Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бойдоктор канткенде кубанычын жоготушпайт?

Бойдоктор канткенде кубанычын жоготушпайт?

Бойдоктор канткенде кубанычын жоготушпайт?

«АЛАР баш кошуп, бактылуу жашап калышкан экен». Көптөгөн жомоктордун, сүйүү жөнүндөгү фильмдердин жана романдардын ушундайча аяктаганы бактылуу болуш үчүн сөзсүз түрдө турмуш куруш керек деген ойду туудурат. Андан тышкары, айрым маданияттарда бойго жеткен жаштарды жакындары үйлөнүп-жайланууга мажбурлашат. Дебби 25терге чыкканда: «Элдин баары эле: „Кыздын бара турган жери — күйөө, нагыз жашоо турмуш курганда гана башталат“,— дей беришет экен»,— деген.

Бирок Жахабанын рухий жактан жетилген кызматчысы сөзсүз үй-бүлө куруш керек же турмуш курбай так өтүш керек деген сыяктуу бир кырдуу көз караштан алыс. Айталы, байыркы ысрайылдыктардын учурунда үй-бүлө курууга чоң маани берилген. Анткен менен Ыйык Китепте турмуш курбаган көптөгөн эркек-аялдардын ары бактылуу, ары маңыздуу жашоо өткөргөнү айтылат. Бүгүнкү күндө да Исанын айрым жолдоочулары өз ыктыяры менен турмуш курбоону чечишкен. Башкалары болсо жагдай-шартынан улам бойдок бойдон калышууда. Айтор, буга эмне себеп болбосун: «Бойдок кезди канткенде жакшы өткөрүүгө болот?» — деген суроону карап чыгуу маанилүү.

Иса да үй-бүлө курган эмес. Себеби ага Кудайдан алган тапшырманы аткаруу маанилүүрөөк болчу. Ал элчилерине анын жолдоочуларынын айрымдары турмуш курбай «жашоо өткөрөрүн» айткан (Мт. 19:10—12). Исанын айткандарына ылайык, бойдок калууну чечкендер, ал кез жемиштүү жана кубанычтуу өтүшү үчүн, чечимин акыл-эс жана жүрөгү менен кабыл алышы керек.

Бул сөздөр өздөрүн толугу менен Кудайдын кызматына арнаш үчүн турмуш куруудан баш тарткандарга эле тиешелүүбү? (1 Кор. 7:34, 35). Жок, андай деле эмес. Маселен, ылайыктуу жар таба албагандыктан турмуш курбай жүргөн бир туугандын жагдайына токтололу. Отуздан ашкан Анна аттуу ишенимдешибиз мындай деген: «Жакында эле мени менен иштеген бир жигит күтүлбөгөн жерден баш кошууну сунуштады. Чынын айтсам, анын сунушу мени кош көңүл калтырган жок. Бирок мен Жахаба менен болгон достугумду бекемдей турган адамга гана турмушка чыгууну каалагандыктан, жүрөгүмдө пайда болгон каалоомду дароо тыйдым».

«Мырзабыздын жолдоочусуна» гана турмушка чыгууну каалагандыктан, Аннага окшоп, көптөгөн эже-карындаштар ишенимдеши болбогондор менен баш кошушпайт * (1 Кор. 7:39; 2 Кор. 6:14). Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди баалагандыктан алар өмүр бою болбосо да, кайсы бир убакытка чейин турмуш курбоону чечишет. Андай бир туугандар канткенде ал кезди кубанычтуу жана жемиштүү өткөрө алышат?

Жакшы жактарын көрө билүү

Жагдай-шартыбыз биз каалагандай болбосо да, ага карата туура көз карашта болуу көбүнесе өзүбүздөн көз каранды. «Мен колумда болгон нерсеге ыраазымын. Колумда жок нерсени эңсеп, кыялдана бербейм»,— дейт турмуш кура элек 40тан ашып калган Кармен аттуу ишенимдешибиз. Албетте, кээде жалгызсырап, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Бирок ушундай эле кыйынчылыктар менен дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыздын күрөшүп жатканын билүү ишенимдүү түрдө алдыга умтула берүүгө жардам берет. Жахаба бойдокторго кубанычын жоготпоого жана башка ар кандай кыйынчылыктарды көтөрүүгө көмөк кылып келет (1 Пет. 5:9, 10).

