордон ооз тие баштаган бир тууганга Исанын башка жолдоочулары кандай карашы кажет? Аны эч ким соттобошу керек. Бул анын Жахаба менен болгон иши (Рим. 14:12). Анткен менен Исанын чындап майланган жолдоочулары башкалардын аларга өзгөчө көңүл бурушун талап кылбайт. Алар майланган болгондуктан эле «эбегейсиз көп адамдардын» арасындагы тажрыйбалуу бир туугандарда жок өзгөчө түшүнүккө ээ болобуз деп эсептешпейт (Аян 7:9). Ошондой эле «башка койлорго» караганда көбүрөөк ыйык рух алабыз деп ойлошпойт (Жкн. 10:16). Андан сырткары, майлангандар башкалардын аларга бөтөнчө мамиле кылышын күтүшпөйт жана символдордон ооз тийгендиктен жыйналыштагы дайындалган аксакалдардан жогору турабыз деп ырасташпайт.

16—18. а) Жаңы чындыктарды ачууга майлангандардын баары катышабы? Мисал менен түшүндүргүлө. б) Жетектөөчү Кеңешке эмне үчүн өзүн майланган деп эсептеген ар бир киши менен кеңешүүнүн зарылдыгы жок?

16 Дүйнө жүзүндөгү майлангандар бири-бири менен байланышып, жаңы рухий чындыктарды ачууга баары катышабы? Жок. Топ катары ишенимдүү жана акылдуу кул үйүндөгүлөрдү рухий жактан азыктандырууга жооптуу болсо да, ал топтогулардын баары бирдей милдеттерди же иштерди аткарышпайт (Оку: 1 Корунттуктар 12:14—18). Жогоруда айтылып өткөндөй, биринчи кылымда алардын баары маанилүү ишке, кабар айтууга, катышышкан. Анткен менен бир нече эле киши Ыйык Жазманын китептерин жазган жана Исанын жолдоочуларынын жыйналышын көзөмөлдөгөн.

17 Бир мисал алып көрөлү. Жазмада кээде «жыйналыштын» укуктук маселелерди чечүүдө кандайдыр бир иш-аракет кылары айтылат (Мт. 18:17). Бирок, чынында, ал ишти жыйналыштын өкүлдөрү катары аксакалдар гана аткарат. Аксакалдар чечим чыгарардын алдында жыйналыштагылардын ар биринин оюн сурап чыгышпайт. Теократия боюнча, алар өздөрүнө тапшырылган милдетти аткарып жатышат; алар бүтүндөй жыйналыштын кызыкчылыгын көздөшөт.

18 Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө чектелүү эле сандагы майлангандар кул тобунун өкүлү катары кызмат кылуу жоопкерчилигине ээ. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешин түзөт. Ал майланган бир туугандар кабар айтуу ишин көзөмөлдөйт жана рухий тамак менен камсыз кылат. Биринчи кылымдагыдай эле, Жетектөөчү Кеңеш чечим чыгарардын алдында кул тобунун ар бир мүчөсү менен кеңешпейт (Оку: Элчилер 16:4, 5). Ошентсе да Жахабанын майланган кызматчыларынын баары азыр жүргүзүлүп жаткан оруп-жыюу ишине катышышат. Топ катары «ишенимдүү жана акылдуу кул» бир денени түзөт, бирок ар кимиси ар кандай иш аткарышат (1 Кор. 12:19—26).

19, 20. Эбегейсиз көп адамдар «ишенимдүү жана акылдуу кулга», анын Жетектөөчү Кеңешине карата кандай тең салмактуу көз карашта?

19 Жогоруда айтылгандар жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн күн санап өсүп жаткан эбегейсиз көп адамдарга кандай таасир этиши керек? Алар Падышанын мүлкү катары «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» өкүлү болгон Жетектөөчү Кеңештин чыгарган чечимдерин, жүргүзгөн иш-чараларын кубаныч менен колдошот. Эбегейсиз көп адамдардын мүчөлөрү Жетектөөчү Кеңештин жетеги алдында берилип жаткан рухий тамакты жогору баалашат. Алар кул тобуна урмат көрсөтүшөт, бирок ошол эле учурда кул тобуна кирем деп эсептегендердин кимисин болбосун башкалардан жогору көрүүдөн сак болушат. Исанын чыныгы майланган жолдоочусунун эч бири андай мамилени күтпөйт (Элч. 10:25, 26; 14:14, 15).

20 Майланган калдыкка кирген «үйүндөгүлөрбүзбү» же эбегейсиз көп адамдарга киребизби, келгиле, ишенимдүү башкаруучу жана анын Жетектөөчү Кеңеши менен тыгыз кызматташууга чечкиндүү бололу. Ошондой эле ар бирибиз «сергек болуп», дүйнөнүн акырына чейин ишенимдүү бойдон калалы (Мт. 24:13, 42).

Эсиңердеби?

• «Ишенимдүү жана акылдуу кул», үйүндөгүлөрү деген ким?

• Адам асманга чакырылган-чакырылбаганын кантип билет?

• Жаңы рухий тамак даярдоого негизинен ким жооптуу?

• Исанын майланган жолдоочусу өзүнө карата кандай көз карашта болушу керек?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Бүгүн Жетектөөчү Кеңеш, биринчи кылымдагыдай эле, ишенимдүү жана акылдуу кулдун өкүлү катары кызмат кылат