Исанын турмуш кура элек көптөгөн жолдоочулары бойдок кездин жакшы жактары бар экенин өз тажрыйбасынан улам ынанууда. 35 жаштардагы Эстер аттуу турмушка чыга элек ишенимдешибиз мындай дейт: «Менимче, бактылуу болуунун сыры ар бир жагдайдын жакшы жагын көрө билүүдө». Кармен болсо: «Эгер Падышалыктын иштерин биринчи орунга койсом, менин үй-бүлөлүк абалым кандай болбосун, Жахаба менден жакшылыгын аябасына шектенбейм»,— деп айткан (Заб. 83:12). «Жашоом мен ойлогондой болбой калса да, бактылуумун жана мындан ары да ушундай болорума ишенем»,— деп кошумчалаган ал.

Ыйык Китептеги үлгүлөр

Иптахтын кызы күйөөгө чыкпайм деп ойлогон эмес. Бирок атасынын убадасынан улам ага жаш чагынан тартып ыйык жайда кызмат кылууга туура келген. Бул күтүлбөгөн дайындоо анын жеке мүдөө-максаттарына бөгөт койгону жана табигый сезимдерине сыйбаганы шексиз. Иптахтын кызы күйөөгө эч качан чыкпасын, балалуу болбосун түшүнгөндө эки ай ыйлаган. Ошентсе да жашоосундагы чоң өзгөрүүнү кабыл алып, өмүр бою Жахабага даярдуулук менен кызмат кылууга макул болгон. Жан аябастык рухун көрсөткөнү үчүн Ысрайыл кыздары аны жыл сайын «мактап келишчү» (Башк. 11:36—40, «ЖД»).

Ышаянын күндөрүндөгү эбнухтар өзүнүн жагдайын ойлоп, көңүлү чөксө керек. Ыйык Китепте алардын эмне себептен эбнух болуп калганы айтылбайт. Алар Ысрайыл жамаатынын толук кандуу мүчөсү катары эсептелишкен эмес, үйлөнө да, балалуу боло да алышкан эмес (Мыйз. 23:1). Бирок Жахаба алардын сезимдерин жакшы түшүнгөн жана анын мыйзамдарына жан-дили менен баш ийип жатышканы үчүн аларды мактаган. Ошондой эле аларга «жакшы орун» жана «түбөлүктүү ысым» берерин убадалаган. Башкача айтканда, ишенимдүү эбнухтар Исанын башкаруусунун астында түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алышмак. Жахаба аларды эч качан унутпайт (Ыш. 56:3—5).

Жеремиянын жагдайы болсо таптакыр башка болчу. Кудай аны пайгамбар кылып дайындагандан кийин, ага коогалаңдуу мезгилде жашап жатканына жана аткарган кызматына байланыштуу бойдок бойдон калуусун буйруган. Жахаба ага: «Сен аял алба, бул жерде сенин уулдарың да, кыздарың да болбосун»,— деген (Жер. 16:1—4). Ыйык Китепте Жеремиянын мындай буйрукту укканда кандай сезимде болгону тууралуу эч нерсе айтылбаса да, пайгамбардын Жахабанын сөзүнөн кубаныч алган адам болгонун биле алабыз (Жер. 15:16). Бир канча жылдан кийин, Иерусалимдин 18 ай бою курчоого алынгандагы үрөй учурарлык окуяларды көргөндө, Жеремия Жахабанын берген көрсөтмөсүнө баш ийип, бойдок бойдон калганы акылдуулукка жатканын түшүнгөн (Жер. ый. 4:4, 10).

Бойдок кезди кубанычтуу өткөрүүнүн жолдору

Жогоруда айтылган ыйык китептик каармандар үй-бүлөлүү болушпаса да, Жахабанын колдоосун сезип, өздөрүн толугу менен ага кызмат кылууга арноодон кубаныч алышкан. Ошол сыяктуу эле, бүгүнкү күндө да турмуш курбагандар пайдалуу иштерди аткарып, жашоосун маңыздуу кылышууда. Ыйык Китепте жакшы кабарды көп сандаган «аял-кыздардын» жар салары айтылган (Заб. 67:12, «Мукаддас»). Алардын катарына турмуш кура элек миңдеген эже-карындаштар да кирет. Жемиштүү кызматынын аркасында алардын көптөгөн рухий уул-кыздары бар (Мр. 10:29, 30; 1 Тес. 2:7, 8).

«Пионердик кызмат жашоомо туура багыт берет,— дейт 14 жылдан бери пионер болуп кызмат кылып келаткан турмуш кура элек Лоли аттуу бир тууган.— Дайыма бир нерсе менен алектенип, такай иш үстүндө болгондуктан, жалгызсыроого убакыт жок. Аткарган кызматым адамдарга чындап пайда алып келип жатканын көрүп, ар бир күндүн соңунда өзүмдү бактылуу сезем. Бул мага чоң кубаныч тартуулайт».

Айрым эже-карындаштар чет тилин үйрөнүшүп, чет өлкөлүктөргө кабар айтыш үчүн кызматын кеңейтишүүдө. «Мен жашаган шаарда миңдеген чет өлкөлүктөр бар»,— дейт жогоруда сөз кылынган Анна. Азыр ал француз тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтуудан кубаныч алууда. Ал мындай деп кошумчалайт: «Жаңы тил үйрөнгөнүм көптөр менен пикир алмашууга, ошону менен бирге „жаңы талаада“ кызмат кылууга сонун мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мунун аркасында кызматым ого бетер кызыктуу болуп калды».

Бойдоктордун, адатта, милдеттери азыраак болгондуктан, алардын айрымдары муктаждык бар жерлерде кызмат кылууну чечишет. Муктаждык бар өлкөдө кызмат кылган 35тердеги Лидиана аттуу турмуш кура элек бир тууган мындай дейт: «Жахабага кызмат кылууда канчалык көп эмгектенсең, жакын досторуң ошончолук көп болоруна бекем ишенем. Мунун аркасында өзүңдү да керектүү сезесиң. Мен ар башка маданияттагы, улуттагы көптөгөн жакшы досторду таптым. Алар менен достошконум жашоомду бир топ байытты».

Ыйык Китепте Филиптин пайгамбарлык кылган, турмушка чыга элек төрт кызы тууралуу сөз кылынат (Элч. 21:8, 9). Алар атасындай болуп, ынталуулук менен кызмат кылып, өздөрүнүн пайгамбарлык кылуу жөндөмдүүлүгүн Кесариядагы ишенимдештеринин пайдасы үчүн колдонушканы шексиз (1 Кор. 14:1, 3). Бүгүнкү күндө да турмуш кура элек эже-карындаштар жыйналыштарга үзгүлтүксүз келип, аларга активдүү катышуу менен башкаларды рухий жактан бекемдешет.

Лидия, Исанын Филипидеги алгачкы жолдоочуларынын бири, меймандостугу менен белгилүү болчу (Элч. 16:14, 15, 40). Кыязы, ал турмушка чыкпаган же жесир аял болгон. Учурунда Лидия марттык көрсөтүп, Пабыл, Сылас жана Лука сыяктуу кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен жагымдуу пикир алмашуудан чоң кубаныч алчу. Бүгүнкү күндө да, Лидияга окшоп, меймандостук көрсөткөндөр мол баталарды алышат.

Сүйүүгө болгон муктаждык

Жашообузду пайдалуу иштерди жасоо менен маңыздуу кылсак да, сүйүүгө жана жылуу мамилеге муктаж болуп келебиз. Бул муктаждыкты бойдоктор кантип канааттандыра алышат? Эң алды, алар Жахабанын сүйөрүн, күч-кубат берерин, тиленүүлөрүн угарын эстен чыгарбашы керек. Дөөтү падыша жалгызсырап кыйналганда Жахабанын жардам берерине шектенбегендиктен, дароо ага кайрыла турган (Заб. 24:16; 54:23). Ал: «Мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат»,— деп жазган (Заб. 26:10). Кудай бардык кызматчыларын өзүнө жакындоого, аны менен жакын достордон болууга чакырат (Заб. 24:14; Жкп. 2:23; 4:8).

Андан тышкары, биз дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыздын арасынан бизди чын жүрөктөн сүйгөн рухий аталарды, энелерди, ага-инилерди, эже-карындаштарды таба алабыз. Алардын сүйүүсү жашообузга көрк кошот (Мт. 19:29; 1 Пет. 2:17). Исанын турмуш кура элек жолдоочулары «көп жакшы иштерди жасаган», «берешен болгон» Дорканы тууроо менен чоң кубаныч алышат (Элч. 9:36, 39). Лоли мындай дейт: «Кайсы жыйналышта болбоюн, мени баалаган, көңүлүм чөккөн учурларда мага жөлөк-таяк боло турган чыныгы досторду издейм. Алар менен болгон достугумду чыңдаш үчүн, аларга сүйүү жана жеке кызыгуу көрсөтүүгө аракет кылам. Мен буга чейин сегиз жыйналышта кызмат кылгам. Ал жыйналыштардан көптөгөн жакшы досторду таптым. Алардын арасында мен курактуу бир туугандар эле эмес, апалар да, өспүрүмдөр да бар». Ооба, ар бир жыйналышта сүйүүгө жана достукка муктаж болгон бир туугандар болот. Андай ишенимдештерибизге чыныгы кызыгуу көрсөтүп, сүйүүбүздү билдирсек, аларды кайраттандыргандан сырткары, өзүбүз да башкалардын сүйүүсүнө ээ болобуз (Лк. 6:38).

Жахаба унутпайт

Ыйык Китепте азыркы оор мезгилдерде Исанын ар бир жолдоочусуна кандайдыр бир курмандыкка барууга туура келери айтылган (1 Кор. 7:29—31). Мырзабыздын жолдоочусу менен гана баш кошууга байланыштуу буйрукка баш ийгендиктен, үй-бүлө курбай жүргөн ишенимдештерибиз өзгөчө урмат-сыйга жана көңүл буруубузга татыктуу (Мт. 19:12). Турмуш курбаган бир туугандар мындай курмандыкка барып жатса да, өздөрүн бактысыз сезишпейт.

«Жахабага кызмат кылып, аны менен жакшы мамиледе болгондуктан бактылуумун деп айта алам,— дейт Лидиана.— Үй-бүлө кургандардын баары эле бактылуу болуп кетпегенин көрүп жүрөм. Ошондон улам бактылуу болушум үй-бүлө куруудан көз каранды эмес экенине ынанам». Иса чыныгы бакыт Кудайдын ар бир кызматчысы кыла ала турган иштерден, тагыраак айтканда, башкаларга берүүдөн, башкаларга кызмат кылуудан көз каранды экенин баса белгилеген (Жкн. 13:14—17; Элч. 20:35).

Жахабанын эркин аткарууда кандай курмандыктарга барбайлы, ал бизге батасын берерин билүүдөн чоң кубаныч алабыз. Ыйык Китепте: «Кудай силердин... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү жана эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деген жубатарлык сөздөр айтылган (Эвр. 6:10).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Бул макалада эже-карындаштар тууралуу сөз жүрсө да, андагы принциптер ага-инилерге да тиешелүү.

[25-беттеги сүрөт]

«Мен колумда болгон нерсеге ыраазымын. Колумда жок нерсени эңсеп, кыялдана бербейм» (Кармен)

[26-беттеги сүрөт]

Лоли менен Лидиана муктаждык бар жерде кызмат кылуудан кубаныч алышууда

[27-беттеги сүрөт]

Кудай бардык кызматчыларын өзүнө жакындоого чакырат